идейный прорыв кырг

9

Upload: fpi

Post on 19-Jun-2015

118 views

Category:

Documents


6 download

TRANSCRIPT

Page 1: идейный прорыв кырг
Page 2: идейный прорыв кырг

Конкурстун кыскача тʏшʏндʏрмɵсʏ

Бүткүл дүйнөдөгү Кыргызстандыктардын «Акыл Тирек» конкурсу – бул жаңы жана

новатордук көз караштары, терең изилдөөлөрү, уникалдуу идеялары менен өнугүүнүн

жаңы горизонтторун ачып, мамлекеттин акыл тиреги боло ала турган гениалдуу жана

ишбилги атуулдарыбызды таап чыгуу жана колдоо болуп саналат.

Сыйлык тапшыруу аземи – жарыштын эң маанилүү бөлүгү болуп, конкурсттун

жеңүүчүүлөрү салтанаттуу түрдө өз эмгектери менен коноктор жана аземдин

катышуучуларынын алдында таанытылат. Аземдин эң негизги салтанаты болуп “Акыл

Тирек” премиясын тапшыруу саналат.

“Акыл Тирек” премиясы – бүгүнкү Кыргызстандын жана Орто Азиянын тарыхында

биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы премия

катары уникалдуу иштердин өнүгүшүнө түрткү берет. Бул конкурстун лауреаттарына

акчалай сыйлыктар берилет. Ал эми премияга татыктуу деп табылган жеңүүчүлөр

өлкөбүздүн интеллектуалдык ресурсунун негизги тиреги катары “Кыргызстандын

чыгаан акылмандары” аттуу китебинде өз атын түбөлүкө калтыра алат.

“Кыргызстандын чыгаан акылмандары” китеби – бул Кыргызстандын жаңы тарыхый

баракчасы болуп, ал жерде ɵзгɵчɵ жана жаңычыл кɵз караштары менен идеялык чоң

бурулуш жасаган инсандардын ысымдары тʏбɵлʏккɵ гениалдуу реформаторлор деген

наамда жазылып калмакчы.

Page 3: идейный прорыв кырг

Кайрылуу каты

Биздин өлкөнүн жарандары идеялык, интеллектуалдык жактан чоң потенциалга ээ

жана бул потенциал Кыргызстандын өнүгүүсүнө эффективдүү платформа түзүүгө

мүмкүнчүлүк түзөт. Ар бир жаран күнүмдүк жашоого да жаңылык-өзгөрүш киргизе

тургандай потенциалдуу идеялардын жана сунуштардын ээси болуп саналат.

Проблемалардын көптүгү, алга сүрөй турган таасирдүү жана инновациалык идеяларды

тактап, ишке ашырууну мүмкүн кылбай келүүдө. Ошол себептүү жергиликтүү

прогрессивдүү идеяларды максаттуу түрдө жөнгө салуубуз керек. Мындай прагматикалык

механизм менен Прогрессивдүү Демилгелер Фонду тарабынан бүткүл дүйнөлүк

Кыргызстандыктардын “Акыл Тирек” жарышы уюштурулуп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк Кыргызстандыктардын “Акыл Тирек” жарышы өнүгүүнүн

башка жолдорун белгилөөгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү менен бирге коомдун

ой-түшүнүгүнө жаңыча ой-жүгүртүүнү салат. Жарыш өлкөбүздүн социалдык-

экономикалык проблемаларын чечүү боюнча прогрессивдүү жана өзгөчө ойлонгон

адамдарды тартууга багытталган.

Биз дайым бардык нерсе өзүбүздөн көз каранды деп айтып келебиз. Биз коомдун

бир мүчөсү экенин толук түшүнөбүз. Келгиле, бардыгыбыз бирге прогрессивдүү

идеялардын арасынан мыктыларын таап чыгабыз. Келечекте бул мыкты идеялар

айланабыздагы жашообузду таптакыр башкача кылып өзгөртүп жибериши мүмкүн. Ошол

себептүү ар бир жаранды, Кыргызстандыктарды бул конкурска жигердүү катышууга жана

жаңы муундун интеллектуалдык ресурсун тургузууга кайдыгер карабоого чакырабыз!

Терең урматтоо менен,

Фонддун негиздөөчүсү А. Салымбеков

Page 4: идейный прорыв кырг

Жарыш жɵнʏндɵ

«Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында мамлектибиздин

тарыхында биринчи жолу «Акыл Тирек» аттуу Кыргызстандыктардын бʏткʏл дүйнөлүк

жарышы уюштурулууда. Жарыш дүйнө жүзү боюнча биздин гана жараандар арасында

өткөрүлөт. Катышуучулар арасынан жаңыча өнүгүүнү сунуштагандар, жаңылануу менен

мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн жана таасирдүү

идея жана сунуштарды көрсөтө алгандар тандалат.

Ошондуктан жарышка терең изилденген, жаңычылдык менен айырмаланган

(жанычылдык камтылган), өзгөчө ой-жорумдагы жана коомдук өнүгүүгɵ туура багыт

берген, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган илимий эмгектер кабыл

алынат. Бул жарыш – мамлекетибизде модернизацияга, ири ɵзɵрʏʏлɵргɵ жана ɵнʏгʏʏнʏн

кеңири горизонтторун ачууга себепкер боло турган чоң мʏмкʏнчʏлʏк.

Жарыштын эң орчундуу жери болуп «Акыл Тирек» премиясыны негизделиши. Бул

наам жана сыйлык стратегиялык изилдɵɵ жана жаңычылдык багытындагы

мамлекетибиздеги алгачкы премия болуп, коомчулукта жаратман жаңы салттын

башталышына жол ачышы керек.

Мамлекеттеги жана коомчулуктагы чечилбей жаткан кɵптɵгɵн маселелерди эске

алуу менен атайын тɵрт багыт белгиленген: экономика, мамлекеттик башкаруу, адам

ɵнʏгʏʏсʏ жана стратегиялык демилгелер. Жарыш алгачкы этапта «Экономика» жана

«Мамлекеттик башкаруу» багыттарындагы илимий иштердин ортосунда уюштурулат.

Миссия

Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча атуулдарыбыздын арасынан гениалдуу сунуштарды, жаңычыл

жана эффективдʏʏ чечимдерди, ошондой эле терең изилдɵɵлɵрдʏ таап чыгуу, колдоо жана

алдыга сʏрɵɵ менен мамлекетибизде модернизацияга, масштабдуу ɵзгɵрʏʏлɵргɵ жана

эффективдʏʏ реформаларга жол ачуу.

Катышуучулар

Конкурска 23 жаштан жогорку окумуштуулар, эксперттер, аналитикктер катыша

алышат. Бир адам бир гана катышуу билдирүүсүн таштай алат. Бир иштин атворлорунун

саны чектелбейт. Жеке тараптардан атынан ишке жоопкерчиликтүү бир гана адам катышу

Page 5: идейный прорыв кырг

билдирүүсүн бере алат. Юридикалык жактар аныкталган жоопкерчиликтүү адамдын

атынан реквизиттерин жазуу менен билдирүү таштаса болот.

Ишке ашуу этаптары

2013-жылдын 20-апрелинден 20-май айына чейин конкурстук иштер кабыл алынат.

Кабылдаманын соңку күнүнөн тартып 30 календардык күндүн ичинде экспертиза жана

конкурстун мыктыларын аныктоо иштери жүргүзүлөт.

Конкурстук иштердин экспертизасы эки этап менен өтөт:

Алгачкы экспертиза: конкурстук иштин темага туура келүүсү жана

тиешелүү мазмунга ээ болуусу каралат;

Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштин мазмуну критерияларга жооп

берүүсү каралмакчы.

Алгачкы экпертиза Фонддун эксперттик группасы тарабынан жүргүзүлөт. Бирок керектүү учурда башка эксперттер да тартылат. Комплекстүү экспертиза, атайын чакырылган эксперттер менен бирге Фонддун коомдук кеңеши тарабынан каралат. Коомдук кеңештин берген баасына жараша мыкты иш жана кандидаттар сыйлыктарга сунушталат.

«Акыл Тирек» премиясына тандалган талапкерлердин жеңʏʏчʏлɵрʏн атайын беделдʏʏ жана компетентʏʏ атуулдарыбыздан тʏзʏлгɵн комиссия аныктайт. Комиссия комплекстүү экспертизадан өткөн гана иштерди карайт жана конкурстун критерийлерине карата жеңүүчүлөрдү белгилеп, сыйлыктын формасын аныктайт.

Сыйлык берүү

Конкурстун жыйынтыгында мыкты иштер аныкталат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн

атайын салтанаттуу түрдө 2013-жылдын июнь айында «Акыл Тирек» премиялары

берилген азем өткөрүлөт. «Алтын» премиянын лауреаты - 10 000 $, «Күмүш»

премияныкы – 7 000 $ жана «Коло» премиясыныкы - 5 000 $ сыйлыктарга ээ болушат.

«Акыл Тирек» премияларына ээ болгондор мамлекеттин интеллектуалдык

ресурсунун маанилүү негизин түзүп, өз ысымдарын «Кыргызстандын чыгаан

акылмандары» китебинде түбөлүккө калтырып, жаштарга жана жалпы коомчулуккка

ийгиликтин үлгүсү болуп сакталып кала берет.

Page 6: идейный прорыв кырг

Алга сүрөө механизмдери

«Акыл Тирек» премияларына ээ болгондорго идеяларын жайылтуу жана алга сүрөө

үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

Профессионалдык жолугушуулар: илимпоздордун, коомдук

ишмерлердин,эксперттердин, ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик

органдардын өкүлдөрүнүн турган чоң аудитория астында өз ишин тааныштыруу жана

талкулоо;

Коомчулук менен жолугушуулар: окуу жайларында жана башка атайын

кечелерде жеңүүчүлөр өз иштерин тааныштыруу жана ой бɵлʏшʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ

болушат;

ММК жана интернет ресурстары: долбоордун сайтында сунуулардын видео

материалдарын жайгаштыруу, Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун «Мыкты идеялар»

аттуу атайын журналында ишти басып чыгаруу жана башка маалымат булактарына (гезит,

радио, теледе) жайылтуу.

Конкурстун маңызы

Потенциалдуу реформатор, кʏчтʏʏ изилдɵɵчʏ жана аналитиктерге коомчулукта,

мамлекеттин келечегин аныктап, анын ɵнʏгʏшʏнɵ чоң салым кошо ала турган гениалдуу

адам катары таанылып жана сыйланышы ʏчʏн «уникалдуу шарт».

Баалуу стратегиялары жана конкреттʏʏ сунуштары менен туура жолду кɵргɵзʏп

жана багытты аныктай турган чыныгы реформаторлордун пайда болушуна жол ача турган

«механизм» десек болот.

Мамлекетибизде терең изилдɵɵлɵргɵ жана жыңычылдыктарга тʏртʏк бере турган

«чоң мотивация».

Жарыш, атуулдарыбызды мамлекеттик деңгээлде гана эмес, дʏйнɵлʏк деңгээлде да

ири идеялык бурулушка себепкер болушуна тʏрткʏ бериши керек.

Page 7: идейный прорыв кырг

Келечек – бул аны жайбаракат күтүү эмес, келечек-бул бүгүнкү

аракетибиз. Андыктан келгиле, жалпы жана бирдиктүү күч-кубат менен

өлкөбүздүн акыл тирегин курабыз!!!

P.S. Кошумча маалыматты www . fpi . kg (алдыңкы идеялар бɵлʏмʏ)

сайтынан ала аласыздар.

тел.: (0312) 690667 – Тыныбекова Айзада fpi . kg @ mail . ru , ayzada @ fpi . kg

(705) 040886 - Усубалиева Бегимай, begimai @ fpi . kg