old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/cr-books/cmc-kyr-final-peer-revied... · web viewБул...

225
ЖАМААТТЫК МУЛЬТИМЕДИЯЛЫК БОРБОР: Ишти уюштуруу жана алпаруу боюнча колдонмо (расмий эмес орусчадан котормо) Редакциялык топ: Стелла Хьюз Сухарита Ишвар Венус Эсваран Дженнингс

Upload: others

Post on 31-Jan-2020

4 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖАМААТТЫК МУЛЬТИМЕДИЯЛЫК БОРБОР:Ишти уюштуруу жана алпаруу боюнча

колдонмо(расмий эмес орусчадан котормо)

Редакциялык топ:

Стелла Хьюз

Сухарита Ишвар

Венус Эсваран Дженнингс

Оригиналдуу басылма:

Page 2: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

2

Англис тилинен орусчага которгон

Николай Ягодка

Переведено Бюро ЮНЕСКО в Алматы в 2012 году

Перевод ОФ Медиа консалт

Вычитка текста: Назира Джусупова

Коррекция Сергей Карпов

Бул китептеги маалыматтар жана материалдар ар бир мамлекеттин укуктук макамына, аймагына жана алардын карамагындагы шаар, район жана бийликтерге карата, ошондой эле алардын чек арасына карата алганда сөзсүз түрдө эле ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт.

Бул китепте авторлор тарабынан айтылган идеялар жана ой-пикирлер сөзсүз түрдө эле ЮНЕСКОнун позициясын билдирбейт.

Page 3: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

3

ISBN 5-7712-0351-3

© ЮНЕСКО, 2006 г.

Page 4: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

4

Мазмуну

Баш сөз- Виджаянанд Джаявера 5

Кириш сөз 7

Жамааттык мультимедиялык борбордун (ЖМБ) түрлөрү - Стелла Хьюз

10

ЖМБнын турмушунан бир күн- Стелла Хьюз, Сухарита Ишвар, Вивек Дхейдж 19

Ишти уюштуруу- Ник Ишмаель-Перкинс 24

Жабдууларды жана технологияларды тандоо- Питер Шайолер, Стив Бакли 39

ЖМБнын адамдык кудурети: адамдарга арналган жана алар башкарган

- Ян Прингл61

Окутууну жана көнүгүүлөрдү (тажрыйбаларды) өркүндөтүү- Полли Гастер, Бьянка Мильоретто, Этьен Алуоч 75

Уюштуруу түзүмү жана стратегия- Ян Прингл, Полли Гастер 91

Жамааттын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу

- Анриэтт Эстэрхаузэн101

Маалымат булактары жана медиа-мазмуну - Джекки Дэвис, Фредерик Норонха,- Венус Э. Дженнингс

118

ЖМБнын туруктуу өнүгүшү - 1-бөлүк. - Альфонсо Гумичио-Дагрон- 2-бөлүк. - Изекииль Дламини

137

Изилдөө жана баа берүүИзилдөөлөрдөгү этнографиялык мамиле

- Джо Такки, Дон Слейтер, ГрегХор155

Тиркемелер169

Page 5: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

5

ЫРААЗЫЛЫКРедакторлор бул китепке кирген баптарды жана социологиялык иликтөөлөрдү даярдап, өзүнүн көз карашын айтып, кеп-кеңешин берип өзүнүн салымын кошкондордун баарына ыраазылык билдирет. Биз ошондой эле бул ишти биринчи баштаган ишмерлерге жана Африка, Азия жана Кариб деңизинин өлкөлөрүндөгү эксперименталдык жамааттык медиа борборлордун кызматкерлерине терең алкыш айтабыз. Анткени алар күн сайын ЖМБ кезиккен жаңы проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштешти жана ушул жолду басып өтүп, чынында эле жамааттык мультимедиялык борбордун жаратуучулары болуп калышты.

Биз ошондой эле бул китепке өзүнүн сүрөттөрүн чын дилинен бергендердин баарына ыраазыбыз.

Акырында, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттигине (SDC) ЖМБ программасын туруктуу колдоп бергени үчүн ыраазылык билдиребиз.

Китептин мукабасындагы сүрөттөр:Солдон оңго жогортон төмөн карай: Кыздар Танзаниядагы Сенгерем теле борборунда Интернетте иштөөнү үйрөнүп жатышат. Фотосүрөттү берген: Гэбби Бугалама. Сенегалдагы «Афиа» радиосунда радиоберүүлөрдү угуу. Фотосүрөттү берген: Бирима Фолл. Индияда Намма Двани жамаатынын радиостанциясында ыктыярдуу иштеп жаткан жаштар. Фотосүрөттү берген: Voices. Мозамбиктеги жамааттын мүчөлөрү обого чыгууда. Фотосүрөттү берген: ЮНЕСКО. Нигерияда портативдүү радиостанцияны иштетип жаткан техник аялдар. Фотосүрөттү берген: С. Арнальдо. Индияда Намма Двани комитетинин мүчөлөрү ай сайын өтүүчү жолугушууда. Фотосүрөттү берген: Voices.

Page 6: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

6

БАШ СӨЗ НЕСКО 2001-жылы январда Шри-Ланканын Котмалындагы семинарда жамааттык мультимедиялык борборлордун (ЖМБ) программасы ишке киргенде, Котмалдагы жамааттык радио ЖМБнын бирден бир гана

мисалы болчу. Андан эки жыл мурда бул айылдык радиостанцияда чакан телеборбор ачылып, бул жерде жергиликтүү калк Интернеттен пайдаланып жана компьютердик сабаттуулуктун негизин окуп үйрөнүп баштаашкан эле.

ЮРадиоберүүлөрдүн күндөлүк программасы аркылуу жаңылыктар жергиликтүү элдин үйлөрүнө алардын өзүнүн тилинде жетип турган. Бул өз кезегинде жамааттын бардык мүчөлөрүндө кибермейкиндик жана МКТнын пайдасы жөнүндө жалпы көз карашты жаратты.

Азыркы учурда Африканын, Азиянын жана Кариб булуңундагы өлкөлөрдүн он бешинде жыйырмадан ашык эксперименталдык ЖМБ ачылып иштеп жатат. ЮНЕСКО эми алардын санын көбөйтүү маселесин кароодо.

Котмалдын модели ар башка шарттарга ийгиликтүү ыңгайлаштырылды. Негизги эрежелер мезгилдин сыноосунан өттү: жергиликтүү радио менен МКТны айкалыштыруу маалыматтык коом үчүн маргиналдык жамааттарга жардам берүү боюнча натыйжалуу ыкма болуп саналат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калктын жакыр катмары үчүн көп жылдарга чейин радио негизги, көп учурда бирден-бир маалымат булагы болуп кала берери калетсиз. Жаматттын радиосу чакан телеборбор менен катар бул жамааттын компьютердик жабдууларга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кыйла көбөйтөт. Жамааттык мультимедиялык борбордун ийгилигинин ачкычы анын зарыл кызматтарды көрсөтө алгандыгында жатат. Бул биринчи кезекте анын мазмунуна тиешелүү. Интернетте көп колдонулган тилди билбеген фермер же айылдык соодагер үчүн дүйнөлүк маалымат желесине кирүүнүн пайдасы азыраак болушу мүмкүн. Кандай мазмун керек? Жергиликтүү деңгээлде ошол жерге ылайыкташтырылып түзүлгөн мазмун, ал жергиликтүү тилде, агартуучулук мүнөздө, аудио, санариптик, басмалык формада, видео же визуалдык материалдардан курулат, мисалы постер сыяктуу…бул тизмени уланта берсе болот. Мындай маалыматтык чөйрө түзүүгө максаттуу топтордун керектөөлөрүн аныктап, жеткиликтүү мазмун менен бардык колдонуучуларды ишке сүрөгөн иш чараларды бириктирип, тийиштүү программалык коштомолорду иштеп чыгуу үчүн уюштуруучулук ыкмалар менен мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири диапазону зарыл.

Күн сайын ЖМБнын кызматкерлери аталган маселелерди эле чечүү менен чектелбей, борбордун ишин башкаруу, жабдууларды техникалык жактан тейлөө, эл менен иш алып барышы да керек. Мультимедиялык борборлордун өзгөчө айырмачылыгы болуп алардын көп кырдуу жаңычылдыгы эсептелет: алар жамаатта жаңы иштерди аткарышат, иштин жаңы түрлөрүн аткарууга талапкерлердин жаңыларын тартышат, жаңы ыкмаларга окутуу жана жаңы максаттуу аудиторияны аныктоо үчүн жаңы окуу материалын керектешет, жаңы кызматтарды көрсөтүшөт жана жамаатка жаңы милдеттерди жүктөшөт. Бул жаңычылдыктын мааниси ЖМБны өнүктүргөн негизги жабдууларды алууга же

Page 7: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

7

байланышты камсыз кылууга алынган инвестициялар эмес, долбоордун бардык тараптан колдоого ээ болушун камсыз кылууда жатат.

Жаңы долбоорлор узак убакыт бою керектүү көп ресурстар менен коштолууга тийиш, алар өз кезегинде зор каржылык жана адам ресурстарын ишке тартат. Жергиликтүү күч-кудуретти түзүү бул маселени чечүүнүн жалгыз жолу болуп саналат.

«Мультимедиялык окутуунун комплектиси» деп аталган жалпыга жеткиликтүү окуу материалдарын, семинарлар программасын бардык жагынан даярдаган адистердин тобун ЮНЕСКО жетектейт. Бул комплектинин биринчи үлгүлөрү жана программасы www.itrainonline.org дарегинен табылат. Комплект көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кошумча каражат катарында ЖМБнын ишин уюштуруу жана башкаруунун ар кандай аспектилерин кыскача баяндаган ушул колдонмо иштелип чыкты. Мультимедиялык окутуу комплектисин иштеп чыккандардын көбү ушул китепте жарыяланган баптардын дагы авторлору болуп саналышат. Чынында эле авторлордун жана алар иштеген уюмдардын тизмеси ЖМБнын көп тараптуу өнүгүү мүнөзүн көрсөтүп турат. Көп тараптуу кызматташтык катаал сыноо болуп калат экен, анткени анын жүрүшүндө ар кандай тажрыйба жана бул инновациялык ишке керектүү экспертиза бир жолго салынат.

Мен бул китепти даярдоого өзүнүн салымын кошкон бардык өнөктөш уюмдарга жана жамааттык мультимедиялык борборлордун программасынын концепциясын бүгүнкү деңгээлге жеткирген бардык залкар тилектештерге ыраазылык билдирем.

Виджаянанд Джаявера, ЮНЕСКОнун коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн директору

E-mail: [email protected]

Page 8: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

8

Киришүү

Бул китеп ким үчүн чыгарылган?Азыркы учурда өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө байланыш булактары менен маалымат кызматын көрсөткөн провайдерлердин саны өсүп жатат. Алар жамааттык радиостанцияларды, көп максаттуу телеборборлорду, маалымат борборлорун, жамааттык окуу борборлорун, айрым учурда – радио менен телеборборду бириктирген жамааттык мультимедиялык борборлорду пайдаланышууда. Бул китеп (эң башында англис тилинде жазылды, башка тилдерге которуу планда бар) төмөнкү демилгелерди ишке ашырууга катышып жаткан же катышууну каалагандарга пайдалуу болушу мүмкүн: кызматкерлер жана башкаруучулар, жамааттык топтор, жамааттык кызыкчылыкта иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар, өнүктүрүү иш чараларын колдоо максатында байланыштарды өнүктүрүүнү пландаштыруу, долбоордун инструктору жана өнөктөрү. Албетте, бул ЖМБнын ишин башкарып же аны уюштурууну карап жаткандар үчүн кызыгуу туудурушу мүмкүн, анткени анын материалдарында радиостанция менен телеборбордун ишмердиги менен байланышкан темалардын бардыгы бар. Ошол эле учурда майда структурада иштегендер үчүн кээ бир баптардын түздөн түз мааниси бар, ал эми башка баптары ишмердикти кеңири планда келечектүү өнүктүрүүгө пайдалуу болушу мүмкүн.

Кеңири масштабдуу долбоор“Жамааттык мультимедиялык борбордун түрлөрү” деп аталган кезектеги баптын мазмуну ЖМБ концепциясы чама-чаркы чектелүү долбоор эмес экендигин көрсөтүп турат. ЖМБнын моделдеринен структуранын, институционалдык келишимдер менен каражаттардын абдан чоң көп түрдүүлүгүн тапса болот. ЮНЕСКО радио менен телеборбор бириккен ушул өзгөчөлүү моделге негизделген программаны иштеп чыккан, анткени ал жамаатка байланыш менен маалыматтарды пайдалануу аркылуу өнүгүүгө жардам көрсөткөн натыйжалуу ыкма болуп саналат. Радио санариптик ресурстарга массалык жетүүнүн кыйыр жолун камсыз кылуу менен «санариптик теңсиздикти» жоюнун каражаты болуп эсептелет. Бирок ЮНЕСКО өзүнүн ЖМБ флагмандык программасын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатып, ошол эле учурда стихиялуу түрдө пайда болуп жаткан медиа-коомдоштук же автономдук телеборборлор сыяктуу башка долбоорлорго да колдоо көрсөтүүдө.

Ушундай жол менен көптөгөн башка уюмдар жана жамааттар өнүгүп жаткан дүйнөдө коммуникативдик жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнүн көптөгөн формаларын изилдеп жана ишке киргизүүнү улантып жатышат. Бардык адамдарды маалыматтык коомдун турмушуна активдүү катышууга тарткан аракеттерди көрүү менен ар бир багыттан келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө зарыл.

Page 9: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

9

Балансты сактооБул чөйрө бардык кызыкдар тараптар изилдей турган чоң область болуп саналат, ал эми ар кандай мамилелер баалуу тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону билип авторлор императивдүү жолдон качып, көбүрөөк практикалык кеңештерди берүүгө умтулушту.

Материалды өтө эле жалпылап баяндоодон жана аны ашыкча конкреттештирүүдөн качкан мындай практикалык колдонмодо теңсалмактуулукту сактоо кыйын. Бул жерде шарттар ар башка континенттерде эле эмес, ошол континенттин өзүндө жана ал түгүл кээ бир өлкөлөрдө да аябай айырмалуу. Ошол себептүү бул китепте ар бир бапта жалпы кириш текст жана конкреттүү практикалык мисалдар менен көрсөтмөлөрдүн топтому бар.

Жарыялообу же процесспи?Идеалында бул биринчи басылма иштин башталышы гана, эми практиктер ЮНЕСКОнун вебсайтын байланыш пункту кылып же тармак аркылуу аны практикалык мисалдар, байланыштар, шилтемелер менен толукташы зарыл. Китептин аягында, мукабанын ички бетинде чөнтөкчөдө кошумча тексттер менен шилтемелер бар. Келечектеги CD-RОМ версиясына бул колдонмону жаңы практикалык мисалдар менен байыткан толуктоолор киргизилмекчи. Жамааттык мультимедиялык борбор долбоорунун ар кандай аспектилерин ишке ашыруу тажрыйбасы жана маалыматы дүйнөдө кеңири таркаган. Ар кандай шартта колдонулган теоретикалык билимге караганда ЖМБ тажрыйбасынын жергиликтүү тамыры бар, анткени анда проблемаларды чечүүнүн жергиликтүү жолдору табылган, сырттан келген ресурстар дагы баары бир жергиликтүү шартка ыңгайлаштырылган, бул акыры иш жүзүндө текшерилген тажрыйбага жана эксперттердин баасына негизделген. Ошондуктан бул китепке материалдарды ылгоо процессинин максаты жамааттык мультимедиялык борборлор боюнча ар башка позицияларды жалпылаштырып, биринчи толук жумушчу маалыматтык сурамжылоо китебин түзүү болуп саналат. Материалдарды жыйноо процесси тармактагы жигердүү жана интерактивдүү иш менен коштолууга тийиш, ЖМБнын практиктери мындай иштөөгө толук даяр экендиктерин көргөзүп жатышканы кубанта турган көрүнүш.

Жалпыга жеткиликтүү фондМатериалдарды жыйноо процессинде кандай көрүнүшкө күбө болуп жатабыз? Ар башка кырдаалдар жана контексттерге карабастан, мындан кийинки баптарды окуганга туруктуу элементтер менен өзгөчөлүктөрдүн кандайдыр бир катары бар экени, алар бардык ЖМБнын жалпы негизин түзө турганы белгилүү болот. Балким, анын ичинен эң маанилүүсү ЖМБнын этикалык ролу катары мүнөздөлүшү мүмкүн. Жамааттык мультимедиялык борбор анын мүмкүнчүлүктөрүн чала-чарпыт баалап

Page 10: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

10

коюуга болбой турган каражат болуп саналат. Ылакап болуп айтылгандай, «маалымат – бул бийлик», ал эми ЖМБдан биз реалдуу күч-кубатка ээ бүтүндөй коммуникациялык жана маалыматтык платформаны көрүп турабыз. ЖМБнын милдети - бардык жамааттын керектөөлөрүн канааттандыруу жана кайсы бир топтун ашыкча таасирине бөгөт болуу. Борбор коммуникациялык жана маалыматтык платформанын бардыгына жеткиликтүү болушун кепилдеп, анын ким тарабынан болсо да монополизацияланышына жол бербеши керек. Ал жамааттын керектөөсүнө жеткиликтүү маалымат даярдоого аракет кылууга милдеттүү, маалыматтын мааниси так (теңсалмакталган, ар түрдүү, заманбап жана так) жана релеванттуу болушуна жетишүүсү керек. ЖМБнын жылдагы жашоо күрөшүнөн алып караганда бул намыска чакырган максаттар – көбүнчө бул ЖМБны колдоонун долбоорлук баскычы аяктап калганда анын ишин улантуу үчүн болгон күрөш.

Акыр аягында бул китептеги бардык нускоолордун, кеп-кеңештердин, идеялардын максаты ЖМБнын өзүнүн этикалык озуйпасын натыйжалуу аткарууга жардам берүү болуп саналат.

Чечимдерди издөөАкырында айрым бир этият болчу учурларды эскертип коюу абзел. Бул колдонмо ЖМБлар күндөлүк иште кездештирген же узак мөөнөттүү стратегиялар менен варианттарды карап тандап жатканда чыккан жайнаган суроолор менен баш катырмаларды алеки заматта эле чечип коюунун бир нече вариантын сунуш кылышы мүмкүн. Ошол себептүү ЖМБнын иштөө чөйрөсүндө чыккан маселелерге көп учурда «туура» жооп алуу мүмкүн эмес жана кайсы бир жөнөкөй варианттары сейрек болушу ыктымал. Кабыл алынган чечимдер көп учурда ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдын чыгышынан улам балансты сактоо зарылдыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан көп учурда окурман китепте келтирилген мисалдардын ичинен жергиликтүү шартка туура келген бирөөн тандап алып, аны ыңгайлаштырганы оң болот. Окурман үчүн башка бирөөнүн эле эмес анын өзүнүн чечими экенин аңдоонун өзү да жагымдуу иш. Ыктыярчылардын штатын башкаруу маселесин жана аны сактоо, эмгегин сыйлоого байланышкан татаал проблемаларды алып көргүлө. Башка көп суроолор сыяктуу эле бул суроого да эч кандай туура жооп жок, тагыраак айтканда, адегенде туура келип, кийин кырдаал өзгөрүп кеткенде да туура болуп бере турган эч кандай жооп жок

Стелла Хьюз,ЮНЕСКОнун ММК жана коом секциясынын башчысы,

мурдагы радиожурналист E-mail: s . hughes @ unesco . org

Page 11: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

11

Жамааттык мультимедиялыкборбордун түрлөрү

Стелла Хьюз

Page 12: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

12

Бул бапта

Жамааттык мультимедиялык борбор деп эмнени түшүнөбүз? ЖМБ түрлөрү ЖМБга менчик укуктары Бар нерседен баштай бергиле

Page 13: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

13

Жамааттык мультимедиялык борбордун түрлөрү

Жамааттык мультимедиялык борбор деп биз эмнени түшүнөбүз?Келгиле, эң эле жалпы аныктамадан баштайлы: жамааттык мультимедиялык борбор (ЖМБ) жамааттын менчиги болуп саналган жана анын керектөөлөрүн канааттандырүү үчүн коммуникативдик- маалыматтык платформа болуп иштеген жергиликтүү радио-телеборборду бириктирген ишкана.

Бул моделдин негизги идеясы радио жана телекомпоненттердин синергизмдерин максималдуу пайдаланууда турат. Жамаат жергиликтүү жашоочуларга жергиликтүү жаңылыктарды өздөрүнүн эне тилинде алып турууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн радионун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат; андан кийин бул мүнөздөмөлөр компьютерде иштөөгө үйрөтүү, Интернетке жана башка санариптик ресурстарга жетүү шарттары менен байланыштырылат. Радио алыскы айылдарда же шаардын каралбай калган райондорунда жашаган, айрыкча чала сабат адамдарды жана телеборбор көрсөтүп жаткан кызматтарды эффективдүү бириктирип байланыштырган звено болуп баратат.

Ушул базалык структуранын чегинде ЖМБнын бир нече ар кандай түрү жашайт, алар көбүнчө жергиликтүү, улуттук же регионалдык контекстеги факторлор менен аныкталат. Эгер, мисалы, радиоберүү тармагындагы улуттук мыйзам жамааттык радиого обого чыгууга жол бербесе, бирок Интернетке же кабелдик каналдарга чектелбеген мүмкүнчүлүк берсе, радиокомпонет аларды пайдаланып иштей бериши мүмкүн.

Жамааттын менчигине байланышкан башка маанилүү тармакты алсак, бардык ЖМБлар үчүн жалпы болгон бул принцип ар кандай практикалык келишимдер түрүндө өзүнүн ордун табышы мүмкүн.

ЖМБнын ар кандай түрлөрү жөнүндө маалыматты билүүнүн пайдасы чоң; бул сиздин жамаат үчүн жарактуу моделди тандоодо жардам бериши мүмкүн, ошондой эле ар бир моделдин өзүнүн артыкчылыктары бар жана башка моделди пайдаланууда жакшы практикалык мисалдарды сунушташы мүмкүн.

Жамааттын көз каранды эмес радио-телеборборуЖМБнын абдан кеңири таркаган түрүндө адатта жамааттык радиостанция, биргелешип пайдаланган имарат, телеборбор, жалпы жетекчилик жана башка структуралары бар болот. Радиостанция адатта FM жыштыгында сегиз сааттан он сегиз саатка чейин 10-50 километр радиуста күнүгө обого чыгат. Анын штаты көбүнчө ыктыярчылар менен түзүлгөн, туруктуу иштеген бир же эки кызматкери болот. Ал жарыяларды, айрым адамдар же уюмдар акысын төлөгөн программалар менен маалыматтарды обого чыгарып уктуруудан пайда табат. Телеборбордо эртең менен жана түштөн кийин жалпы колдонулган саны үчтөн он экиге чейин жеткен компьютерлери, сканер, фотокөчүрмөсү болот, акы төлөнгөн окуу курстары болот. Ошондой эле жамааттын айрым бир топторуна эсептелген, керектөөгө

Page 14: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

14

жана өнүгүү багыттарына туура келген акысыз кызматтарын (же баасы көрсөтүлгөн) сунуштайт.

ЖМБнын бул функциясы көп жагынан ар түрдүү болот, анткени каржылык абалын чыңдоо максатында жасалган коммерциялык жана акысыз кызмат көрсөтүүлөр аралашып кетет. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси адатта бардык жамааттын катышуусу менен тескөө комитети, башкаруучулар кеңеши, негизги колдонуучулар тобу, жергиликтүү жашоочулар ассоциациясы ж.б. аркылуу аныкталат

ЖМБнын бул түрү үчүн башка мүнөздөмө болуп өз күчүнө ишенүүнүн жогорку деңгээлин айтсак болот. Мунун себеби көбүнчө муниципиалдык деңгээлди айтпаганда мамлекеттик начар колдоодо жатат. Бир жагынан бул чоң артыкчылык бериши мүмкүн. Бул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик укугуна ээ деген түшүнүктү бериши ыктымал.

Бирок, экинчи жагынан, ЖМБ ресурстары көбүнчө чектелүү болот, ошол себептүү ал оюндагыдай кызмат көрсөтүүлөрдү бере албайт, атап айтканда радиоберүүлөрдүн мазмуну таалуу жери болот – музыкалык берүүлөрдүн көлөмү чоң, ал эми өзүнүн берүүлөрү аз болот.

Жамааттык мультимедиялык борбор (ЖМБ) жамааттын өнүгүү керектөөлөрүн канааттандырүү үчүн коммуникативдик- маалыматтык платформа болуп иштеген жамааттын менчигиндеги жергиликтүү радио-телеборборду бириктирет. Бул демек - радио жамаат үчүн МКТ маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонуунун анча натыйжалуу эмес ыкмасы дегенди билдирет.

Күндөлүк радиобаяндар Интернетке жапырт, кыйыр түрдө жетүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бирок буга убакыт жана даярдык керек, Интернеттин материалдарын карап чыгып угармандар үчүн жакшы даярдалган радиобаянды даярдоо үчүн радиоберүүчүлөрдүн колунда сапаттуу байланыш болууга тийиш.

Мамлекеттик радионун журналистиЖМБ адатта улуттук радиоберүү системасынын жергиликтүү же регионалдык деңгээлдеги бир бөлүгү катары мамлекеттик радиостанциялардын программаларын бере алат. Бул вариант ЖМБнын башка моделдерин өнүктүрүүгө түрткү берген ЮНЕСКОнун Котмалдагы жамааттык мультимедиялык борборунда сыноодон өткөн.

Иштин башында ЖМБ колдонуучулардан компьютерди, Интернетти же радио кызматтарды пайдалангандыгы үчүн акы албайт. Маалыматтык-коммуникативдик технологиялардын бардык каражаттарын жана түрлөрүн өнүгүү максатында пайдаланган учурдагыдай эле жергиликтүү коомдун катышуусу угармандар, колдонуучулар, жардамчылар, ыктыярчылар жана инструкторлор менен ишти уюштуруу үчүн зарыл болот. Мисалы, Шри-Ланкада угармандар менен МКТны колдонуучулар ЖМБнын алдындагы «билим коомдору» деп аталган чакан топторго уюшуп биригишкен. ЖМБнын бул түрү коомдук мекеме катары факсты пайдалануу, басма иштери, сканирлөө, фотокөчүрүү сыяктуу акы төлөнүүчү

Page 15: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

15

кызматтарды көрсөтпөйт, булар көз каранды эмес ЖМБлардын негизги ишмердигине кирет.

Котмале уктурууларга радиобзорду киргизген Шри-Ланкадагы биринчи ЖМБ болуп саналат.

Коомдук мекеменин бекемдиги өкмөттүк колдоодон жана туруктуу, узак мөөнөттүү структуранын бар экенинен көз каранды келет. Бирок Интернетке жетүү үчүн мамлекеттик субсидияларды ар бир эле өкмөт бере бербейт. Жамааттын укук менчигин алганда, Котмалдагы мисал көргөзгөндөй, ал структурасы боюнча мамлекеттик болуп саналат, бирок практикада мамлекеттик

кызматчы болгон кесипкөйлөрдү жогорку деңгээлде тарта алган жамаат аркылуу иштейт.

Кабелдик жана Интернетти колдонгон ЖМББиз карай турган ЖМБнын кезектеги түрү улуттук мыйзам жамааттарга радиожыштыктар алууга укук бербеген өлкөлөрдөгү ЖМБ болуп саналат. Бул ЖМБлар радиоберүүнүн альтернативдүү жолун издеши керек; улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилер замат эле берүүлөрдү баштоого даяр мүмкүнчүлүктө болуш керек, анткени радионун мүмкүнчүлүгү абдан чоң, ал көп жерге жетет.

Интернет-радио мындай шартта бирден бир мүмкүнчүлүк болуп саналат. Анын башкы кемчилиги – аны компьютери бар адам гана уга алат. Ал эми артыкчылыгы колдонуучулар берүүлөрдү болуп жатканда гана эмес өздөрү каалаган учурда да уга алышкандыгында. Интернет-радио жандуу диалогду жактырат, угармандарга программалар жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин айтууга, суроолорду берүүгө, сурамжылоо учурунда добуш берүүгө жана башка интерактивдүү компоненттерге катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Индиянын Будхикоттогу Намма Двани жамаатынын радиосу кабелдик радиостанцияларды пайдаланып ийгиликтүү иштесе боло турганын көрсөтүүдө. Бул ЖМБлар жергиликтүү оператор аркылуу кабелдик байланыш каналын пайдаланып, радиоберүүлөрдү 400 адамга жеткирүүдө. Намма Двани жөнөкөй радиостудия менен жабдылган, эки компьютери, чакан телеборбору бар жана мультимедиялык каражаттар менен Интернетке кошулган, өзүн өзү өркүндөтүүчү аялдар тобу тарабынан башкарылат.

ЖМБ мультимедиялык ресурстардын ар башка түрүн пайдаланып, өнүгүү ресурстарынын жергиликтүү борбору менен байланышта иштейт, бул жерде жергиликтүү маалыматты жана анын керектөөлөрүн камтыган жамааттын күндөлүк радиоберүүлөрү сакталат.

Бирдиктүү ыкмаКээ бир ЖМБлар жергиликтүү кабелдик видеотармак жана басма ММКларды МКТ жана радио менен бириктире башташты, ошол эле учурда башкалары бир нече

Page 16: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

16

радиостанцияны бир теле борбор менен бириктирүү жолун тандап алышты. ЖМБнын бул түрү Малиде бар, анда үч ЖМБ менен жеке менчик FM радиостанция 50дөн 250 миңге чейинки адамды тейлөөгө алууда.

Компьютер менен иштөөгө лицензия

Компьютер менен иштөөгө берилген лицензия (ICDL), демек, аны алган адам эсептөөчү техниканын тилин билет, аны колдонуп иштегенге билими жетет дегенди билдирет. Чечмелеп айтканда компьютердик техниканын орчундуу түшүнүктөрүн, колдонмо тиркемелерин түшүнүү жана аларды иш ордунда жана коомдо колдоно билүү дегендик. Ал жети базалык дисциплинадан турат, алардын ар бири күбөлүк алуу үчүн уюштурулган болушу керек. Алардын тизмеси:-маалымат технологиясынын негизги түшүнүктөрү;-компьютерди колдонуу жана файлдарды башкаруу;-Word редактору менен иштөө;-электрондук таблицалар;-маалымат;-презентациялар;-маалымат жана байланыш.Бул стандарт адамдарга ишинде, үйүндө жана окууда жардам берүүгө эсептелген. Ал компьютерди кесиптик жана жеке максатта колдонгон ар бир адам үчүн таанылган билим деңгээлин белгилейт. Ар бир адам курагына, билимине, тажрыйбасына жана даярдыгына карабастан программага катыша алат. Бүт дүйнөдө колдонулуп жаткан бирдиктүү программага негизделген лицензияны (ICDL) алыш үчүн МТ боюнча эч кандай билим же компьютер менен иштөө тажрыйбасы талап кылынбайт.Компьютер менен иштөөгө европалык лицензия/Дублиндеги Фонд ICDL концепцияны колдонууга жана окутуу программасын уюштурууга улуттук же регионалдык деңгээлдеги лицензияны берет. Мисалы, Каирдеги ЮНЕСКО бюросу Египетте жана башка араб мамлекеттеринде ICDL программаларын колдонууга укук берген лицензиянын ээси болуп эсептелет.

Кеңири маалымат бул жакта: [email protected]

Малидеги ЖМБ модели боюнча колдо бар ресурстарга жага инфраструктурага

таянуу менен телеборборду радиостанция менен бир имаратта жайгаштыруу, бардык өнөктөш радиостанцияларга телеборбордун жабдууларын пайдаланууга мүмкүнчүлүктү кепилдеш үчүн уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча түшүнүшүү меморандумун кабыл алуу каралган. Практикада бул чынында эле ишке ашып жатканына ишенүү абдан маанилүү.

Page 17: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

17

Бул моделдин артыкчылыгы анын жамааттын ичиндеги ресурстарды жана МКТнын потенциалын максималдуу пайдаланып рентабелдүү болгондугунда. Жамааттын төрт же беш ЖМБны кармап турганга мүмкүнчүлүгү жок. Бул жол дагы иштеп жаткан радиостанцияларды бириктирип, аларды өнүгүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип пайдаланууга кызыктырууга жардам берет.

Жамааттын маданий борборуЖМБнын дагы бир түрү жамааттын маданий борборунун ичинде пайда болууда. Бул мекемелер ЮНЕСКОнун «катардагы маданият» программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлүп, ЖМБга жакшы толуктоо болуп калууда. Жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруу жана менчик укуктарын ишке ашыруу процесси маданий борборду уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп, ЖМБнын ишмердигин жүргүзүүгө жакшы негиздерди түзүүдө.

ЖМБ маданий борбордун ишин алып барууда өнүгүү проблемаларына болгон мамиледен да утушка ээ болот, өзүнүн акцияларын уюштурууну көргөзмөлөрдү, жыйындарды, мелдеш сыяктуу маданий иш-чараларды өткөрүүгө туштап жүргүзөт. Алар салттуу искусствону, кол өнөрчүлүктү ишке тартышат жана жамааттын чыгармачылык кудурети алардын жыйналган жери болуп калат. Мындай иш чаралар радио үчүн жакшы материалдарды берет жана зарыл шарты, тийиштүү даярдыгы бар учурда алар маалыматтын санариптик түрүнө да көчүрүлүшү мүмкүн.

ЖМБнын башка бир катар түрлөрү жамааттын өнүгүү структурасынын чегинде иштелип чыгышы мүмкүн, мисалы саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтык борбор, фермердик жана айыл чарбалык уюмдар, жаштар клубдары

жана табиятты коргоо боюнча демилгелүү топтор, же майыптар үчүн иштеген бирикмелер. Билим берүү мекемелеринин көп убакыт бою үзүрлүү иштей турган өзгөчө жакшы келечеги бар экенин белгилей кетели.

ЖМБга менчик укуктарыЖеке менчикте турган мекемени ЖМБ деп эсептесе болобу? Теориядан алганда, жеке басар монополиялык башкарууга бөгөт коюш үчүн аны «жамааттын менчиги» деп аныктап алса болот. Ал эми турмушта жеке менчик FM станция, телеборбор же ЖМБ жамааттын өнүгүүдөгү керектөөлөрүн канааттандырып, өзүнүн ишмердигине анын өкүлдөрүн кошо тартып, жамааттын маселелерин чечкен учурлар бар.

ЖМБ тармагыБул бапта биз карай турган ЖМБнын акыркы түрү болуп (бирок улам пайда болуп жаткан түрлөрдүн акыркысы эмес, албетте) ЖМБ тармагы эсептелет.

Эффективдүү иштеп жаткан жеке менчик моделдин жамааттын менчигинде турган ЖМБлар үчүн өрнөк боло турган мисалдары бар. Түштүк-Чыгыш Европада, мисалы, жамааттын радиосу иш жүзүндө жок, бирок жеке менчик FM станциялар чыр-чатактан кийин жакшы өнүгүп, көбүнчө качкындарга жана журт которуп жаткан адамдарга жардам берүү сыяктуу маанилүү коомдук иштерди аткарышкан. FM

Page 18: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

18

станциялар азыркы учурда телеборборлордун көпчүлүгү түзгөн виртуалдык кафеге караганда өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар телеборборлорду ачып жатышат. Бул жаңы телеборборлор компьютердик окутууну уюштуруп, иш издеп жүргөн адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп, берген квалификациялардын расмий таанылышына жетишүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатышат.

Чакан берүүлөр:

Жамааттык радиоберүүлөрдү уюштурууга биринчи кадам

Жамааттын радиосу чакан аймакта так аныкталган сандагы адамдарга гана кичидеңгээлде маалымат берүү дегенди билдирет. «Чакан берүүлөр» (радиотрансляцияга салыштырмалуу) эң төмөнкү деңгээлдеги уюштурулган ишке негизделген.

Чакан берүүлөр деген эмне?

Чакан берүүлөр бир нече ыкма менен жүргүзүлөт.Айылдын жашоочулары программаны чогуу-чаран угуу үчүн чогулушат. Бирок бул жолу программа радиостанциянын передатчиги аркылуу эмес үн жазгычтагы кассетадан уктурулат. Аудиопрограмма үндү катуу чыгаргычтар аркылуу уктурулат, андай нерселер эл көп чогулган жерлерде, мисалы айылдык базарда жана көргөзмөлөрдө, коомдук жайларда жана жыйналыш болгон жерлерге коюлат.

Артыкчылыктары.

– Передатчиктин зарылдыгы жок, анткени радиоберүүлөр жок. – Эгер берүүлөргө лицензия жок болсо, чакан берүүлөрдү пайдаланып бийлик менен укуктук проблемалардан кутулса болот. – Программаларды угуш үчүн радиоприемниктерди алуунун зарылдыгы жок. – Адамдар аудиокассеталарды угуу үчүн ыктыярдуу чогулушат, активдүү жана жыйнактуу келишет.

Жамааттын радиосуна ыңгайлаштырылган: Эл үнү

Автор Абдул Рахман Паша; Voises тарабынан басылганE-mail: [email protected]

Дүйнөнүн бардык регионунда ЖМБ адамдардын иш табуу келечегин жакшырткан таанылган квалификацияларды беришине керектөөлөр чоң экени байкалууда. Бардык ЖМБлар базалык компьютердик окутууну жүргүзүп жатышкандыктан, алар үчүн таанылган адистик боюнча окутуу, айталы «компьютер менен иштөөгө лицензия» бир мүмкүнчүлүк болуп калмак. Идеалдуу алып караганда ЖМБ зарыл каражаттарга жана кызматтарга ээ болуп, компетенттүү кызматкерлери бар болсо таанылган адистиктер программасы боюнча окутууну жүргүзө алат.

Бар нерседен баштай бергиле

Page 19: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

19

Бул бапты ачып жаткандагы суроо: “Жамааттык мультимедиялык борбор деп биз эмнени түшүнөбүз?” Буга жооптор келерки баптарда берилет.

Жогорудагы мисалдардын баары ЖМБ концепциясынын ийкемдүүлүгүн жана ыңгайлаштырууга ылайыктуу экенин көрсөтүш үчүн берилди. Анын ыңгайлуулугу жергиликтүү шартка эле ылайыктап алууда эмес, иш баштоо үчүн жамааттын иштеп жаткан чарбасын да пайдаланса боло тургандыгында. Уюшуп иштеп жаткан активдүү жамааттын түрлөрү канчалык көп болсо, ЖМБнын да түрлөрү ошончолук көп болот.

Стелла Хьюз

Page 20: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

20

ЖМБдагы жашоонун бир күнү Малидеги Кутиалы жана Индиядагы Намма Двани ЖМБсында эртең

менентен кечке чейин эмне болорун карап көргүлө

Малидеги Кутиалы жамааттык мультимедиа борборуМалидеги Кутиалы ЖМБсындагы башкаруучу үчүн иш аптасы дүйшөмбүдө 7.30 да башталат. Бул ЖМБ шаардагы жергиликтүү радиостанциялардын биринин имаратында ачылган, ал радиостанцияга кийин чакан телеборбор кошулган. Шаардагы башка радиостанциялар дагы ЖМБ менен өнөктөштүк мамиле түзгөн. Башкаруучу келген убакта имараттын кароолчусу аны тазалап жыйнап бүтүп койгон болот.

Биринчи радиоберүүлөрдүн алып баруучусу дагы иш күнүн 7.30да баштайт. Башкаруучу программанын микрофон папкасын бекитет, ошондон кийин ал обого чыгат.

Эртең менен сегизде телеборбордун чиновниги келип, башкаруучу менен аптада боло турган иш чараларды тактап чыгат. Андан кийин ал телестудиядагы жабдууларды карап текшерип чыгат, клавиатураны сүртүп, кереги жок файлдарды өчүрөт жана компьютердеги маалыматтарды текшерет.

Саат тогузда регистратор жана телеборбордун кызматынан пайдаланган биринчи кардарлар келишет. Бир сааттан кийин аптадагы биринчи сабак башталат. Бул издөө механизмдерин пайдалануу боюнча киришүү курсу болуп саналат, аны телеборбордогу аялдар тайпасынын кызматкери өтөт.

Мали. Кутиалыдагы радиостанциянын обосуна чыгып жаткан балдар.

Чак түштө саат бирде регламентти (күн тартибин) иштеп чыгуу комитетинин ай сайын өтүүчү жолугушуусу болот. Комитеттин мүчөлөрүнүн арасында башка радиостанциялардын дагы кызматкерлери менен өкүлдөрү бар. Күн тартибине ыктыярчылардын ишин уюштуруу жана аткарылган иш чаралардын ар бир айдагы жалпы маалыматына байланышкан маселелер киргизилет.

Күндүн ичинде жергиликтүү жашоочулар ЖМБга келип, телефон чалышып, факс жөнөтүп, фотокөчүрмө жасап, документтерди сканирлеп же электрондук почта аркылуу кат жиберишет. Радиостанция телеборбордун ишин байма-бай рекламалап, поп-музыка концертин уктурат, анын жүрүшүндө борбордун иши жана

Page 21: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

21

жарандарга жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш чаралар жөнүндө угармандардын ой-пикирлерин жаздырып алат.

Күндүзгү саат төрттө шаардык радиостанциянын кызматкерлери өздөрүнүн программасын даярдоого зарыл болгон интерактивдүү маалыматты издөө үчүн телеборбордун мүмкүнчүлүктөрүн артыкчылыктуу пайдалануу укугуна ээ болушат.

Компьютердик сабаттуулуктун негиздери боюнча курстун акыркы сабагы саат 18:00 дө болот.

Борбор жабылар алдында башкаруучу менен телеборбордун чиновниги компьютерлерди келерки күнү пайдаланууга даярдашат. Айдын аягында жергиликтүү фирма шейшемби күнгө бүтүндөй компьютерди заказ берип, ар бир айдагы отчетун даярдайт, отчеттун электрондук формаларын толтурат, иш кагаздарын жана сакталган документтерди тартипке келтирет.

Стелла Хьюз

Page 22: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

22

Индия. Будхикотедеги Намма Двани жамааттык мультимедиа борборуЭртең мененки саат алты. Студиянын эки менеджери менен ыктыярчылар күндүн планын апталык берүүлөрдүн программасына ылайыктап талкуулап жатышат.

Алардын алдын ала даярдалган сценарийлери деле жок, болгону айрым шилтемдер бар. Алар айылдагы жаштардын жана орто курактагы адамдарды бушайман кылган жумушсуздук маселесин талкуулап жатышат. Келерки сааттын ичинде программа кабелдик радиоканал аркылуу чакан берүүлөрдүн масштабында уктурулат.

Намма Дваниде дагы бир иш күндүн башталышы

• Бинду, техник жана ыктыярчы болуп иштеп жаткан жана акыры бир күнү станциянын жетекчиси болууну тилеп жүргөн студиянын алып баруучусу тизмени карап, студиядагы жабдууларды, магнитофонду жана микрофонду текшерет.

• Андан кийин ал айыл чарба кооперативине телефон чалып, ошол күндөгү базар бааларын билип, таңкы берүүгө тийиштүү материал даярдайт.

• Ыктыярчылар таңкы жана кечки берүүлөргө пленка даярдоо менен алек болушат.

• Студияда менеджерлердин бири жергиликтүү турмуш жөнүндө программаны жазууга даярданууда.

Индия. Намма Дванидеги жамааттын радиосундагы ыктыярчы балдар

Таңкы 6.30.

Ырлар, базар баалары жөнүндө маалымат, саламат жашоо жөнүндө материалдар (тиркемедеги Намма Двани жамаатынын радиоберүүлөрүнүн программасын кара) таңкы саат 6.30 дан баштап бир саат бою обого чыгат.

Намма Двани ЖМБ бир күн кечке ар кандай иш чаралардын чордону болот:

Жамааттын кыздары менен аялдарын радиоишке окутуу боюнча семинар өтөт;

Компьютердик сабаттуулук курсуна окуш үчүн стажерлордун жаңы тобу келип кошулат;

Page 23: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

23

Студиядагы менеджерлер жана ыктыярчылар радиоберүүлөрдүн идеясын талкуулап жазып чыгышат.

Түштөн кийинки 6.00

Кайрадан обого чыгуу убактысы келди.

• Викториналар, ырлар жана башка программалар жергиликтүү кабель каналы аркылуу чакан берүүлөр масштабында уктурулат.

• Борбордун башка бөлмөсүндө студент-ыктыярчы жамааттын ресурстары тууралуу маалыматтарды экинчи ыктыярчы иштеп чыккан программалык маалымат базасына киргизип жатат. (“Жабдуулар жана технологиялар” бөлүмүн караңыз).

Page 24: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

24

Тоскоолдугу жок иш болбойтАлбетте, иш күндөрүндө машакат болбой койбойт, эң көйгөйлүү маселе – электр кубатынын каатчылыгы. Бийликтегилер электр кубатын он саат ичинде оюна келгендей өчүрүп-жандыра беришет. Бул күндөрү даярдалган программалар кайра иштелип чыгышы керек.

Индия. Намма Двани комитетинде иш жүрүп жатат.

Ошондуктан Намма Дванидеги кызматкерлер жана ыктыярчылар өздөрүнүн менчик генератору боло турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышканы таң калыштуу эмес. Ошондо алар электр кубаты өчүп калганда акыркы сааттарда пландарды өзгөртүп отурбастан программалардын чыгуу убактысын так пландап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ыктыярчылар дагы дайыма эле келе бербейт, бул дагы бир проблема. А жаңы келгендердин кээ биринин техникалык даярдыгы жок болуп чыгат.

Бирок мунун баары жамааттын демин суудурбаш керек. Радио жеткен жердин мүмкүнчүлүктөрү жана Будхикотадагы жамааттын басымдуу көпчүлүгү маалыматтык коммуникативдик технологияларды кабыл алганы борборду бүгүнкү деңгээлге жеткирди - бүгүн ал адамдар үчүн дүйнөгө ачылган терезе жана үмүт-тилектердин жанган шамы болуп калды..

Сухарита Ишвар, Азия регионунда жамааттарды өнүктүрүү жана гендердик теңчиликти орнотуу камында иштеп келаткан маалыматтык-коммуникативдик

технологиялар боюнча адис.E-mail: [email protected]

Вивек Дхейдж, маалымат ресурстары боюнча адис, графикалык долбоорчу жана жамааттарды өнүктүрүү боюнча адис.

E-mail: [email protected]

Page 25: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

25

Ишти уюштуруу

Ник Ишмаэль-Перкинс

Page 26: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

26

Бул бапта

Керектөөнүн деңгээлин аныктоо Максат-ниет жөнүндө расмий

билдирүү даярдоо Бизнес-план түзүү

Page 27: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

27

Ишти уюштурууИштиктүү жана эффективдүү ЖМБ түзүш үчүн көп даярдык иштерин жүргүзүү зарыл. Бул бөлүмдө айтылган иш-аракет ыкмалардын кыскача баяндамасы сизге башкаруу жана техникалык иш чараларды даярдоого жана бизнес планды түзүүгө жардамы тиет. Ишти уюштуруунун майда баратын башка баптан окуй аласыз, анын шилтемелери тексттин ичинде берилет

Кыска баяндама сиз жамааттын маселелерин чечүүгө канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыз, борбордун ишин кармоого ошончолук жакшы мүмкүнчүлүктөр боло турганын көрсөтүп турат, анткени коомчулук жана башкалардын бул иштен четте калганга ниети барбай калат.

Төмөндө берилген иш чаралар жамааттын радиостанциясын пайдаланып жаткандар үчүн маанилүү көрүнбөшү мүмкүн, бирок ошентсе да, эгерде сиз борборго теле жабдууларды орнотууну пландаштырып жатсаңыз анда аларга көңүл бурганыңыз ашыкча болбойт.

• Керектөөнүн деңгээлин аныктоо

Бул сизге жамааттын керектөөлөрүн тереңдеп түшүнүү жана ЖМБнын ишин илгерилетүү үчүн керек. Андан сырткары, бул сизге жамааттын маалыматтык жана коммуникациялык керектөөлөрүн аныктоого жардам берет, бул жөнүндө жамаат, катышуучулар жана колдонуучулар жөнүндө бапта айтылган. Керектөөнүн деңгээлин баалап билүүнүн радиоберүүлөр үчүн лицензия алууда өзгөчө мааниси бар.

• Максат ниет жөнүндө расмий билдирүүнү даярдоо

Бул этапта сиздин ЖМБнын максаттары аныкталат. Борбордун максаты жана анын жамааттын керектөөлөрүнө канчалык шайкеш келерин так көрсөтүү абдан маанилүү. Бул борбордун ишин ийгиликтүү алып кетүү үчүн сиздин мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтөт.

• Сиздин борбордун түзүмүн иштеп чыгуу

ЖМБ кандай иштей турганын жакшы түшүнүп алуунун мааниси зор. Зарыл имарат тандоодон баштап канча кызматчы керек экендиги жөнүндө көп сандаган маселелерди чече келгенде баа жеткис пайдасы тиет. Уюштуруу түзүмү жана адам ресурстары жөнүндө баптан бул жөнүндө кең-кесири маалымат алсаңыз болот.

• Борбордун жобосун иштеп чыгуу

Борбордун ишине катышкан бардык мекеме-уюмдардын баардыгы мыйзамда белгиленген тартипте катталганын текшерип алыңыз – бул радио уктурууларга берилген лицензиядан кол жууп калбаш үчүн керек. Уюштуруу түзүмү жөнүндө баптан жана тиркемелерден бул боюнча толук маалымат алсаңыз болот.

• Бизнес-план

Page 28: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

28

Бул маселе сиздин ЖМБнын түзүмүнө жараша чечилет: мисалы, киреше-чыгашаларды пландоо, электр кубатын керектөө деңгээли жана ошого жараша борбордун ишинин графиги түзүлөт. Туруктуулук тууралуу бапка жана тиркемелердеги маалыматка кайрылыңыз.

Керектөөнүн деңгээлин аныктооСиздин жамааттын картодиаграммасы

ЖМБнын негизги катышуучусу болуп жамаат эсептелет, борбор дал ошол үчүн түзүлгөн. Ошондуктан сиз жамааттын керектөөлөрүн, кызыкчылыгын, кем-карчын жакшы билишиңиз керек. Бирок жамааттар татаал жана динамикалуу түрдө уюшулуп, бир нече топтон куралган болушу мүмкүн. Жамаатты бул жагынан жакшы билүү сиздин байланыштарды жакшыртып, аудиторияга маалымат жеткирүүнүн алгылыктуу жолун табууга жардам берет.

Албетте, сиз жамаатка кирген топтордун ишине байланыштуу башка дагы көп башка факторлорго туш келесиз. Пландоо процессине бардык топтор катышууга тийиш, бул башынан эле жамааттын менчигин түзүүгө кепилдик берип, ар кандай таарынычтарга же процесстен обочолонуу сезимине байланышкан тобокелдиктерди азайтат. Кандайдыр бир күмөн ойлор пайда болгондо жамааттын мүчөлөрүнө жардам сурап кайрылыңыз – борбордун эмблемасынан баштаңыз. Алар

канчалык көп салым кошсо, өздөрүн ошончолук ишенимдүү сезип, борборду ошончолук активдүү колдоого алышат.

1-Көнүгүү Жамааттын картодиаграммасы

Сиздин жамааттын картасын түзүңүз, ишке катышкан бардык топторду ага белгилеңиз. Адамдар бири-биринен айырмалана турган көп белгилер бар. Карта түзүү үчурунда сиз эске ала турган айрым белгилер булар:• курагына жараша бөлүү• жынысы;• тили боюнча;• дини боюнча (протестант, католик, башка

багыты, мусулмандар, индустар же башкалары);

• этникалык топтор;• ишмердик түрү (дыйкан, соодагер, студент,

кол өнөрчү);• атайын керектөөлөр (кирешеси жок же

абдан аз, каруу күчү чектелген, сабатсыз);• жайгашкан орду (тайпа мүчөлөрү чоң же

кичине, үй-бүлөлөрдө жашайбы, өзүнчө бөлүнгөнбү, кеңейтилген же нуклеардуу бүлөдөбү? Тайпалар жашаган жер менен ЖМБнын ортосундагы аралык канча?

Page 29: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

29

Экинчиден, сиздин кирешени толуктап туруу үчүн пайдаланса боло турган кошумча кыймылсыз мүлк керек болуп калышы мүмкүн, мисалы, кайсы бир уюмга офиске орун берип, андан акысына башка бир пайдасын көрүүгө болот.

Сиз жана жамаат үчүн ойлончу темаларБорбор кай жерде жайгашканы жакшы?Транспорттун кайсыл түрү жеткиликтүү? Сизге ЖМБны жайгаштыруу үчүн жарактуу жай табуу керек болот. Ал көпчүлүк эл үчүн оңой жеткен жана анын ишине катышып, кызматынан пайдаланууга ыңгайлуу болгондой жерде болушу керектигин эстен чыгарбаңыз. Көп каражат талап кылбаган жана болочокто кеңейүүгө боло тургандай жерди тапканга аракет кылыңыз. Ошондой эле кошумча офис аянтын кызыккан уюмга же коммерциялык структурага ижарага берип, ЖМБга кошумча пайда табууга болорун да унутпаңыз. Мындай орун коопсуз аймакта жайгашып, суу ташкын же көчкү сыяктуу табигый кырсыктардан корголгон болушу керек.

Борбордун аталышыЖалпы жамаат сунуш кылган аталышты колдонуу баарына тең жага турган иш болот. Бул ошондой эле жамааттын ичинде сыймыктануу жана жалпы ишти урматтоо сезимин бекемдейт.

Борбор чече турган маселелерди жамаат менен кеңешүү керек Жамаатты өнүктүрүү сиздин биринчи кезектеги максатыңыз экенин эстен чыгарбаңыз. Ошондуктан борбор аткара турган кызматтын түрлөрүн жамаат менен кеңешип чечүү маанилүү.

Борборду башкаруу жөнүндө жамаат эмне дейт?Колдогу ресурстарга таянып иштөө менен жамаат өңгөнүн эмес өзүнүн иши экенин сезгендей кылып иштеңиз. Силер аткарып жаткан иштер башкалардын катарында бадырайып көрүнүп турсун.

Борбордо ким иштеши керек?Сиздин ишмердикти башка кызмат тармагынан өзгөчө кылып көрсөтүңүз, жамаат мүчөлөрүн бул ишке активдүү тартыңыз.

Кандайдыр бир күмөн ойлор келгенде, жамаат менен кеңешиңиз - борбордун эмблемасы жөнүндө же башка маселе болсо дагы майда экен дебей. Алар канчалык көп салым кошсо, ошончолук өзүн ишенимдүү сезип, ошончолук борбордун ишин колдоого алышат.

Мындан кийин сиздин жамаат жөнүндө негизги маалымат жыйноо ыкмаларын карап көрөбүз.

Жамаат жөнүндө маалымат жыйнооСиздин ЖМБ жамааттын ой-тилегин канчалык жооп берерин, борбордун ишинен канча адам пайдаланаарын, кимдер келип атканын, кимдер келбей атканын,

Page 30: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

30

ошону менен катар жамааттын өнүгүшүнө андан кандай жардам болуп жатканын конкреттүү билүү маанилүү.

Базалык изилдөө ушул жана башка көп сандаган суроолорго жооп болуп саналат. Изилдөөнү ЖМБ ачылганга чейин жүргүзүү кажет, анткени ишти пландаштырып жатканда изилдөөнүн натыйжаларын максималдуу пайдалануу оң болот. Изилдөө

жүргүзүү боюнча көп методика бар, алар жана мындан кийин карала тургандары дагы “Изилдөө жана баалоо” деп аталган баптагы уникалдуу ыкмалардан

айырмаланат.

Айрым кеңештерАр кайсы тайпалар менен кызыкчылыгына жараша жыйындарды пландаштыргыла, мисалы жарандык жана жаштар, аялдар уюмдары, диний бирикмелер жана салттуу лидерлер. Жамааттын мүчөлөрү менен бетме-бет отуруп, силерди кызыктырган маселелер боюнча расмий эмес талкууларды өткөргүлө.

Жолугушуулардын максаты жамаат өзүнүн керектөөлөрүн кантип түшүнүп жатканын билүүдө турат. Ошол керектөөлөрдү канааттандырууга ЖМБ жарайт деп эсептейби; ЖМБнын демилгелүү иштерине жамаат катышабы, колдойбу; ЖМБны башкаруудан жамаат эмне күтөт.

Семинарларды өткөрүү, талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө негизделген көп ыкмалар бар, аларды маалымат алуу үчүн колдонсо болот. Бул кырдаалды талдоого алуу жана “жашоо дарагын” түзүү, сандык талдоо жана изилдөөчүлөр менен иш алып баруу сыяктуу ыкмалар. Анын баары мурдакы бөлүмдөрдө берилген.

ЖМБны колдонуучулар чөйрөсүн изилдөөИзилдөөнүн ар кандай түрлөрү көп, бирок сизди колдонуучулар чөйрөсү өзгөчө кызыктырышы мүмкүн, бул деген сиздин ишмердиктин объектиси болгон эл болуп эсептелет. ЖМБнын мааниси жөнүндө анын өзүнүн көз карашы бар. Изилдөөнүн жүрүшүндө алынган натыйжалар ар кандай жол менен борборго пайда алып келип, ЖМБнын ролун бекемдеши мүмкүн.

Жамааттын картодиаграммасын түзүүнүн башка жолдору

• Инфраструктура - байланыш, телефон линиясы, электр кубатын пайдалануу, электрдин башка булактары, мисалы жергиликтүү ооруканадан, жолдон, транспорт ишканасынан кошумча күч тартуу.

• Ресурстар – колдогу компьютерлер, радиостанция ж.б.

• Мекеме – клиникага, мектепке, жергиликтүү бийлик органдарына жана айыл чарба секторуна жарнамалык кызмат көрсөтүлөбү? Муну эске алуу жана керектөөнүн деңгээлин билүү кажет, анткени алар ЖМБнын кызматташ өнөктөштөрү жана кардарлары болуп беришет.

• Ассоциациялар жана өкмөттүк эмес уюмдар –аялдар бирикмеси, фермердик кооперативдер, соодагерлердин майда бирикмелери, диний коомдор ж. б.

• Жергиликтүү ишкерлер – булар негизги кардар болуп бериши мүмкүн.

(“Техникалык чечимдер» деген баптан караңыз).

Page 31: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

31

Колдонуучулар чөйрөсүн изилдөө башка маселелердин чечилишине да өбөлгө түзөт:

• борбор иштей турган орчундуу маселелерди тактап аныктоого;• алынган маалыматты өкмөт жана донор уюмдардын колдоосун алуу үчүн

пайдаланууга;• сиздин ЖМБга суроо-талапты жаратууга; бардык катышуучуларга сапаттуу

жана пайдалуу маалыматтарды таратуу аркылуу колдоого жетишүүгө жана аларды кызматташтыкка тартууга;

• ушундай жол менен сиздин борбордун ишин чыңдап, ошол эле учурда үзүрлүү өнөктөштүк мамилелерге жетишүүгө болот.

• сиздин ишти жана ийгиликтерди көрсөтүү үчүн алынган натыйжаларды эсепке алууга жана айрыкча кийинки иштерди чамалап, мониторинг жүргүзүүгө зарыл болгон тажрыйба алууга;

• жамааттын керектөөлөрү менен ой-тилегин аныктоого жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында анын колдоосуна ээ болууга;

Кырдаалды талдоо / «Жашоо дарагы»Бул конкреттүү проблема боюнча топтошуп интенсивдүү талкуу кылуунун жүрүшүндө ишке аша турган процесс. Мындай талкуу жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

• бирдей даярдыктагы жана тажрыйбадагы 8-12 катышуучудан турган топ (1-көнүгүүгө көңүл буруңуз);

• кылдат ойлонулган жана өз ара байланыштагы 8-10 суроодон турган интервью, анын жообун респонденттер өздөрү бериш керек;

• ортомчулукту жана топту башкарганды билген алып баруучу;• болгон сөздүн баарын жазып турганга алып баруучунун жардамчысы;• бири-бирине бет маңдай отура тургандай ылайыктуу жай.

Катышуучулар өздөрүнүн суроолорун ар кандай тематикада бере алышат, эгерде суроолор кайталанып калса эчтеке болбойт.

Респонденттер өздөрү жообун бере турган суроолорго “ооба” же “жок” деген жабык жоопторду берүүгө болбойт, жооптордо алардын коюлган суроо боюнча ой-пикири же тажрыйбасы айтылыш керек.

Page 32: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

32

Шри-Ланкадагы Котмалы жамааты түзгөн “жашоо дарагы” жергиликтүү шарттарды жана проблемаларды айдан ачык көрсөтүп турат. Сиздин жамааттын топтору өз кезегинде башка маселелер менен проблемаларды көтөрүп чыгышы мүмкүн.

Сандык көрсөткүчБул үчүн жамааттын мүчөлөрү жөнөкөй анкетаны толтурушу керек. Анкеталык сурамжылоону адатта кызматкерлер же ыктыярчылар жүргүзөт. Респонденттердин ар кандай тайпаларын сурамжылоо абзел, алардын жооптору кайсы бир деңгээлде окшош болуп чыкса эчтеке эмес.

Андан кийин жалпы пикир иштеп чыгыш үчүн алынган жоопторду иштеп чыгыш керек, сандык көрсөткүч иш чараларды пландаштыруу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууда негиз болуп бере алат.

Анкетада

• Адамдардын өзү жөнүндө аздыр-көптүр маалымат беришин сурангыла. Мисалы: алардын курагы, жынысы, жашаган жери жана жалпы эле силердин керектөөчүңөр ким экендигин түшүнүүдө маанилүү болгон ар кандай маалымат;

• Борбор көрсөтүп жаткан кызматтар жөнүндө адамдардын ой-пикирлерин

Формалдуу билим берүү чөйрөсүндөгү

жана өмүр бою окуудагы

дискриминация

Айылдык жаштардын социалдык жана экономикалык

келечегинин жоктугу

Келечеги жок жаштар

Интернет контексттин жана айылдык

колдонуучулар үчүн тийиштүү пакеттердин

адекваттуу эмес мазмуну

Санариптик теңсиздиктин пайда болушу жана айыл менен шаардагы

өнүгүү деңгээлинин айырмачылыгы

Маргиналдашуунун өсүү деңгээли

Социалдык туруктуулук менен

тынчтыкка коркунучтардын

жаралышы

Маалымат булактарын

пайдаланууга мотивациянын

жоктугу

ЖМБнын пайдасы жөнүндө

маалыматтын жоктугу

Компьютерлердин тартыштыгы

Интернетти түшүнүп пайдаланууга

тоскоол болгон тилдик проблемалар

Page 33: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

33

сурагыла:o Эмнеге алар бул кызматтан пайдаланышат (же пайдаланышпайт)?o Алар качан кызматтан пайдаланышы мүмкүн жана ким менен?o Борбордун ишине алар кандай салым кошо алышат?o Борбор жамааттын кызыкчылыгында канчалык эффективдүү иштеп

жаткандыгын аныктоого мүмкүн болгон критерийлер жөнүндө алардын ой-пикирин сурагыла.

• Борбордун иши жана ал көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча адамдардын кандай ой-пикирлери болсо, баарын сурагыла.

Изилдөөчүлөр менен иштөө Жогоруда келтирилген методологияда ашыкча деле академиячылдык жок, анын ордуна суроолорду даярдоого жана ылгоого басым жасалды. Бирок тажрыйбалуу изилдөөчүлөр менен иштөөдө пайдаланыла турган көп ыкмалар бар. Чоң илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана чыныгы натыйжаларды алууда анын кереги тиет. Изилдөө ишинде колдонулган терминология менен таанышкыңыз келип калышы да мүмкүн, ошондуктан төмөндө айрым мисалдарды келтиребиз.

• Колдонуучулардын арасындагы изилдөө: борбор кайсы бир изилдөө үчүн, биздин мисалда колдонуучулардын чөйрөсүн изилдөө үчүн коммерциялык агенттиктин, билим берүү уюмунун же өкмөттүк эмес уюмдун кесипкөй изилдөөчүлөрүнүн кызматынан пайдаланышы мүмкүн. Изилдөөнүн натыйжалары борбордун суроо-талаптары менен толук шайкеш келиш үчүн ЖМБ анын милдеттерин аныктоо ишине активдүү катышуусу керек, бирок силер жалдаган кесипкөйлөр факт жүзүндөгү изилдөө жүргүзүп берет.

• Изилдөө жүргүзүүдөгү өнөктөштүк: ЖМБ изилдөө жүргүзүүгө аралашып, анын максаттарын аныктоого катышып жатканда башка бир уюм же изилдөө агенттиги менен кызматташтыкта болот. Мындай кызматташтыктын пайдалуу жагы анын жүрүшүндө силердин кызматкерлер дагы изилдөөнүн ыкмаларына үйрөнүп алышат.

• Партиципативдүү изилдөө: Мында ЖМБ өзүнүн

изилдөөсүнө жамаатты кошо тартат, бирок изилдөөчү уюму менен өнөктөш болуп иштейт. Бул чечим борбордон атайын даярдыкты жана көп күч-аракетти талап кылат, ошондой эле өнөктөштүктүн башында

Изилдөөнү ким жүргүзөт?

Изилдөөчүлөр силердин жамааттын мүчөлөрү болушу үчүн жана тайпаларда аялдар, эркектер бирдей санда жана жергиликтүү тилди билген жаштар дагы болсун үчүн бардык чараларды көргүлө. Бул жамаат менен ачык-айрым иштөөнү жеңилдетет. Ошол эле учурда изилдөөчүлөр интервью берип жаткандардын ордуна өздөрүнүн ой-пикирлерин кошуп жибербешине көңүл бургула.

Page 34: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

34

изилдөөчү уюмдан чоң колдоосу зарыл. Бирок ал изилдөөнүн жүрүшүнө көзөмөл кылуу тизгинин борборго өткөзүп берет, бул өз кезегинде маалыматтын узак убакыт бою арзан түшүп турушун камсыз кылат. (Жамааттын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу” деп аталган бапка кайрылыңыз).

• Этнографиялык изилдөө: бул метод изилдөөчүгө долбоор ишке ашып жаткан чөйрө жөнүндө толук маалымат алуу үчүн социалдык кырдаалды бүтүндөй көрүүгө жана жамааттын социалдык байланыштарын, анын ичинде жергиликтүү байланыштарын, макулдашууларын, максаттарын мүнөздөгөн ар кандай моделдерин билүүгө мүмкүндүк берет. Бул жерде узак мөөнөткө тажрыйбалуу изилдөөчүлөрдү ишке тартуу керек, алар күн сайын кырдаалдын өнүгүшүнө байкоо салып турушат. (“Изилдөөлөр жана аныктоолор» деген бапка кайрылыңыз).

Максат-ниет жөнүндө расмий билдирүүнү даярдооМаксат-ниет жөнүндө билдирүү ЖМБ жөнүндө туура түшүнүк жаратып, ар бир адамдын борбордун милдет-максаттарын ыкчам билишине жардам берет. Ал ошондой эле ЖМБнын жетекчилигине чечимдерди кабыл алууда пайдалуу болуп, жамааттын жана анык катышуучуларынын кызыкчылыгын, керектөөсүн жана баа-баркын көрсөтүп турат.

Максат-ниет жөнүндө билдирүү борбор тууралуу түшүнүк берет.

Визуализация боюнча көнүгүүлөрБул көнүгүүлөрдүн көпчүлүгү тайпаларда аткарылса болот, бирок уюштуруучу ар кимдин салым кошууга мүмкүнчүлүгү болуш керектигин эстен чыгарбашы керек. Ал түгүл катышуучуларды даярдыгына жана социалдык макамына жараша бөлүштүрүү керек болот, анткени алар талкуу учурунда кысынбай өздөрүн эркин сезгени жакшы. Көнүгүү ар кандай кырдаалда, мисалы кырдаалды талдоодон түзүлгөн “жашоо дарагын” караган жыйналышта өткөрүлүшү мүмкүн.

Жыйында жамааттын 20-30 өкүлү, анын лидерлери, идеологдору жана башка таасирлүү адамдары катышып отурганы жакшы. 1-көнүгүүгө катышып жаткан тайпалар баары бар экенин текшергиле, кээ бир учурда бул статус-квону атайын өзгөртүп, талкууга көп катышпай жүргөндөрдү чакырыш үчүн керек болуп калышы мүмкүн.

A кадамы. Азыр кай жерде экениңизди аныктаңыз. “Жашоо дарагын” талкуулагандан жана фокустук тайпаларда каралган кырдаалды талдоо боюнча

Унутпагыла:

керектүү суроолорду бергиле;

эл эмне деп жатканын уккула;

жамааттын салымын так документ менен көрсөткүлө; аларды маанисине жараша жайгаштыргыла, алар жамааттын артыкчылыктуу көз караштарын, ой-сунуштарын жана артыкчылыктуу маселелерин объективдүү көрсөткөндөй болсун.

борбордун функциялары менен структурасын аныктоо процессинде маалыматты колдонуу абдан маанилүү.

Page 35: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

35

көнүгүүдөн баштаңыз. Андай болбосо катышуучулар учурдагы кырдаалды талкуулап, маанилүү орунда турган же турмуштук бир-эки маселе тандап алышы мүмкүн.

Б кадамы. Каякта болгонду каалайт элеңиз, аныктаңыз. Катышуучулар белгиленген максаттар менен байланышкан бардык бийлик тизгинине ээ болгондой болуп, талкууга катышуусу керек.

В кадамы. Андан кийин катышуучулар ар бир тайпа үчүн визуализация эмне экенин аныкташы керек. Бул жөнөкөй эле инструкциялар менен көрсөтүлөт. Мисалы, дыйкандар көп продукция өндүрүп, эмгегине жакшы сыйлык алышат.

Г кадамы. Жамааттын деңгээлинде коммуникациянын, маалыматтын же билим берүүнүн жардамы менен ишке аша турган оң

жылыштарды аныктагыла. Мисалы, дыйкандар жер кыртышын табият кырсыктарынан сактоонун методдорун билишти.

Андан кийин максат-ниет жөнүндө билдирүүнү жазууга киришип, борбор жамааттын керектөөлөрүн кантип канааттандыра турганын көрсөтүү керек болот.

Визуализация боюнча ишти кантип алып баруу керек

Биринчи кадам. 1-көнүгүүнүн картасын жана силер түзгөн тайпаларды караңыз.

Фокустук тайпаларда талкууларды уюштуруп, андан кийин катышуучулардын позициясын аныктаган суроолорду бергиле. Аларга эмне кызыктуу экендигин аныктагыла. Алардын катышуусуна тоскоол болуп жаткан себептерди түшүнүүгө аракеттенгиле.

Визуализация боюнча жасалчу иштер

Силердин программалар менен кызматыңар жамааттын жалпы керектөөсүнө канчалык жооп берет? Силердин иш чаралар жана алардын мазмуну максат-ниет жөнүндө

билдирүүдө айтылган максат-милдеттерге канчалык жооп берет?

Экинчи кадам. Фокустук тайпалардагы талкуунун натыйжасына негизделген таблица түзгүлө.

Кызыкчылыгы тайпалар Иш чаралар чектөөлөр чечимдер

Орундуу кай жерде визуализация

Проблемалар жана кырдаалды талдоо

Маалыматтык жана агартуучулук муктаждыктар (ЖМБ)

Визуализация (алар кай жерде болгусу келет)

Page 36: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

36

Мисалы,жаш аялдарМисалы,улуу муундагы аялдар

Кызыкчылыгы – алар эмнени каалашат же эмне кылууга тийиш эле.Иш чаралар –борбордун ушул кызыкчылыкка жооп берген ишмердиги.Чектөөлөр- алардын борбордун ишине катышуусуна эмне тоскоолдук бар. Чечим –ушул чектөөлөрдү сиз кандай жол менен жое аласыз.

ЖМБ түзүмүСиздин уюмдун түзүмүнө мүлк, көмөкчү чарбалар жана инфраструктуралар эле эмес, программанын мазмунун, штат жана

каражатты башкарып иштөөгө мүмкүндүк берген элементтер да кирет. Ошондуктан

сиздин ЖМБнын толук түзүмү керектөөнүн көлөмүнө жана базалык изилдөөгө карап, колдогу тажрыйбага жана ЖМБнын ишине тартылган адам ресурстарына жараша аныкталат. Ал ошондой эле проблемаларды чечүү ыкмаларынан жана башка коммерциялык радиостанцияларга салыштырмалуу артыкчылыктарынан да көз каранды болот.

ЖМБнын атын чыгаруу үчүн сиздин жамааттын керектөөлөрүн чечүү маселесине чыгармачылык менен караган жакшы, мисалы, бала тарбиялап жаткан энелердин арасынан Интернет кызматына кызыгып жаткандарга кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо.

ЖМБга жай тандоодо практикалык жана техникалык акылдар

(“Тийиштүү жабдууларды жана технологияларды тандоо” деген бапты дагы караңыз).

Интернетти кошуу

Телефон линия жана компьютерлерди Интернет менен байланыштырган спутник байланыш канал бар экенин текшериңиз. Сиздин өлкөдөгү ушул кызматты

Зибонель радиосу: Максат-ниет жөнүндө билдирүү

«Биз, ар кандай даярдыктагы ыктыярчылардын бириккен тобу Хайелитша жамаатынын менчигиндеги жана башкаруусундагы Радиостанцияны уюштурдук. Биздин адамдардын саламаттык стандарттарын жогорулатуу жолдору менен жашоо сапатын жакшыртуу биздин максатыбыз болуп саналат. Биз камын көрүп, иштей турган адамдардын баарынын ден-соолугу начар жана экологиялык кыйын шарттарда жашайт. Зибонель радиосу Хайелитша жамаатынын мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртуу максатында тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн иштемекчи”.

Зибонель радиосу Түштүк Африкада Кейптаундун ары жагындагы жамааттарды тейлейт жана ал үчүн артыкчылыктуу болуп саналган саламаттык сактоо маселелерине адистешкен.

Page 37: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

37

аткарып жаткан ишканалар менен маселенин сизге ылайыктуу жактарын талкуулаңыз.

Кубат булактары

Балким, иш үзгүлтүккө учурабаш үчүн ишенимдүү булактан бир же эки электр линиясын тартуу керек болот. Көп радиостанцияларда резервдеги генератор же күн батареялары сыяктуу атаандаш энергия булактары коюлуп, электр менен туруктуу камсыз болушкан. Кийин чоңоюп калсаңар кереги тийгендей кылып кошумча энергия алуу жолдорун ойлонуштуруп койгула.

Көлөм

Сизге компьютерлерди, радиостудияны жайгаштырууга жана борборго келген адамдарды кенен-кесир кабыл алууга

жеткидей аянт керек болот.

Камсыздандыруу

Жабдууларды камсыздандырып койгон жакшы. Бул кырсыктан бузулуп талкаланган жабдууларды кайра калыбына келтирүүнүн эң сонун жолу. Камсыздандыруучу компаниялар менен сүйлөшүп, бузулган жабдууларды алмаштыруунун шарттары так каралгандай кылып жакшы жолун тандап алгыла.

Жобону иштеп чыгуу

Жободо ЖМБнын укуктук макамы, анын максаттары жана башкаруу ыкмалары жазылат. Эгерде иштеп жаткан уюмдун жобосу бар болсо, анда ага, ЖМБга тийиштүү бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек. (“Уюштуруу

структуралары жана стратегиялары” деген бапты жана тиркемелерди караңыз.)

Ойлонууга маалымат

Жобонун ар бир аталышын тизмектеп, ар бир бөлүмдө ЖМБнын

Практикалык сунуш

Эң башынан эле ЖМБнын жайгашкан ордун жакшыртуунун оңой жолдорун карагыла, мисалы, чатыры кандай жабылса бөлмөнүн температурасы ошого жараша болот. Аба кондиционерине жумшалчу каражат да ушундан көз каранды; чаңдар жабдуулардын иштөө мөөнөтүн кыскартат, ошондуктан ЖМБнын имаратынын айланасына клумбаларды отургузуу жана башка жашылча аянттарын жасоо менен чаң-чуңду кыйла азайтууга болот.

Page 38: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

38

жана жамааттын кандай кызыкчылыктары көрсөтүлүш керек экенин ойлонгула. Алар силердин максат-ниет жөнүндөгү

билдирүүңөрдө жазылган нарктарды жана таламдарды чагылдырышы керек экенин эстен чыгарбагыла.

Бизнес-план

Бизнес-пландын башкы максаты бекем, жашоого жарактуу, жакшы башкарылган объект үчүн негиз даярдоо болуп саналат. Ишенимдүү бизнес-план жамаат менен донорлордун каржылык колдоосуна ээ болот. Бизнес-планды түзүп жатканда максаттарды айкын коюп, жамааттын катышуу деңгээлин, адистердин тартылышын, кирешенин көлөмүн, баалоонун көрсөткүчтөрү менен критерийлерин болжолдоп пландап көрсөтүү керек. Алар визуализациянын натыйжаларын түшүндүрүп, сиздин олуттуу даярдыгыңызды ырастап, ЖМБнын келечегин камсыз кылган пландын үстүнөн иш жүрүп жатканын көрсөтөт. “ЖМБнын туруктуулугу” деген бапта бизнес-план түзүүнүн негизги кадамдары көрсөтүлгөн. (Тиркемелерди да караңыз.)

ШилтемелерЮНЕСКОнун жамааттык радиолор боюнча колдонмосу, ЮНЕСКО, 2001.

Телеборборду кантип түзүү керек, ЮНЕСКО, 2002.

Менталитетти картага түшүрүү № 2: Эскерүүлөр жана күтүлбөгөн иштер,

ЮНЕСКО, Бангкок, Таиланд, 2002.

Африкалык жамааттык радионун менеджеринин колдонмосу: туруктуу радио боюнча колдонмо, AMARC Африка, 1998.

Өнүгүүнүн инструменталдык каражаттары: өнүгүү тармагында иштегендер үчүн колдонмо, DFID, 2003.

Этнографиялык изилдөө, ЮНЕСКО, 2003.

Бизнес-план (Китептин аягынан караңыз).

Ник Ишмаэль-Перкинс,Улуу Британиянын радиону өнүктүрүү

долбоорунун директоруE-mail: [email protected]

Page 39: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жабдууларды жана технологияларды тандоо

Питер Шайолер, Стив Бакли

Page 40: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Түзүү жана физикалык инфраструктура

Жамааттын радиосун түзүү Компьютерлер, программалар менен

камсыз болуу, тармактар менен иштөө

Жабдуулар жана программалык тейлөө

Page 41: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жабдууларды жана технологияларды тандооКечээ эле коммуникативдүү технологияларды радиоберүүлөр жана телекоммуникациялык деп бөлгөн чала түшүнүк бар эле. Борбордук радиостанция көптөгөн угармандар үчүн сигнал жиберет эмеспи, ошондуктан радиоберүүлөр «бирөө көп үчүн» деген технология катары кабыл алынчу. Телекоммуникация, экинчи жагынан, «линейлик технология» болуп саналган. Анын эң мыкты жетишкендиги жеке байланыштын каражаты телефон болчу.

Эми, мурда айырмаланган технологиялар жакындашууда. Радиоберүүлөр менен телекоммуникациялык системалардын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен жамааттык мультимемедиялык борбор «көптү көп менен» байланыштырган жаңы мүмкүнчүлүктү ачууда. Радиоугуучу оңой эле жаңылыктар менен маалыматты түзүүчү боло алат, ошол эле учурда Интернет көп тараптуу баарлашуу үчүн жаңы техникалык каражаттарды камсыз кылат.

ЖМБнын курамында телеборборлор менен катар радиоберүүлөр үчүн дагы жамааттык структуралар бар. Радио (же теле-) студиялар жана маалыматты өндүрүп таркаткан каражаттар телефон менен, Интернет, электрондук почта, факсимилдик байланыш жана басма сөз менен менен бириктирилген. Бул бир нече технологияны бир короого эле чогулутуу эмес: ЖМБнын максаты - радиоберүүлөрдүн менен телекоммуникациянын бириккен платформасы болуу.

ЖМБ ар кандай формада жана көлөмдө

Максатка ылайыктуу технологиялык чечимди тандоо сиздин ЖМБ үчүн анын бекемдигин жана жамааттын талабына шайкештигин аныктоочу мааниге ээ. Жогорку технологиялар жагына ашыкча азгырылуу өтө көп каржылык жана адамдык инвестицияны талап кылат. Ошол эле учурда сиздин жамаат заманбап маалымат коммуникациялык технологияларды этибар албай койсо өткөн он жылдык бою дүркүрөп өнүгүп аткан жетишкендиктерди да жетиштүү пайдалана албай калат.

ЖМБ көп формаларга жана түрлөргө өтүп кете бергендиктен ЖМБ кандай жабдылыш керек экени жөнүндө баарына жарактуу кеңеш берүү мүмкүн эмес. Андан сырткары, электр кубатын алып келүү, анын сапаты жана наркы, телефон байланышын киргизүү, Интернетке кошуу, компьютердик жабдуулар жана чыгымдалчу материалдарды алуу сыяктуу жеринде пайда боло турган маселелер сиздин жамаат ЖМБны реалдуу түрдө долбоорлоп жатканда орчундуу мааниге ээ болот.

Бул бапта ЖМБны жабдуунун дүйнөдөгү жамааттык мультимедиялык борборлор менен телеборборлордун тажрыйбасына негизделген жалпылашкан көрүнүшү

Техникалык маселелерди чечүүнү пландаштырууда эске алгыла:- ыңгайлуу жана оңой

жеткен жерде жайгашуу;- медиялык жана

технологиялык ыкмаларга үйрөтүү;

- интернет, электрондук почта, телефон, факс;

- радио программаларды (же телевизиондук) даярдоого зарыл каражаттар;

- радиоберүүгө жана маалыматты таратуу системаларына жетүү;

- каражаттар.

Page 42: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

берилди. Муну жамааттагы конкреттүү кырдаалга карап салыштырып көрүп, сиздин ЖМБ үчүн алгылыктуу жактарын алгыла.

Жабдууларды тандап алууЖабдууларды жана техникалык дизайнды тандап алуу биринчи кезекте ЖМБнын максаты жана функциясы менен аныкталат. Жамааттын керектөөлөрүн канааттандырууга умтулуу менен алардын кайсынысы азыркы учурда оңой табыларын ойлоп, борбордун ишине тоскоол болушу мүмкүн болгон жайгашкан жайы, жеткиликтүүлүгү, сабаттуулук деңгээли жана компьютерде иштөө жөндөмү сыяктуу потенциалдуу маселелерди аныктап алуу зарыл.

Кичинеден баштагыла, мүмкүнчүлүккө жана суроо-талапка карап өнүккүлө

Жалпы эреже боюнча ишти кичинеден башташ керек. Кызматкерлер менен колдонуучуларга технология жана тийиштүү кызматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берип, андан кийин алардын тизмесин жамааттын керектөөсүнө жараша көбөйткүлө. Ошондой эле талаптар өзгөрүп кетип, ЖМБ өзүнүн конфигурациясын ар дайым өзгөртүп турууга даяр болушу керектигин да эске алуу зарыл.

МКТ менен байланышкан бардык жабдуулар ЖМБнын бизнес-планында жазылышы керек. Сатып алуу учурунда ЖМБда жумшалган каражаттарды кайтарып келе турган позицияларга артыкчылык бериш керек.

Чакан ЖМБга техникалык жабдуулар

• Жамааттын FM радиостанциясы (трансляция жана башка мүмкүнчүлүктөр);

Жамааттын радиосу тууралуу өзүнчө бөлүмдү кара.

• ЖМБны башкаруу үчүн 1 компьютер (компакт-диск жаза турган түзүлүшү менен);

• Баары иштей тургандай 1-2 компьютер;

• 1 принтер;• 1 ксерокс;• 1 телефон;• 1 факс.

Орточо ЖМБга компьютердик тармак• 2 ПК–системдик

администраторлор үчүн;• 4 ПК, Интернетке туташкан;• Эстутуму жана кайталоо

системасы бар 1 сервер ;• 1 принтер/көчүрүүчү

аппарат;• 1 сканер;• 1 түзүлүш - компакт-

дискилерди жазүү үчүн;• 1 кабелдик система жана

маршруттук система.

Техникалык жабдууларды тандап алуудан сырткары машиналарды иштетүүгө талаптагыдай шарттарды түзүү, атап айтканда тийиштүү жылуулук режимин жана нымдуулукту камсыз кылыш керек.

Page 43: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Технологияны тандап алуудан мурун бул маселени байланыштагы башка колдонуучулар менен талкуулаңыз.

Компьютерлери бар жана Интернетке кошулган башка ЖМБ, телеборборду же мектепти таап, алардын тажрыйбасын карап көрүңүз: Эмнеси үзүрлүү болду, эмнеси жергиликтүү шартка жарабай калды? Жергиликтүү компьютердик стандарттар кандай? Компьютердин запастык бөлүктөрүн сатып алуу жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Эгерде жакшы иштеп жаткан борбордон жакшы «насаатчыны» тапса, анда жаңы ЖМБнын ишин ийгилик коштойт. Насаатчынын иши менен таанышып, тажрыйбасын алган кызматкерлер жабдууларды сатып алуудан мурда МКТ жабдуулары жана процедураларын билип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Түзүү жана физикалык инфраструктура

Жаңы ЖМБны түзүү жана ишке киргизүүнү өтө кылдат техникалык пландаштыруу жана жабдуулардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жүргүзүү керек. Анткени алынган каражаттар бюджеттен ашпай, коюлган максатка жооп берип, жакшы натыйжа бергидей болушу керек.

Техникалык пландаштыруу жана жабдуулардын өзгөчөлүктөрү сатып алууга тендер өткөрүүдөн мурун жана курулуш-монтаждык иштер башталганга чейин даяр болууга тийиш. Бул ашыкча чыгымга жол бербей, ыңгайлуу шарттары бар контрактты тандап алууга пайдасы тиет.

Жаңылыктарды чыгаруу каражаттары, компьютердик жана байланыш системалары атайын техникалык экспертиза өткөрүүнү талап кылат. Бул ишти дайыма эле бир адам же компания кыла бербейт. Андан сырткары, курулуш иштери салынып бүткөн имаратта жүрүшү мүмкүн. Долбоордун уюштуруучусун дайындоо керек, ал бардык иштерди бюджетке ылайыктап өз убагында аткарылышын уюштурушу керек.

Жабдууларды монтаждоо жана программалык камсыздоо иштери аяктагандан кийин борбордо кемчиликтер кетип калбашы үчүн текшерүү жүргүзүп, андай кемчиликтер болсо ким оңдорун жана кандай жоопкерчилик тартаарын чечип алуу керек. Жылаңач же бузулган электр зымдары сыяктуу адам өмүрүнө коркунучтуу нерселерге өзгөчө көңүл буруу керек.

Жамааттын радиосун уюштуруу

ЖМБнын үн студиясы радиопрограммаларды жазуу, окутуу жана уктурууларды обого чыгаруу үчүн пайдаланылат. Бир студияда ушул үч ишти тең аткарса болот, бирок бир учурда болбойт. Ошондуктан көп студияларда эки же үч студия болот. Негизги студия оперативдүү берүүлөрдү чыгарганга колдонулат. Экинчи студия окутууга жана программаларды даярдоого керек, бирок ошол эле учурда ал негизги студия пландуу же чукул ремонтто турганда оперативдүү берүүлөрдү чыгаруу үчүн керектелиши да мүмкүн. Үн студиясынын негизги элементи монтаждоочу стол болуп саналат. Ал ар кандай булактар – диктордук микрофон, компакт-дискилерди, кассеталарды жана мини-дискилерди ойноткучтар, телефон ж.б. менен биригип турат. Андан даярдалган программалар жазылат же обого

Page 44: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

уктурулат. Кээ бир студияларды автор жана алып баруучу болгон бир эле адам башкарат. Башкаларында техникалык оператор болот, ал монтаждоочу столдо

Кайсыл жыштыкты тандоо керек - AM же FM?Радиоберүүлөрдү уюштуруу учурунда ал кайсыл жыштыкта чыгарын аныктап алуу керек - FM (жыштык модуляция) же AM (амплитудалык модуляция). Көп радиоприемниктер эки жыштыктагы берүүлөрдү тең тартат, бирок алардын берүүлөрүнүн мүнөзүндө орчундуу айырмачылыктар бар.

Радио FM антеннанын өзүнөн сигналды алгандарга түз көрүнгөн аймакта гана жетет. АМ радиого караганда кыска аралыкта ал сапаттуу угулат, бирок дөбөлөр бар же тоолуу жерде бул артыкчылык жоголот. AM чоң аймакта бирдей уктурат, бирок түнкү убакта алыстагы станциялардын жолтоосуна кабылышы мүмкүн, анан кала берсе бул радиостанция кыйла эле кымбат келет.

иштейт, ошол учурда алып баруучу же баруучулар түз ободо иштешет. Көп студияларда бир нече микрофон коюлган “талкуу бөлмөсү” бар болот, негизги студияга кошулуп турат.

Санарип технологияларды өнүктүрүү. Радиостудиялар басымдуу түрдө санарип технологияларына өтүп жатышат жана ошондуктан үн жазуу, маалыматты редакциялоо, сактоо жана колдонуу үчүн бир нече компьютерди иштетишет. Компьютер бир эле учурда сценарийлерди жана алып баруучунун микрофон папкаларын көрсөтүү жана программаны автоматтык режимде алып баруу үчүн колдонулат. Студиялык компьютерлер ЖМБнын тармагына толук бириккен болушу керек, ошондо санарип материалдар жана программалар негизги студиядан сырткары жерде деле даярдала берет.

Сиздин ЖМБны коргооСиздин имаратта өрт чыгып кетпеши үчүн жана башка коркунучтардын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталышы керек. Мүмкүн боло турган коркунучтарды болжоп, имарат менен жабдуулардын канчалык корголгондугун дагы текшерип коюу керек. Өрт чыкканда же уруулар, карактоочулар киргенде чакыра турган системаны да пайдаланса болот. Санитардык абалын жана коопсуздук деңгээлин дайыма текшерип туруу керек, анын ичинде бардык электр жабдууларын дагы кароону унутпаш абзел. Бул жактагы мүлк ар кандай себептер менен жоголуп же жараксыз болуп калганда зыян тартпаш үчүн аларды камсыздандырып койсоңуз да ашыкча болбойт.

Page 45: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Сенгерема ЖМБсындагы бир адамдын студиясы, Танзания.

Локалдык жазуу. Жамааттык радиого студиялык каражаттарга кошумча студиядан тышкары жерде интервью жазып алуу үчүн, репортаж жасоого, музыка

көчүрүүгө же башка маданий иш-чаралар жөнүндө материал даярдоо үчүн көчмө жазуу жабдыктары керек болот. Негизги репортердук комплектиге диктофон, микрофон, кулакчындар, бош мини-дискилер жана батарея кирет. Коомдук талкуулар же маданий иш чаралар сыяктуу орчундуу окуяларды жазуу үчүн чакан монтаждык модуль, кошумча микрофондор жана аларды тургузуп кармагычтар талап кылынат.

Видео жабдыктарЖамааттын телекөрсөтүүсү радиого караганда аз кездешет, экинчиден көп адамдар аны көрө албайт. Видео, ошентсе да байланыштын маанилүү каражаты болуп саналат жана окуяларды жазып алууга, репортаждарды жана документалдык материалдарды даярдоого, ошондой эле маданий-агартуу иштерин жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүгө пайдаланылат.

Даярдалган материалдарды оңой көрсөткөн санариптик видео камералар менен компьютерлердин массалык түрдө чыгарылып жатканына байланыштуу видео

Үн жазуучу студиянын жабдыктарыМинимум:• 1 монтаждык стол;• 2 кассета ойноткуч;• 2 мини-диск ойноткуч;• 2 компакт-диск ойноткуч;• 2 микрофон кармагыч/• 2 репортердук сумка;• 1 күчөткүч жана динамик;• 2 кулакчын.Кошумча:• 2 стол жазуу үчүн;• 1 телефондук модуль;• 2 компьютер;• 1 инфракызыл индикатор

(микрофон күйгүзүлгөн).

ВидеожабдыктарМинимум:• 1 санарип видеокамера;• 1 тренога;• 1 микрофон;• 1 мультимедиа-ПК видео

редакциялык платасы менен;

• 2 монитор чоң экрандуу;• 1 программа видео

редакциялоо үчүн.

Радиочамадан

Радиочамадан – бул антеннасы бар, жөнөкөй чамадандагы колдонууга толук даяр радиостанция. Ал Канадада Wantok Enterprises, фирмасы тарабынан чыгарылат, бүтүндөй көчүрүп алып жүрсө болот же жамааттын туруктуу FM радиостанциясы катарында колдонсо да болот. Системанын пульт бөлүгү жамааттын иштеп жаткан тармактарга байланышуусун камсыз кылууга идеалдуу туура келет. ЖМБлар аны арзан жана ыңгайлуу болгон үчүн көп пайдаланышат.

Бул радиостанциялардын кубаттуулугу 30, 100 жана 50 ватт. Кошумча маалыматты бул жактан караса болот: http://www.wantokent.com

Нигериядагы техник аял радиочамаданды иштетип жатат.

Page 46: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

жазууларды жүргүзө турган жабдыктардын наркы да кыйла эле төмөндөөдө. Мунун баары ЖМБнын видео продукцияларын реалдуу колдонууга мүмкүндүк берет.

Видео жазууларды жүргүзгөн негизги жабдык болуп камера, тренога жана микрофондор эсептелет. Материалды даярдап жана редакциялоо үчүн компьютер жана экрандары чоң эки монитор керек. Ошондой эле жогорку сапаттагы видеоплата жана тийиштүү программалар талап кылынат. Титрларды, субтитрларды жана керектүү эффектилерди даярдоо үчүн кошумча программалар керек болуп калышы мүмкүн.

Электр кубатын алуу булактарыСиздин ЖМБ үчүн борбордо иштөө учурунда электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз болуу абдан маанилүү. Аны кайдан алууну кайра эле негизги колдонуучулар аныктайт. Электр кубаты туруктуу келбей өчүп-күйүп турса студия, компьютердик тарам жана башка көп каражаттар иштебей калат. Ошондуктан электрдин негизги булактары иштебей калганда башка кошумча булактардан алуунун жолун ойлонуштуруп койгон оң болот.

Электр кубатын алуудагы этияттык. Мамлекеттен алган электр арзаныраак болгон менен эң ишенимдүү болбошу да мүмкүн. Компьютерлер жана байланыш каражаттары чыңалуунун булкунуусуна абдан сезимтал келет, ошондуктан электр кубатын алууда анын сапатына карагыла, жабдууларды коргоо методдорун колдонуп, электр менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз болуунун камын көргүлө.

Электр кубатын алуунун башка булактары. Эгер электр кубатын коомдук тармактан алуу мүмкүн эмес болсо, анда жергиликтүү мектептен, ооруканадан жана башка мекемелерден алып пайдаланууга аракет жасап көрүңүз.

Люфо радиочырагы

Люфо радиочырагы FM-радиоприемник менен чырактан турат.

ЮНЕСКО жаңы FM-приемникти эксперименталдык колдонууга киргизип көрдү, аны термоэлектрди пайдалануу негизинде Франциядагы Serras Technologies иштеп чыккан. Кадимки керосин чырагына туташтырылган AM/FM-приемник оттун

энергиясы менен иштейт. Люфо чырактарынын жаңы түрлөрүндө уюлдук телефонду кошуп жем берчү же спутник байланышындагы приемникти сая турган тешиги бар. Бул FM-приемник дүң соода системасы аркылуу сатылып келатат.

Шамалдын жана күндүн кубатын пайдаланган Freeplay радиосуна батарейкалар талап кылынбайт. Ошондуктан мындай радиоприемниктерди жамааттын кедей жашаган мүчөлөрүнө алып берүүнү каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө болот.

Page 47: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Кошумча маалымат төмөнкү даректе:

http://www.serras.net/vo/applications/lufo1.asp

Башка да варианттар бар, мисалы мунайзат же газ генераторун, күн энергиясын, шамалды, сууну пайдаланган энергетикалык түзүлүштөрдү орнотуп алса да болот. Мунайзат же газ генератору арзан эле турат, бирок аны иштетүүгө көп чыгым кетиши мүмкүн, анткени мунайзат менен газдын баасы өйдө-ылдый болуп турат эмеспи. Күн энергиясын пайдалануу үчүн күн панелдери керектелет, алар кымбат баада сатылат, бирок эксплуатациялык чыгымы аябай эле аз болот. Шамалдын же суунун энергиясын пайдаланууга жер шарты ылайык келсе пайдаланыш керек. Электр кубаты үзгүлтүккө учураганда иш токтоп калбаш үчүн кошумча генератор камдап алып койгон оң болот.

Энергиянын альтернативдүү булактарын пайдаланганда аны мүмкүн болушунча сарамжал керектөө абзел. Кымбат баадагы портативдүү компьютер чоң компьютерге караганда электр кубатын көп жеши ыктымал. Ошол эле учурда күн энергиясынын колдонулушу эки портативдүү же бир чоң компьютерди электр кубаты менен камсыздай алат.

Компьютердин түрлөрү жана аларды пайдаланууКомпьютер көп ишти аткарган аспап болуп саналат. Алар кеңседеги иш кагаздарын жүргүзүү, эсеп-кысапты тактоо жана маалыматтарды жыйнап колдонуу үчүн керектелет; алар МКТ менен иштөөгө үйрөтүүдө колдонулат. Алардын жардамы менен Интернетке жана электрондук почтага акысыз же акы төлөө жолу менен кошулса болот. Компьютерлер ММКнын материалдарын даярдоодо дагы - программаларды изилдөө, сценарийлерди жазуу жана материалдарды редакциялоодо кеңири колдонулат. Эң башкысы сиздин колуңуздагы компьютерлер иштин көлөмүнө жараша туура бөлүштүрүлүш керек.

Компьютердик тармак Интернетке кошулуп, кеңседеги негизги операциялар болгон тексттерди, электрондук таблицаларды жана башка маалыматтар менен иштөөнү камсыз кылышы керек. Добуштарды сан ариптик редакциялоо, графикалык каражаттар жана веб-барактарды жасоо үчүн аспаптык каражаттар сыяктуу мультимедиялык программалар да кол астында болушу керек. Санариптик ЖМБда компьютердик иш станциясы өз алдынча өндүрүштүк модуль болуп иштей алат.

Борбордун ишин башкаруу, радиоберүүлөрдү даярдоо жана колдонуучулар менен байланыш түзүүгө негизинен экиден кем эмес компьютер керек. Компьютерлердин ЖМБны жабдууга жарактуу эки түрү бар: Intel-шайкеш персоналдык

компьютерлер, алар MS Windows операциялык системасы менен иштейт. Экинчиси Apple машиналары, аларда көбүнчө MacOS операциялык системасы пайдаланылат.

Компьютердин бул эки түрү окшош, бирок ар башка программалар менен иштейт, негизинен ар башка

ЭСКЕРТҮҮЖМБнын стандарт иш компьютеринде борбордук процессор Central Processing Unit, монитор (экран), клавиатура, чычкан болот. Мультимедиа-ПКнын үн чыгарган каражаты, кулакчыны жана микрофону бар болуш керек.

Page 48: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

техникалар менен тейленет. Сиз өзүңүз жашаган жерде кайсыл компьютер негизинен колдонуларын карап көрүп, Apple же ПК тандап алышыңыз керек. Компьютерди тандап жатканда анын программалары, запастык бөлүктөрү да арзан жана оңой табылгандай кылып алуу абзел, ошондой эле мектептер жана башка ЖМБлар менен МКТ материалдары менен алмашуу мүмкүнчүлүгү да эске алынышы керек.

Компьютерди тандоодо жаңы машина алуу керекпи же мурда колдонулгандарын алса боло береби деген маселе да орчундуу. ЖМБнын ишин уюштурууда негизги иштерди аткарууга жана окутуу жүргүзүүгө эски компьютерлер деле жарайт. Ал эми аудио жана видеоредакциялоо мүмкүнчүлүгү бар жаңы мультимедиялык ПК кийин деле сатып алса болот.

Колдонуучулардын кем-карчын эске алгыла

Баарына жеткиликтүү болуу – ЖМБ үчүн жакшы ураан, демек, колдонуучулардын кем-карчын жана ар кандай өзгөчөлүктөрүн да эске алуу керек болот.

Майып адамдар, айрыкча коляска менен жүргөндөр тепкичтерге, кууш эшиктерге келгенде жана ылдый коюлган столдорго келгенде кыйналбай койбойт. Ошондуктан имараттын курулушун долбоорлоп жатканда маселенин ушул жагын эске алуу абзел.

Азиздер жана начар көргөн адамдар компьютерде бирөөнүн жардамысыз иштей албайт. Алар үчүн текстти үнгө айлантып окуган атайын программалар бар. Программалардын жардамы менен клавиатураны басып отурбай эле сүйлөнгөн сөздөрдү ажыратып укса болот. Монтаждык столдо каналдарды башкаруу үчүн Брайлдын шрифттери пайдаланылат.

Тили жана сабаты жетишпеген адамдардын, айрыкча аялдардын алдында тоскоолдук көп болот. Кайсыл бир салт-санаалар дагы көп учурда аялдарга ЖМБнын ишине катышууга жолтоо болот. Ошондуктан жамаат менен бирге ЖМБнын ишинен көбүрөөк пайда алуунун жолдорун издегиле. Жамааттын дүлөй мүчөлөрүн компьютерде иштөөгө окута турган, алардын тилин түшүнгөн адамды даярдай алсаңар андан утушка эле ээ болосуңар.

Окуу материалдары оңой окулуп, колдонуучулар түшүнгөн тилде аудиоформада жазылып коюлушу керек. Инструкторлор жана кызматкерлер колдонуучулар менен тыгыз байланышта болуп, сабаты жетишпеген адамдарга компьютерди колдонууга жана Интернетте иштөөгө жардам бериши абзел.

Жаңысын алалыбы же эскисинби?Мурда колдонулган компьютерлер көбүнчө жакшы эле иштейт, алар кээ бир тармактар үчүн гана эскирип калат (мисал банк ишмердиги же программаларды иштеп чыккан компаниялар үчүн), ошол себептүү арзан сатылат. Мурда колдонулган компьютерлер текстти оңдоо жана Интернетте иштөө сыяктуу негизги

Page 49: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

функцияларды аткара беришет, бирок мультимедиянын соңку программаларына жарабай калышы мүмкүн, ошондой эле жаңы компьютерлерге караганда иштөө убактысы кыска болот. ЖМБда аларды компьютердик сабаттуулуктун негиздерине окутуу үчүн колдонсо болот, ал эми жаңыларын Интернетте иштөө үчүн пайдалануу керек.

Башкаруу программалары, лицензия жана ачык булактарСиздин ЖМБга керектүү программалык камсыздоо ишиңердеги компьютерлердин (Apple же ПК) түрүнө жараша болот.

Бардык компьютерлерде операциялык система (ОС) жана антивирустук коргоо программалары орнотулушу керек. Стандарттуу программалар тексттерди жана электрондук таблицаларды оңдогонго, ошондой эле Интернет менен иштегенге мүмкүнчүлүк берет.

Жеке менчик программалар кымбат болот жана дайыма модернизацияны талап кылат. Акысыз программалар көпчүлүктүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн керек, бирок алар жеке менчик программаларга караганда көп белгилүү эмес. Акысыз программалык камсыздоо жакшы пландаштырганда көп керекке жарайт. Балким, силердин компьютерлерге тийиштүү программаларды коюп иштетүү үчүн адистин кеңеши керек болот.

Коммерциялык программалык камсыздоого лицензия алуу ЖМБнын МКТга караган бюджетинин орчундуу бөлүгүн ээлейт. Бирок программалык камсыздоо боюнча көз каранды эмес тармактар бирге пайдалануу жана кызматташуу духунда өздөрүнүн программаларына акысыз пайдаланууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк беришүүдө.

Сиз Microsoft Office сыяктуу коммерциялык пакеттерди акысыз жана баарына жеткиликтүү программалык камсыздоо менен алмаштыруу маселесин иликтеп көрсөңүз болот, бирок бул пакеттерди пайдалануу үчүн кошумча техникалык билим талап кылынат. Акысыз программалык камсыздоо булактары жөнүндө ЮНЕСКОнун порталында кенен-чонон таанышса болот: unesco.org/webworld/portaLfreesoft.

Компьютердик тармакты техникалык жагынан иштеп чыгуу жана коюу үчүн адистин жардамы керек. Бир компьютер алты компьютерден ашпаган чакан тармак үчүн Интернетке кошулууга шлюз болуп иштей алат. Маалыматтарды сактап, өз ара байланыштырган жана Интернетке шлюз болгондой кылып сапаттуу башкаруу үчүн борбордук сервер болгон жакшы.

Коммерциялык программалардыбы же акысыз программаларды алуу керекпи?

ЖМБнын башкаруучусу Microsoft Offic сыяктуу стандарттуу же көп колдонулган программалардын артыкчылыгын да, ошондой эле акысыз жана OpenOffice сыяктуу коомдук доменде баарына жеткиликтүү болгон программалардын улам өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да билиши керек.

Page 50: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Компьютердик тармак түзүү үчүн компьютерлерге жана борбордук серверге кошумча кабелдер, маршрутизаторлор жана башка аппараттык каражаттар керек болот. Сизде принтер, фотосүрөт көчүрүүчү, сканер жана компакт-диск жазгыч сыяктуу кызматтык жардамчы жабдыктар болушу мүмкүн. Компьютерлерге жана борбордук серверге операциялык системалар үчүн программалык камсыздоо керек болот, анын ичинде эффективдүү антивирустук коргоо жана тармакты коргоо системасы да болууга тийиш.

Үзүлбөгөн кубат булагы компьютерлерди коргоп турат

Электр тогунун чыңалуусундагы өзгөрүүлөр компьютерлерди бузуп коюшу ыктымал, ошондуктан алар үзүлбөгөн кубат булактары (ҮКБ) менен корголууга тийиш.

Үзүлбөгөн кубат булагы чыңалуудагы оош-кыйыштарды жумшартып жана электрдин туруктуу берилишин камсыз кылган жыйноочу түзүлүш болуп саналат. Электр кубаты үзүлүп калганда ал компьютердин кыска убакытка иштешин камсыз кылат дагы маалыматтарды сактап алып анан өчүрүшкө мүмкүнчүлүк берет.

Электр чыңалуусундагы өзгөрүүлөрдөн жабдыктарды сактап калыш үчүн стабилизаторлорду да колдонгула.

Тармактык компьютерлер жана перифериялык жабдууларСиздин ЖМБ бир нече компьютер алууну чечкенден кийин дароо Жергиликтүү эсептөө тармагын (ЖЭС) койдуруу керек болот. ЖЭС колдонуучуларга компьютерлердеги файлдар менен алмашканга жана принтерлерди бирге пайдаланып, Интернетте иштегенге, көчүрүү иштерин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк түзөт. Компьютердик тармак жөнүндө кеңири маалыматты ITrainOnline вебсайтынан табасыз.

Зымсыз тармактар. Компьютерлерге кабелдик байланыштыргычтар менен коюлган ЖЭСтин салттуу системасы зымсыз ЖЭС менен же Wi-Fi стандартындагы технология менен алмаштырылат. Бул системалар портативдүү компьютерде иштегендер үчүн ийкемдүү жана сырттан пайдаланууга оңтойлуу болгон үчүн бара-бара абдан популярдуу болуп баратат. Зымсыз технология мурдакы системаларга караганда кымбат жана электромагниттик жолтоолорго сезимтал келет. Компьютерлер чоң аянтта алыс жайгашкан учурда же колдонуучуларды өзүнүн электрондук эсептөө машиналары менен камсыз кылуу зарыл болгондо бул технологиянын артыкчылыгы болот.

Интернетке кирүүИнтернет алгач чоң компьютердик борборлорду өз ара бириктирген эркин байланыштагы изилдөө тармагы катары пайда болуп, өткөн он жыл ичинде эле бардык өлкөлөрдү бириктирген жана бирдей стандартты пайдаланып, маалыматтарды өз ара алмашуу мүмкүндүгүн түзгөн глобалдык тармакка айланды. Интернет ЖМБлар үчүн керектүү болгон бир нече кызматтарды

Page 51: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

көрсөтөт, алар электрондук почта ((e-mail), дүйнөлүк желе (WWW), файлдарды жиберүү протоколу (FTP) жана аудиовизуалдык жөнөтүү ыкмасы (AV).

Интернет бүгүн маалыматты биргелешип пайдалануу жана тармакта иштөөнүн негизги ресурсу болуп калды. Мисалы, кайсы бир ЖМБнын же телеборбордун ишмердиги жөнүндө Telecentre-L(http://www.idrc.ca/pan/telelib.html тармактык форумунда суроо берип, маалымат алсаңыз болот. Тармактын башка өлкөлөрдөгү колдонуучулары жана изилдөө бөлүмдөрү менен байланышууда Google (www.google.com) менен иштей аласыз. Telecentre-L форумун өнүгүү маселелерин изилдеген эл аралык борбор (IDRC). жүргүзөт.

Интернетке кирүү жолдоруТелефон линиялары телефон менен факс байланышы үчүн кандай болсо, Интернет байланышы үчүн да эң арзан жана эң ишенимдүү каражат болуп саналат. Кээ бир райондордо санариптик телефон станциялары Интернетке ыкчам жана туруктуу байланыштырган абоненттик сан ариптик линияларды тартууда. Жер үстү менен тартылган телефон линиялары жок аймактар үчүн 200 км аралыкта зымсыз система (POP) Интернетке байланышуу каражаты болуп бере алат.

Алыс жайгашкан аймактарда спутник жабдуулары жардамы менен Интернетке байланышса болот. Ал мобилдүү жана стационардык байланыш каражаты боло алат, интерактивдик байланыштын же сигнал алуунун вационардык жабдуулары VSAT (абдан аз апертурадагы терминал) деген ат менен белгилүү. Альтернативным вариантом для более отдаленных местнос-тей. Бул негизинен сырттан байланыштыруу системасы болуп саналат, бирок бул лицензия алууну талап кылгандыктан өтө тарап кете албай жатат. Иридиум жана Ин-марсат сыяктуу мобилдүү спутник системалары абдан кымбат болот.

ЖМБ Интернет менен өтө ылдам байланышы бар интернет провайдер менен байланышат. ЖМБнын Интернетке байланышуу диаграммасын кара.

Интернет

Интернет жамааттын FM радиостанциясынын иштөөсүн камсыз кылган жана аудиофайлдарды биргелешип пайдалануу, ар башка булактардан маалымат жана программа алуу үчүн маанилүү ресурс болуп калууда.

Сиз Интернетти жамааттын ичинде жана сыртында тажрыйба алмашуу үчүн, керектүү окуу программаларын алуу үчүн пайдалана аласыз.

Көптөгөн ЖМБ балдарды зыяндуу таасирден алыс кармоо үчүн жана аялдардын келип турушуна тоскоолдук кылбаш үчүн порнографиялык ресурстарга кирүүгө тыюу салышат.

Page 52: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБнын Интернетке кошуу боюнча негизги усулдар

Жер үстүндөгү байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу кошулуу. Интернет провайдер менен модем аркылуу байланыш түзүү көп учурда биринчи кадам болуп саналат. Бул үчүн сиз жашаган аймакта жакшы иштеген телефон байланышы жана 56 Кбит/с (килобит секундасына) өткөрө ала турган телефон модеми бар болуш керек. Бул сизге борбордук Интернетке кошуп, башка ЖМБлар менен тармак аркылуу байланышып, алардын кеңеши менен тажрыйбасын алып турууга мүмкүндүк берет.

Интернет аркылуу электрондук почтага, тармактын материалдарына жана дистанттык окутуунун интерактивдүү программаларына кирүүгө болот. Телефондук модем байланышынан санарип тейлөөнүн комплекстүү тармагына (ISDN), радио же санарип абоненттик линияга/асимметриялык санариптик байланыш линиясына (DSL\ADSL) көчкөн шаар райондору өсүүдө. Мындай санариптик байланыш линиялары Интернетке кошулуунун жогорку сапатын камсыз кылып, колдонуучуларга аудио угуп/видео көрүүгө мүмкүндүк берүүдө (төмөндөгүнү кара).

телефондук модем ADSL/DSL

Маалымат өткөрүү ылдамдыгы

33-56 Кбит/сек 256 Кбит/сек - 1,5 Мбит/сек

Сценарий 1: e-mail 3-4 колдонуучу электрондук почтаны көрүп текшере алышат

20 колдонуучу электрондук почтаны көрүп текшере алышат

Сценарий 2: мультимедиа

1 колдонуучу мультимедиа мазмунун карай алат

6 колдонуучу мультимедиа мазмунун карай алат (512 Кбайт/с кошулуу ылдамдыгында)

Сценарий 3: агымдуу аудио

мүмкүн эмес Агымдуу аудио (Интернет менен жиберүү)

Page 53: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Интернетке спутник аркылуу кирүү (VSAT). Телефондук линиялар жок жерде VSAT бирден бир алгылыктуу жол болуп саналат. Спутниктердин да түрү болот, чектелүү почта каттамынан (мисалы, VITASAT) тартып негизги трафикке каршы (upstreaming) жана негизги трафиктин багыты боюнча (downstreaming) иштеген коммерциялык жазы беттүү да түрү бар.

Жер үстүндөгү байланыш каражаттарына салыштырганда спутниктин кызматы кыйла эле кымбат болот, ошол себептен бул опция адатта чоң борбор бар жана башка байланыш каражаттары жок жерде гана жашоого жарактуу келет. Спутник байланышы үчүн лицензиялык төлөм керек болуп калышы мүмкүн. Кээ бир өлкөлөрдө VSAT телекоммуникациялык операторлордун лицензиясы болгондо гана уруксат берилет.

Wi-Fi стандартындагы СВЧ-диапазон жана зымсыз байланыш. ЖМБ жергиликтүү Интернет-провайдер менен СВЧ-диапазонунда байланыша алат же Wi-Fi стандартында Интернетке кошулган өнөктөштөр менен зымсыз байланышса болот. Бул байланыш жер шартынын ыңгайынан да көз каранды, анткени эки пункт тең түз жерде жайгашуусу керек. СВЧ-ди-апазонундагы оптималдуу байланыш үчүн эң чоң аралык 50 километрди түзөт, ошол эле учурда WiFi стандартындагы байланыш 25 километр менен чектелет. Спутник байланышы сыяктуу эле СВЧ-диапазонундагы байланыш үчүн дагы акы төлөп, лицензия алуу керек болуп калышы мүмкүн.

Жабдууларды тейлөөЖабдуулар коюлар замат эле алардын конфигурациясы жана өзгөчөлүктөрү каттоого алынышы керек. Жабдуунун түрү, анын сериялык номуру, колдонуу максаты, баштапкы программалары, программалык пакеттердин аталышы жана версиялары баары жазылып коюлушу керек.

Жабдуулардын оптималдуу режимде иштеши жана иштебей турган убактысын кыскартуу үчүн тейлөө процедуралары зарыл. МКТ жабдуулары оң иштеп жатканын байма-бай, мисалы айына бир жолу, текшерип туруу керек. Тейлөөнүн натыйжалары ошол жабдуулардын параметрлерине киргизилиши керек.

МКТ менен көп проблемалар чыга берет, ошондуктан анын параметрлери жөнүндө маалымат базасын же электрондук таблица түзүп койгон туура болот.

Page 54: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Коомдук компьютерди тейлөө чараларынын тизмеси

Компьютерди жандыруудан мурда

• Текшергиле, компьютердин бардык элементтери орундабы, туура туташканбы (башкы

• процессор, монитор, клавиатура,• чычкан, динамиктер, принтер и

ж.б.).• Текшергиле, компьютердин сырты

тазабы жана жаман көрүнбөйбү.• Компьютердин иштеши үчүн

сырткы шарттар камсыз болгонбу?

Жандыргандан кийин • Компьютер туура жандырылдыбы?• Жандырып жатканда кайсы бир

каталыктар жөнүндө маалымат же эскертүүлөр чыккан жокпу

• Монитор оң иштеп жатабы?• Клавиатура ишке жарактуубу?• Чычкан оң иштеп жатабы?• Бир барак басып чыгарып, принтерди

текшергиле.• Негизги программалык тиркемелер

туура иштедиби ?• Компьютерге жаңы программа

уруксатсыз коюлган жок беле?• Компьютерде жаңы антивирустук

программа коюлду беле?• Компьютерде вирус бар экенин

текшерип, натыйжасын жазып койгула.• Компьютерди өчүрүү• Компьютердин туура өчүрүлгөнүн

текшергиле.

Жабдуулардын ар бир бөлүгүнүн мүнөздөмөсү, сынган жана оңдолгон учурлары дайыма каттоого алынып турушу керек.

Электрондук маалыматтарды сактоо жана тез-тез сарамжалдап көчүрүп турууЖМБда компьютерлер иштеп, МКТ кызматтары көрсөтүлө баштаганда сиз маалымат базасын түзүп, окуу материалдарын жана борбордун отчетторун электрондук түрдө сактап, аны улам жаңылап өзгөртүп тура аласыз.

Кармоо жана тейлөө

ЖМБнын техникалык каражаттарын тейлөө үчүн жана бузулгандарын оңдоп туруу үчүн техниканы түшүнгөн адистер керек. Компьютердик тармак, аппарат аспаптары жана программалык камсыздоо тармакты иштете билүү тажрыйбасын талап кылат. Электрондук ноу-хау дегенди билүү медиа студияларда иштөө үчүн зарыл болот. Радио берүү системасында радиотехниканын билими керектелет.Ушул иштин баарынын көзүн билген адисти табуу оңой болбойт. Ошон үчүн бир адамды окутуп

алуу да туура чечим болуп саналат. Ошондой эле техникаларды атайын кызматтык тейлөөчүлөрдү чакырсаңыз да болот. Радиопе-редатчик, резерв көчүрүү системасы сыяктуу маанилүү жабдуулар үчүн чукул же туруктуу тейлөө керек болот.

Телеборбордун башкаруучусу компьютерди тейлөөгө алууда.

Page 55: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Электрондук форматтын артыкчылыгы көп, маалыматка жетүү, чогуу пайдалануу жана аны иштеп чыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле кемчиликтен да куру эмес, маалыматты байкабай өчүрүп же аппараттар кашайып иштебей калса жоготуп алышыңыз ыктымал. Ошондуктан маанилүү жана орду толгус маалыматтарды сактоодо коопсуздук чараларын дагы көрүү зарыл болот.

Маалыматты резервдик көчүрүү. ЖМБнын маалымат базасы сыяктуу маанилүү файлдарды, каттар же корреспонденциялар байма-бай, мисалы аптасына бир ирет, компакт дискиге көчүрүлүп турушу керек. Көчүрүлгөн материалдар коопсуз жерде жана башка имаратта сакталганы туура.

Негизги файл өчүп же бузулуп калса, аны акыркы көчүрмөсү менен калыбына келтирип алса болот.

Түп нусканын компакт-дискидеги көчүрмөлөрү. Коммерциялык лицензиялык программаларга ЖМБдан көп акча жумшалат. Компакт дискиге түп нусканын көчүрмөлөрүн жасап, сейфте сактагыла. Борбордо көчүрмө нускаларды гана пайдалангыла, ошондо силердин биринчи компакт-дискиңер жыртылбай, жоголбой сакталып турат.

ЖМБда МКТны текшерүүЖМБдагы жабдуулар бузулуп иштебей калганда техник чакырардан мурда татаал эмес бир катар иштерди өзүңүз деле бүтүрө аласыз. Бузулган жерлерди туура издөө аркылуу техникке кеткен каражатты үнөмдөп, жабдуулардын туруп калышына да жол бербей кое аласыз.

Бузуктарды издөөнүн үч негизги жолу Техникалык проблеманы кызматкер таап алганда же аны колдонуучулар билдирген учурда:1-чара • Проблеманын мүнөзүн аныктагыла.

• Проблема жабдуунун өзүнчө бөлүгү менен байланышканбы?• Маселе аппараттык аспаптардабы же программадабы?

2-чара • Тейлөө файлын текшергиле, мурда мындай проблема болгонбу?.

• Биринчи жолу кантип чечилген?

Резерв көчүрүүнүн ар жумалык жол-жобосу

• 5 CD-RW даярдап аны “резерв көчүрүү. 1-жума”; “резерв көчүрүү. 2-жума” деп жазып койгула.

• Улам жаңыланып турган маанилүү файлдарды бир компьютерде жана ЖМБнын негизги маалымат базасындагы иреттелген папкаларда сактагыла.

• Ар бир жуманын аягында ЖМБнын маалымат папкаларын жана анын ичиндеги папкаларын компакт-дискиге көчүрүп коюп тургула. Биринчи жумадагыны ““Резерв көчүрүү. 1-жума” деген дискиге; экинчи жумадагыны “Резерв көчүрүү. 2-жума” деген дискиге көчүрөсүз.

• Резерв көчүрүүнү аяктагандан кийин 5 резерв компакт дискини сейфке салыңыз.

• Айына бир жолу атайын бөлүнгөн кызматкер акыркы аптадагы компакт дискилерге резервге көчүрүү иштерин жүргүзүп, дискти борбордон башка жерде – башкаруучунун үйүндө сактаганы туура. Ошондо ЖМБнын маалыматтары өрт кырсыгы же уурулук болсо дагы жоголбой колуңузда болот.

Page 56: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бузуктарды издөөнүн үч негизги жолу Техникалык проблеманы кызматкер таап алганда же аны колдонуучулар билдирген учурда:

• ЖМБнын кызматкери маселени өзү чече алабы?• Эгер проблема аппараттык аспаптар менен байланыштуу болсо,

электр жана тармактык зым-кабелдерди текшергиле.3-чара • Эгер ЖМБ өзү чече албаса, сервистик тейлөө кызматына

кайрылып кеңеш сурагыла.• Берилген кеңешти жана көрүлгөн иш-аракетти тейлөө отчетуна

жазып койгула.

Техникалык проблемаларды чечүүнүн толтура жолдорун Интернеттен да тапса болот. Бирок Интернеттеги кеңештердин кепилдиги болбойт, ошондуктан МКТ боюнча жергиликтүү адис менен кеңешпей туруп өз алдыңарча радикалдуу иш кылбагыла

Системаны компьютердик вирустан коргооКомпьютердик вирустар ПК колдонуучулар баары күнүгө кездештирген проблема болуп калды. Бул компьютерден компьютерге тармак аркылуу же CD-ROM же дискет аркылуу жугуп көбөйгөн программа. Компьютердик вирус активдүү абалында башкы компьютерди ээлеп алып, андагы жеке жана системдүү файлдарды жок кылып, башкаларга сиздин системадагы маалыматтарды Интернет аркылуу сыртка чыгарып жайып, аппараттык аспаптардын сынып бузулушуна алып келиши мүмкүн. Жаңы вирустар күн сайын күчөгөн ылдамдык менен улам пайда болуп турат.

Бүт дүйнөлүк космостук спутник системасы

Бүт дүйнөлүк космостук спутник системасы Африкага, Жакынкы Чыгышка жана Азияга аудио-жана видео мазмундарды санариптик жолу менен берүүнү камсыз кылып турат. Анын ЖМБ үчүн да кереги чоң. Эгер санариптик радиоприемник жана мультимедиалык адаптер бар болсо 30 дан ашык музыкалык, маалыматтык жана билим берүүчүлүк санариптик каналга жол ачылат. Уруксат бар болсо программаларды FM-диапазонунда ретрансляция кылса болот, ал эми окутуучуларды даярдоо материалдары сыяктуу мультимедиалык мазмундар ЖМБнын компьютерлери аркылуу пайдаланууга ачык болуп калат.

Кээ бир борборлор Интернеттегидей эле Бүт дүйнөлүк мультимедиа

Page 57: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

космостук кызматы аркылуу келген жаңылыктар, окуу материалдары менен таанышкысы келген колдонуучуларга жергиликтүү кызмат көрсөтүп калышты.

Компьютердик вирустардын алдын алуунун аракеттери

1. Бардык компьютерлерге көп кездешкен модификациядагы антивирустук программаларды киргизүү.

2. Колдонуучуларга кайрылып ЖМБнын компьютерлерине жаңы файлдарды жазып жатканда жана электрондук почтаны карап же башка каналдарды колдонуп жатканда этият болушун эскерткиле.

3. Ийкемдүү дискеттерди пайдаланууну токтотуу керек. Алар акыркы антивирустук программалар коюлган атайын машинелерде гана колдонулат.

4. Серверлерде вирустарга бөгөт койгон Интернет-провайдерди тандап алуу.

Компьютердик вирустар жөнүндө материалдарды бул адрестен караңыз: http://computer.howstuffworks.com/virus.htm

Кээ бир кеңештер• Техникалык каталар чыгар замат аларды каттоого административдик

системалар даяр болушу керек.• Туура эмес колдонуудан келип чыккан каталарды компьютерде иштеп

жаткандарга көзөмөлдү күчөтүү аркылуу азайтса болот.• Жабдууларга иштөөгө уруксат берүүдөн мурун колдонуучулардын даярдыгын

текшергиле.• Борбордук серверге жана негизги системаларга даярдыгы бар кызматкерлер

гана иштеши керек.• Жалпы колдонуудагы компьютерлер маал-маалы менен маалыматтардан

тазаланып жана программалары жаңыланып турушу керек.•

Антивирустук программалык компоненттерАнтивирустук программалар вирустардан коргоону камсыз кылат.

Вирустан коргоонун жөнөкөй системасы эки бөлүктөн турат:

1. Негизги программа, анда компьютердик вирустарды таанып өчүрүп турган вирус издөө механизми болот.

2. Вирустарды аныктоочу файлдар, алардын вирустарды мүнөздөгөн жана жок кылган методдору болот.

Компьютердик жаңы вирустар улам пайда болуп жаткандыктан вирустарды аныктоочу файлдар ЖМБнын компьютери коопсуз болушу үчүн көбүрөөк модификация болуп турушу шарт.

Кызматкерлерди окутуу жана окуу материалдарын тандооАдистерди даярдоо ар бир ЖМБнын ишмердигинде жаңы МКТларды колдонуунун маанилүү элементи болуп саналат. Кызматкерлер жана ыктыярчылар күндөлүк ишинде, мисалы радиоберүүлөрдү редактирлөө процессинде жаңы жабдууларды

Page 58: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ишенимдүү пайдаланышы керек. Штаттагы кызматкерлер жамаатка МКТ жаңылыктарын жеткире айта алгандай болушу абзел. Ошондуктан окутуу даярдоо иши жакшы жолго коюлуп, сурап билүү материалдары колдо болушу маанилүү. Интернеттеги окуу материалы жана курстар да көбөйүп элге жеткиликтүү болуп баратат. www.itrain online деп аталган вебсайттан иш баштоо зарыл, анда эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын жана БУУ агенттиктеринин акысыз жана сапаттуу окуу материалдары бар.

Бул баптын аягындагы шилтемелерден кеңири маалымат табылат. Ошондой «Ык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана окутуу» деген бапты караңыз

Жети өлчөп, бир кес!Бул бапта ЖМБдагы технологиялык проблемалар боюнча жалпы маалымат берилди. Турмуштагы бардык учурлар эске алынган даяр иш модели болбойт, ар бир кырдаалдын өзүнө жараша техникалык чечилиштери болот. Каражатты жөн эле жумшай бербей биринчи адистер менен кеңешип иш кылгыла. Көп учурда коңшулаш радиостанциядан же жакын жердеги телеборбордон пайдалуу кеңеш чыгып калат. Же Интернетти колдонуп, иштеп жаткан башка ЖМБлар менен байланышуу керек.

Шилтемелерwww.itrainonline.org/itrainonline/english/networking.shtml

Маалыматты зымсыз таркатуу, 2.4 ГГц жана 5.8 ГГц диапазонунда лицензияланбаган радиоспектрди колдонуу менен. Wi-Fi жөнүндө кеңири маалымат бул даректе: http://www.wlan.org.uk, www.sown.org.uk или www.wlug.org.nz

Техникалык жардам көрсөткөн ыктыярчылар (VITA) – маалыматтык колдоо көрсөтүү 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар эл аралык өкмөттүк эмес уюм www.vita.org/leo).

«upstreaming» термини борбордон спутникке маалымат берүүгө тийиштүү, «downstream-ing» - спутниктен борборго маалымат берүү. Мисалы, www.iwayafrica.com; www.swan-informatique.com; www.geolink.com; www.worldspace.com

Питер Т. Шайолер,

Page 59: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

МКТны өнүгүү максатында колдонуу боюнча эксперт, Африка жана Кариб деңизинин бассейниндеги өлкөлөрдөгү жамааттардын көп максаттуу

телеборборлорунда иштеген тажрыйбасы бар. Азыркы учурда Иракта ЮНЕСКО программаларын ишке ашырууда.

E-mail: [email protected]Стив Бакли,

Улуу Британиянын медиа коомчулук ассоциациясынын директору жана AMARC (радио журналисттер жамаатынын дүйнөлүк ассоциациясы) президенти.

E-mail: [email protected]

Page 60: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБдагы адам кудурети

ЖМБга кызыккандарга жана аны башкаргандарга керек

Ян Прингл

Page 61: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Адам ресурсунун түрлөрү Адам ресурстарын пландаштыруу Ык-жөндөмдөрдү калыптандыруу

Page 62: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБдагы адам кудуретиСиздин ЖМБ мультимедиялык борбор болуп саналат. Ошол себептүү сиздин жамааттын адам ресурстары ЖМБнын ишин пландаштыруу процессинин өзөгүндө болууга тийиш.

ЖМБ жашап кетиш үчүн адамдардын жардамына дайыма муктаж. Күнүгө жамаат тарабынан жардам көрсөтүлүп турушу керек, мисалы курулуш жүргүзүүгө жардам, жылда төлөнүүчү мүчөлүк взностор, ыктыярчылардын жылда боло турган жыйыны, мунун баары ЖМБга көп каражат жумшабай, өз алдынча туруктуу иштеп кетишине мүмкүндүк түзөт.

ЖМБ коммерциялык радиодон жана Интернет-кафеден, ошондой эле ар кандай мектептерден жана жергиликтүү бийлик мекемелеринен айырмаланып турат. Жамааттын башка бутактары сыяктуу эле ишкерлерден жана расмий мекеме-уюмдардан айырмаланып тургандай кылып ишти уюштуруунун жана алып кетүүнүн ыкмаларын ойлоо керек.

ЖМБда адамдар менен иштөөдө атаандаш идеялардын жана инновациялардын мааниси зор, бул маселе техникалык, каржылык жана башка ресурстар менен түздөн түз байланышта.

ЖМБнын адам ресурстарын башкаруу жай жүргөн процесс, бул үчүн сиздин жамаат менен иш мамилелерин калыптандыруу керектигин, маалыматты кантип пайдаланып, коммуникативдүү аспаптык каражаттар менен кантип иштөөнү түшүндүрүү талап кылынат.

Эң акырында жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болуу эң маанилүү жана узакка созулчу иш чара болуп саналат, бул дайыма болуп турган жана өзөктүү процесс

Жамааттын менчигин куруу процессинде жасалчу иштер:

• Маалымат менен байланыштын маанилүү экенин түшүнүү. Бул сөздөрдүн мааниси кандай? Сиздин жамааттын күнүмдүк турмушунда ал кандай көрүнөт?

• Жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жамааттын өнүгүү каражаты катарында пландаштырууга жана пайдаланууга адамдардын катышын камсыз кылуу.

Адам ресурстарынын түрлөрүЖамааттык мультимедиялык борбордун ишин уюштуруу үчүн көп жан керек. Борбордун ички иштерин жүргүзүүгө, радиоберүүлөрдү уктурууга,

Кээ бир кеңештер• Ар түрдүү аракеттер• Адам ресурстарын

тартуу планын түзүү сиздин керектөөнү жамааттын муктаждыктары менен шайкеш келтирүү болуп эсептелет.

• Кээ бир ЖМБда акы төлөнгөн кызматкерлер такыр жок.

• Айрымдарында штатта бир гана кызматкер бар, станциянын же борбордун башкаруучусунун милдетин аткарат.

• Башка ЖМБлар кызматкерлер менен толук камсыз болгон, програмисттер менен техникалык кызматкерлердин эмгегин төлөп бергенге акча каражаты жетиштүү.

Page 63: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

компьютерлердин ишин камсыз кылууга адам күчү зарыл. Алардан сырткары ЖМБдан сырткары жерде дагы адамдар болууга тийиш: угармандар жана маалымат колдонуучулар, жамаат тайпалары жана анын өзүнчө өкүлдөрү. Албетте, бул адамдар канчалык эриш-аркак иштесе, ЖМБнын иши ошончолук үзүрлүү болот.

ЖМБга эмне керек?

• расмий символика;• негизги активисттер тобу;• колунан иш келген көп колдоочулар;• адамдарды тартуу жана окутуу, бүтүн тармактын ишин уюштуруу жана алып

кетүү боюнча ийкемдүү система.

ЖМБ үчүн чындап түшүнгөн жана идеяларга берилген адамдар эң мыкты адам ресурсу болуп саналат. ЖМБнын бир кызматчы айымы өзүнүн иши жөнүндө мындай ой-пикир билдирет: «Мени радиостанция анча кызыктырбайт, ... бул менин ишим менен байланышкан жашоо образы десем туура болот го».

Сиздин жамаат өзүнүн керектөөсүнө жана мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүгүү тенденцияларына, циклдарына жана сырткы субьектилерге кез болуп, контракттык негизде дагы ишмердик кулачы улам кеңейип өсүп өнүгүп турат. Уюшкандык эч убакта бир калыпта болбойт, сиздин ЖМБ ар кандай кризиске туш болуп, өзүнүн адам ресурстарынын чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү дагы баштан өткөрөт.

Достук мамиле көп адамдарды, өзгөчө маргиналдашкан катмардын өкүлдөрүн ишке тартуунун негизи болуп саналат. Жамааттын ичинде ЖМБ ар бир каалаган адам өзүнүн бардык инновациялык жана чыгармачылык кудуретин ача ала тургандай жагымдуу жай болууга тийиш.

Келгиле, адам ресурстарынын кээ бир түрлөрүн карап, ой толгоп көрөлү.

Акы төлөнгөн штатЖМБга кызматкерлерди алууга жергиликтүү шарттар жана ар кандай жагдайлар күчтүү таасир көрсөтөт. Бул жерде бир катар суроолорго жооп табыш керек.

• Акы төлөнгөн кызматкерлер эмне үчүн керек жана алар кайсыл милдеттерди аткарышат?

• Ошол милдеттерди аткаруунун башка жолдору барбы?• Акы төлөнгөн штат башка адам ресурстарына карата кандай роль аткарышат?

Page 64: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Негизги ойлорСиздин ЖМБ адам ресурстарын жергиликтүү шартка шайкеш келгендей кылып чечип алуусу керек. Анын эң маанилүү учурларын бул жерден карайлы.

• Иш менен камсыз кылуу жана кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн мааниси. Албетте, бул дароо эле бүтүн турган структураны бузуу дегенге жатпайт. Бул деген кызматкерлердин штаты болбосун дегендик эмес, бирок альтернативдүү чечимдерге жол ачык дегендик .

• ЖМБда иштеген көптөгөн ыктыярчылар үчүн иштеп тапканы чектелүү киреше болгон менен жергиликтүү керектөөнү канааттандырып жатканы маанилүү көрүнөт. Ошондуктан ЖМБнын ишине катышуудан коммерциялык эмес дагы пайда табууга болорун баса көрсөткүлө, мисалы турмуштук тажрыйбасы байыйт, жаңы көндүмдөргө ээ болот, социалдык капитал табат.

• Биз баарыбыз атаандаш чечимдерди табууга умтулушубуз керек, ошондуктан сырткы көз менен да карап, иштеги инновациялык жана чыгармачылык мамилени колдошубуз абзел.

• Бул үчүн сиз жана сиздин ЖМБ ушундай мамилени кармашы керек. Жаңы идеяларды чыгармачылык менен карагыла!

Атайын акы төлөнгөн штат болсо, андан ЖМБнын артыкчылыгы чоң эле болот. Бирок ал адам ресурстары менен иштөөнү татаалдаштырып дагы жибериши мүмкүн, анткени акы төлөөнүн өзүндө кыйчалышка алып келе тургандай, ал түгүл башка формада акы албай ыктыярдуу иштегендерди сүрүп чыгара тургандай тобокелдик бар.

Ошол себептүү сиздин адам ресурстарыңыздын керектөөсүн аныктоодо акы төлөнүүчү кызматкерлерге таянган болбойт. Алар эч качан өз алдынча чечим кабыл алышпайт. Биз адам ресурстарынын бардык түрлөрүн карап чыгып, баарына үстүнөн мамиле кылышыңыз керек.

Керектүү өнөр касиеттерди баалоо, ошондой эле ЖМБнын ишинин принциптерин, максат-милдеттерин түшүнүү маанилүү. Сиз кызматкерлерди алардын журналистикадагы же техникалык тармактагы тажрыйбасын эске алып ишке алып жатсаңыз дагы алар эч качан “социалдык кызматкер” болуп иштеп бербейт. Алар жөн эле кызматкер эмес эң оболу жардамчы болуп бериши керек. Бул өз кезегинде иштин көлөмүн көбөйтөт, ошондо кызматкерлер аны аткарууга эмес, алдыдагы маселелерди чечүүгө башка адамдарды уюштурууга негизги көңүлдү буруп калышат.

Башкача айтканда, ыктыярчылардын ишин координациялоо ар бир кызматкердин иш милдетине кириши керек болот.

Акы төлөнгөн кызматкерлердин негизги иштөө чөйрөсү:

• администрациялык иш;

Page 65: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• техникалык тейлөө;• программа иштери;• координация

Көп учурларда ушул милдеттерди аткаруу бир эле кызматкерге жүктөлөт. Бул жерде ыктыярчылардын ишин координациялоо бардык кызматкерлер жабыла аткара турган маанилүү иш болуп саналат.

Убактылуу штатКөп ЖМБлар өздөрүнө убактылуу жумушчуларды тамак-ашка, жол чыгымына акча бөлүп берип кармайт. Кээ учурда бир программаны аткарууга же иштин бир жагын бүтүргөнү үчүн тийиштүү акы же гонорар төлөнүп берилет.

Убактылуу штат – бул кээде акы төлөнө турган кызматкерлер жана акысыз иштеген ыктыярчылар. Убактылуу штатка акы төлөө ар сезондо ар башка болушу мүмкүн; бул ошондой эле сиздин каржылооңузга жана сиз ишке ашырып жаткан долбоорлорго да жараша болот.

Мисалы, сиздин ЖМБ жергиликтүү бейөкмөт уюм менен интерактивдүү контент иштеп чыкканга же жаңы радиоберүү даярдаганга чакан контракт түзө алат. Бул милдеттин өтөсүнө чыгуу үчүн керектүү адамдарды тартуу зарылдыгы бир нече ай бою сакталышы мүмкүн.

Бул жумушчулардын эмгегине компенсация алып жатканы алардын артыкчылыгы болуп саналат. Бул аларды ЖМБга көбүрөөк убакыт бөлүүгө кызыктырат.

Убактылуу штат борбордогу күнүмдүк иштерди аткаруу үчүн адам керектөөсү менен туруктуу штатка же тайпага толук иш жумасын төлөөгө каражат жетишпеген ортодогу аралыкта жатат.

Убактылуу штат ЖМБнын адам ресурстары стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, бирок борбор аларды кур үмүткө эле эксплуатациялоого азгырылбашы керек. Ошондой эле негизги штат дагы, убактылуу жумушчулар дагы атайын ниет менен же байкоосуздан ыктыярчылардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жамааттын иш-аракетин чектеп койбошу бул жерде маанилүү.

Эмгек акы жана эмгек сыйлыгыЖМБнын кызматкерлеринин маянасы жергиликтүү шартка шайкеш келиши керек.

• Жергиликтүү башка жумушчуларга эмгек акы төлөө тажрыйбасын иликтеп көрүү ашыкча болбойт. Бул суроолорго жооп бергиле:

• Жергиликтүү окутуучулар жана дүкөн ээлери кандай маяна алышат?

• Жергиликтүү керектөө корзинасынын көлөмү?

• Жамааттын башка мүчөлөрү акы төлөнгөн штат кармоого кандай пикирде?

• Эгерде штатта акы төлөнгөн бир нече кызматкер болсо, алардын эмгек акысын комитетте карап чечиш керек. Баарына бирдей акы төлөө мүмкүн эмес, бирок кабыл алынган чечимдердин ЖМБ жана жамаат үчүн эмнеге алып келерин байкоо керек.

• Сабырдуу болуңуз жана акча адамдын эмгегин баалоонун эң жакшы каражаты эмес экенин эстен чыгарбаңыз.

Page 66: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Ролдорду, укуктарды жана милдеттерди түшүнүүБир ЖМБда убактылуу штат менен борбордун башчыларынын ортосунда бир маселе чыгып калды. Ар бир кылган иши үчүн акы алууга тийиш болгон убактылуу штат негизги туруктуу штаттагылардан сан жагынан үч эсе көп болуп кеткен. Убактылуу штат ЖМБнын күнүмдүк ишмердигинде негизги күч болуп турган, бирок алар аткарып жаткан ролдун айланасында бат-бат түшүнбөстүктөр орун алып, нааразылык жана чыңалуу пайда болгон. Убактылуу штаттын кээ бир өкүлдөрү туруктуу иштегиси келип, мүмкүнчүлүккө жараша “көп звенолуу схеманы” өзгөртүп турушкан. Экинчилери убактылуу штат өзүнө көп милдетти жүктөп алып, ыктыярчыларды четтетип койду деп эсептешкен.

Адам ресурстарынын ролу, укуктары жанга милдеттери так аныкталып кабыл алынышы абдан маанилүү.

ЫктыярчыларЭгер ыктыярчылар стратегиянын тутумуна кирсе анда сиздин кызматкерлер төмөнкү маселелерге орчундуу көңүл бурушу керек:

Потенциалдуу ыктыярчылардын жөндөм дараметтери менен кызыкчылыктарын идентификациялоо;

Аларды окутууну жеңилдетүү жана иш таап берүүгө колдоо көрсөтүү;

Системаны колдоого алуу.

Ыктыярдуулук принцибин колдонуунун ЖМБ үчүн чоң мааниси бар. Баардыгы колдогу адам ресурстарынан эле эмес, эң маанилүүсү, жамаатта түзүлө турган ресурстардан көбүрөөк көз каранды болот.

Силердин жамаатта бош жүргөн жаштар жана кары адамдар барбы? Көп адамдар үчүн ЖМБ ой-тилектерге жетүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгүн тартуулашы мүмкүн. Айрыкча жаштар эл көзүнө көрүнүктүү ишти жасоого мүмкүнчүлүк аз экенине көп кабатырланышат.

Ыктыярдуулук принциби – эң сонун мүмкүнчүлүктөрдүн жолу. ЖМБнын ишинин ийгиликтүүлүгүн анын ишине жамааттын канчалык катышканына карап бааласа болот. Ыктыярдуулук принциби акысыз иштеген адамдарды жалдоонун ордуна адамдар жана жамаат менен мамиле курууга негизделген.

Ыктыярчылар ЖМБдагы бардык иштерди – телефондорго жооп берүүдөн тартып, программаларды аткарууга чейинки, жабдууларды техникалык тейлөөдөн тартып каражат жыйноого чейин бүт аткарыша алат. Бирок жамааттын жакыр жашаган

Ыктыярчылар жөнүндө эки ооз сөз • Ыктыярчылар - акы

төлөнгөн штаттын ордун баспайт.

• Ыктыярчылар акы төлөнбөгөн жумушчу күчү катарында пайдаланылбаш керек.

• Аларды узак мөөнөткө туруктуу негизде ишке тартууга болбойт.

• ЖМБ ыктыярчыларды жайгаштырып бөлүштүрүүнү ийкемдүү жүргүзүшү керек.

• Ыктыярчылар айына же аптасына бир же эки саат гана иштей алат.

• Ыктыярчыларды ишке тартуу убактылуу же сезондуу мүнөздө болот.

• Ыктыярчыларды эмгегине жараша колдоого алып, сыйлап туруу керек, алардын эмгеги жерде калбаш керек.

Page 67: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

катмарында, айрыкча аялдар менен кыздарда бош убакыт болбойт. Ыктыярдуулук принциби көп адамдар үчүн жаңы жана кээ бир учурда татаал түшүнүк.

Ыктыярчылардын күчү алардын милдеттүүлүгүндө жана массалуулугунда. ЖМБ аз сандагы адамдардын көп кызмат көрсөткөнү менен эмес, көп сандагы адамдар салыштырмалуу камсыз кылган анча чоң эмес тизме менен башкарылат. Сиз ыктыярчылар менен иштөө жалданган кызматкерлерге караганда опурталдуу деп ойлошуңуз мүмкүн. Чынында аларды салыштырууга болбойт. Жамааттын медиа борборлору таптакыр башка негизде иштешет. Алардын ролун аныктоочу орчундуу мүнөздөмө катары адамдардын ишти уюштуруу жана конструктивдүү пайдаланууга катышын айтсак болот.

Акы төлөп кызматкер кармай ала турган ЖМБлар ыктыярчылардын күчүн ар кандай себептерге байланыштуу чектелүү пайдаланат, бул башкаруунун өзгөчөлүгүнөн да болот. Ал эми башка ЖМБлар дээрлик бүтүндөй ыктыярчыларга таянып иштейт. Көптөрү эки мүмкүнчүлүктү айкалыштырып компромисттик жол менен чечишет.

ЖМБны ыктыярчылардын жардамы менен башкаруу инвестицияларды талап кылат, адамдарды окутуу, алардын ишине көз салуу керек, окуу процессинде кетирген каталарына чыдашка туура келет, ал түгүл борбордон кетип атканына чейин байкоо салыш абзел. Бирок ыктыярчылардын пайдасы “көп суур ийин казбайт” дегендей да болушу мүмкүн, беш ыктыярчыны окутуп, борборго үч даярдыгы бар жумушчу келет жана жергиликтүү жамаат менен мамиле чыңдалат деп күтүш керек.

Ыктыярчылар менен иштөөдө ийкемдүүлүк жана аларды бөлүштүрүү системасы керек. Сиз ыктыярдуулук принцибин жактап, андагы катылган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыңыздар керек. Ыктыярчыларды тартууну пландаштыруу дагы ийкемдүү болууга тийиш: кээ учурда алар жогорку активдүүлүктү көрсөтөт, кээде таптакыр жок болот. Сиз буга даяр болушуңуз керек. Адам ресурстарын тартууну пландаштырууну ЖМБны керектөөсүнө жана ыктыярчылардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүү керек.

Ыктыярчылар менен убактылуу штаттагыларда бара-бара кызматка ээ болом деген кур үмүттөр пайда болбогондой кылып ишти уюштуруу керек.

Малидеги Кутиалы жамааттык мультимедиа борборунда төрт категориядагы ыктыярчылар бар: тартылган кызматкерлер, жергиликтүү жашоочулар, ыктыярчылар жана интерндер.

«Тартылган кызматкердин» башка жерде акы төлөнгөн кызматы бар, ал ЖМБга дайыма жана белгиленген убакта жардам берет. Айрымдар бул ишти он жыл бою аткарышкан. «Жергиликтүү жашоочулар» -булар жергиликтүү адистер, аларды айрым маалыматты тактап, түшүндүрүп берүү үчүн чакырышы мүмкүн, мисалы саламаттык сактоо же айыл чарбасы боюнча радио берүүгө катышуулары

Page 68: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ыктымал. «Ыктыярчы» - айрым иштерди аткарууга жардам көргөзгөн жаш адам же студент. «Интерн» - жергиликтүү, улуттук же эл аралык окутуу же билим берүү мекемесинин тажрыйба топтоп жаткан өкүлү.

Бардык кызматкерлердин жана ыктыярчылардын эмгегин баалоо жана сыйлоо ЖМБнын кызматкерлерине ыраазылык билдирүү акчалай түрүндө болбошу керек. Тилекке каршы, төлөнгөн акча көп учурда ЖМБнын кызматкердин эмгегин баалаган көрсөткүч болуп кабыл алынат. ЖМБ кызматкерлердин жана ыктыярчылардын эмгегин баалоону акчадан башка атаандаш жолдор менен жүргүзүшү керек. Бул жөнүндө «ыктыярчылар» бөлүмүндө кеңири маалымат бар.

Көп катышуучулар убактысын жана күчүн башкалардын пайдасына жумшоо аркылуу ЖМБнын ишине өзүнүн салымын кошот. Адамдардын ой-тилегине туура келгендей жана борбордун ишине катышканга өбөлгө түзгөндөй кылып ЖМБнын керектөөсүн аныктап жана институтташтыруу зарыл.

ПландаштырууЖМБнын иши менен байланышкан суроолорго жөнөкөй эле жооптор менен кутулбайсың. Жалданган жана акы төлөнгөн штат – бул жооп эмес, жабдуулар сатылып келинсе эле ЖМБ өзү эле иштей баштайт деп айтканга болбойт.

Эмгек акыга жана жабдууларга кетчү чыгымды пландаштырып жатканда эле адамдарга болгон керектөөнү эске алгыла.

Адамдар өзүлөрүнүн өнүгүү процессин башкарышы керек, четте карап турбашы керек. Башкача айтканда адамдар бүт бардык иш чараларга катышуусу зарыл. Бардык ЖМБ үчүн негизги суроо болуп катышуу эсептелет. Бул иштин бардык багыттары үчүн жүйөлүү маселе, бирок адам ресурстарын башкаруу процессин түшүнүү үчүн баарынан маанилүү болуп саналат.

• Жаштарга жана аялдарга айрыкча көңүл бургула, таасирди күчөткүлө.• Жаштар ЖМБ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкта болууну каалашат:

борборлор аларга окуганга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана эркин ой жүгүртүүнү

Ыктыярчыларды сыйлоо жөнүндө кеп-кеңеш• Ыктыярчылардын укуктары жана

милдеттери жазылган контракттар жана келишимдер.

• Ыктыярчылардын же радиопродюсер, көргөзмөлөрдү өткөрүүчүлөр, техникалык операторлор, телеборбордун көзөмөлчүлөрү, компьютердик сабаттуулук боюнча инструкторлор сыяктуу алардын категориясынын расмий статусу.

• Өзүңөрдүн ыктыярчылар жөнүндө радиодон, борбордо, басма сөздө жарыя айткыла.

• Сыйлоо жана шыктандыруу системасын иштеп чыккыла. Мисалы телеборбордо жана силер менен кызматташкан коммерциялык жайларда жана башка мекемелерде арзандатууларды жасагыла.

• Ыктыярчыларга күбөлүк бергиле..

• Компенсациянын башка түрлөрү: чай, транспорттук чыгымдар, тамак-аш чыгымдары.

Page 69: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

жана бош убакытта беришет, алар жаңы ык-жөндөмдөргө ээ болушат, социалдык байланыштарды түзүшөт, алардын алдында чоң келечек ачылат.

• Коомдун өнүгүү процессинин мизинде болуу менен аялдар ЖМБнын ишине бардык деңгээлде катышууга тийиш, алардын керектөөсүн канааттандырууга артыкчылыктуу көңүл бурулуш керек.

Адам ресурстарынын проблемаларын кароо зарылдыгы силердин жободо жазылганын текшерип койгула. Бул адамдарды керектүү жолго багыттап, сунуш же келечек максатыңар жазылган программа даярдаганга жардам берет.

КатышуучуларАдамдык күч-кубатты изилдөөнү ЖМБнын негизги стандарт тутуму болгон жамаат мүчөлөрүнөн баштоо туура.

Сиздин максатыңыз – расмий жол менен кооперациянын же башка уюштуруу формаларынын жардамы аркасында ыктыярчы, угарман жана керектөөчү катарында ишке тартуу менен жамаат мүчөлөрүн ЖМБ мүчөсү кылууда турат.

Идеалында жамааттын кеңири катышуусу сиздин ЖМБны жергиликтүү жана монополиялуу кылып пайдаланууга негиз түзөт, бул ар бир борбордун ишинде бекемдик менен ийгиликтин маанилүү компоненти болуп саналат.

Жамааттын катышуусуУшул учурда сиздин ЖМБ үчүн эң чоң ресурс болуп жамааттын өзү эсептелери айдан ачык болушу керек. Албетте, жамаатка силердин угармандар жана колдонуучулар, ошондой эле МКТ жана жергиликтүү медиа каражаттар менен иштеген бүт катышуучулар кирет. Алардын ичинде өзүнүн кесиптик

деңгээлин жогорулатып жаткан жумушчулар, окутуучулар, дарыгерлер, жамаат лидерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын төрөлөрү бар.

Инновациялык ыкмаларды алдыга жылдыруу үчүн ар кандай тармакта адистешкен айрым адамдар жана тайпалар менен өнөктөштүк мамилелерди кармоо зарыл. Интернет-кафе, мисалы, туруктуу иш алып баруунун жана техникалык жардам көрсөтүү тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Бейөкмөт уюмдар жана ар кандай программалардын максаты сиздики менен бирдей болушу мүмкүн. Сиз жамааттын микрокредитти керектөөчү тайпалары сыяктуу башка структуралары менен бир кызыкчылыкта болушуңуз мүмкүн. Кандай байланыштарды түзүүгө болорун

Ыктыярчыларды сыйлоо жөнүндө кеп-кеңешКотмалдагы ЖМБнын кызматкерлери үчүн иштелип чыккан сунуштарҮзүндүлөр:

• Интернет жана башка коммуникативдик технологиялар технологиялык сыйкыр же керемет катары көрсөтүлбөй, күнүмдүк турмушта зарыл жана пайдалуу экендиги түшүндүрүлүшү керек.

• Ийгиликке жетүүнүн биринчи зарыл кадамы -жамааттын активдүү катышуусу.

• Бул үчүн компьютерлер жана башка жабдуулар талаптагыдай тартипте орун алышы керек.

• Кызматкерлер компьютерлерди колдонуучулар өтө эле чектебеши керек, алар өздөрүн кысынбай эркин сезиши керек.

Page 70: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ойлонуп көрүңүз. Башка тайпалардын өкүлдөрүн силердин комитеттердин биринде иштөөгө же кеңешчилер тобун түзүүгө чакырсаңар болот.

Негизги тайпаларСиздин ЖМБда борбордун ишин алга жылдырган, анын алдындагы милдет-максаттарын инстинкт жана ички сезим менен туйган адамдар бар. Көп учурда берилген адамдардын тобу түзүлөр күн да алыс болбойт.

Кээ бир кеңештер• 13:00дөн 15:00 гө чейин жалаң аялдар үчүн• кыздар менен аялдарды ишке тартуу боюнча өзүнчө

план түзгүлө. • Аялдарды комитеттин курамына жана штатка толук

кандуу киришине аракет көргүлө.• ЖМБнын ишмердигинде программаларды түзгөндөн

баштап каражаттарды туура жумшоого чейинки бардык аспектилерин пландаштырууга аялдарды жана кыздарды тарткыла.

• Аялдар үчүн программаларды, анын ичинде аялдарга эсептелген санарип ресурстарды иштеп чыккыла.

• ЖМБдагы медиа программалардагы көнүгүүлөрдө жана компьютердеги иштерде “жалаң гана аялдар үчүн” иш сааттарын белгилегиле.

• Аялдар ЖМБнын ишине бардык тармактар боюнча үгүтчү, инструктор жана көзөмөлдөөчү катары катышуусун колго алгыла.

Бул эрежелерди жаштар же карылар болсун, башка ар бир тайпаларга да колдонсоңуздар болот.Эң башкысы – адамдарды ишке тартуу!

Негизги тайпалар, штаттагы кызматкерби, ыктыярчыбы же аралаш макамдабы, баары бир убактылуу кызматкерлердин агымына жана сезондук кылчактоолорго карабай борбордун ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Негизги тайпа сиздин комитетке жүктөлгөн практикалык милдеттерди аткарса болот, мисалы каражат жыйноонун графигин жүргүзөт. Каражат менен бекемделбеген иш чараларды өткөрүүдө негизги тайпадагы ыктыярчыларды убактылуу штатка да кабыл алууга болот. Негизги тайпа ЖМБнын күнүмдүк ишин ийкемдүү кылууга жардам берет деген ишенич чоң.

Көп нерсе, албетте, конкреттүү кырдаалга жараша болот, бирок өзүнүн ишмердигине адамдарды тартуу бардык ЖМБларга мүнөздүү белги болуп саналат. Буга түшүнүү менен мамиле кылып, алардын энергиясын жана тажрыйбасын өз кызыкчылыгыңызга пайдаланууга даяр болуңуз.

ЖМБнын негизги тайпасынын структурасы кандай?• Негизги тайпага борбордун негиздөөчүлөрү же энелик уюмдун же башкаруучу

Page 71: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

кеңештин мүчөлөрү кире алат.• Ага кызматкерлер бүт баары кирсе болот.• Жергиликтүү жамаат лидерлери, окутуучулар, кызматчылар же жумушчулар да

бул тайпага кошула алат.• Негизги тайпага ошондой эле кеңешчилер жана жамаатка мүчө эмес, бирок

жамааттын медиа-каражаттарына белгилүү бир тиешеси бар адамдар кире алат.

• Көп борборлордо ар кандай себептер менен ЖМБнын ишине тийиштиги бар ыктыярчылар табылат, аларга студияда, интервью даярдоодо же компьютерде жаңы программа баштоодо иш болбошу мүмкүн.

Ык-жөндөмдөрдү калыптандырууЖМБ аткара турган эң маанилүү милдеттердин бири жамааттын жергиликтүү керектөөнү канааттандыруу жөндөмүн калыптандыруу болуп саналат. Мисалы, киреше алууга, билим берүүнүн, башкаруунун жана саламаттык сактоонун сапатын жакшыртууга көмөк болушу керек.

Ошондой эле ЖМБнын ишмердигин эффективдүү пландоону уюштуруу максатында кызматкерлердин жөндөм сапаттарын өстүрүү, өркүндөтүүнү да ойлоп коюу зарыл.

Бул радио жана телевидениеде иштеген адамдарга тийиштүү. Окутуу жөндөм сапаттардын диапазонун кучагына алат, аларды биргелешип аныктап алуу зарыл. Интервью алуунун жана редактирлөөнүн ыкмаларына же Интернеттен материалдарды алып форматташтырганга үйрөтсө болот.

Телеборбордун жаш ыктыярчылары.

Барака, Сенегал

Кесиптер жана көндүмдөрФормалдуу окутуунун маанилүү экендигин таануу менен бирге эле насаатчылык жана камкорчулук сыяктуу окутуу-тарбиялоонун усулдарын өнүктүрүүнү да колго алуу керек.

Кызматташтык жана достук колдоо көрсөтүү дагы ЖМБ тармагындагы катышуучулардын көндүмдөрүн өркүндөтүп, кызыкчылыгы менен жөндөмдөрүн жогорулатууга жардам берет.

ЖМБнын катышуучусу болуп калыптануу процесси индивиддин керектүүлүгү менен аныкталат; бирок адамдарды ЖМБ кесип алуу үчүн гана керек деген ойго түртпөш керек. Ошону менен катар компьютердик сабаттуулукка окутуу жана даярдоонун башка түрлөрү иш таап берүүнү камсыздайт деген идея дагы көтөрүлбөшү абзел.

ЖМБнын кызматкерлери көбүнчө тил билүү же мамлекеттерди билүү жагынан чектелген билими бар жаштар болушат. Бирок алар талыкпаган күч-кубатка жана чыгармачылык кудуретке ээ экени ишке келгенде айрыкча

Page 72: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

көрүнөт.

Окутуу: баалуу инвестиция

МКТ жаатында жетиштүү даярдыгы болбой туруп иштей баштаган кызматкерлер жана ыктыярчылар CD-ROM колдонуу, программалык камсыздоо жана ЖМБнын иштерин башкаруу сыяктуу ар кандай иштерди алып кетүүгө окутулушу керек.

Иш орунда окутуу идеалдуу вариант болмок, бирок ал үчүн колдонмолор, окутуу программалары, интерактивдүү кеңештер, талкуу тайпаларын уюштуруу сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөр менен коштоп кетүү зарыл.

Адистердин бат-бат алмашып туруусу

Кызматкерлердин штатын жана ыктыярчыларды кармоо маанилүү маселе экендиги калетсиз, бул адатта адистердин бат-бат алмашып турушунан келип чыгат. Анын себептери:

• акылдуу адистердин качат, анткени ким болбосун окуусун уулантып шаарга кеткиси келет; • окуп чыккан кызматкер жакшы шарты бар мекеме-уюмдардан кызмат орун таап кетүүгө умтулат; • жигердүү жаштар үй-бүлө күтүп, салабаттуу болуп, жаңы түйшүктөргө батып, карылык милдети көбөйүп,

убактысы азаят. • жаш менеджерлер/координаторлор башкаруу процессинде кээде адам, акча менен байланышкан

иштерде жогорку жоопкерчиликти көтөрө алышпай калат. • акы төлөнгөн кызматкер менен акысыз иштеген адамдын иш милдеттерин тактоо оор маселе болуп

калышы мүмкүн. • окутуу болуп жатканына карабай ич ара жаатташкан мамиле, ишенбестик, үмүтсүздүк боло берет. • бир ЖМБда жана башка борборлордун ортосунда кызматкерлердин эмгек акысындагы айырмачылыктар.

Айырмачылыктар, мисалы, бир долбоорду ишке ашыруунун алкагында, мамлекет чектеген эмгек акынын деңгээлинде, жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн эмгек акыда болушу мүмкүн.

Алгылыктуу сунуштар:

• туруктуу жана борбордон ажыратып кайра даярдоо; • активисттердин, ыктыярчылардын жана комитет мүчөлөрүнүн бириккен жана кеңейген чөйрөсү. • активисттерди жана жергиликтүү комитет мүчөлөрүн башкаруу жана окуу иш чараларына тартуу; • активисттер менен жакшы ойлонуштурулган иштер, мисалы, эмгегин баалоо, акысыз окутуу, Интернетке

кошуп берүү, футболка, чай таркатуу; • маяна менен эмгек акынын салыштырмалуу деңгээли.

Жумушчуларга жакшы жагымдуу маанайдагы чөйрөнү түзүү абдан керек, адамдар ЖМБда иштегендиги үчүн сыймыктангыдай болсун.

Полли Гастер, CIUEM;

E-mail: [email protected]

ЖМБнын көндүмдөрдү эле берип окутуп койбостон аны турмушта колдонууга мүмкүндүк бергени анын компьютердик жана медиа мекемелеринин алдындагы башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. ЖМБны адамдардын көндүмдөрдү колдонуп, жалпы жамааттын бактысы үчүн инновациялык жана чыгармачылык шык-жөндөмдөрүн ачып жумшай ала тургандай жайга айлантуу абзел.

Ян Прингл, Канада жана Түштүк Азияда жамааттык радиостанцияларда жана ЖМБда

иштеген.

Азыркы учурда ЮНЕСКОнун кеңешчиси болуп Индияда иштейт

E-mail: [email protected]

Page 73: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Окутууну жана көнүгүүлөрдү (тажрыйбаларды) өркүндөтүү

Полли Гастер, Бьянка Мильоретто, Этьен Алуоч

Page 74: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

МБЖда талап кылынган көнүгүүлөр Окутуунун кайсы түрү керек? Ой жүгүртүү үчүн маалымат Иш жүзүндө колдонуу: Угандадагы окутуу телеборбору

Page 75: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Окутууну жана көнүгүүлөрдү өркүндөтүү МБЖ түзүүдө ишти уюштуруу үчүн зарыл болгон адамдар, ошол жердеги адистер жөнүндө маселелерди кылдат карап чыгуу талап кылынат. Маселен, Мозамбикте элет жергесинде жашагандардын баары эле орто билим ала алышпайт, демек жаштар окууларын улантуу үчүн шаарларга кетишери турган иш. Бул өлкөдө эмгек рыногу да чектелүү.

Адегенде баарлашууга мүмкүн боло турган адам ресурстарын изилдеп чыгыңыз, андан соң татаал структуранын долбоорун түзүүгө киришиңиз, айрыкча сиздин жамаатыңыздагы адамдардын көбү жогорку билимге ээ эместигин эске алуу менен ага университеттердин бүтүрүүчүлөрүн жана бөлүмдөрдү, жумушчу топторду, техниктерди кошуңуз.

Маселен, радиону алалы. Радиодо иш орундары техник, координатор жана диктор (кабарчы) кызматы болуп бөлүнөт. Мындай так бөлүштүрүүлөр радио жамаатында болбойт, мында топтун ар бир мүчөсү натыйжасында күтүлгөндөй, бул көнүгүүлөрдүн баардыгын үйрөнөт жана акырындап өзүнө адистикти тандап алат. Бирок иш жүзүндө радиостанциянын ишинин бардык аспектилерин билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндөн кийин гана тандай алат.

Тиешелүү даярдыктардан өткөндөн кийин адамдардын көпчүлүгү эфирде уктурууларды кантип алып баруу керектигин билип, зарыл болгон тажрыйбаларга ээ болгондо гана угармандардын жана катышуучулардын көпчүлүгүнүн көңүлүн бура турган программаларды даярдай алат. Радио жамааттын милдети интервьюларды даярдоо эле эмес, ар бирине түз эфирде иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү болуп саналат.

Негизги эреже – адам өзү каалаганда гана тажрыйбалуу насаатчылардын жардамы менен ар түрдүү көнүгүүлөрдү үйрөнө алат.

МБЖда талап кылынган көнүгүүлөрУчурда борбордо принтерге, электрондук дарекке жана Интернетке кошулган компьютерлер тармагы, радиокутуча, сүрөт-көчүрмө каражаттары, факс жана телефон сыяктуу негизги жабдуу каражаттары бар экендигин элестетиңиз. Борбордун ишин камсыздоо үчүн кандай тажрыйбага ээ адамдар керек?

Эмнеден баштоо зарыл?

• Техникалык көнүгүүлөр:o Компьютерде иштөөнү билүү – тексттерди терүү, аны иштеп чыгуу,

электрондук таблицалар, файлдарды жана маалыматтарды уюштуруу жана

Page 76: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

башкаруу, туура күйгүзүү жана өчүрүү сыяктуу сактануу чаралары, резервдик көчүрмөлөрдү даярдоо;

o Байланышты камсыздоо, маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн электрондук даректи жана Интернетти пайдаланууну билүү;

o Радиожабдууларды пайдаланууну билүү – студия, радиоуктуруулар, пленкага жаздыруу, интервью жүргүзүү, редакторлоо жана программаларды даярдоо, коопсуздук чаралары;

o Техникалык тейлөө - алгачкы тейлөөлөрдү жүргүзүү, программаларды коюу, вируска каршы программаларды пайдалануу, радио жабдууларды тиешелүү абалда сактоо.

• Уюштуруу көнүгүүлөрү:o башкаруу – иштин бардык ыкмаларын

кандай жүргүзүү керек: иш-чаралардын планы, төлөм документтери, эсеп-кысаптарды жүргүзүү, жолугушууларды уюштуруу, ыктыяр адамдарды колдоо, отчетторду даярдоо сыяктуу иштин бекитилген ыкмалары иш жүзүндө практикаланып келгендигине ынаныңыз;o радиодогу иш-чаралар – радио

уктуруулардын программаларын даярдоо, ыктыяр адамдар менен иштөө графиги, координациялоо.

• Чыгармачылык көнүгүүлөр:o компьютердик сабаттуулуктун негизи

боюнча курстарды жүргүзүүнү билүү, ыктыяр адамдарды радиостанцияда иштөөгө үйрөтүү;

o журналистикага шык-жөндөмдүн жана чыгармачыл потенциалдын бар болушу – радио уктурууларды, веб-тармактар үчүн продукцияларды даярдоо, жаңы идеялар менен тажрыйба жүргүзүүгө даяр болуу.

• Байланыш жана анимация тармагындагы көнүгүүлөр:o мобилизация – жамаат менен ишти алып

барууда бардыгын жапырт катыштыруу максатын көздөө, коомчулук жана информаторлор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана уюмдар менен байланыш

түзүү, колдоо жана спонсорлорду издөө, акы төлөө кызматтарын пайдалануучу кардарларды көбүрөөк тартуу, каражат чогултуу;

o жамааттын мүчөлөрү менен МБЖ иш-чараларын талкуулоо;

Сиз биринчи жолу бир нерсе менен кездешип жаткан болсоңуз жана өзүңүздү анча ишенимдүү сезе албай жатсаңыз, мындай абал көп учурда оңтойсуздукту жаратат, маселен, клавиатуранын ар түрдүү компоновкасы же тексттерди иштөө программасынын ар түрдүүлүгү, же болбосоСиз чоң радиостанцияга келип, тиешелүү радио материалды даярдоо үчүн эки студия жана толтура жабдуулар керектигин уксаңыз, алдыңыздагы анча чоң эмес радиокутучаны үстүртөдөн ылдый карап туруп эч нерсе кылууга мүмкүн эмес деп кайталоодон башка арга таппайсыз! Мындай учурда эсиңизге түйүп коюңуз: МБЖда иштөө эч кандай коммерциялык максатты көздөбөйт жана улуттук радиостанциянын ишин кайталабайт.Сиздин жамаатка айтаар сөзүңүз: бул ишти аткаруу үчүн өзүңүздүн мыкты жөндөмүңүздү пайдаланыңыз – чоң натыйжаларга жетүү үчүн жөнөкөй ыкмаларды колдонуу зарыл.

Page 77: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

o көрсөтмөлөргө жана жабдууларга этият жана менчик укугуна урмат менен мамиле жасоо.

ЖМБда көп учурда кээ бир райондордо жашаган адамдар үчүн таптакыр тааныш эмес жаңы иш баштаганда да мурда башка жерден пайдалуу бир тажрыйбага ээ болгон индивиддерди кездештирүүгө болот. Маселен, ыктыяр адамдардын арасында башка жерде радио жамаатта иштеген же ошондой тууган-уругу бар адам болушу, мектепте дубал газета чыгарган окуучулар болушу толук мүмкүн; ошондой эле көптү үмүттөндүргөн электрик, бош убактысы бар ардагер мугалим же саламаттыкты сактоо кызматынын кызматкери кездешип калышы ыктымал.

Бир жагынан башкаруучулук, уюштуруучулук жана финансылык вакансияларды толтуруу баарынан татаал болсо, экинчи жагынан – чыгармачылык ишмердүүлүккө байланыштуулары татаал, бирок окутуу маселелердин көпчүлүгүн чечет.

Окутуунун түрүПрактиктерди даярдаңызЭгерде окутуу иштери талаптагыдай жана максаттуу түзүлсө иш процессиндеги окутуулар жакшы натыйжага жеткирет.

Борбордун күнүмдүк иш-чараларын өткөрүү үчүн арналган жабдуулардын жардамы менен адамдарды түздөн-түз ЖМБда окутуулар мыкты жыйынтыктарды берет. Кээде адамдар компьютердик сабаттуулуктун негиздерин радио иши боюнча окутуу курстарына катышып, бирок кийин өздөрүндө болгон жабдыктар окуу куралдарынан бир кыйла айырмалангандыктан алган билимин иш жүзүндө пайдалана албаган учурлар кездешет. Мындай тажрыйбадан алыс болуу керек.

Окутуу көптөгөн иш жүзүндөгү көнүгүүлөрдөн түзүлүшү зарыл. Теориялык киришүү бөлүгүн созо бербей, катышуучулар жаңы эле билгендерин иш жүзүндө көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз. Интервьюну кантип алуу жөнүндө материалды өткөн соң, практикалык окуу үстүндө өздөрүнө интервью уюштуруп, андан кийин аны сындап талдоо жүргүзүңүз.

Адатта студияда өткөрүлүүчү практикалык сабактар адамдарды окутуунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Инструктордун алдында турган маанилүү маселе – стажерлор өздөрүнүн радио уктурууларын даярдоого умтулуусун ойготуу керек.

Page 78: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул катышуучуларды окутуу учурунда өздөрүнүн биринчи радио материалын даярдоого шыктандырат.

Чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүОкутуу процессиндеги эң татаал маселе – адамдардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү. Көпчүлүгү коммерциялык же мамлекеттик радиолордон уккандарын өзүндөй кылып кайталоого аракеттенишет. Бирок радио даярдалган материалды жеткирүү формасына жараша үндү жана үндүн чыгышынын бардык гаммаларын билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү каражат болуп эсептелет. Радио жамаат болсо алардын ар түрдүүсү менен тажрыйба жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Окутууну 3-5 күнгө созулган жөнөкөй киришүү курстарынан баштаган оң, бул убакыт аралыгында радио журналистиканын бардык аспектилери боюнча теориялык материал сунушталат (Тиркемедеги окутуунун типтүү графигин караңыз). Андан соң практикалык сабактарга өтсө болот. Кийинки стадиясында радио жамааттын ар түрдүү аспектилери боюнча материалдар өтүлөт.

Инструкторлорду даярдооӨзүңүздүн кызматкерлериңиздин арасынан мыктыларын компьютердик сабаттуулук жана радио журналистиканын негиздери боюнча окуу курстарына жибериңиз – компьютердик мектепке, окутуучу радиоборборго, белгилүү бир радиостанцияга ж.б. Алар ЖМБга ыктыяр адамдарды радио журналистиканын жана компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окутууга даяр болуп кайтышат.

Алар бардык тиешелүү талаптарга шайкеш келүүлөрү тийиш: техникалык тажрыйбалары жок болсо да, ээ болгон базалык билими аларга окуу материалдарын билүүгө жана аны башкаларга жеткирүү жардам берет.

Оор басырыктуу, туруктуу, башкалар менен мамиле түзө билген адамдарды тандап алыңыз, алар бир канча убакыт ЖМБда иштеп калуулары ыктымал. Мүмкүнчүлүккө жараша каражат болгондо эки же үч адамды дайыма жиберип туруңуз. Бул алардын ичинен бирөө башкаларга караганда кандайдыр бир деңгээлде көбүрөөк тажрыйбага ээ болуусуна шарт түзөт, жана ошондой эле бир адис кетип калганда пайда болуучу тобокелдикти төмөндөтөт.

Инструкторлор кайра келгенде колдорунда окутуу процессинде пайдаланган методикалык колдонмолору жана программалары болушу зарыл, анткени аларды МБЖ керектөөсү үчүн адаптациялоо жана көбөйтүүгө мүмкүн болот (пайдаланууга уруксаат берилгенде).

ЖМБдагы базалык даярдооБюджеттин чыгашалар бөлүмүнө компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окутуу курстарына кетүүчү каражатты киргизиңиз, ал сиздин штатыңызды мотивациялайт. МБЖ менен жакыныраак тааныштыруу максатында мындай курстарга катышууну башкаруу комитетинин мүчөлөрүнө же жамааттын кеңешчилер тобуна сунуштоого болот.

Негизги көнүгүүлөргө үйрөтүүнү камтуу менен мындай курстарды сиздин жеке инструкторуңуз өткөрө алат. Курстун соңунда ар бири тексттерди терүүгө жана

Page 79: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

басып чыгарууга, газетанын жана баракчалардын ж.б. негизги версткаларын жасоого, Интернеттен издөөгө, тандоого жана систематизациялоо иштерин жүргүзө билүүсү кажет.

Колдо болгон жабдуу каражаттарына жараша топтор радио уктурууларда пайдалануу үчүн материалдарды жана музыканы көчүрүп жаздырууда, маалыматтарды издөөдө CD-ROM пайдаланууну билүүлөрү зарыл. Эгерде ЖМБда сан ариптик жабдуулар жок болсо, радио топ интервьюну редакциялоо үчүн санариптик магнитофондон компьютерге көчүрүп алып, андан соң аны радио уктуруу үчүн CD-ROMго жаздырып алат.

Адистештирилген курстарАдистештирилген окутууларды уюштуруунун эң натыйжалуу ыкмасы –

өлкөдөгү башка окшош уюмдар менен карым-катнаш түзүү жана алар инструкторлорду окутууда пайдаланган принциптерди жетекчиликке алуу менен алардын окутуу иш-чараларына кошулуу.

Бул ыкманын артыкчылыгы – радио же теле борборлордо иштеген адамдар же болбосо МБЖ долбоорлорун ишке ашырууга катышып жаткандар бүткүл дүйнө боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышкандыгында.

Бирок көбүрөөк сандагы адамдарды окутуу зарылдыгы пайда болсо (алсак, кеминде алты адам), кандайдыр бир жакка стажерлорду жөнөтүүнүн ордуна ЖМБда бир жумалык окутуу үчүн инструктор менен келишим түзүү арзаныраак жана эффективдүүрөөк болмок.

Адистештирилген курстарга төмөндөгүлөр камтылган:

• финансылык башкаруу; • тармактык дизайн;• радио уктурууларды

даярдоо;• маалыматтарды топтоо;• кеңитилген тейлөө

кызматы.

СеминарларАдамдардын санын көбүрөөк чогултуунун жакшы ыкмасы – бир күндүк семинарды уюштуруу жана өткөрүү. Анын темасы радиожурналистикага киришүү, жаңы көнүгүүлөргө үйрөтүү же жамааттын белгилүү бир топторун чакыруу болушу мүмкүн, ар түрдүү адамдарды чакырууга аракеттениңиз – мындай мамилелер ыктыяр адамдардын арасынан узак мөөнөткө чейин иштей ала турган мыктыларын тандоого мүмкүнчүлүк түзөт.

ЖМБда курстун жеке программасы жана методикалык сунуштамалары болууга тийиш жана ошондой эле окутуу аяктагандан кийин сертификат бере алдында тестирлөө жүргүзүүсү керек. Бул акы төлөнүп окутулган курстарга жана ыктыяр адамдар менен штаттагы кызматкерлер үчүн өткөрүлгөн курстарга да тиешелүү.

Page 80: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Окуу семинарын ийгиликтүү өткөрүү үчүн:• теманы аныктап алыңыз;• анын даярдануусуна жооп берген приоритеттүү максаттуу топту аныктаңыз;• ошол максаттуу топ үчүн ыңгайлуу болгон убакытты, датаны жана кайсы

жерде өтөөрүн белгилеңиз;• иш-чараны баштоо жана аяктоо убактысы кошо белгиленген күн тартибин

аныктаңыз;• сиздин катышуучуларыңызды же жардамчыларыңызды жана бардык

материалдарды даярдап алыңыз, керек болуп калышы ыктымал;• боло турган окуя тууралуу ачык маалымат таратыңыз, мында негизги көңүл

сиздин максаттуу тобуңузга бурулушу кажет, зарылчылыкка жараша чакыруу кагаздарын жана байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү маалыматтарды таратыңыз;

• эгерде каражатыңыз болсо иш чаранын жүрүшүндө же аяктаган соң жеңил тамак уюштурсаңыз болот (мисалы, жеңил суусундуктар жана бисквиттер).

Тажрыйба алмашуу жана тармактарда иштөөОкутуунун мыкты ыкмаларынын бири - окшош маселелерди чечүүдө башка адамдардын тажрыйбалары менен жеке таанышып чыгуу. Башка ЖМБ, радиостанцияларга же телеборборлор топтошуп баруу дайыма эң мыкты натыйжа берет – адамдар энтузиазмга толуп, жаңы идеялары жана иш пландары менен кайтышат. Алсак, башкаруучулар ЖМБда иштеген кесиптештери менен бир же эки күн иштеп, көп нерселерге үйрөнө алышат.

Мамлекеттин жайгашкан жерине жана аймагына жараша бул иш-чара кыйла эле кымбатка түшүп калышы мүмкүн, бирок бул бирдей эле натыйжа берүүчү борборго формалдык курска адамдарды жиберүүгө кеткен чыгымдан ашпай калышы да ыктымал.

Андан соң албетте, сиздин тажрыйбаңыздын пайдалуу жактарын үйрөнүү жана кээ бир практикалык кеңештерди алуу үчүн адамдарды өзүңүзгө чакырууңуз керек. Таанышуу карым-катыштардын (визиттердин) жана башка уюмдардын курстарына баруунун көбүрөөк артыкчылыгы – башка топтогулар менен достук байланыштарды жана туруктуу ишкердик мамилелерди түзүүгө мүмкүн болгондугу. Сиз бул көрүнүш бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча расмий эмес тармактардын түзүлүшүнө алып келгендигин көрөсүз. Маселен, ЖБМ кандайдыр бир маселе чыгып калса, телефон же электрондук почта аркылуу бири-биринен консультацияларды ала алышат; балким бир борбордо чындыгында эле мыкты техник болушу мүмкүн, аны чакырып, кыска курс окутууга же семинар өткөрүүгө болот; дагы башка жакын

Page 81: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

жерде жайгашкан ЖБМ зарыл болгон учурда пленка же принтер үчүн картриж берип тура алат, ж.б.

Тармактар менен мыкты деңгээлде иш алып баруу чындыгында эле сизди башкалар менен узак мөөнөткө бириктирип, туруктуу ишиңизге жардам көрсөтө алат.

НасаатчылыкНасаатчылык институттарды пайдалануу жана шефтик жардамдарды көрсөтүүнүн дайдасы зарыл көмөктөрдү алууга кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүндө. Идеясы – ишмердиктин белгилүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүүгө макул болгон тажрыйбалуу кесипкөйлөр менен туруктуу байланыш (же контракт) түзүү. Адатта бул ошол мезгил аралыгында телефон же электрондук почта менен байма-бай катышуу (балким, бир айда бир же үч айда бир жолу) аркылуу интерактивдүү колдоо көрсөтүү дегенге барабар.

Ой жүгүртүү үчүн маалыматСиз кимдерди окутасыз?Дээрлик бардык адамдар техникалык көнүгүүлөрдү үйрөнө алышат. Бирок аларга андай мүмкүнчүлүк түзүлгөндө гана окуй алышарын эстен чыгарбоо керек.

Дүйнө жүзүндө аялзатына жана жаш кыздарга техниканы окутуу оңой эмес деген түшүнүк калыптанып калган. Жаш кыздар көп учурда маданий үрп-адаттарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша эркектер басымдуулук кылган бөлмөдө өз ойлорун оңойлук менен билдире алышпайт. Ушундай эле көрүнүш окуу даярдыгы чектелүү жаш жигиттерге, майып адамдарга, айылдык жамааттардын жашоочуларына да тиешелүү болушу мүмкүн, алар столдун тегерегинде отурганга караганда ээн талаада өздөрүн эркин сезиши ыктымал. Сиз ал жерде отургандардын баары бири-бири жана сиз менен эркин мамиледе, ал эми инструктор баардыгына бирдей көңүл бура ала тургандай кырдаал пайда болгудай баланстоого туура келген стажерлордун тобун түзүүчү ыкманы колдонушуңуз керек.

Сиз ошондой эле ар түрдүү топтор үчүн атайын курстарды уюштура аласыз. Аялдар окуу курстарына эркектерден бөлөк катыша алышат. Аял-инструктор үйрөнүүгө үлгү катары кызмат көрсөтө алат. Жаш катышуучулар материалды эртерээк үйрөнө алышкандыктан, кээде улуу жолдошторуна жардам бере алышат. Топторду жыныстык, социалдык, тил өзгөчөлүктөрү ж.б. белгилери боюнча дайыма эле бөлүштүрүү туура эмес болсо да, мындай ыкма борборду түзүүнүн алгачкы этабында ишти уюштурууда

ишеним жаратууга кандайдыр бир өбөлгө түзөөрү бышык.

Page 82: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жергиликтүү айылдык кабарчыларды жабдуулар менен (магнитофон сыяктуу) иштөөгө жана маалыматтык материалдарды даярдоо методдоруна атайын үйрөтүү керек; ал эми жергиликтүү адистерди алардын тармактык ишмердүүлүгүнө байланышкан радио уктурууларды даярдоого тартууга болот.

Билими жетишсиз жана эмгекке жараксыз адамдарды тартууСабатсыздык же эмгекке жараксыздык жамаат

мүчөлөрүнүн МБЖ ишмердигине толук кандуу катышууга тоскоол болбошу керек. Адамдар радио уктуруу даярдоо үчүн сөзсүз түрдө эле окуу жана жазуу көнүгүүлөрүнө ээ болуусу керек эмес. Кулагы укпаган дүлөйлөр жана дудуктар ЖМБнын веб-сайтында же чаттарда же болбосо

электрондук почта аркылуу талкуу топторуна катышып, өздөрү үчүн баарлашуунун жаңы дүйнөсүн ача алышат. Ал эми көзү азиздер тиешелүү шарттар менен жабдылган радио студияларды пайдалана алышат.

Окуу материалдарыФормалдык курстардын бардык угуучулары мүмкүнчүлүккө жараша окуу китептери менен камсыздалат. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, ЖМБнын өзүнүн китепканасы болушу керек.

Жеке материалдарды даярдооАнглис тилинде сүйлөгөн өлкөлөр үчүн жергиликтүү булактардан же Интернеттен окуу адабияттарын алуу бир кыйла жеңилирээк. Ал эми англис тили болбосо, материалдарды башка тилдерге которуу жана аны адаптациялоо зарылдыгы келип чыгат. Албетте, эгерде экономикалык жактан эффективдүүрөөк болсо, окуу китептерин сиздин тилде даярдоого болот. Башка тилге которуу менен жаңы түшүнүктөрдү окуп-үйрөнүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө мүмкүн эместигин эстен чыгарбоо зарыл.

Келишимдер боюнча кенештерКелишим түзүүдө анын бардык шарттары эскертилиши керек. Кээ бир позициялар: Максаты - маселен, техникалык окутуу, кызмат көрсөтүү, башкаруучулук колдоо көрсөтүү.Иштин методу -маселен, бир нече сандагы адамды кайсы бир мезгилде окутуу, кандайдыр бир иш-чарага байкоо жүргүзүү, семинар өткөрүү, эсептөөлөрдү жүргүзүүгө же долбоор жазууга көмөктөшүү.Иш кандай деңгээлде жана канча жолу аткарылышы керек.Барып-келүүлөргө жана /же насаатчы менен байланышууга кеткен чыгымдар.Кеңешчини кылдат тандоо керек, аны тандоодо жеке эле техникалык экспертизага негиздебей, алардын жамааттардын долбоорлорун ишке ашыруудагы тажрыйбасын жана айыл жергесинде иштегенин, жергиликтүү тилди билерин, гендердик маселелерди ж.б. түшүнүү деңгээлин карап чыгуу зарыл.

Окуу курстарын, анын ичинде кошумча киришүү курстарды жана семинарларды байма-бай өткөрүп туруу сунушталат, анткени жаңы келген ыктыяр адамдар борборго мурдараак келген адамдардай компетенттүү болушуп, өздөрүн ишенимдүү сезишине жетишүү зарыл.

Page 83: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Өндүрүштүк окутууАдамдар белгилүү бир тажрыйбага ээ болгондо аны ошол замат иш жүзүндө пайдалануусу зарыл. Жабдууларды алып орноткондон кийин гана окутууну баштоо сунушталат. Алгачкы окутуу процесси акырындап өндүрүшкө өтүп, анын жүрүшүндө адамдар өздөрү үйрөнгөн көнүгүүлөрдү башкаларга үйрөтө алат.

Ишмердүүлүктү колдоо Баштапкы жабдууларга гана сатып алууларды караштырып, анын запастык бөлүктөрүнө жана тейлөө кызматына каражаттарды бөлүштүрбөгөн долбоорлордой, кээ бир долбоорлор кийинки даярдыктарды кошпостон эле киришүү окуу курстарын гана пландаштырышат. Бул МБЖнын туруктуулук деңгээлине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кезектеги окутууларды уюштуруу жана каржылоо мүмкүнчүлүгү эң башында эле түзүлүшү абзел, бул катышуучулардын биригишин жана чөйрөсүн кеңейтүүнү шарттайт. Дайыма үзгүлтүксүз окутуу жана окуу китептери, окуу программалары жана шефтик жардам түрүндөгү интерактивдүү кеңештер боюнча иш-чараларды, жана ошондой эле топтордогу талкууларды жүргүзүүнү пландаштыргыла.

МБЖда үйрөнгөн көнүгүүлөр бир кызматкер же ыктыяр адамдын кетиши менен кошо кетпесин эсиңерден чыгарбагыла – алар башка бир жерде пайдаланылат. Бирок сиздин борбордо эмес! Андыктан эч убакта бир же эки адамга басым жасабоо керек. Окуп үйрөтүлгөн кызматке өзү билген тажрыйбасын башкаларга үйрөтүүсүнө шарт түзүп бериңиз да, жаңы катышуучуларды тартуу багытында иштерди улантыңыз.

Мультимедиалык окуу комплектиси (MMОK): адаптацияланган окуу материалдары 2002-жылы ЮНЕСКО ЖМБ, телеборборлордун инструкторлору, жамааттын медиа уюмдары жана өнүктүрүү сектору үчүн жаңы жана эски салттарды алып жүрүүчүлөрдүн ортосундагы ажырымды жок кылууга арналган материалдарды чогултуу менен мультимедиалык окуу комплектисин (ММОК)даярдоону баштаган.

Өнөктөш уюмдардын топтору түзгөн ММОК материалдары бир катар тармактарды камтыйт. Модулдарды жана алардын элементтерин стандарттык блок катары семинардын программасын даярдоодо пайдаланса болот. Маселен, МКТ тармагындагы көнүгүүлөр боюнча аялдар уюмуна арналган семинар үчүн инструктор «Интернеттен издөө» жана «Аялдарга каршы зомбулук» блокторундагы материалдарды тандап жана бириктирип койсо болот.

Комплектке төмөндөгү темалар боюнча материалдар камтылган: Интернетте издөө, санариптик аудиопродукция, радио жана тармактар үчүн материалдарды даярдоо, маселелерди биргелешип чечүү, ВИЧ/СПИД көйгөйү боюнча билдирүүлөрдү жана жалпыга жеткилең программалык камсыздоо булактарын пайдалануу. Даяр болгон

Танзаниядагы Сенгерема телеборборунда компьютердик сабаттуулуктун негизин окутуу.

Page 84: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

материалдар ар тараптуу коллекцияларды түзүүдө алгачкы гана кадам болуп саналат, бул багытта иштер улантылууда.

Бардык материалдар аларды акысыз пайдаланууга жана коммерциялык эмес максаттарда таратууга уруксат берген Чыгармачыл Палатанын лицензиясына ылайык чыгарылган.

Материалдарды ЮНЕСКО компакт-дисктерде таратууда, аларды бул дарек боюнча алууга болот http://www.itrainonline/mmtk/

Энн ТотхиллАКА – Алдыңкы коммуникациялар ассоциациясы

[email protected]

Page 85: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Пайдалануу тажрыйбасы

Угандадагы Накасеке МБЖнын телеборборунда окутуу

Көнүгүүлөрдү баалооНакасекедеги МБЖда үч айлык окутуу программасы МКТ тармагындагы кайсы көнүгүүлөрдү үйрөнүүгө жергиликтүү жамаат кызыктар экендигин баалоочу сурамжылоону жүргүзүүдөн башталды. Башталгыч мектептердин мугалимдерин даярдоочу педагогдорду, орто мектеп окуучуларын, жумушсуз жаштар жана аялдар, фермерлер, ишкерлер, ЖМБ штатын жана жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнө анкеталык сурамжылоо жүргүзүү төмөндөгүлөрдү көргөздү:

• Окутуучулар CD-ROM, электрондук дарек жана Интернетте иштөөнү пайдалануу менен тексттерди даярдоого кызыгат;

• Борбордун кызматкерлери HTML үйрөнүүгө, базалык жабдууларга жана программалык камсыздоого, диагностикага кызыгат;

• Фермерлер жана ишкерлер изилдөө жүргүзүү максатында Интернетти жана ошондой эле CD-ROM үйрөнүүгө кызыкдар;

• Жаштар негизинен Интернет жана электрондук даректи түзүүнү үйрөнгүлөрү келишет.

Жогоруда берилген сурамжылоонун натыйжасында МКТ боюнча төмөнкү темалар камтылган ачык семинарлар өткөрүлдү: компьютердик сабаттуулуктун негиздери, терүү, HTML тили жана тармактын дизайны, Интернет жана электрондук почта.

Окутуунун соңунда угуучулар тиешелүү форманы (Тиркемени караңыз) толтуруу менен үйрөнүшкөн көнүгүүлөргө баа беришти. Андан соң алардын адистигин андан ары өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча рекомендациялар сунушталды.

Күн тартибин даярдооАдамдардын иштөө убактысынын күн тартиби менен окуу муктаждыгы жана кызыкчылыгы менен колдо болгон беш компьютердин бар экендиги эске алынып, окутуулар үч нөөмөткө бөлүндү:

• 9:00дөн 12:00ге чейин;

• 13:00дөн 14:00ге чейин;

• 14:00дөн 17:00гө чейин.

ЖМБ эртең мененки сегизден кечки 18:00гө чейин дүйшөмбүдөн ишембиге чейин уюштурулду, мындай шартта окуучунун үй ишин аткаруусуна сабакка чейин же сабактан кийин жетишерлик мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Тексттерди терүү жана иштеп чыгууТекст терүүнү жана даярдоону үйрөнүү курстун негизги бөлүгү болуп калды, анткени катышуучулар бул көнүгүүлөрдү билүү менен белгилүү бир пайда табууга болооруна ынанышты.

Page 86: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Алар ошондой эле сканерди пайдаланууну жана сүрөттөр менен диаграммаларды жасоону үйрөнүштү. Алар принтердин жана фотокөчүрүү машинанын жардамы менен окутуу аяктагандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн үлгүсүн иштеп чыгышып, көчүрмөсүн даярдашты.

Электрондук дарек жана ИнтернетКурс аяктаганга чейин телефондорду кошуу пландаштырылгандыгына карабай, тилекке каршы, бул ишти аткарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Андыктан электрондук даректи түзүү жана Интернеттин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн теориялык түрдө түшүндүрүү эң орчундуу маселе жаратты, кадимки почтанын ишин параллель жүргүзүү менен көз ачып жумганча маалыматтарды жеткирүү методдорун ушул жаңы технологиянын жардамы менен түшүндүрүүгө туура келди.

Борбордо электр чыңалуусунун тез-тез басаңдап тургандыгына

байланыштуу электр энергиясын берүү калыбына келтирилгиче ортодо пайда болгон бош учурларда өткөн материалдар боюнча бир катар контролдук сурамжылоолор жүргүзүлдү. Электр жарыгы күнү бою берилбей турганы алдын ала маалым болгон учурларда генераторду иштетип, сабактар үзгүлтүксүз жүрүп жатты.

Окуу материалдарыCD-ROM, ийкемдүү дисктерде жеткилең жазылган терүүнү окутуу программалары сабак учурунда талаш-тартыштарды жаратты, анткени алар угуучуларга бош учурларда өз алдынча даярданууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча кошумча окуу материалдары – айыл чарбасы жана медицинадан баштап, ири мүйүздүү малды асыроого чейинки жана аларга тиешелүү технологияларды пайдалануу ыкмаларын – интерактивдүү CD-ROM табууга болот. Окутуу программалары дискеталарды жазылган жана компьютердин эски үлгүсүн пайдаланышып жаткан ЖМБ үчүн пайдалуу.

Өз алдынча окутуу

Тил билүү жана сабаттуулукБардык катышуучулар үчүн негизги талап – англис тилинде окуу, жазуу жана түшүнүү жөндөмдүүлүгү болду, анткени инструкторлор англис тилинде сүйлөшүп, окутуу негиинен жергиликтүү мектептерде өттү.

Бирок окутууларга борбордун кызматкери дайыма катышып, керек учурда топтогу адамдарга луганда тилинде түшүндүрмө берип жатты. Түшүндүрүү иштеринде кызматкерлер катышуучуларга тиешелүү болгон сценарийлерди пайдаланышты; алар ошондой эле келген инструкторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы тоң мамилени жылытууга көмөктөштү. Ал мисалдар курс аяктаганга чейин андан кийинки электрондук кат жөнөтүү, папкалардын структуралары, файлдарды сактоо ж.б. татаал түшүндүрмөлөрдө көрсөтүүдө пайдаланылды.

Page 87: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бир күндө ар кайсы убакытта курстарды өтүүнүн артыкчылыктарынын бири – кызыкчылыктары бирдей жана ар түрдүү деңгээлдеги даярдыктагы окуучуларды бир убакытта чогултууга мүмкүндүк бергендигинде болуп саналат. Бул болсо алар көпчүлүк үчүн ыңгайлуу учурда үй ишине даярданып жатканда баарлашууга жана ошондой эле ой-пикирлер менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.

СертификациялооСеминардын соңунда тестирлөө жүргүзүлүп, угуучуларга окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөр тапшырылды. Күбөлүктөрдү тапшыруу салтанатында баардыгынын маанайлары көтөрүңкү болду. Күбөлүктө угуучулар «МКТга киришүү бөлүгүн» угушту деп белгиленип, ага кошумча курстун мазмуну тиркелди.

Окуучулар алган күбөлүктөрүн компьютердик сабаттуулук боюнча окуткан башка окуу жайлары таанып-билүүсүнө кызыкдар экендигин билдиришти. Бул ЖМБнын көпчүлүк окуу курстары туш келген көйгөйлүү маселе болуп саналат.

ЖМБнын ар биринде глобалдык масштабда өткөрө берүүгө боло турган жана ошондой эле башка окуу жайлары таанып-билген стандарттагы тестти иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл.

ШилтемелерЖамааттын радиосу деген эмне?

Page 88: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Басылган жери: AMARC Africa и Panos Southern Africa,

ISBN: 0 620 229993, 1998,

E-mail [email protected];

Англис, француз жана португалия тилдеринде жарык көргөн.

Women on Line Training Material.

Басылган жери AMARC Europe Women’s Network, аялдарга жаңы радиотехнологияларды пайдалануу каалоосун ойготуу; http://www.amarc.org/wol/, англис, испан жана немис тилдеринде жарык көргөн.

http://www.school.za/edict/edict/appl.htm http://www.itrainonline.org/itrainonline/english/trainers.shtml

Полли Гастер, Эдуардо Мондлане борборунда маалымат жана өнүгүү кызматын жетектейт.

Мапутудагы университеттик информатика борбору (CIUEM). Мозамбикте телеборборлор жана ЖМБ уюштуруу боюнча эксперименталдык долбоорлордун

координатору.

E-mail: [email protected]

Бьянка Мильоретто,Журналист жана жамааттык радионун инструктору, Мадагаскарда, Филиппинде

жана Швейцарияда көп иш тажрыйба топтогон.

E-mail: [email protected]

Этьен Алуоч,Чыгышта, Түштүк Африкада жана Түндүк Америкада МКТ уюштуруу жана

аялдарды окутуу, гендердик саясат боюнча семинарларды өткөрүү кеңешчиси болгон.

E-mail: [email protected]

Page 89: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Уюштуруу структуралары

жана стратегиялар

Ян Прингл жана Полли Гастер

Page 90: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Адамдарга арналган уюштуруу стратегиялары

Уюштуруу структурасы жана уюшкандыкта өнүгүү

Кеңештер жана кайтарым байланыш Жабдуулар жана программалык

тейлөө

Page 91: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Уюштуруу структуралары жана стратегиялар Жамааттык мультимедиа борборлорунда көбүнчө технологиялык эмес, уюштуруучулук проблемалар болот. Уюштуруу менеджменти ар бир ишкананын ишмердигинин негизин түзөт, ошондуктан иш канчалык уюшулгандыгына жараша жамаатты өнүктүрүү боюнча мультимедиа каражаттары колдонулган мультимедиялык стратегиянын мазмуну аныкталат.

Уюштуруу маселелери орчундуу түрдө жергиликтүү шарттарга карап чечилет, бул жерде даяр чечимдер болбойт. Иш жүргүзүүдө аткара турган бир катар негизги принциптер жана кызматтык милдеттер бар.

Уюмдун структурасы ЖМБнын түрүнө жараша түзүлөт, - анын масштабы, жайгашкан орду, үстөмдүк кылган маданияты, улуттук мыйзамдары жана башка факторлору эске алынууга тийиш. Силердин керектөөңөр эмнелер экенин өзүңөр чечесиңер, андан сырткары өзгөртпөй же ыңгайлаштырбай туруп эле ала турган ар кандай көп модель да бар

Ушул региондо иштеп жаткан башка уюмдардан, сиздин өлкөнүн ичинде же сырткары жайгашкан башка ЖМБ, теле борбор же жамааттык радиостанциянын идеяларын карап көрсө болот. Ошондой эле мындай уюмдардын уставы же иш кодекстери Интернеттен да табылат.

ЖМБны башкаруунун бардык аспектилери өз ара байланышкан. Уюштуруу иштерин сиз аябай кылдат ойлонушуңуз керек, анын ичинде канча каражат керектелерин, адам ресурстары боюнча стратегияны, ишти пландаштыруу жана мазмуну кандай болорун так аныктап алуу зарыл. ЖМБнын ишинде техникалык жана өндүрүштүк потенциалды түзүү, жакшы программаларды жана кызматтарды көрсөтүү сыяктуу орчундуу маселелер менен катар уюштуруу иштерине артыкчылык берилүүгө тийиш.

Адамдарга арналган уюштуруу иштериСилердин уюмдун негизин адамдар түзөт. Алар ЖМБнын бардык концептуалдык жана функционалдык канат бутактарында болушу керек.

ТармактарУюм иштеп жаткан жамааттын базасында - социалдык тармактуу чөйрөдө түзүлө баштайт. Идеалында ЖМБ - өзүнө коомдук кыймылдар жана жергиликтүү

ЖМБны уюштурууга жалпы сунуштар • демократчыл болгула;• жоопкерчиликтүү

болгула;• ЖМБга штаттагылар,

кызматкерлер, ыктыярчылар баарысынын катышуусун камсыз кылгыла;

• жамааттын бардык катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусун жана алардын өзүнүн кызыкчылыгын коргоого мүмкүндүк бергиле;

• бир жактын таламын талашып экинчи жакты кем кылбагыла;

• ийкемдүү жана бышык болгула.

Page 92: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

маалыматтык-коммуникативдик каналдарды бириктирген кеңири тармактын алкагындагы маалымат жыйноо объектиси болушу керек. Өз ара пайдалуу карым-катыштарды кармоо менен ЖМБ бир эле учурда тайпалар менен индивиддерден турган жергиликтүү тармактарга таянып дагы, аларды бекемдеп дагы иштей алат.

Кээ бир ЖМБлардын мурда түзүлгөн күчтүү тармактары болот: башка ЖМБлардын демилгелери өнүгүү максатын көздөйт, бул стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Медиа технологиялар менен МКТ кайсыл тармакта болбосун маанилүү роль ойношот.

ӨнөктөштүкЖергиликтүү тармактар өз ара ар түрдүү жана кең-кесири өнөктөштүк мамилелерди түзүшөт.

Кээ бир ЖМБлар ар кандай жергиликтүү медиа жана коомдук уюмдардын коалициясынан түзүлөт. Алардын курамына айрым учурда бийлик органдарынын өкүлү же жергиликтүү ишкерлер да киришет. Өнөктөштүк мамилелер, өзгөчө коалициялык формадагы өнөктөштүк мамилелерди башкаруу иштери оңой болбосо дагы алар өзүн актаган учурлар бар.

Сиздин ЖМБ эки же андан көп уюмдардын башын кошкон ар кандай бирикмелер (ассоциациялар) үчүн жана практикалык иш-чаралар үчүн ачык болушу керек.

АссоциацияларАссоциациянын күчтүү таасири жана анын сандык артыкчылыгындагы күчү ЖМБга ар кандай тоскоолдуктарга карабай байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Бул эл аралык өкмөттүк эмес “Чек арасыз журналисттер” уюмунун мисалында ачык көрүнөт. Мындай уюмдар кыйынчылык учурда абдан керек болот. Өзүн жакшы көрсөткөн уюмдарга мүчө болуу ЖМБга ишенимди бекемдеп, анын эл аралык нормалар менен стандарттарга өтүшүн жеңилдетет.

Сиздин ЖМБ биргелешкен иштерге абдан олуттуу мамиле кылышы жана каржыланган тармактардын ишмердигине активдүү катышуусу керек.

Электрондук почта менен Интернетти пайдалануу тармактык иштердин жакшы усулдары болуп саналат. Интернеттен пайдалуу интерактивдик талкууларды, кат алышууларды жана башка маалыматтык, интерактивдик ресурстарды тапса болот. Эгер мүмкүн болсо, улуттук, регионалдык жана ал түгүл эл аралык жолугушууларга катышкыла, бул тармактык иштер менен байланышкан болсо ого бетер жакшы.

Уюштуруу структураларыЖыйындар жана жоболорСиздин ЖМБнын ишмердиги айрым бир принциптер жана рекомендацияларга негизделген жана анын катышуучуларынын кызыкчылыгында иш алпарат. Расмий структура, анын жобосу жана катышуучулардын жыйындары сиздин ЖМБнын ишмердигинин негизин түзүүгө тийиш.

Page 93: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Ыйгарым укук алышкан катышуучулар чечим кабыл алууга катышуусу керек. Шайлоолор ЖМБга жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын коргоого жана прогрессивдүү өрнөк көрсөтүүгө талапты күчөтөт. Эгер шайлоо сырткы таасирлерден эркин жана саясий кысымга алынбай акыйкат өткөн учурда гана бул орундалышы мүмкүн.

Айрым учурларда ЖМБ расмий түрдө эле ишкердик жана мамлекеттик структура болууда мүмкүн. (Тиркемедеги Жобону карагыла).

Сиз тандап алган ЖМБнын түрү көп жагынан– укуктук, маданий жана практикалык, - ошондой эле уюштуруу структурасы боюнча, медиа каражаттарды жана технологияларды башкаруу

боюнча дагы сиздин өзгөчөлөнгөн чөйрө менен байланышкан.

Кагазда эмне жазылса анын баары турмушта ишке ашышы керек. Эң оболу бул уюмдун өзүнө тийиштүү. ЖМБ чынында эле жамааттын кызыкчылыгында иштеши абзел, бир эле учурда көз каранды эмес, коллективдүү жана кооперативдик мүнөзүн жоготпошу керек.

Медиауюмдар ар дайым көз каранды эместик принцибин карманууга тийиш. ЖМБ автономдуу түрдө укуктары жана өзүн өзү аныктоо механизмдери менен уюшулушу керек.

Өзгөчө улам өзгөрүп турган медиа чөйрөнүн контекстинде коомдук уюмдар жана коргоочу группалар жаңы жергиликтүү медиа каналдарды каржылап, ошонун натыйжасында ЖМБ жана башка медиа уюмдар көп пайда болууда.

Көз каранды эместик түшүнүгү жана практикасы медиа каналга болгон ишенимдин жана анын туруктуу иштешинин негизинде жатат.

МүчөлүкЖМБнын негизи сиздин жамааттын мүчөлөрү экенин кайталап эскертүүгө туура келет.

Иш нормаларыРедакциялык саясат жана журналисттик этика талкуулап макулдашып ала турган маанилүү маселелер болуп саналат. Көп өлкөлөрдө бийликтегилер сөз эркиндигин, маалымат алуу укуктарын, маалымат булактарына кайрылуу жана материалды тең салмак берүү тартибин аныктаган конституция же улуттук мыйзамдарды кабыл алууга жетишти.

Бул моделдер сиздин ЖМБнын редакциялык саясатында эске алынышы зарыл, ал жергиликтүү шартка жана муктаждыкка шайкеш келиши керек.

Радиостанцияга дайыма жергиликтүу бийликтен кысым көргөзүлүп турат, ошондуктан так иштелип чыккан редакциялык саясат жана жамааттын комитетинин колдоосу керек, алар радиожурналисттерди коргоонун маанилүү куралы болуп саналышат.

Кээ бир радиотармак региондорунда жамааттар координациялоочу топ түзүп, шайлоолорду чагылдырууда жетекчиликке ала турган принциптердин тизмесин бекитип алышкан. Жамаат радиосу жалаң гана жаңылыктар бөлүгүн жана агартуучу берүүлөрдү уктурушат. Кыска коммерциялык радиоберүүлөр болот, бирок саясий үгүткө жол берилбейт.

Page 94: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Расмий алганда, кооперация же башка уюм формасы аркылуу, же ыктыярчыларды, угармандарды, колдонуучуларды ишке тартуу менен “жамааттын мүчөлөрүн” “ЖМБнын мүчөлөрүнө” айлантышыңыз керек.

Идеалында, жамаат мүчөлөрү кеңири катышса ЖМБнын жергиликтүү менчигинин негизи түзүлөт, бул кайсыл борбор болбосун анын ишин ийгиликтүү кылып, жашоо жөндөмүн чыңдап берет.

Кеңештер жана комитеттерАларды “кеңештер”, же жумушчу топтор”, “байкоочу комитеттер” дейсиңерби же башкача атайсыңарбы, бирок сиздин жамааттын ЖМБга болгон укуктарына ээ болгон расмий орган болушу зарыл.

Иштин кайсыл жагы болбосун, чынында эле ошол тайпа иштеп берсе жакшы болмок; бирок иш жүзүндө көптөгөн ЖМБлар өздөрүнүн жумушчу органдары менен эч иши болбойт. Структурасына карабай ЖМБдагы башкаруу иштерин жакшы жолго коюп, чечимдерди ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү кабыл алууга жетишүү кажет.

Чечимдерди кабыл алууда, расмий документтер менен иштөөдө, башка бир өкмөттүк же жергиликтүү жамааттар менен иштөөдө расмий структуралардын ролу өзгөчө маанилүү. Сиздин комитет ЖМБнын бардык ишмердиги жамааттын кызыкчылыгын билдирип турушун жана борбор анын бардык мүчөлөрү үчүн ачылганын кепилдөөгө тийиш.

Жумушчу топторун түзүү Ар бир иш багыты боюнча жумушчу топторду түзүү аркылуу ишти натыйжалуу кылса болот. Сиздин ишиңиздеги артыкчылыктуу багыттарга жараша жумушчу топтор төмөнкүдөй тармактар боюнча түзүлүшү мүмкүн:

• радиодогу маданий программалар;• аялдар программасы;• окутуу программасы;• санитардык агартуу иштери;• жергиликтүү гезитти чыгаруу.

Ошентип, ЖМБнын ишине ар кандай адамдар – радиодогу музыкалык берүүлөрдү даярдоону каалаган мектеп окуучуларынан тартып СПИДдин жайылышына бөгөт коюу өнөктүгүнө катышкысы келген жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлерине чейин тартылышы мүмкүн.Кээ бир кеңештер.

Кооперативдер

Жамааттын мүчөлөрү жана тайпалары принцибинде жана факт жүзүндө ээси болуп кала алат?ЖМБнын уюштуруунун эң сонун моделдеринин бири болуп кооператив эсептелет, анткени анда адамдар активдүү катышат жана менчик укугу сыяктуу кызыкчылыктар эске алынат.Кооперативдер бир эле учурда жергиликтүү монополист болуп саналып, каржылык инвестицияларды башкарат. ЖМБ жамаат мүчө болуп активдүү катышарын кепилдейт. Мунун эң жакшы мисалы болуп Непалдагы Лумбини маалыматтык жана коммуникативдик кооперативи эсептелет. Лумбини радиосу жөнүндө кошумча маалымат бул жакта [email protected].

Page 95: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Комитеттер чакан штат менен же туруктуу кызматкерлери жок ЖМБлар үчүн негизги милдеттерди аткарууда аябай пайдасы тиет.

Кээ бир иш тармактарына өзгөчө олуттуу мамиле кылып, анын структурасын сиздин комитет же башка мекеме жооп бергендей кылып түзүш керек. Муну мындай жол менен ишке ашырса болот.

• Башкаруу: каржылар, каттоо;• координация: ыктыярчылар, окутуу, акча

жыйноо;• техникалык аспект: каражаттар,

жабдууларды тейлөө;• программа/мазмуну: жергиликтүү шартка

шайкештиги.

Операциялык системаларТуруктуу уюшулган башкаруу структурасы жана системасы, чечимдерди коллективдүү кабыл алуу жана үзүлбөгөн тажрыйба, билимдерди институтташтыруу ЖМБнын ишин жеңилдетүүгө жардам берет.

Бул структурага программалардын мазмунун аныктоо, каражаттарды колдонуу жана урунуу, каржыны башкаруу жана материалдык-

техникалык камсыздоо механизмдери кирет.

Бул иш-аракеттер ЖМБнын мүчөлөрү – негизги топ, штат жана ыктыярчылар тарабынан координацияланат. ЖМБнын ишин уюштуруунун принциби сиздин программалар жана анын мазмуну негизделген теңчилик жана социалдык адилеттик принциптерине эле негизделет.

Кеңешилген, макулдашылган жана коллективдүү чечимдер зарыл жана алар акыр аягында пайдалуу болот. Ишти топтордо жана ар башка структураларда уюштуруу күчтүү инсандарга ашыкча көз карандылыктан кутулууга жана ишти коллективдүү уюштурууга мүмкүндүк берет.

Эгер биз ЖМБнын коомдук борборлор деп атасак, анда жаңычылдыкты жана эксперименттерди жайылтууда анын маанисин таанышыбыз керек. Алар жамаат мүчөлөрүнүн жергиликтүү суроо-талаптарды канааттандырган чыгармачылык шык-кудурети ачылып иштей турган жер болуп эсептелет.

Уюшкандыкта өнүгүү ЖыйындарНегизги кызматкерлер, берилген ыктыярчылар жана комитеттин активдүү мүчөлөрү жалпы маселелерди жана жеке жоопкерчиликтерди талкуулаш үчүн байма-бай жыйындарды өткөрүп турушу керек.

Милдеттерди жана иштерди бөлүштүрүүЖетектөөчү органдар (адатта ыктыярдуулардын) менен акы төлөнгөн кызматкерлердин ыктыярчылардын мамилеси татаал болот. Адатта, акы төлөнгөн персонал күнүмдүк иштин көбүн аткарат жана пландалган иш чаралардын баарын жүргүзөт.

Ыктыярчылардын айрыкча радиодогу иштерге, уюштуруу, маалыматтарды даярдоо сыяктуу иштерде абдан кереги тиет.

Жетекчилик кызматкерлерди көзөмөлдөп, каттоо иштерине байкоо салып, жамааттын сырткы уюмдар менен жакшы карым-катышын камсыз кылат.

Page 96: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул жерде идея ЖМБны топтор менен координациялап башкаруу системасын түзүүдө турат. Жыйындарды ЖМБнын негизги тобу бардык башкы иш чараларга катышкыдай кылып уюштургула. Жарыя такталары жана электрондук почта сыяктуу эле жыйындар байланыштын негизги каражаты болуп саналат.

Жыйындарды уюштурууга кеңештерЖыйындар эртеби-кечпи аяктай турганын эске алгыла. Алар талаптагыдай өткөрүлүшү керек.

• Жыйындын төрагасы болуш керек. Көз каранды эмес төрага катышуучу болбойт, бирок ал маселелерди талкуулоо процессине жооптуу болушу керек.

• Күн тартиби белгилүү бир тартипке жооп бериши керек.o Мурдагы документтерди жактырууу;o ЖМБнын ишмердигинин баяндамасы;o Алдыда турган милдеттер;o жаңы элементтер;o Кат-кабарлар жана жумуштап келгендер.

• Жыйындар ийкемдүү жана адамгерчиликтүү болушу керек, ошондой эле күн тартиби болуп, талкууга убакыт чектелиши абзел. Төрага жыйынды акыйкат жана натыйжалуу алып барышы керек.

• Жоопкер адамдарды дайындагыла жана келерки жыйында аларды уккула.• Жыйындар мазмундуу болуп, ар бир адамга ой-пикирин айтууга мүмкүнчүлүк

берилиши кажет.• ЖМБнын катышуучуларынын алдында ачык-айкын жана отчет бергидей

болгула: күн тартибин алдын ала таркатып, убактыны сарамжал урунгула.• Жыйындарды байма-бай өткөргүлө, күнүмдүк кыска же ар апта сайын, ай

сайын чоң жыйындар өтүшү мүмкүн.

Өнүгүү саясатыШтат кызматкерлеринин жана комитеттердин иш милдеттери так аныкталып жазылып коюлушу керек. Кызматкерлердин колунда жазылып коюлган иш милдеттери болууга тийиш, а комитеттерде түшүнүктүү шилтемелер болушу кажет. Документтердин ачык болушу ар бирөөнүн ролу менен милдеттерин так түшүнүүгө жардам берет.

ЖМБны уюштуруу системаны жана саясатты өнүктүрүүгө убакыт карашы керек.

Стратегиялык пландаштыруу жана уюштуруучулук өнүгүү Жергиликтүү ресурстар менен жергиликтүү керектөөнү канааттандырууга эсептелген изилдөөлөрдү жүргүзүү, пландар менен

Сиздин ЖМБ ушул иш-чараларды өткөрөбү?• Каражат жыйноо:

o Рекламлык иштер;o Каражатты тактоо.

• Адам ресурстары:o Жалдооo Баалоо;o акыйкаттык.

• Программалоо:o ой-пикирди эркин

билдирүү;o жек көрүүнү,

бузукулукту жайылтууга тыюу салуу,

o шайлоо өткөрүү боюнча сунуштар.

Page 97: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

стратегияларды даярдоо сыяктуу уюштуруучулук өнүгүү процессине ЖМБлар катышып турушу керек.

Мындай ишмердиктин мисалы катарында бизнес-план, маркетинг, каражат жыйноо жана адамдарды уюштуруу өнөктүктөрү сыяктуу атайын стратегияларды иштеп чыгууну келтирсек болот.

Кеп-кеңештер жана кайтарым байланыш Байма-бай жүргүзүлгөн изилдөөлөр ЖМБнын колдонуучулары жана катышуучулары, алардын керектөөлөрү тууралуу маалыматка ээ болууга жардам берет.

Айылдагы кабарчылар радио берүүлөр кандай угулуп жатканын, тили жана мазмуну канчалык жеткиликтүү болуп жатканын айтып бере алышат. Алар жыйындарды өткөрүп, суроо берип, ой-сунуштарды бергиси келип калышы мүмкүн.

Сенгерема теле борбору (Танзания). Менеджер жамаатка борбордун маанисин түшүндүрүүдө.

Кээ бир жерлерде угармандардын уюшкан топтору түзүлүп, башкаларында кошулууну

каалоочуларга ассоциациялашкан мүчөлүк сунушталат. ЖМБнын ишине кичине да болсо салым кошуп, анын жыйындарына келип, ой-пикир айтып, болочок пландарды курууга катышкандарды катарга кошулду десе болот.

Жогоруда келтирилген структуралар эң маанилүү радио угармандар жана маалымат технологияларын колдонуучулар менен тыгыз байланышты камсыз кылат. ЖМБ өскөн сайын анын уюштуруу структуралары дагы өзгөрүп турат. Жетекчиликтин, эрежелердин жана байланыш каналдарынын так жана баарына анык болушу маанилүү.

Ян Прингл жана Полли Гастер

ЖМБга келгендердин баарын каттоого алуу абдан пайдалуу, жок дегенде алардын жынысын, курагын жана келген максатын көрсөтүү туура болот. Бул бир топ убакыттан кийин белгилүү бир тенденцияларды көрүүгө жана кайсыл кызматтан адамдар көп пайдаланып жатканын аныктоого, кайсылары көп керектелбей жатканын билүүгө мүмкүндүк берет. Ошондо мезгилдүү обзорлорго таянып, колдонуучулардан каалоо-тилектерин аныктап алууга болот.

Page 98: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жамааттардын, катышуучулардын жана

колдонуучулардын катышуусу

Анриэтт Эстэрхаузэн

Page 99: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Жамаат деген эмне? Жамааттар жана алардын

муктаждыктары түшүнүгү ЖМБ жамааттын проблемаларын

чечүүдө кандай роль аткарат? Жамааттын ЖМБнын ишине

катышуусу Башкалар менен иштөө

Page 100: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жамааттардын, катышуучулардын жана колдонуучулардын катышуусу

Жамаат деген эмне?“Жамаат” деген түшүнүккө аныктама берүү дайыма эле оңой боло бербейт. Эгерде аныкталган бир белгилүү коомчулукка шилтеме жасабаса, анын колдонулушу өтө эле белгисиз болушу ыктымал. Ошол эле учурда ал социалдык адилеттүүлүккө жетүү боюнча ишке жана өнүктүрүүгө карата борбордук болуп саналат. “Жамаат” деген түшүнүк адамзаттык ченди кошумчалайт. “Жамаатты өнүктүрүү” жана “жамааттын ыйгарым укуктары” маселелерин талкуулоодо алардын максаты күнүмдүк турмушка таасирин тийгизүүчү чечимдерди кабыл алууга катышууну кеңейтип, ресурстарга жетүүнү жакшыртуу менен конкреттүү адамдарга пайда алып келүү экендигин эсиңерден чыгарбагыла.

Жалпысынан “жамаат” деген термин бири-бири менен жакын жашаган, жалпы муктаждыктары, кызыкчылыктары, турмуштук тажрыйбасы, маданий же диний мүнөздөмөсү, жалпы баалуулуктары же жалпы иш-чаралары болгон белгиленген бир түрдө бири-бири менен байланышкан адамдардын тобуна таандык.

Жамаат жөнүндө сөз болуп жатканда “адаттагы” жана “коммуна” деген сөздөр менен ойлонуу пайдалуу.

• “Адаттагы” жалпысынан жамааттын мүчөлөрүнө таандык жана топту белгилүү бир коомчулук катары аныктаган мүнөздөмөлөрдү көрсөтүп турат.

• “Коммуна” жамаатты түзүүчү жана колдоочу байланыштын жана өз ара аракеттенүүнүн элементин белгилеп турат.

Сиздин жамаатыңыздын курамынын схемасын түзүү маселелери “Иштин уюштурулушу” деген бапта талкууланган. Бул жерде биз жамааттын маалыматтык муктаждыктарын идентификациялоо үчүн мамиле кылууну колдонобуз.

Негиз кылып алынган жер катары, төмөндө келтирилген 1-мисал жамааттардын типтерин жана жалпы мүнөздөмөлөрдү көрсөтөт, алар адамдардын топторун “жамаатка” айлантат. Кыска көнүгүү катары ушул ар бир жамааттын маалыматтык муктаждыгын эмне түзөөрү жөнүндө өзүңөрдүн оюңарды оң жактагы тилкеге толтургула.

Page 101: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

1-мисал

Жамааттын мүчөлөрү

Жамааттын түрү

Жалпы мүнөздөмөлөр Маалыматтык муктаждыктар

Айылдын же шаардын тегерегиндеги жашоочулар

Географиялык/ Жайгашкан жери

Жашоочулар жашаган жери жана жергиликтүү шарттар боюнча, жергиликтүү бийлик органы, лидерлер, кызмат көрсөтүүнүн провайдерлери

Замбиядагы жамааттар радионун журналисттери

Кесиптик/ Ушул сыяктуу иш тажрыйбасы

иштин түрү боюнча көндүмдөрү, жөнгө салуучу чөйрө

Сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан балдар

Колдоо тобу Жаракат алуунун жана реабилитациянын ушул сыяктуу тажрыйбасы

Католиктик миссионерлер

Диний/иштин түрү боюнча

Ишеним, диний баалуулуктар жана иш тажрыйбасы

ВИЧ/СПИД менен ооруп калган адамдар

Колдоо тобуАктивисттер тобуКоргоо тобу

Тажрыйба, коргоо максаты дарыланууга жана медициналык тейленүүгө ж.б. муктаждык

Колдонуучулар жана катышуучуларЖМБ болгон учурда сиздердин колдонуучулар жана катышуучулар максаттуу коомчулуктун бир бөлүгү болот. “Колдонуучуларга” ЖМБнын кызмат көрсөтүүлөрүн колдонгон адамдар, ал эми “катышуучуларга” – ЖМБнын ишинде, анын максаттарында жана көрсөтүлүүчү кызматтарда “үлүшү” же белгиленген бир кызыкчылыгы бар адамдар же адамдардын топтору кирет. Кээде сиздердин кызмат көрсөтүүлөрдү башка максаттуу коомчулуктун өкүлдөрү колдоно алат, мисалы, башка региондордо негизделген башка ЖМБлар же уюмдар. Катышуучулар – “колдонуучуларга” караганда көбүрөөк. Алар ЖМБны өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктап жана кайра байланышты камсыз кылып, ЖМБны түзүүгө алып келүүчү процесске камтылууга тийиш.

Бул бапта катышуучулар өзүнчө каралбайт, анткени сиздердин максаттуу коомчулук же жамааттар катышуучулар сыяктуу эле сиздердин ЖМБны колдонуучулар болуп саналат.

Ишке киргизүү процессине камтылуучу колдонуучуларды жана катышуучуларды аныктагыла, мында бул маселени ЖМБнын штаты, өз ыктыяры менен чыгуучулар, сиздер биринчи кезекте тартууну каалаган жамаат, жамааттар тобу жана кызыкчылыктар боюнча топтор сыяктуу өнөктөштөр же донорлор менен талкуулагыла; ушул топтордун “үлүштөрүн” жана кызыкчылыктарын талкуулагыла жана сиз жана сиздин топ таандык болгон коомчулукту идентификациялагыла.

Page 102: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Кайсы жамаат сиздердин ишиңиздердин обьекти болуп саналат?Сиздер кимге кызмат көрсөтүүгө ниеттенип жатасыздар? Коңшулук боюнча, провинцияда же региондо жашаган адамдаргабы? Же сиздердин ЖМБ чакан кредиттөө чөйрөсүндө иштеген аялдар же пахта өстүрүүчү фермерлер сыяктуу белгиленген бир жамаат менен иштөөнү каалайбы?

Сиздердин ишиңиздердин обьекти жөнүндө так түшүнүк болушу керек, ал төмөнкүлөр үчүн зарыл:

• иш-чараларды жана сиздердин ЖМБ көрсөтүүчү кызматтардын тизмесин пландоо;

• ЖМБнын жайгашкан жерин тандоо;• грант же кредит алуу үчүн кайрылуу;• эгерде ЖМБ басылма чыгарса же анын

радиостанциясы болсо, жарнамалык орунду сатуу.

Ушуга жараша сиздер персоналды тандап, иштөө тилин же тилдерди аныктап, маалыматтарды чогултуп жана жайылтасыздар.

Региондо башка жамааттар барбы?Кээде бир нече жамааттар менен иштөөнү каалоо болушу мүмкүн. Мисалы, Түштүк

Африкадагы Йоханнесбургдун чет жакасындагы турак райондордогу ЖМБнын ал жерде акыркы он жыл жашаган адамдар, ошондой эле коңшу чет жактарда мыйзамсыз курулуштарда жашаган, Мозамбиктен келген жумушчу мигранттардын жаңы жамааты менен иштөөгө кызыкчылыгы пайда болушу мүмкүн.

Бул эки жамаат бири-биринен айырмаланат, алардын өкүлдөрү түрдүү тилдерде сүйлөйт жана белгиленген бир чөйрөдө алардын маалыматтык муктаждыктары дал келишпейт, башка чөйрөлөрдө олуттуу түрдө айырмаланат. Мисалы, жумушчу мигранттарда мыйзамдуу да, ошондой эле мыйзамсыз да мигранттардын укуктарына тиешелүү маалыматка муктаждык болушу мүмкүн.

ЖМБнын ишине аялдардын жетүүсү жана катышуусуМаалыматтык технологиялар гендердик мамиледе бейтарап болуп саналат деген божомол көп учурда жаңылыш болуп эсептелет. Бул түшүнүк көп учурда аялдарды жана кыздарды кошпойт. Аялдар жамааттын байланыштар жана радионун маалыматтык технологияларын колдонууга кызыгат жана ЖМБлар аялдардын бардык деңгээлде катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып, аялдардын кызыкчылыгын жана алардын муктаждыктарын көңүлгө алуусу керек.

Жамааттын көпчүлүк радио- жана теле борборлору көп учурда маданий, салттуу, социалдык, экономикалык факторлорду жана убакыт боюнча чектөө факторлорун көңүлгө алышпайт, ага аялдар алардын жамаатында туш болушат жана ошондуктан алардын аялдарга жана кыздарга кайрылууда жолу болбойт.

Жамааттын мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдон келишинче көбүрөөк колдонууга аракет кылгыла

Мисалы, ЖМБнын контекстинде майып аял-фермер аял-фермерлердин жамаатынын, ошондой эле майыптардын жамаатынын активдүү мүчөсү боло алмак. Эгерде сиздердин ЖМБ аял-фермерлер менен жакшы байланышта болсо, сиздер районуңуздарда жашаган майыптар менен мамилени өнүктүрүү үчүн ушул өзүнчө аял менен иштей алмаксыздар.

Page 103: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Нэнси Дж. Хафкин жана Соня Хорхе аялдардын толук катышуусу үчүн айрым алдын алуучу шарттарды баяндайт. Сиздердин мамиле кылуунун негизинде долбоордун аякташында же ортосунда эмес, аны ишке ашыруунун башында эле, гендердик мамиледе сергек адамды тандоо болушу керек.

Дженис Бродман аялдардын маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй талаптарды көрсөтөт.

• Активдүү иш-чараларды жүргүзгүлө: Жарнамалык баракчаларды таратуу же жолугушууларды өткөрүү сыяктуу көптөгөн активдүү методдор аялдардын сабатсыздыгынан жана жолугушууларга баруу үчүн убакытынын жоктугунан аларга жетпейт. Үй-бүлөдө көп учурда коомдук жайларга баруу жана түрдүү иш-чараларга катышуу эркек кишинин укугу болуп саналат.

• Финансылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылгыла: Аялдар көп учурда үй чарбасын жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болгондуктан, алар биринчи кезекте азык-түлүк жана башка зарыл товарларды сатып алышат жана андан кийин гана Интернетке акчасын корото баштайт.

• Оңой жетүүнү камсыз кылгыла: Эгерде ЖМБ алыс жайгашса, аялдарга кечкисин кайра келүү кыйын болуп калат, борбор аялдар салттуу түрдө өз алдынча барбаган жерлерде жайгашпашы керек.

• Окутууну камсыз кылгыла: аялдар жана эркектер үчүн билим берүү муктаждыктары түрдүү болушу мүмкүн; аялдар компьютердик сабаттуулуктун негиздерин окууга муктаж болуп турганда, көпчүлүк эркектер тейлөө чөйрөсүндө колдонулуучу көндүмдөрдү окууга муктаж болушат. Тил билүү (англис) жана сабаттуулук деңгээлинин айынан түрдүү деңгээлде окутуу зарыл болушу мүмкүн.

• Орундуу экендигине кепилдик бергиле: Аялдардын графиги оор жана жумушу өтө оор болгондуктан алар ЖМБнын иш-чараларынын керек экендигине ишениши керек. Алар тез арада аракет болууну жана алардын катышуусунан пайда чыгаарын көрүшү керек.

• Ишенимди жаратуу: Эгерде жаш кыздарга жана аялдарга техникалык мүнөздөгү жана алар үчүн эмес, жамааттын ишине тиешелүү болгон көптөгөн иш-чаралар бар деп айтса, алар өздөрүнүн күч-аракетин башка иш чөйрөсүнө багыттайт. Аларды бул мындай эмес деп ишендирип, аларда өзүнүн күчүнө ишенимди жаратуу зарыл.

• Катышууну чыңдоо: Аялдарды борбордун ишине катышууга жөн гана чакырып коюу жетишсиз, аларды көптөгөн алдын ала шарттарды аткарттырбастан, аларга эфирдик убакыт, компьютерлерди ж.б. берүү мүмкүндүгүн ойлонуштуруу зарыл.

Бардык адаттагы тоскоолдуктарга туш болбоо үчүн ЖМБнын иш-чараларын пландоонун эң алгачкы стадиясында гендердик мамиледен кутулуу керек. Кутулуу дегендик аялдардын эле эмес, ошондой эле үй чарбасын жүргүзүү, фермада иштөө ж.б. боюнча көбүрөөк жоопкерчиликти өзүнө алып, аялдардын катышуусун колдоодо эркектердин да аң-сезиминин өсүшүн билдирет. Жамааттын аялдары ЖМБ жана жамаат ийгиликке жетишүү үчүн чоң күч-кубатка ээ; биздин милдет жамааттын кызыкчылыгында аны толук ачуу болуп саналат.

Бьянка Мильоретто

Тема боюнча кошумча маалымат

• “Аялдар жана коммуникация”, Women in Action 2/2002, Isis International, Манила.• http://www.isiswomen.org• Соня Хорхе, Теле борборлордун гендердик келечектери, ITU-Telecom Americas 2000 жана

“Гендердик МКТ-долбоорлор: Жетектөөчү принциптер”, Гендердик методология боюнча семинар үчүн даярдалган, APC-WNSP, май 2002• GEM – Гендердик баа берүү методологиясы: Келечектеги өзгөрүүлөр үчүн изилдөө, APC

WNSP баа берүү модели: http://www.apcwomen.org/gem/learning4change/

Бул жамаатта “чакан” жамааттар же топтор барбы?

Page 104: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Сиздер кайрылууну каалаган негизги жамаатты идентификациялагандан кийин, ал сиздер кеңеш алып, маселелерди карашыңар керек болгон кичирээк чакан коомчулуктарды жана белгиленген бир топторду камтыбастыгын карашыңар пайдалуу. Мисалы, эгерде чоң бир кыштактын жашоочулары сиздердин алгачкы коомчулук болуп саналса, сиздер бул коомчулуктун алкагында чоң коомчулуктан айырмаланган диний топтор бар экендигин билмексиздер.

Сиздер иштеп жаткан жамаатты түшүнүү эмне үчүн маанилүү? Көп себептер бар, алардын ичинде:

• ЖМБнын “рыногунда” сиздер иштеп жаткан жамаат же жамааттар, башкача айтканда максаттуу колдонуучулар, аудитория, колдонуучулар жана угуучулар. Алар ким болуп саналгандыгын жана алардын кандай муктаждыктары бар экендигин түшүнүү – жападан жалгыз багыт, сиздер ал багыт боюнча кетип олуттуу мазмунду жана зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кыла аласыздар. Айрым адамдар бул процессти “рыноктук аныктама жана талдоо” деп аташат.

• ЖМБнын легитимдүүлүгү же узак мөөнөттүү турмушка жөндөмдүүлүгү жамааттын тартылышына, ЖМБнын колдоосуна, катышуусуна жана учурдагы муктаждыктарга ылайык келишине жараша болот. Сиздер муну “жамааттын катышуусу жана монополдук пайдалануу” деп эсептемексиздер.

• жамаатты чыңдоо Сиздердин негизги максатыңыздардын бир бөлүгү болуп саналат – мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ресурстар жана колдоо менен камсыз кылуу, жергиликтүү же улуттук өкмөттүк иш-чараларга коомдук катышууну жеңилдетүү же жолугушууларды биргелешип өткөрүү жана тажрыйбаларды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Булардын бардыгы “өнүктүрүү максатында жамааттын ыйгарым укуктарын бекемдөөгө” түрткү болот.

Тана кыштагынын максаттуу ЖМБлары

Тана кыштагы – Түштүк Африкадагы кичинекей кыштак, анда көпчүлүк адамдар жумушчу мигранттар болуп саналган же пахта өстүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин эсебинен оокат кылат. ВИЧ-инфекция менен ооругандардын саны жогорку деңгээлде, ошол эле учурда мобилдүү клиника болгондуктан шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жакшы уюштурулган.

Page 105: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Диаграмма 1

ЖМБнын артыкчылыктуу максаттары болуп пахта өстүрүүчү фермерлер үчүн жаңы көндүмдөргө үйрөнүү, киреше алуунун жаңы ыкмаларын табуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана аларга ВИЧ-инфекциянын алдын алуу жана дарылоо боюнча маалыматтык жана коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү саналат. Артыкчылыктуу топ – пахта өстүрүүчү фермерлер, алардын көпчүлүгү ВИЧ-инфекция жуктуруп алган.ЖМБ мектеп окуучуларына китепканаларды жана окуу компьютердик борборлорду сунуш кылып, алар менен активдүү иштейт.

Жогоруда 1-диаграммада ЖМБ менен ВИЧ-жуктуруп алган коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосундагы жебе ЖМБнын кызматкери бар экендигин көрсөтүп турат, ал акысыз дарылоону камсыз кылып, ушул үй-бүлөнүн алкагында активдүү иштейт. Шашылыш медициналык жардам көрсөтүү пунктунун пунктири ЖМБнын компьютерлер боюнча инструкторунун жубайы – доктур экендигин көрсөтүп турат, ал мобилдүү клиниканын ишин камсыз кылат.

Сиздердин жамааттагы муктаждыктарга, кызыкчылыктарга жана өз ара мамилелерге талдоо жүргүзүүЖамааттын муктаждыктарын жана алдын ала изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана өздүк маалыматтарды топтоонун динамикасын аныктоонун көптөгөн ыкмалары бар.

Алдын ала изилдөөТөмөндө келтирилген типтүү суроолордун айрымдарын берип, сиздердин жамааттын тарыхын жана учурдагы социалдык-экономикалык жагдайды билиңиздер. Айрым жооптор жамаат тууралуу канча маалымат катталгандыгына жараша болот. Маалымат бир кыйла деңгээлде адамдардын билүүсүнө, эстешине жана тарыхка байланыштуу экендигин эсиңиздерден чыгарбагыла.

ВИЧ жуктурганда

р

Пахта өстүрүүчүлөр

Тана кыштагындагы

ЖБМ

Медициналык кызматкерлер

Мектеп окуучулары

Page 106: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жамааттын тарыхы жөнүндө суроолор• Жамааттын түзүлгөндүгүнө канча

болду?• Жамаатты түзүүгө кандай себептер

түрткү болду? Ал кандай себептер эле?• Бул жамааттын тарыхы жалпысынан

өлкөнүн же региондун тарыхына кандайча жазылат?

• Бир нече убакыттан кийин жамаат кандайча өзгөрдү?

Социалдык, маданий жана экономикалык факторлор жөнүндө суроолор• Кирешенин негизги булактары кандай?• Социалдык түзүм, этностук саясат, тил

жана диний тажрыйба?• Жамааттын ичинде белгиленген бир

чыр-чатактар барбы, мисалы, түрдүү диний топтордун арасында же жер участокторун бөлүштүрүү боюнча же соода кылуу эрежелерине байланышкан?

• Элдер кандай эс алышат жана маданий калыптануу формалары? Жамааттагы аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын жана майыптардын статусу?

Төмөнкү маалымат булактарына жетүүгө аракет кылып көргүлө:• улуттук статистикалык маалыматтарга, аны өкмөттүн статистика бөлүмүнөн

аласыңар;• жергиликтүү бийлик органынын кызмат адамдарына;• эс тутуму жакшы жана кадыр-барктуу улуу курактагы адамдарга.

Жамаат кандай уюшулгандыгы тууралуу суроолор• Жоопкерчиликтин жана лидерликтин айрым формасы менен үй-бүлө

уюштурулдубу?• Лидерлер кандайча тандалып алынды же идентификацияланды? Курагы,

диний абалы, мураска ээ болуусу, тандап алуу, айландыруу боюнча?• Кайсы облустар лидерлик башкарууга ээ? Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш

кылып, жергиликтүү бийлик органы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жерлерди бөлүштүрүү ж.б.

Өзгөрүүлөрдү алдын ала көрө билүүСиздер ЖМБ менен иштөөнү улантып жаткандыктан, сиздердин жамааттын алгачкы талдоосун жана анын муктаждыктарын кайрадан текшерүү зарыл. Сиздер жаңы жамааттар пайда болгондугуна да баа беришиңиздер керек. Алсак, кургакчылык же чыр-чатактар адамдардын жаңы тобун жаңы жана түрдүү тили жана маалыматтык муктаждыктары бар коңшу аймакка көчүүгө мажбур кылат же сиздердин колдонуучулардын учурдагы жамааттары фабрикаларда жумушчу орундардын аздыгынан жумушчулардын көп болушуна байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн, бул сиздердин жамаатта көчө сатуучуларынын көбөйүшүнө алып келет.

Page 107: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Белгиленген бир мезгилде жамаатта болгон өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү пайдалуу. Ушул өзгөрүүлөрдүн айрымдарын көрсөтүү үчүн жамааттын хронологиясын тарткыла.

Мисал:

Сиваль формалдуу эмес жамаатынын тарыхы(Дурбандагы элестетилген жамаат, Түштүк Африка)

1980-ж.- Лемонтвилден мажбурлап көчүргөндөн кийин биринчи үй-бүлөлөр келген.

1982-ж. -Сиваль поселогунун курулушу.

1986-ж.-Сиваль “алтылыгынын” камакка алынышы жана Мэтью Мпангоздун өлүмү.

1987-ж.-Сиваль коомдук борбору (Мэтью Мпангоздун атындагы)

Cкандинавия чиркөөсүнүн колдоосу астында түзүлгөн.

1987- 1990-ж. Сиваль жамаатынын мүчөлөрүнүн саны Түштүк Африкада мыйзамдардын өзгөрүшүнөн кийин провинцияга көчүп келген жаңы байыр алгандардын келишинин натыйжасында үч эсеге көбөйгөн.

1992-ж. - Сиваль аялдар тобу соодагерлердин тармагын колдоочу майда бизнести түзгөн.

1994-ж. - жаңы постапартеиддик өкмөт Түштүк Африкадагы бийликке келген.

1995-ж. - Сиваль таксопаркынын курулушу.

1997-ж.- Сиваль жамааты жер жөнүндө талап койгон, алар 1980-жылы ал жерден көчүрүлгөн.

2000-ж. - ВИЧ/СПИДден өлүмдүн көбөйүшүн биринчи жолу моюнга алышкан, өкмөттүк эмес уюмдар Сивалда иштөөнү баштаган.

2001-ж.- Өкмөт Сивалда 10 000 имараттын долбоорунун жана курулушунун схемасын баштаган, алар 2 жылдын ичинде курулмакчы

2002-ж. - Мозамбиктен мыйзамсыз иммигранттар тобунун келиши.

2003-ж. - Сивалда туулган футболист Вуси Муса “Бафана-Бафана” улуттук курамага киргизилген жана Сенегалга каршы оюнда чечүүчү гол киргизген. Жашоочулар анын энеси турган үйдүн жанында майрамдашкан.

... жана башкалар.

Көнүгүү

Азыр 2004-жыл жана сиз Сивалда ЖМБны белгилеп жаткан топтун мүчөсүсүз. Жогоруда айтылган графикти караңыз. Кандай маалымат сиз үчүн андан ары пландоодо өзгөчө маанилүү болот?

Сиздин өздүк маалыматтарды топтоңуз

Page 108: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашырса болот:

• колдо бар ресурстардын жана демилгелердин схемасын түзүү, мисалы, гезиттер, радиостанциялар, уюмдар, ишкерлер, өзүн-өзү өркүндөтүү топтору;

• жолугушууларга жана окуяларга баруу;• жамаатта иштеген адамдар менен баарлашуу, мисалы, башка уюмдар же

кызмат көрсөтүүчүлөр;• формалдуу жана расмий эмес түрдө жамааттын мүчөлөрү же топтор менен

түздөн-түз баарлашуу.

Жолугушууларга жана окуяларга барууЖолугушууга жана окуяларга барганда эмне болоорун билгиле жана сиздердин ЖМБдан кимдир-бирөө ага байкоо жүргүзүп жаткандыгына ынангыла. Сиздер жергиликтүү бийлик органынын жолугушуусуна барып, өзүңүздөрдүн жамаат үчүн маанилүү болуп саналган проблемалар тууралуу биле аласыздар. Мисалы, көчөдөгү соодагерлер менен болгон проблемалар. ЖМБнын иши журналисттердин ишине абдан окшош.

Жамаатта иштеген адамдар менен баарлашууСиздер схема түзүү менен жамааттагы кызмат көрсөтүүчүлөрдү жана уюмдарды аныктайсыздар. Жамааттын маалыматка муктаждыгын, пландарды жана чакырууларды талкуулоо үчүн алардын дайындалышын аныктагыла. Маектешүү үчүн суроолордун кыскача тизмесин иштеп чыккыла. Алардын иши жана уюштуруу муктаждыктары, аларды колдонуу жана телефон, Интернет сыяктуу МКТлар менен иштөө жөнүндө билгиле. Алар кандай радиостанцияларды угууну жактырат? Алардын маалыматтык муктаждыктарына жооп берүү үчүн радио чынында эле жетиштүүбү?

Жамааттын мүчөлөрү менен түздөн-түз баарлашууСиздер автобуста, таксиде жана жадагалса универмагда кезекте турганда адамдар менен баарлашып, муну формалдуу жана расмий эмес түрдө жасасаңыз болот.

Маалыматты кантип топтоп жана сиздердин жамааттын муктаждыктарын кантип

Түрдүү келечектерди урматтагыла жана баалагыла

Кандай гана болбосун проблемага же жагдайга баа берүүнүн көптөгөн ыкмасы бар. Келечектердин диапазонун карап чыккыла жана калыс ой-пикирди сактагыла, анткени жазылган нерсе дайыма эле чындык боло бербейт. Бир жамааттын кызыкчылыгы башка жамааттын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн – бул ЖМБ үчүн каалаган жамааттын маанилүүлүгүн өзгөртпөөгө тийиш. Мисалы, жашоочулар коопсуздук үчүн полиция түнкүсүн көчөлөрдү патруль менен кайтарышына кызыкдар, бирок бул тиешелүү кызматын аткарып жана бул үчүн акы албаган полиция кызматкерлеринин кызыкчылыгына каршы келет.

Сенгерем теле борборунан банту барабанчылар тобу жамаатта телефонду колдонууну көрсөтүүдө.

Page 109: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

түшүнүү керек экендиги жөнүндө практикалык окуу куралы катары ЮНЕСКОнун телеборборлор тууралуу нускоосун караңыз. Сиздер бул китепти Интернеттен, төмөнкү дарек боюнча таба аласыздар http://unesdoc.unesco.org/images/0012/001230/ 123004e.pdfor же Сизге көчүрмөсүн салып жиберүү өтүнүчү менен ЮНЕСКОго кайрылсаңыз болот.

ЖМБ жамааттын проблемасын чечүүдө кандай роль ойнойт?Жамааттын схемасын түзүүгө жана проблемаларды аныктоого жараша сиздер ЖМБ аларды кандай чечээрин ойлонушуңар керек.

Маалымат жана байланыш талдоого жүргүзүүгө муктаж

Алгач ушул проблемалардын өңүтүндө маалыматтын жана байланыштын муктаждыктары тууралуу ойлонгула. Мисалы, ВИЧ/СПИД катуу тараган жамаатты алалы – бул пациенттер, СПИД менен ооруган адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жеткиликтүү болгон камкордук жөнүндө маалымат. Алдын алуу жана дарылоо тууралуу каалаган маалымат чындыгында эле жеткиликтүүбү? Мектеп окуучулары билим бере турган жана суроолорго жооп табууга жардам берген маалыматтарга жеткенби? Саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерде кыйла квалификациялуу жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүчү маалыматтар барбы? ВИЧтин жайылышынын алдын алууну колдоого муктаждык барбы? ВИЧтин балдарга жугушу тууралуу бардык энелер билеби? (Жогоруда келтирилген жамааттын муктаждыктарына талдоо жүргүзүүнү караңыз.)

Маалыматтын учурдагы булактарыАндан кийин жамааттын мүчөлөрү маалымат менен кандайча алмашаарын түшүнүүгө аракет кылгыла. Маанилүү маалыматтык түйүндөрдү идентификациялоо үчүн жамааттын схемасына талдоо жүргүзгүлө.

Мүмкүн болсо ар дайым, учурдагы кызмат көрсөтүүлөр сиздер мурда аныктаган муктаждыктарга канчалык деңгээлде жооп берээрин баалагыла. Кандайдыр бир кемчиликтер барбы? Элдер жергиликтүү клиникада алса боло турган колдоонун тиби жөнүндө билишеби? Көп учурда маалыматтык кызматтар начар иштейт, анткени элдер алар жөнүндө билишпейт. ЖМБ бул кемчиликти жоюуда маанилүү роль ойнойт.

ЖМБнын жоопкерчилиги: маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүАндан кийин ЖМБ жамааттын негизги проблемаларына жана чакырууларына жооп катары камсыз кыла турган кызмат көрсөтүүлөрдү аныктагыла.

Маалыматтар жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн мисалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:

• элдер ЖМБда колдонуп же ЖМБда прокатка ала турган жазуу жүзүндөгү материалдар, мисалы, китептер, журналдар, брошюралар;

• элдер ЖМБда топтоп жана окуп чыгуу үчүн үйүнө алып кете турган материалдар, мисалы, брошюралар;

Page 110: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• көрсөтмө материалдар, мисалы, постерлер, комикстер жана мультфильмдер; маалыматтык кызматтардын тизмеси;

• радио берүүлөрдүн программалары, мисалы, ток-шоу, көңүл ачуучу берүүлөр, маектер;

• коомдук жолугушуулар жана талкуулоолор, мисалы, чакырылган ораторлор же тажрыйбаны берүүчү жамааттын мүчөлөрү менен.

Сиздердин идеяңыздарды жана маалыматтарды системалаштырууга жараша аларды таблицада түзгүлө, аны кесиптештериңиздер жана жамааттын мүчөлөрү менен талкуулагыла.

Таасир этүүгө баа берүүСиздердин ЖМБ жамааттагы негизги чөйрөгө көрсөтүүчү таасирге кандайча баа берериңизди ойлонуңуздар.

ЖМБнын каражаттары кандайча колдонулуп жаткандыгын жана жамааттын катышуу деңгээлин эсепке алгыла. Канча адам ЖМБны бир жылдын ичинде колдоноорун көрсөтүүчү жөнөкөй цифралар пландоодо абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Ошондой эле сиздердин радио берүүнү уккан адамдар тууралуу маалымат топтогонго аракет кылгыла.

Жамааттын ЖМБга катышуусуЖМБнын ийгилиги жана туруктуулугу жамааттын катышуу деңгээлине жараша болот. Жамаат ЖМБга канчалык көбүрөөк катышса, сиздер анын ЖМБнын кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыгы жөнүндө көбүрөөк билесиздер.

Жамааттын сиздердин иштин түрдүү аспекттерине жана ЖМБнын жашоо-турмушуна катышуусун пландагыла жана алдын ала карагыла. Бул пландоодон башталат жана мезгил-

мезгили менен баа берүүдө жана таасир этүүгө баа берүүдө улантылат.

ЖМБны “башкаруу”“Башкаруунун” көптөгөн аныктамасы бар. Эң жөнөкөйү – бул ЖМБнын ишинин отчеттуулугун камсыз кылуу процесси. Жамааттын мүчөлөрүнүн татыктуу катышуусун камсыз кылуу максатында сиздердин ЖМБ үчүн башкаруучу же кеңеш берүүчү комитетти түзүү маанилүү.

Жамааттын катышуусунун контролдук тизмесиТөмөнкү процесстерди карап чыккыла жана жамааттын катышуусу ар бир кадамда эске алынгандыгына ынангыла.

Page 111: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Процесс Жамаат кандайча катышат?

ЖМБны пландоо (эң башында)

ЖМБны ишке киргизүү стадиясы

Жамааттын түшүнүүсүн издөө

Жамааттын ресурстарын чагылдыруу

Башкаруу

Каражаттарды топтоо

Жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо

Таасир этүүгө баа берүү

Башкалар

Башка уюмдар менен иштөөСиздердин ЖМБ облустагы демилгелердин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн схемасынын бир бөлүгүн гана түзөт. Сиздер толук схемага кантип киргениңиздерди түшүнүү зарыл.

Коалицияларды, шериктиктерди түзүү жана жергиликтүү, региондук жана эл аралык деңгээлде башка кызмат көрсөтүүчүлөр – мекемелер, өкмөт, менчик сектор, жарандык коом менен кызматташуу жөнүндө ойлонгула. Ошондой эле тематикалык контекстте мамилелерди түзүүнү карагыла, мисалы, маалымдоо, окутуу ж.б. маселелери боюнча. Айрым шериктиктер белгиленген бир маалымат менен жөн гана алмашуу чөйрөсүндө эле иштебестен, ошондой эле башка шериктиктер кандайдыр бир белгилүү темага тиешелүү болгон учурда, жөнөкөй маалыматтык алмашуунун алкагынан бир аз чыга алат.

Жарандык коом тармактык иште кыйла активдүү болууда. Жакын өнөктөштөр дүйнөнүн түрдүү жеринде жайгашкан

уюмдарда болушу мүмкүн, алар менен жеке жолугушуулар сейрек болот. Почтага жетүүсү бар көпчүлүк адамдар адресаттардын тизмесинин жок дегенде бирине же

Тармактар жана өнөктөштөр менен убакытты жана төмөнкү иштерди бөлүштүргүлө:

• стратегиялык пландаштыруу;• кызматкерлер менен жыйын

өткөрүү;• жетекчилик менен

жолугушуулар;• Жетишилген натыйжалар

жана долбоор иштери жөнүндө баяндамалар;

• Жылдык отчеттор

• ЖМБнын кызматкерлери жазылган тизмени сактап коюу жана алар менен иштин алдыңкы тажрыйбасын алмашып туруу кажет

Page 112: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

интерактивдүү талкуулоо форумуна таандык, ал эми жамааттын көпчүлүк демилгеси жергиликтүү, улуттук же эл аралык тармактын бир бөлүгү болуп саналат.

ЖМБнын айрым мүчөлөрү алар тармакта ким менен баарлашып жана иштеп жаткандыктарын эске алууну унутуп калышаары адаттагы көрүнүш болуп саналат. Сиздер иштеп жаткан өнөктөштөрдү жана тармактарды туура эсепке алып жаткандыгыңыздарга ынангыла.

Жамааттагы өнөктөштүк жана тармактар менен иштөөШериктиктерди түзүү сиздер жамааттын схемасын түзүүнүн жүрүшүндө топтогон маалыматтардан башталат. Бул тизмени потенциалдуу өнөктөштөрдү аныктоо үчүн негиз катары колдонгула. Тизмеде жарандык, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, демилгелерге негизденген өз алдынча уюшулган коомчулуктар, иштиктүү жана өкмөттүк демилгелер, медиа-өндүрүүчүлөр, өнүктүрүү агенттиктери жана донорлор катышаарына ынангыла.

Башка ЖМБлар жана ушул сыяктуу демилгелер менен өнөктөштүк жана тармактык иштерСиздердин региондогу башка ЖМБлар жана медиа-коомчулуктар менен байланышка чыккыла. Ал жерде да телеборборлор, көп максаттуу коомдук борборлор жана жамааттын маалыматтар ресурстарынын башка борборлору болушу керек, алар менен байланышуу сиздерге пайдасын тийгизет.

Тармакта эл аралык иштөө жана шериктиктер – бир нече мисалЭл аралык уюмдар менен байланыш:

AMARC (Радио жамааттардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы) -http://www.amarc.org;

ЮНЕСКО - http://portal.unesco.org/;

АРС (Прогрессивдүү байланыш ассоциациясы) - http://www.apc.org.

Сиздердин ЖМБда сиз артыкчылыктуу деп санаган айрым проблемаларга багытталган тармактар да бар. Мисалы, эгерде сиздер ВИЧ/СПИДге багыт алсаңыз, сиздердин ишти жаңы мазмун менен толуктай турган тармактарды издеңиздер.

Тармактар менен иштөөдө маанилүү ой-пикирТармактар менен иштөө - эмгекти көп талап кылуучу процесс. Төмөнкүлөргө ынангыла:

тармактар менен иштөө сиздердин ишке баалуулукту берээрине;

• тармактар менен иштөө жана тармактарга катышуу үчүн максаттарды жана жыйынтыктарды сиздер аныктаарыңарга;

• иштөө убактысын жана финансылык ресурстарды сиздер пландай турганыңыздарга

Page 113: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

(мисалы, жолугушууларга баруу).

Өнөктөштүк маселелери боюнча маанилүү ой-пикирлерЭтият болгула. Өнөктөштүктүн маанисин түшүнгүлө жана тиешелүү түрдө өзүңөрдүн максатыңарды тууралагыла. Эгерде сиздер башка мекеме менен өнөктөш мамиле түзсөңүздөр, төмөнкүлөрдү биле турганыңызга ынангыла:

• өнөктөштүктүн түрүн (формалдуу, расмий эмес, долбоордук багытталган);• өнөктөштүктүн максаты кандай;• өнөктөштүктү башкарууга ким жооптуу.• эгерде өнөктөштүк долбоордо кызматташууну караса, төмөнкүлөргө ынануу

абдан маанилүү:• ролдор жана милдеттер иштин толук планы жана макулдашуу жөнүндө

меморандум (MOU) түрүндө түшүнүктүү аныкталгандыгына жана так иштелип чыккандыгына;

• финансылык эсепке алуу так жана кылдаттык менен жүргүзүлгөндүгүнө;• сиздер бардык өнөктөштөрү бар долбоор үчүн жооптуу башкаруучу комитетти

түзгөнүңүздөргө;• ар бири долбоордун жана кызматташтыктын максатын түшүнгөндүгүнө;• сиздер бардык өнөктөштөрдүн тең укуктуулугун таанып, маалыматты

биргелешип колдонуп, макулдашууларга жетише турганыңыздарга.

Өнөктөштүк жана тармактар менен иштөө көп убакытты алат, бирок бул азырынча стратегиялык жактан пландалган, сиздердин ЖМБ тобу тармактар менен иштөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуудан пайда табат, тармактар жаңы сабактарды үйрөнүүгө, жаңы досторду табууга жана биз көбүнчө муктаж болгон жаңы идеяларды жаратууга жана колдоого жардам берет.

Биз жергиликтүү деңгээлде иштесек да, биз – жашоого жөндөмдүү өнүгүү жана социалдык адилеттүүлүк үчүн иштеп жаткан адамдардын бүткүл дүйнөлүк кыймылынын бир бөлүгү болуп саналгандыгыбызды эсиңиздерден чыгарбагыла.

ШилтемелерХафкин Дж. Нэнси жана Соня Джордж, “Киргиле жана эртерээк киргиле: аялдардын МКТ долбоорлоруна катышуусуна кепилдик”, Аялдар аракетте, 2/2002 “Аялдар жана коммуникация” басылмасында, Isis International, Манила.

Дженис Бродман жана Амбика Капур, “Аялдар жана телеборборлор”, Дүйнөнүн телеборборлор басылмасында, Телекоммуникациялардын бүткүл дүйнөлүк союзу, чыгарылууга пландалууда.

Анриэтт Эстэрхаузэн,

Түштүк Африка Республикасында жашайт жана Прогрессивдүү байланыш ассоциациясында иштейт.

E-mail: [email protected]

Page 114: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Маалымат булактары жана медиа- мазмун

Джекки Дэвис,

Фредерик Норонха

жана Венус Э. Дженнингс

Page 115: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Маалыматтын түрдүү формалары жана булактары

Автордук укук проблемалары Булактардын окшоштугу Өздүк маалыматты топтоо жана

алмашуу

Page 116: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Маалымат булактары жана медиа-мазмун Cиздердин жамааттын маалыматтык муктаждыктарына баа берүүгө жараша сиздерге туура диета болгон жашоо стилинен тартып түшүмдү же эненин жана баланын ден соолугун жакшыртканга чейин түрдүү темаларга, ошондой эле балдарга келечекте билим берүүгө маалыматтар керек болот.

ЖМБ жамааттын талаптарын канааттандыруу үчүн артыкчылыктуу муктаждарды аныктап, андан кийин түрдүү маалымат булактарын табышы керек. Алгач ишенимдүү маалымат булактарына жетүүнү камсыз кылуу зарыл.

Маалыматтык булактар өздөрүнүн формасы боюнча түрдүү болот: басма сөз, электрондук почта, Интернет, радио жана телеберүү; салттуу, телефон менен же жеке баарлашуу. Ар бир чөйрөнүн өзгөчөлүгү жана кемчилиги бар жана сиздер ар бир мүмкүнчүлүктү өз кызыкчылыгыңыздарда колдоно аласыздар.

Басма, радио, телеберүү, аудио жана видео булактар абдан кеңири жана түрдүү, алардын ар бири жөнүндө бүтүндөй китеп жазып чыкса болот. Бул глава сиздерди маалыматтар булактарын классификациялоого даярдап жатат, аны сиздер өзүңүздөрдүн ЖМБ үчүн кызыкчылык туудурган белгилүү бир темалар үчүн кийинчерээк изилдей аласыздар. Кийинки бөлүмдөр булактарга, мүмкүн болушунча акысыз кантип жетсе боло тургандыгын түшүнүүгө жардам берет.

Басмада жеткиликтүү маалыматБасма маалыматы абдан кеңири жайылтылат жана көптөгөн формада болот, мисалга алсак, китептер, гезиттер, журналдар, кол жазмалар, карталар, колдонмолор, схемалар ж.б. Басма материалдар көптөгөн маалыматты сунуштайт жана окурмандарга кызыкчылык туудурган темаларды изилдөөгө, үйрөнүүгө, түшүнүүгө мүмкүндүк берет. ЖМБнын иши маалымат менен алмашуу жана радио берүүлөрдө маалыматтын сапатын жогорулатуу каражаты катары басма материалдарга жараша болот.

Сиздер жалпы окуп чыгуу үчүн дисплейге бир же эки гезитти чыгаруу аркылуу бир аз эле баага өзүңүздөрдүн ЖМБны тейлөөнү камсыз кыла аласыздар (айрым борборлордо аларды таанышып чыгуу үчүн дубалга жайгаштырышат). Айрым ЖМБлар алардын каражаттарын колдонуучу жергиликтүү журналисттер тарабынан даярдалган гезиттерди жамаатка беришет.

Сиздердин ЖМБ жалпы окуп чыгуу үчүн бир же эки жергиликтүү гезитти илип, абдан төмөн баада кошумча кызмат көрсөтө алат (айрым борборлордо аларды дубалга кнопка менен карматып, андан кийин жаңы сандарына алмаштырып турат). Айрым ЖМБларда Борбордун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен жергиликтүү журналист тарабынан даярдалган жамааттын гезити илинет.

Page 117: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?Бул сиздердин муктаждыктарга жана сиздер жеткен кызмат көрсөтүүлөргө жараша болот. Эгерде жергиликтүү же райондук китепкана болсо, анда китепканачы сиздерге зарыл китептер жана журналдар тууралуу айтат жана дүйнөнүн түрдүү мекемелериндеги жана университеттериндеги белгиленген бир материалдарды Интернеттен издөөнү да сунуштайт.

Сиздер китеп сатуучудан каталогду салып жиберүүнү сурасаңыздар болот, ал заказ кылуу үчүн керек. Ошондой эле сиздер басып чыгаруучунун өзүнө жазылсаңыздар болот.

Көпчүлүк уюмдар пайдалуу жана зарыл маалыматтарды камтыган маалыматтык

бюллетендерди басып чыгарат. Сиздер түрдүү уюмдардан өзүңүздөрдү адресаттардын бөлүштүрүүчү тизмесине киргизүүнү суратып жана көчүрмөлөрдү акысыз алсаңыздар болот.

Бул сиздердин жамааттын ичинде көңүл бурууга татыктуу болгон басма маалыматтарын изилдөө булактары. Сиздердин жамаатты же топту өнүктүрүүгө байланыштуу документтер, каттар жана кол жазмалар сиздердин ЖМБ үчүн баалуу ресурс болушу мүмкүн.

Айрыкча акысыз жаңы булактардын тизмесин иштеп чыгууну баштагыла. Ушул тизмелерге төмөнкүлөрдү кошууга кызматкерлерге дем бергиле:• сиздердин ЖМБга жана

жамаатка жеткиликтүү темалар боюнча китептердин тизмеси;

• басып чыгаруучулардын тизмеси;

• сиздердин өлкөдөгү китеп сатуучулар;

• журналдардын тизмеси;• маалыматтык

бюллетендердин тизмеси – жергиликтүү, улуттук жана эл аралык;

• басма материалдарынын башка булактары.

Page 118: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Сиздер эмне үчүн төлөшүңүздөр керек?Басып чыгаруучуда же китеп сатуучуда жасалган каалаган заказ төлөнүүгө тийиш. Китептерге жазылууга жана заказ кылууга чыгымдарды пландагыла.

Акысыз жетүүКитептер жана журналдар кымбат, бирок кээде сиздер аларды Интернеттен же басып чыгаруучулардын өздөрү менен сүйлөшүп, акысыз алсаңыздар болот. Айрым басып чыгаруучулар кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын маалымат берүү китептерин акысыз жарыялоону сунуштайт. Акысыз жарыялоону суроодон уялбаңыздар – сурабасаңыздар эч нерсе билбей каласыздар!

Басма маалыматы электрондук почта жана Интернет аркылуу Интернетте табылган тармактык веб-түйүндөр, документтер, беттер же сайттар жөнөкөй же өтө оордой болушу мүмкүн. Мунун жарым-жартылайы “дүйнөлүк желенин” (WWW) зор өлчөмүнүн айынан болот, ал азыркы мезгилде 3 миллиарддай документти камтыйт. Бул WWW бир да стандарттык мазмунга ээ болбогондуктан да болуп жатат. Китепти табуу үчүн стандарттык аталыштарды колдонсо боло турган китепканадагы каталогдордон айырмаланып, сиздер Интернеттен маалыматты издөөдө сайттардын беттеринде кандай сөздөр болоору тууралуу дайыма ойлоносуздар.

Интернетте чыгарылган материалдар

Басып чыгарылган маалымат Интернетте табылышы мүмкүн

ЖМБдагы радио берүүлөрдө жана маалыматтык материалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгү

Электрондук китептер Интернеттен жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү китептер, акысыз жана акы төлөмө.

Жүктөп алса / басып чыгарса болот

Журналдар Интернеттен жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү журналдар, акысыз жана акы төлөмө

Жүктөп алса / басып чыгарса болот

Гезиттер Бүткүл дүйнө гезиттери Интерактивдүү окуу (негизинен акысыз), басып чыгаруу жана архивден издөө (көп учурда акы төлөмө) үчүн жеткиликтүү

Интернеттин веб-түйүндөрү көп учурда байланышты же порталды камсыз кылат, ал кошумча маалыматты камтыган, сиздерге керектүү сайтты табат. Google, Yahoo, Lycos сыяктуу издөө системалары керектүү маалыматтар бар сайттарды издөөгө жардам берет.

Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?

Page 119: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Маалыматты кайдан алууну билүү көп учурда оор болот. Сиздердин биринчи кадам веб-түйүндөр жөнүндө маалыматтарды топтогон порталдардан башталууга тийиш – бул байланышты өнүктүрүү үчүн мыкты каражаттардын бири - www.comminit.org демилгелүү байланышы, бүткүл дүйнөнүн гезиттерин жарыялаган жакшы сайттар да бар. Башкалар – Дүйнөлүк Банктын дүйнөлүк порталдары жана БУУнун сайттары.

Порталдар сиздерге түрдүү уюмдардын веб-түйүндөрүнүн маалыматтар базасында издөө үчүн мүмкүндүк берет, мисалы One World (www.oneworld.net) деген портал бүткүл дүйнөдөгү 2 000 ден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышкан маалыматтын маанилүү булагы. Ал адам укуктары, ошондой эле өлкөлөр жана тилдер жөнүндө 80 теманы камтыйт.

Интерактивдүү окуу үчүн да, ошондой эле жүктөө үчүн да жеткиликтүү болуп саналган виртуалдуу китептердин жана журналдардын саны барган сайын көбөйүүдө, бул жөнүндө дайыма эле биле берүү мүмкүн эмес. Демилгелүү байланыштарда жарыялоолорго айрым шилтемелер бар.

Сиздер керектүү маалыматты бере турган веб-түйүндү табаар замат, сиздер аны басып чыгарып же өзүңүздөрдүн компьютерде сактай аласыздар.

Электрондук почтанын тизмелери – сиздер эмнени сүйлөй турганыңыздарды алуу жана жиберүү үчүн маалыматтар менен алмашуу үчүн дагы бир күчтүү каражат. Сиздер өзүңүздөрдүн ЖМБ үчүн маалыматты алуу жана таратуу үчүн e-mail акысыз дарегин ача аласыздар, мисалы Yahooдо же Hotmailда.

Электрондук почта менен алынган текст мазмуну

Түздөн түз сиздин почта кутучаңызга келип түшкөн маалымат

Радиопостановкаларда жана ЖМБ аркылуу таркатууда колдонуу мүмкүнчүлүгү

Малымат бюллетендери Ар кандай маалымат баракчалары

Жазылуу, басып чыгаруу

Жаңылыктарды таркатуу Радиодон окула турган жана маалымат үчүн сактала турган бюллетендер,

Жазылуу, басып чыгаруу

Телеконференциялар жана таркатуу сервери

Сиз бириге турган маалымат таркатуу топтору

Жазылуу

Бул басма маалыматынын түрлөрү сиздердин компьютерге жүктөлүп же сиздердин e-mail даректен басып чыгарылышы мүмкүн. Сиздер электрондук почтаны колдонуп, интерактивдүү талкууга жардам бере аласыздар.

Сиздер муну кантип алсаңыздар болот?Алгач e-mail даректи ачыңыздар. Андан кийин сиздер жазыла турган тиешелүү материалды табуу үчүн издөө системаларын жана порталдарды издөө зарыл.

Page 120: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Ошондой эле сиздин атыңыз жөнүндө суроо-талап жөнөтүңүз, ал сиздердин ЖМБга зарыл болгон материалды тараткан сервердин тизмесине киргизилет.

Жаңылыктарды таратуулар журналисттер үчүн ылайыкталган жана белгиленген бир проблемалар боюнча жаңылыктарды таратышат, алар түз эфирде окулушу мүмкүн. AMARC түрдүү темадагы жаңылыктарды таратуучу маалыматтык агенттикти уюштурган. Жаңылыктарды таратуу кызмат көрсөтүүсү бар экендигин билүү үчүн сиздерге кызыктуу болгон уюмдар менен байланышка чыгыңыздар.

Сиздер маалыматтык бюллетенди тапкандан кийин, сиздер үзгүлтүксүз алып турууну каалаган жаңылыктарды таратууларга же теле конференцияларга, адатта акысыз түрдө жазыла аласыздар. Болгону экрандагы инструкцияларды аткаруу керек; көп учурда бул аларга “жазылуу” деген сөз менен электрондук катты жиберүүнү билдирет.

Акысыз жетүү

Көпчүл маалыматтык бюллетендер акысыз жана дээрлик ар бир почта тизмеси жана теле конференция дагы акысыз. Таратуу кызмат көрсөтүүсү акысыз же акы төлөнө тургандыгын билиңиздер, анткени бул сиздер радиодо колдоно турган нерсе.

Радио, телеберүү, аудио-видеоматериал

Аудио жана телевизиондук программалар

Угуу жана көрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр

Угуу жана кайра берүү үчүн мүмкүнчүлүктөр

Радио жана телевизиондук программалар

Станциялардын бир жумага/бир айга тизмеси

Гезиттерге басып чыгарылган жана интерактивдүү жеткиликтүү

Аудио жана телекөрсөтүүлөр

Түз эфирдеги адаттагы берүүлөр FM, МВТ, AM жыштыктары жана спутник байланышын талап кылат

Берүүнү жаздыруу үчүн кассеталык декасы бар радиону же видеомагнитофону бар телевизорду талап кылат. Кайра берээрден мурда автордук укугун текшериңиздер

Радио, аудио кассеталык, CD, видеоже DVD программалар

Көп учурда өкмөттүк эмес уюмдардан же эл аралык журналисттерден, кээде басма комментарийлер менен.

Почта аркылуу алуу үчүн заказ же жазылуу. Кайра берүү үчүн автордук укугун текшериңиздер.

Муну кантип алса болот?Жергиликтүү контекстке жараша сиздер радио менен көрсөтүүчү программалардын көчүрмөлөрүн заказ кылуу, басманын материалдарын заказ кылгандай оңой эмес экендигин биле аласыздар. Эгерде сиздер радио же телеберүүдө көрсөтүлгөн программанын көчүрмөсүн алгыңыздар келсе, сиздер бул көрсөтүү качан болгондугу жөнүндө белги коюп, андан кийин журналистке

Page 121: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

байланышка чыгып, сиздерге көчүрмөсүн салып жиберүүнү сурасаңыздар болот. Көп учурда бул кызмат көрсөтүү акы төлөөнү талап кылат. Ушундай эле процедура кайрадан көрсөтүлгөн программаларга да тиешелүү. Материалды алганда сиздерден почталык чыгымдарды төлөөнү сурашы мүмкүн – бул дагы бир сиздердин бюджетти ойлондуруучу иш.

Акысыз жетүүКөп учурда эл аралык журналисттер жана эл аралык уюмдар сиздердин акысыз булактар боюнча суроо-талабыңыздарды кабыл алышат, анткени алар өздөрүнүн программаларын колдон келишинче кеңири жайылтууга кызыкдар. Өзүңүздөрдүн өлкөдө өкмөттүк эмес уюмдар сыяктуу улуттук же жергиликтүү булактар тарабынан чыгарылган маалыматтар жөнүндө билиңиздер жана андан кийин алар менен байланышыңыздар.

Маалыматты компакт-дискте алуу жана алмашууКомпакт-диск зор көлөмдөгү маалыматты алып жүрөт. Көптөгөн уюмдар үчүн – коммерциялык жана коммерциялык эмес – бул сиздерге маалымат берүүнүн пайдалуу ыкмасы.

Компакт-дисктин артыкчылыгы – сиздер маалыматты өзүңүздөргө ыңгайлуу болгон учурда тез жана натыйжалуу карасаңыздар болот. Ал түрдүү ыкмалар менен көпчүлүк текстти жана сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүндүк берет жана сиздерге бир катар инновациялык жана интерактивдүү мүмкүнчүлүк берет; компакт-дисктерди түзүү бул китепте кароонун предмети болуп саналбайт, бирок окурмандын көңүлүн жарыялоолорго бурса болот. Мисалы, Mind Mapping (ЮНЕСКО, 2002) же The Multi Media Training Kit (www. ItrainOnline.org).

Компакт-дискте жеткиликтүү болгон интерактивдүү текст жана жөнөкөй көз менен көрүү

Аларды кайдан тапса болот

Компакт-дискте маалымат берүүчү китептердин бүтүндөй китепканасы жеткиликтүү болушу мүмкүн

басып чыгаруучудан суроо

Өнүктүрүү темасындагы маалымат уюмдардан суроо

Окутуучу материалдар жана өз алдынча окуу курстары окутуучу

уюмдардан суроо

Бир катар материалдарды, айрыкча саламаттык сактоо, билим берүү жана өнүктүрүү проблемалары тууралуу, чыгаруучулар акысыз берет.

Маалыматты кантип компакт-дискте алып жана алмашса болот?Санариптик китепканалык коллекцияларды түзүү жана бөлүштүрүү үчүн программалык камсыз кылуунун комплекттери бар, алар колдонуучуларга өзүнүн санариптик китепканаларын түзүүгө багытталган жана “уруксат берет”. Бул текстти түзүүнүн жана CDде же Интернетте чыгаруу үчүн аны электрондук форматта көрсөтүүнүн күчтүү ыкмасын камсыз кылат. Тармактын салттуу форматынын

Page 122: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

алдындагы башкы артыкчылыгы – маалыматты кысуу жана каталог сыяктуу толук тексттик жана китепканалык издөө.

Бул комплекттер Вайкато Университетинин санариптик китепканаларынын Жаңы Зеландия долбоору тарабынан чыгарылат, ЮНЕСКО жана Human info өкмөттүк эмес уюму менен кызматташтыкта иштелип чыккан жана берилет.

Бул GNU Ачык лицензиясына ылайык чыгарылган көп тилдүү программалык камсыз кылуунун ачык булагы.

(Караңыз: http://www.greenstone.org/english/home.html).

Компакт-дисктерди колдонуу менен сабаттуу болууга окутууИндияда Tata Consultancy Services программалык камсыз кылууну иштеп чыгуу боюнча компания квалификациялуу окутуучу жок болгон учурда да сабатсыз чоң кишилерди окуу жана жазуу көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн компакт-диск түзгөн.

Компакт-диск анимацияланган графиканы колдонгон жана өзүнчө сөздөр кантип кошулгандыгын түшүндүрүү, түрдүү сөздөрдүн түзүмүн жана маанисин берүү үчүн комментарийлерди жана окутуу процессинде жардам берүү үчүн персонаждарды колдонгон.

Сабактар түрдүү тилге жана тил ичиндеги айырмалыктарга ылайыкташтырылган. Алар окууга багытталган жана баамдоо, тил жана баарлашуу теорияларына негизденген.

Комментарийлер сабакты жакшы түшүнүүгө жардам берет, ал эми кайталоо өтүлгөн материалдарды бекемдейт.

Мультимедиа форматы жеке окутуучулардын карамагында калуунун ордуна, сөздөрдү/символдорду кандай түрдө айтыш керек болсо, дал ошондой айтууга кепилдик берет. Бул өзгөчө тил үйрөнүүдө пайдалуу (Индиянын түштүгүндөгү тамиль тили сыяктуу), кээде бир эле символдор учурга жараша башкача түшүнүк берет. http://www.tataliteracy.com/how_it_works.htm.

Аудио-видео маалыматтарга интерактивдүү жетүүИнтернет бүткүл дүйнөдөгү аудио-видео маалыматтарга жетүүгө мүмкүндүк да берет. Сиздер башка адамдар проблемага кандай карай тургандыгына үлгү болорлук мисал катары интерактивдүү аудио жетүүнү колдонсоңуздар болот. Радиосценарийлерге жетүү да абдан пайдалуу, анткени сиздер өзүңүздөрдүн жамааттын кызыкчылыгына ыкташтырып, аларды өздүк контекстте колдоно аласыздар.

Page 123: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Он-лайндык аудио жана видео

Аудиопрограммалар, маектешүүлөр, коомдук кызматтардын кулактандыруулары, башка форматтар

Угуу (жана көнүктүрүү); көп учурда жүктөө жана жана кайра көрсөтүү мүмкүнчүлүгү

Аудиопорталдар Аудио маалыматтарга түз жана интерактивдүү жетүүнүн “шлюздары”

Акысыз жана интерактивдүү

Он-лайндык маалыматтар базасы

Аудио файлдардын үзүндүлөрүнүн интерактивдүү жеткиликтүү китепканалары

Негизинен интерактивдүү угуу акысыз, жүктөө үчүн бир аз акы төлөнөт

Радиоберүүлөрдүн Интернет программалары

Оңой издөө үчүн интерактивдүү радиостанциялар берилген сайттар

Акысыз жана интерактивдүү

Интернет радиостанциялар

Реалдуу масштабдагы убакытта бүткүл дүйнөдөгү радиостанциялардын берүүсү, башкача айтканда архивделген эмес, бирок адаттагы берүү сыяктуу, жетүүсү акысыз

Акысыз жана интерактивдүү

Сценарийлер Аудио маалыматты түрдүү тилдерде интерактивдүү коштогон сценарийлер

Окуу жана басып чыгаруу үчүн акысыз

Он-лайн видео Интерактивдүү көрсө боло турган видео жазуулар

Үзгүлтүксүз байланыш жогорку ылдамдыктагы Интернетти талап кылат

Муну кантип алса болот?Компаниялардын интерактивдүү маалыматтар базасына түз жетүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар порталдар бар, алар маалыматтарды жана программаларды биргелешип колдонууга жана алмашууга кызыкдар, аларды сиздер жүктөп, кайра көрө аласыздар. Мында сиздерде зарыл программалык камсыз кылуу болушу керек.

Көптөгөн ири көрсөтүүчү компанияларда өздөрүнүн интерактивдүү аудио маалыматтар базасы бар. Айрымдары сиздерге программаларды жүктөөгө мүмкүндүк берет, ал эми кээ бирлери угууга гана мүмкүндүк берет. Бир катар проблемалар боюнча маалыматтардын мол булагы болуп Би-Би-Синин сайты саналат.

Интерактивдүү радиостанциялар үчүн – алар абдан көп санда – оптималдуу издөөнү станциянын аталышы же сайт боюнча ишке ашырса болот, анда дүйнөдөгү бардык интерактивдүү радиостанциялар берилген.

Интерактивдүү видео үчүн байланышты камсыз кылуу проблемасы бар, анткени материалды көрүп чыгуу жогорку ылдамдыктагы Интернетти талап кылат. Бирок сиздерде андай ылдамдык болсо, толук программалар же клиптер түрүндө видео

Page 124: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

маалыматтардын зор массиви жеткиликтүү болот. Сиздер көрүп чыккан сайттан видео материалдардын көчүрмөсүн заказ кыла аласыздар. Айрым сайттар түрдүү уюмдардын жана көз карандысыз чыгаруучулардын видео жазууларынын файлдарына, ошондой эле түрдүү негизги жаңылыктарга тематикалык жетүүгө мүмкүндүк берет.

Акысыз жетүүМультимедиа-маалыматты интерактивдүү угуу же көрүү адатта акысыз болот. Көпчүлүк өкмөттүк эмес уюмдардан жүктөө акысыз, бирок эл аралык берүүчү компанияларга жараша өзүнүн баасы болушу мүмкүн.

Көрсөтүүгө даяр материалfarmradio.org сайты “радио сценарийлерди” колдонуу менен оңой которулуучу радио форматта айыл райондорунун көрүүчүлөрү үчүн кызыктуу болгон маалыматты сунуш кылат, ал сценарийлер көрсөтүүчү компаниялар тарабынан тандалуучу тилде өнүккөн өлкөлөрдө акысыз көрсөтүү үчүн жеткиликтүү.

Сценарийлер Интернетте төмөнкү даректе жеткиликтүү: http://www.farmradio.org/english/published_scri pts.html

Телефонду колдонууМаалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) Интернетти эле эмес, ошондой эле салттуу байланыш линияларынын жана мобилдүү телефондордун бардык кызмат көрсөтүүлөрүн да камтыйт. Мобилдүү телефондор колдонуучуларга тексттик билдирүүлөрдү жиберүүгө жана алууга мүмкүндүк берет, алар бардык түрдөгү маалыматтар менен – базар баасынан баштап спорттогу жыйынтыктарга жана ишке чакырууларга чейин алмашуу үчүн колдонулат. Кадимки телефон дагы маалымат алмашуунун маанилүү каражатын түзөт. Бул көп учурда башка адамдар менен байланышуу жана маалымат менен алмашуу үчүн мыкты ыкма болуп саналат.

Телефон: мобилдүү же кадимки

Кадимки же мобилдүү телефон аркылуу түз байланышта болгон адамдардан алынган маалыматтар

Радио берүүлөрдө же СМСте колдонула турган учурдагы маалымат

Расмий билдирүүлөр

Белгилүү бир темада SМS-билдирүүлөр

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тексттик баяндамасы

Расмий эмес билдирүүлөр

Абоненттерден же жергиликтүү репортерлордон келген SМS-билдирүүлөр

Мобилдүү телефондор гана керек

Телефон менен Белгилүү бир темада Түз маектешүү же көрсөтүүчү

Page 125: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

маектешүүлөр жергиликтүү жашоочулар же чет өлкөлүктөр менен маектешүү

компаниянын жазуусу

Кадимки телефон чалуулар

Маалыматтык телефон чалуулар

Түз эфирде же алдын ала жазылган адаттагы маалымат же телефондук шоу

Муну кантип алса болот?Сиздер тейлөөнү камсыз кылган белгиленген бир провайдердин же уюмдун SМS-

кызмат көрсөтүүсүнө жазылышыңыздар керек. Бизнес жана коммерциялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өсүүдө, ошондуктан өзүңүздөрдүн облустагы кырдаалга байкоо жүргүзүп туруу зарыл.

Башка суроо – конкреттүү адамдардан маалымат алуу, сиздерге телефон номерлери менен гана алмашуу эмне үчүн көп керек. бул айыл жергесинде же башка шаарларда же өлкөдө жашаган абоненттерден маалымат топтоонун жакшы ыкмасы.

Телефон менен кадимки маектешүү көрсөтүүлөрдө көп колдонулат.

Акысыз жетүүСиздер телефонду кошууга акы төлөшүңүздөр керек. Коммерциялык SМS-кызмат көрсөтүүлөргө коммерциялык эместерге салыштырмалуу адатта акы төлөнөт.

Оозеки маалыматКөп учурда сиздерге керектүү болгон маалымат сиздердин жамаатта болот жана сизден талап кылынуучу нерсе – ал маалыматты топтоону уюштуруу.

Маалымат топтоо жана алмашууЖергиликтүү маалыматтар сиздердин жамаат сыяктуу эле ар түрдүү болот – бул салттуу медицина жана айыл чарбасы жөнүндө маалыматтар же жамааттын социалдык, экономикалык жана саясый проблемаларга көз карашы болушу мүмкүн.

Сиздердин ЖМБ жергиликтүү жана эл аралык билимдерди алмашуу борбору катары жергиликтүү мүнөздөгү маалыматты багыттоо боюнча ойдогудай жер болуп саналат. МКТга жергиликтүү мүнөздөгү маалыматтарды топтоо жана алмашуу боюнча жардам көрсөтүүчү, ушул жаатта бир катар инновациялык долбоорлор бар.

Кыйла анык, бирок кээде байкабай калган маалымат булагы – сиздердин тегерегиңердеги адамдар. Жергиликтүү маалымат жана ой-пикирлер каалаган ЖМБ үчүн мол жана пайдалуу булак. Анкеталык сурамжылоо жүргүзүп, маектешүүлөрдү жазып бул маалыматтарды чогултуңуздар жана андан ары мындан пайда алуу үчүн өзүңүздөрдүн жамаат үчүн бул маалыматтардын банкын түзүңүздөр.

Page 126: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Маалыматтоптоо түрү

Методдор

Маалымат топтоо формасы

Маектешүүнү жазуу

Конкреттүү адам – жамааттын лидери же адаттагы мүчөсү, саясатчы, врач, эксперт ж.б. менен маектешүү

Студияда, түз эфирде же жазып же жазуу үчүн жабдыктарды колдонуу менен көчөдө жүргүзүлүшү мүмкүн

Анкеталык сурамжылоо жүргүзүү

Жамааттын мүчөлөрүнөн анкетанын суроолоруна жооп түрүндө маалымат алуу, аларга андан кийин талдоо жүргүзүп же салыштырууга болот

Анкеталык сурамжылоолор же таблицалар

“Эл добушу” Жамааттын катардагы мүчөлөрүнүн расмий эмес комментарийлери

Көрсөтүүдө колдонуу үчүн аудио- же видео жазуу

Атайын топтор жана жолугушуулар

Суроо/тема боюнча адамдардын тобун сурамжылоо

Жазуу же жоопторду колдонуу

Бул тема боюнча айрым изилдөө иштерин караңыздар:• www.openknowledge.net – Ачык билим тармагы долбоорунун сайты; негизги

маалымат алуу үчүн “Иштөө жааты” деген бөлүмдү www.dgroups.org/groups/okn. караңыздар.

• www.iicd.org/ks - “жергиликтүү мүнөздөгү маалыматты топтоо жана жайылтуу” тууралуу кызыктуу документ; маалымат менен алмашуу бөлүмүнө өтүңүздөр, Жарыялоолор менюсун басып жана тизмени ылдый жылдырыңыздар.

Өздүк маалыматты жана маалыматтар базасын түзүү

Page 127: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

“Келгиле, чындыкты тике айталы, колдонуудагы вет-беттердин 99 пайызы (биз жыл сайын эки эсе көбөйгөн көп миллиондуу сандар жөнүндө айтып жатабыз) планетанын 99 пайыз калкына жеткиликсиз. Алардын ар бир жүзүнчүсү индиялык дыйкан же мексикалык фабрика кызматкери тарабынан колдонулушу мүмкүн.

Интернетке тартуунун эң ийгиликтүү долбоорлору жергиликтүү калк үчүн тиешелүү мазмуну менен өздөрүнүн чакан тармактарын түзөт. Андай болбосо ЖМБ арналышына же каржыланышына карабастан, интерактивдүү оюндар, достор менен чаттар (кээде ошол эле бөлмөдө отургандардын ортосунда) же үй тапшырмасын көп ойлонбой аткаруу максатында маалымат жүктөө үчүн жаштар тарабынан колдонулуучу дагы бир кибер-кафе болуп калат.

Жергиликтүү мазмунду иштеп чыгуу жергиликтүү кызыкчылыктарды жана темаларды изилдөөнү билдирет. Чакан-тармактардын мазмуну жергиликтүү проблемаларга жооп бергидей болушу керек. Ал жергиликтүү маданиятты жана аң-сезимди чагылдырып, аларды өнүктүрүүгө түрткү берүүгө тийиш”.

Альфонсо Гумичио-Дагрон [email protected]

Автордук укуктун суроолоруБасмаКөпчүлүк китептер жана журналдар автордук укук менен корголгон, теорияда бул эч бир үзүндү уруксатсыз колдонуу үчүн көчүрүлүп алышы мүмкүн эмес экендигин билдирет. Бирок көпчүлүк авторлор же басып чыгаруучулар көп учурда китептерден үзүндүлөрдү көчүрүп алууга мүмкүндүк берет, азырынча сиздер аларды коммерциялык максатта эмес, маалыматты топтоо үчүн гана колдонуп жатасыздар.

Эгерде сиздер кайсы гана болбосун жарыялоого же материалга цитата келтирип жатсаңыздар, авторду жана алынган булакты көрсөтүүнү эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Аудио-видео

Page 128: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Эгерде сиздер каалаган аудио-видео маалыматты кайра көргүңүздөр келсе, чыгаруучулардын уруксаты бар экендигин аныкташыңыздар керек. Аларга телефон чалып, электрондук почтасына өзүңүздөрдүн каалооңуздар жөнүндө кат жөнөтсөңүздөр болот; алар кээде акыркы программанын көчүрмөсүн суратышы мүмкүн же жок дегенде эфирдин датасын билдирүү керек.

Бул сиздерге жиберген же жүктөө үчүн жеткиликтүү болгон материал үчүн зарыл эмес.

МедиаконвергенцияСиздердин ЖМБ медиаконвергенциянын көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Сиздердин карамагыңыздарда бардык мүмкүн болгон булактар болушу мүмкүн – китептер жана басылмалар, он-лайн аудио, кассеталар, мини-дисктер жана видео. Сиздерде CDни, ошондой эле электрондук почтаны жана Интернетти колдонуу үчүн компьютер болот. Сиздерде өзүңүздөрдүн угуучуларга уктуруу үчүн зарыл

болгон радио жабдыктар бар радио берүү студиясы болушу мүмкүн.

Инновациялык медиа-форматтар: радиобраузерБиз тез өзгөрүп туруучу дүйнөдө жашап жатабыз. Учурдагы түрдүү медиа-булактардан жана медиа-режимдерден тышкары, аларды издөөнүн жаңы ыкмасын түзүү жана маалыматтар менен алмашуу

үчүн бириктирип, ушул ресурстарды колдонуунун жаңы ыкмалары да иштелип чыгууда. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн “эски” булактар (басылмалар, китептер, журналдар, радио) “жаңылар” менен (Интернет, электрондук почта, таратуу тизмеси) бириктирилет.

Ага мисал – радиобраузер – адаттагы берүүнүн күчүнүн жана популярдуулугунун Интернеттен маалымат топтоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен биригиши.

Өнүктүрүү маселелери боюнча кампанияларБир катар уюмдар жана жамааттар белгиленген бир кампаниялардын алкагында маалыматтарды топтоодо жана алмашууда кызматташуу ниетинде. Бул стратегияны пайдаланып, алар маселеге багыт коюп, кеңири аудиторияга ээ болушу мүмкүн.

Сиздер адамдардын арасында жашап жатканыңыздарды эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Сиздер жана биздин коңшулар түздөн-түз, телефон менен, көрсөтүүлөрдө жана почта аркылуу сүйлөшүп маалымат түзөт жана алмашат, бирок ал жөнүндө ойлоно бербейбиз; Мунун бардыгы медиаконвергенциянын күчтүү мисалын берет.

Page 129: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Эгерде сиздер көрсөтүүчү компаниянын кызматкери болсоңуздар, сиздердин облуста пландаштырылган кампаниялар маселелери боюнча жергиликтүү уюмдар менен байланышыңыздар, анын алкагында сиздер жергиликтүү эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана аласыздар. Кампаниянын активдүү катышуучулары жарнамага муктаж, бул өнөктөштүк мамиле үчүн ойдогудай негиз болушу ыктымал.

Кампания тууралуу маалыматты кайдан тапса болотБУУнун Эл аралык күндөрүнүн тизмеси – кампаниянын келечегин пландоо үчүн пайдалуу багыт; мисалы, сиздер Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү балдарга, Эл аралык айымдар күнү айымдарга жана СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күнү ВИЧ/СПИДге көңүл бурсаңыздар болот. Алардын тизмеси БУУнун сайтында берилген.

Өнүктүрүү маселелери боюнча уюмдардын сайтында кызыкдар адамдар үчүн тематика жана байланыш, маалымат жана контакттар боюнча кампаниялар тууралуу бөлүмдөр да бар; аларга адатта орундуу жана өз учурунда жаңыланып турган маалыматты тапса болот.

Page 130: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

eNRICH – айыл жамааттары үчүн программалык камсыз кылууeNRICH – браузер, ал жамааттарга өзүнүн порталын тез арада түзүүгө мүмкүндүк берет жана алардын алкагында жамааттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Бул анык маалыматка эркин жетүүгө мүмкүндүк берет жана жергиликтүү мазмундагы маалыматты түзүүнү колдойт.

Индиянын Улуттук информатика борбору тарабынан иштелип чыккан бул универсалдуу МКТ веб-браузер:

• жамааттын маалыматка жана байланышка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн толугу менен колдонулат;

• жергиликтүү тилге жана мазмунга оңой которулат;• жергиликтүү мазмундагы өздүк маалыматты чыгарууга жамааттын мүчөлөрүнө

дем берет;• зарыл маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн берет;• жамааттардын ортосунда натыйжалуу байланышты камсыз кылат.

eNRICH эки интерфейсти камсыз кылатЖамааттын браузерин пайдалануучунун интерфейси, аны жамааттын мүчөлөрү колдонот жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:

• маалыматтык ресурстар;• жергиликтүү маалыматтар базасы;• байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;• кызмат көрсөтүүлөр;• кулактандыруу тактасы;• ой-пикирлерди сурамжылоо;• окутуу аймагы.

Менеджердин дайыма колдонулуучу интерфейси – браузердин негизинде сайтты администрациялоо жана сайттын менеджери үчүн талдоо жүргүзүү каражаты.

Кошумча маалымат – колдонмосу бар компакт-дискте.Рама Харихаран,

Улуттук информатика борборунун Маалыматтардын айылдык компьютердик системалары долбоору тобунун башкы системалык аналитиги, Индия.

E-mail: [email protected]

http://enrich.nic. in/

Котмала жамаатынын радиостанциясы үчүн радиобраузерИнтернетте айыл жамаатынын иши үчүн радиону пайдалануу боюнча ЮНЕСКОнун эксперименттик долбоору 1999-жылдан тартып Шри-Ланкада башталган.

Долбоордун өзгөчөлүгүнүн бири – жамааттын радио берүүлөрү Интернетте. Ар күндүк эки сааттык интерактивдүү программа угуучуларга Интернеттен

Page 131: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

белгиленген бир маалыматты суратууга (телефон менен же почта аркылуу суратууга) мүмкүндүк берген. Кызматкерлер талап кылынган маалыматты сайттардан таап, жергиликтүү тилге которушкан, ошентип англис тилин начар түшүнүү – Интернеттин жалпы тоскоолдугунан өтүшкөн.

Чанука Воттегама[email protected]

Радиобраузер боюнча көрсөтүүчү жана окутуучу видео колдонмосу бар компакт-дискте бар. Электр тогунун чыңалуусундагы өзгөрүүлөр компьютерлерди бузуп коюшу

Угандада аялдар түзгөн жана аялдар үчүн түзүлгөн компакт-диск “Аялдар үчүн трибуна” эл аралык борбору жана Угандадагы Накасеканын ЖМБдагы аялдар тарабынан иштелип чыккан компакт-диск сүйлөө интерфейсин жана “тап жана бас” деген жөнөкөй методду колдонот. Дискте маалыматка Интернет аркылуу жетүүнү имитациялоочу браузердин программасы колдонулат.

Программаны колдонгон аялдар текстти жана графиканы басканда, жергиликтүү луганда тилинде сүйлөгөн үндү угат. Диск акча табууну каалаган жана өзүн майда бизнесте сынап көргүсү келген аялдарга арналган.

Аялдар Накасеканын аялдар программасы менен таанышып чыгуу үчүн Уганданын бардык булуң-бурчунан келишет. Алардын бир азында баштапкы мектептин бир же эки классын бүтүрүүгө мүмкүндүгү болгон. Бирок алар үнү бар текстти кайталап окуп баштаган.

Жетиштүү билим албаган 73 жаштагы Анастасия программа менен маалыматты компакт-дискте таратууну өзүнүн жашоосунун максаты кылып алган. Ал имаратта жана кыштакта аялдар менен иштеп, Уганда айылынын дөбөсүндө рюкзагына ноутбугун салып жүрөт. Накасеканын ЖМБсы түн сайын ноутбуктун батареясын заряддап, Анастасия үчүн коргоону камсыз кылып турат.

Энн С. Волкер

“Аялдар үчүн трибуна” эл аралык борбору, Австралия. E-mail: [email protected]

Шилтемелерwww.oneworld.net OneWorld улуттук жана глобалдуу кампаниялар боюнча маалыматтар жана байланыш үчүн.

Издөөдөн (Интернеттен) мурда эмнени билүү зарыл http://www.lib.berke-ley.edu/TeachingLib/Guides/internet/ThingsToKnow.html

Page 132: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Мультимедианы картага түшүрүү № 2: Эскерүүлөр жана күтүлбөгөндүктөр, ЮНЕСКО, Таиланд, 2002.

Мультимедиа окуу комплекти http://www.itrainonline.org/itrainonline/mmtk/index.shtml

www.interworldradio.org дүйнөлүк радиосу

AMARC www.amarc.org

OneWorld www.oneworld.net/tv телеберүүсү жана www.oneworld.net/radio радиосу

Indymedia www.indymedia.org

Би-Би-Си www.bbc.co.uk

ЮНИСЕФ www.unicef.org

БУУ эл аралык күндөрү http://www.unesco.org/general/eng/infoserv/db/days.shtml

Джекки Дэвис, OneWorld International радиоменеджери, Улуу Британия

E-mail: [email protected]Фредерик Норонха, Индиянын эркин журналисти Интернетке жана маалыматтык технологияларга

жетүүгө көмөктөшүүчү bytesforall.org ыктыярдуу бирикмесинин тең-түзүүчүсү

E-mail: [email protected]Венус Э. Дженнингс, телеберүүнүн мурдагы журналисти жана өнүктүрүү программасынын

кызматкери, ЮНЕСКОнун Байланышты өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн Африка маселелери боюнча референт

E-mail: [email protected]

Page 133: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБнын туруктуу өнүгүшү

Альфонсо Гумичио-Дагрон

жана Изекииль Дламини

Page 134: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

1-бөлүк Туруктуу өнүгүүнүн үч тараптуу

негизи Социалдык, уюштуруучулук,

каржылык 2-бөлүк

ЖМБнын бизнес моделдери Өнүгүү стратегиялары Бизнес-планды иштеп чыгуу Каражат топтоо

Туруктуулук – узакка созулган социалдык өзгөрүүлөрдү жана орто-узак мөөнөттүү каржылоо маселелерин караган кеңири тема. Бул бап эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүктө социалдык, уюштуруучулук жана каржылык туруктуулук маселелери каралат. Бул жерде ЖМБ уюштурууда кереги тие турган мисалдар бар. Экинчи бөлүктө сиз ЖМБнын жашоого жарактуу кылган каржылоо моделин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген практикалык кеңештерди таба аласыз. Анда ошондой эле бизнес-план түзүүнүн кадамдап жасала турган инструкциясы бар.

Page 135: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

1-бөлүкЖМБнын туруктуулугу жана жамааттын мультимедиасыДолбоорлор жашап кетүүгө жарактуу болуш үчүн алар донорлордун биринчи эки же үч жылдык каржылоосун алып күчтөнүп алып, ошондон кийин гана өнүгүп кетүү жолуна түшөт. Келгиле туруктуулуктун татаал проблемасын кеңири ачып карап көрөлү, бул жерде каржылык автономия жөнүндө эле болуп жаткан жок. Көп элементтердин ичинен бирөө эле жамааттагы өзгөртүүлөргө алып келет.

Туруктуулуктун үч маанилүү негизиЭгер экономикалык туруктуулук ЖМБнын негизги максаты болсо, бул көңүл тынчытпайт эле. Жамааттын радиостанциясы эгер анын музыкалык эфири бир күн кечке жаштардын көңүлүн ачып турса, пайдалуу болмок. Айылдагы телеборбор телефондук жана факсимилдик кызматтарды аткарып турса эле материалдык жактан көз каранды болмок эмес. Бирок туруктуулук абалга жетиш үчүн биз өзүбүздөн сурашыбыз керек: борбордогу экономикалык жетишкендик жамааттагы социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөргө кандай таасир көрсөтө алат?

Жамааттын пландоо жана ишке ашыруу процессине толук катышуусунун мааниси кеңири таанылган. Ошондуктан туруктуулук бир эле фонддорго негизделбейт. Чындыгында, туруктуулук социалдык, уюштуруучулук жана каржылык кудуреттерден көз каранды болот. 1-Диаграмманы караңыз.

1-Диаграмма.

Каржылоо бир маанилүү керектөөнү канааттандырды дейли, бирок социумдун баш көтөрүп ишке тартылышын, ички демократия менен эффективдүү уюштурууну кантип камсыз кылуу керек? Келгиле ушул компоненттерди чечмелеп карап көрөлү.

Социалдык туруктуулукСоциалдык компонент ЖМБнын туруктуулугун пландаштырууда негизгиси болуп саналат. Андан сырткары, ал бардык деңгээлде жана бардык убакта уюштуруучулуктун маанисин баса белгилейт. Жамааттын медиа-кызматтары түзүү, колдонуу жана жашоо максатында ар кандай формада - радио, театр, Интернет, телефон же видео – жамааттын катышуусуна муктаж.

Page 136: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Социалдык туруктуулукка жетишүүнүн үч негизги шарты бар:

• телекоммуникациялык процесстердин баарын жамааттын менчигине которуу;• жергиликтүү мазмунду өнүктүрүү;• тилдик жана маданий релевантуулук.

Коммуникация процессине социалдык катышуу жамааттагы мультимедиянын туруктуулугунун негизги элементи болуп саналат. Бул инфраструктура менен жабдууларга да менчик укугун алууну карайт, бирок ал эле эмес. Катышуу концепциясы кыйла эле кенен: бул чечим кабыл алуу, менеджмент жана техникалык ык-жөндөмдөр, о.э. мүмкүнчүлүккө жараша бардык аппаратура менен жабдууларды менчикке алууну караган бүтүндөй процесс.

ЖМБ менен Интернет-кафенин айырмасыНегизги радиостанциялардан айырмаланып жамааттын теле борборлорунда байланыш кызматтарына ээ болуу проблемасы али чечиле элек. Алардын көпчүлүгү “долбоор” болуп эсептелет, башкача айтканда өкмөттүн, девелопердик структуралардын жана жеке сектордун демилгелери. Эгер коммерциялык радио менен жамааттын радиосунун айырмасы даана көрүнүп турса, теле борбор менен коммерциялык Интернет-кафенин айырмасы бүдөмүк көрүнөт.

Танзания. Алыстагы бир жамаатта бир нече компьютер коюп берсе эле, жамаат аны сурабаса жана пайдасын көрбөй турса, ал социалдык өнүгүүгө оң таасир берет деп ойлоого болбойт. Айыл жеринде чоң социалдык өнүгүү демилгелеринин бир бөлүгү болмоюнча компьютерлерди коюп бергенден эчтеке чыкпайт.

Компьютерлер, Интернет жана «жергиликтүү тармак» жамаатты өнүктүрүүнүн негизги предмети эмес, анын кошумча аспабы болуп саналат. Жамааттын радиосу менен байланышта болуп интерактивдүү маалымат таратуу үчүн иштебесе компьютерлерден пайда чыкпайт.

Жергиликтүү маалыматты өнүктүрүүСоциалдык туруктуулуктун экинчи шарты – жергиликтүү маалыматты өнүктүрүү. Интернетти өздөштүрүү боюнча эң ийгиликтүү долбоорлор жергиликтүү мазмунда өздөрүнүн чакан тармагын түзүп жатышат.

Үчүнчү фактор – тилдик жана маданий релеванттүүлүк. Дүйнөлүк желеде англис тили үстөмдүк кылууда, аны “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы үйрөнүп жатат. Эгер жергиликтүү тармактагы маалымат жергиликтүү тилдерде иштелип чыкпаса, жергиликтүү маданиятка шайкеш келбесе, мурда катышпай келген жамааттарды катышат деп күтүү болбойт. ЖМБ жаштарды интерактивдүү оюндар жана

чаттар менен көңүлүн ачкан кадимки Интернет-кафе болуп калбаш керек. Жергиликтүү жамааттар эгер пайдасын көрбөй турса Интернетти деле пайдаланбай коюшат.

Сенгеремадагы телеборбордо студенттер компьютерде иштөө чеберчиликтерин өстүрүүдө.

Page 137: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жамааттын радиостанциясынын ийгилиги ошондой эле жогоруда айтылган шарттар менен байланышкан – жамааттын тили менен маданиятына, керектөөсүнө шайкеш келген, демократиялык процесстерди жеңилдеткен, байланыш процесстерин жакшырткан берүүлөр болууга тийиш.

Уюштуруучулук туруктуулугуЖамааттык медиа борборлор элге алыныш үчүн он жылдап күрөштү. Латин Америкасы 1950-жылдардан баштап жол чапкан континент, жамааттык радиостанциялар уруксаты жок, көп учурда аскер диктатуралары жана коррупцияланган өкмөттөр менен ачык каршылашуу шартында уюштурулган. Кийин алардын көпчүлүгү октон жана аскерлерден коргогон мыйзамдык укуктарга ээ болушту. Түштүк Африка мындай кырдаалды биринчи “пираттык” станциялар апартеид бийлиги менен ачык каршылашуу шартында уюшулган токсонунчу жылдардын башында баштан кечирди.

Барактагы теле борбор: ал жамааттын менчигинде калып иштеп жатат!Барака - Дакар проввинциясынын борбору Сенегаладагы чакан жана жакыр район, калкы негизинен Мали, Гвинея, Греция менен байланыштуу болуп калды. Орточо киреше – айына 70 доллар. Бай коншулары анын жашоочуларын көбүнчө остракизмге тартышат. Балким, жамаатты цементтеген негиз болуп саналат. Баракта ал түгүл суу менен электр кубаты да коомдук жайларда турат. Бардык үйлөр бир скважина менен электр линиясын бирге пайдаланылышты.Бул фонддон караганда Enda Tiers Monde Баракта коомдук теле борбор ачууну чечти. Ал жашоочуларга телефон менен Интернетке жеткирет, ал Интернетке жана МКТ негизденип, окутуп анан жамаат лидерлеринин жолугушчу жери болуп калмакчы. Аны башкаруу жамааттын менчик мүлк моделине негизделген. Жергиликтүү байкоо комитети телеборбордунишин уюштуруп, каржылоосун жүргүзөт.Жакында Баракта өрт чыгып, бүтүндөй кыштакты жок кылып кое таштады. Өрт өчүргүчтөрдү чакыруунун жалгыз жолу телеборбордун телефону болуп калды. Бул жамаатты сактап калды. Башка Африка өлкөлөрү сыяктуу эле, Барактын телеборборунун Интернет менен телефонго төлөгөнгө акчасы жок. Тапкан пайдасы анын жумшаган каражаттарына туура келбейт. Ошого карабастан теле борбор дагы эле иштеп жатат, бирок Барактын жамааты анын маанисин түшүндү, аны жабуу оңой эмес экенин билди. Алар муну кантип жасашты? Алар муну кантип аткарышты?Алар теле борбордун эсептерин төлөө үчүн жамааттын суу фондусунун активдүү сальдосун пайдаланышты.

Лорен Элдер,Батыш Африкалык офистин Африкадагы регионалдык батыш африкалык

кызматкериIDRC (BRACO),

E-mail: [email protected]

Баракадагы телеборбор, Сенегал.

Page 138: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Уюштуруучулук туруктуулукка жетишүүнүн негизги маселелери:

Мыйзамдар, жөнгө салуу жана саясатЖМБга лицензия алуу керек болгон кээ бир өлкөлөрдө негизги проблема – бул жамааттын менчик укуктары жана ыйгарым укуктары. Эгер жамааттын мультимедиасы чынында эле жамааттын кызыкчылыгын карап, анын үнү болсо, анда алар жакшы келечекке көз караштарды чыңдай турган инструмент болуп калышат. Сиз этият курсту иштеп чыгуу жана ЖМБны башкарууда саясий кызыкчылыктардан качыш үчүн жамаатка үстөмдүк кылган кубаттуу саясий жана экономикалык кызыкчылыктардын сырткы таасирин билишиңиз керек.

Жамааттын менчик укугуМенчик укугу сиз издеген жол болуп бере алат: эгер сиздин жамаат укуктук жагынан ЖМБга ээлик кыла алса, анда ал сырткы башкаруудан жана цензурадан жакшыраак коргой алат.

Ички демократия, окутуу жана катышууЖМБнын ички динамикасы дагы уюштуруучулук туруктуулугунун коэффициенти болуп саналат. Ички демократия, окутуу жана чечимдерди кабыл алууга, программалаштырууга, мазмунду иштеп чыгууга, башкарууну жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө катышуу негиз болуп саналат. Башкаруунун ачык-айкындыгы, кызматкерлердеги жолдошчулук жана тилектештик сезими, жаңы ык-жөндөмдөрдү өздөштүрүү процессинде дайыма болуп турган диалог сиздин ЖМБнын табиятын жана анын туруктуулук негиздери жөнүндө даана түшүнүк берүүгө тийиш.

Максаттуу жана демократиялык структура, менежмент жана көзөмөлдөөчү органдарТуруктуу институттардын ролу уюштуруучулук туруктуулукка жетишүүдө абдан маанилүү. Ал комитет же колдонуучулар тобу түзгөн эффективдүү, жоопкерчиликтүү, жаңыланып турган башкаруучулар кеңешисиз деле иштей алат.

Уюштуруу структурасынын алкагында милдеттерди даана жана туура бөлүштүрүү дагы негизгилерден болуп саналат. Сиз фонддор, бюджет, каражат жыйноо маселелери боюнча кризистерге жана конфликттерге кез келишиңиз мүмкүн. Эгер милдеттер жана процедуралар даана бөлүштүрүлбөсө, бул туруктуулукка доо кетирет.

Максаттуу технологияБир катар медиа-долбоорлор чала иштелгендиктен токтоп калат. Социалдык жана маданий шарттарды жетиштүү билбесе, максаттуу эмес технология колдонулганда көп учурда ушундай болот.

Татаал аппарат каражаттары коммуникация процессине тартуу боюнча кадамдарды алмаштыра албайт, ал эми мультимедиялык борбордун жабдуулары

Page 139: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

өзүнүн кымбат жана эскирип бараткан компьютерлери менен начар пландаштыруунун мисалы болуп саналат.

Ошондуктан кылдат пландаштырып, жабдууларды эрте алып коюп эле пайдаланбай калуудан качыш керек. Мындай кемчилик олуттуу проблемаларга алып келип, ЖМБнын өмүрүн кыскартып коюшу мүмкүн. Пландаштыруу баскычына келгенде өзүңөргө суроо бергиле. Интернетти иштетүү үчүн телефон линиясын камсыз кылуудан мурун жабдууларга кеткен инвестициянын көлөмү канча? Жабдуулар жөнүндө чечимдер кандай кабыл алынды? Канча компьютер керек экенин ким аныктайт? Булар туруктуулукту пландаштыруунун маанилүү маселелери. Он жылдап топтолгон тажрыйбадан улам теле борборлорду эмес, радиостанцияларды долбоорлоо рационалдуу болуп сезилиши мүмкүн. Бир эле учурда радио жабдуулардын иштөө мөөнөтү узагыраак болот. Кээ бир радиостанциялар жыйырма жыл мурда алынган жабдуулар менен эле иштеп жатат. Теле борбор жаңы рыноктор үчүн күрөшүп жаткан компьютердик жана

программалык кампаниялардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн; Мүмкүнчүлүгү болгону беш пайызга эле иштеген кымбат жабдуу алуудан этият болгула. Башында көп ЖМБларга компьютер тексттерди иштегенге жана Интернети бар болсо электрондук почтаны караганга гана керек болот.

Тармактык иштер жана конвергенцияТармактык иштер жана конвергенциясыз уюштуруучулук туруктуулуктун деңгээлин болжоп билүү барган сайын кыйын болууда; тармактар инвестиция менен чыгымдарды бөлүштүрүп, тажрыйба алмашууга, биргелешкен талдоо иштерине колдоо көрсөтүүдө. Кээ бир каналдарынын автономдуу мүнөзү кемчилик болушу мүмкүн. Филиппиндеги Тамбули радиотармагы иштеп жатат, себеби чоң тармактын бир бөлүгү болгудай күчтүү стимул бар. Жамааттарды өнүктүрүү

Каржылык туруктуулук ар кандай жол менен келиши мүмкүнКоомдук радиого келгенде коомдук төлөмдөр адатта негизги каржы булактары болуп берет. (көп учурда колдонуучулардан лицензияга акы төлөө түрүндө).

Эгер ЖМБ жамаатка реалдуу пайда алып жатса, анда жамаат дагы аны каржылоого алышы керек. Эгер ЖМБ жамааттын социалдык туруктууулугун камсыз кылса, анын ичинде ар кандай кызматтарды көрсөтсө, бул социалдык стабилдүүлүктөн каржылык стабилдешүүгө өтүп кетиши мүмкүн. Саясий жагынан Өкмөт менен коомду ишендирүү өтө маанилүү.

Коомдук каржылоо инфраструктуранын башка элементтерин, мисалы, жолуна да акча карашы мүмкүн. Акырында эгер биз чынында эле информациялык коомдо жашап жаткан болсок, менин оюмча ал коммерсанттар эмес жамаат каржылаган жашоого чыйрак болууга жардам берет.

Брюс Жерар,Көрүнгөн биримдик:

Радио жана жаңы МКТ: өз ара, байланыштары

директор жана редактор E-mail: bgirard @ comunica . org

Page 140: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

программалары менен байланышкан теле борборлордун долбоорлору изоляцияда иштеп жаткандарга караганда ийгиликтүү иштегенге көп мүмкүнчүлүгү бар.

Каржылык туруктуулукКаржылоо, чынында эле маанилүү проблема болуп саналат. Бирок бул жерде көп учурда эске алынбай калып жүргөн бир катар аспектилер бар. Каржылык туруктуулукту берген киреше ЖМБнын жамааттын керектөөсүнө шайкеш сөз эркиндигинин шартында жашоосун билдирет. Каржылык туруктуулуктун жакшы моделдери өзүнүн көз каранды эместигин сактап, жамааттын көз карашына шайкештикти кепилдеш үчүн экономикалык колдоонун ар кандай булактарын бириктире алышты.

«Бизнес-моделдер» жана «каражат жыйноо» бөлүмдөрүн караңыз.

Өкмөттүн колдоосу ЖМБны талкуулап жатканда өкмөт тараптын жоопкерчилиги менен колдоосун эске алуу ашыкча болбойт. Өкмөттөр көп учурда мультимедиа коомдоруна тилектеш болуп, сабырдуу мамиле кылышат. Мексикадагы жергиликтүү радиостанциялар тармагы – көп жылдар бою заманбап партиципатордук моделге айланган жакшы саясаттын мисалы болуп саналат. Так ушу сыяктуу эле Түштүк Африкада дагы жамааттык радиостанцияларга, теле борборлорго жана ЖМБларга колдоо көрсөтүү саясаты иштелип чыкты.

ЖМБ өнүгүү маселелеринде белгилүү бир социалдык жана маданий ролду ойношуп, билим берүү тармагында өкмөттүн да милдеттерин аткарышат. Ошондуктан, айылдык мектептер жана коомдук китепканалар иштеп жаткандай эле ЖМБны уюштурууга каражат бөлүү жөнүндө өкмөткө кайрылса болот.

Сиздин ЖМБны өкмөт ар кандай ыкма менен колдоого ала турган мүмкүнчүлүктү да эске алышыңыз абзел – мисалы, Интернетти кошуу, жеңилдетилген тарифтер, реклама, гранттар ж.б.

Жергиликтүү мекемелер жана коммерциялык ишканалар Жергиликтүү мекемелер жана уюмдар эгер пайдалуу деп тапса ЖМБа колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Билим берүүнү, айыл чарбасын, адам укуктарын, саламаттык сактоону колдоого алышкан жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар сиздин ЖМБ

менен эриш-аркак мамилени пайдалуу деп табышы мүмкүн. Бирикмелер, кооперативдер, аялдар клубдары жана башка жарандык коом уюмдары

адатта өздөрүнүн программалары үчүн эфир убактысын алып, жамааттык радиостанцияларга жардам беришет. Так ушул сыяктуу эле ЮНИСЕФ, коммуникацияны колдоо фонду, «Оксфам», балалыкты коргоо сыяктуу эл аралык уюмдар көп

Бениндеги Баникоара ЖМБсы колдонуучуларды тейлөөгө алуу жана пайда табуу үчүн кафе ачты.

Page 141: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

учурда маалымат жана байланыштын ар түрдүүлүгүн камсыз кылуудагы ролун колдоп, ошолордой эле эфир убактысына алмашып, жамааттын радиосуна жана ЖМБга өздөрүнүн салымын кошууда.

Африкадагы бир катар радиостанциялар (Kwizera радиосу сыяктуу (Үмүт Радиосу), Танзании, Руанды жана Бурундинин чек арасында) Оксфам», ЮНЕСКО, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары, ЮНИСЕФтин колдоосу астында суу жана санитария, ден-соолук, тынчтык жана ынтымак жөнүндө радиоберүүлөрдү даярдаганга катышууда.

Жергиликтүү ишкерлерди колдоонун ЖМБ үчүн да чоң мааниси бар – алар сиздин каржылык туруктуулугуңуздун негизи болушу мүмкүн. Алар сиздин ЖМБнын кирешесин стабилдештирүүгө жардам бере алышат. ЖМБ өз кезегинде жергиликтүү ишканаларга Интернет кызмат көрсөткөн жергиликтүү провайдер болушу мүмкүн. Алар Интернет үчүн бир жылдык жазылуу акысын төлөп коюшат, ал эми коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар сиздин офистен бөлмөлөрдү ижарага алып турушса болот.

РекламаЖМБ мыйзамдуу таанылган өлкөлөрдө жамааттык радиостанциялар үчүн эфир рекламасынын көлөмүн көп учурда чектеп коюшат. Бул чара алардын айтымында станцияны рекламанын көз карап калуудан коргоп, жамааттык радионун лицензияга көп акча жумшаган жеке FM-станциялар менен мыйзамсыз атаандаш болбосун кепилдеп турат. Бирок бул чектөөлөр станциялардын материалдык күч-кубат алуу жолунда тоскоолдук болуп калышы да ыктымал. Мүмкүнчүлүккө жараша, ЖМБ жергиликтүү рекламаны маанилүү пайда булагы катары карашы керек.

Киреше табуунун инновациялык ыкмаларыLa Primerisima, Никарагуадагы эркин радиостанция 18 жыл бою бардык күчү менен иштеп, ал түгүл улуттук рейтингде биринчи үч орун үчүн ат салышып келди. Көп жылга созулган эркиндик үчүн күрөштө ал пайда табуунун инновациялык жолдорун таба алды.

Станциянын ар бир кызматкери рекламадан пайда таап жана андан процент ала алат. Программанын бир нече слоттору өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан ижарага алынган, алар адам укуктары, табиятты коргоо, миграция жана гендердик теңчилик маселелери боюнча берүүлөрдү пайдаланышат. Рекламалык ишмердик La Primerisimaнын түз максаты болгон эмес, анын Никарагуадагы жакыр катмарларга карата прогрессивдүү позициясы болгон, аудиториянын да колдоосу чоң болгон. Европа менен Австралиядагы тилектеш уюмдардын колдоосу эле станциянын жылдык кирешесинин алтыдан он пайызга чейинкисин түзөт. Калганы жергиликтүү масштабда алынат.

Жаматтын колдоосу

Page 142: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Жамааттын колдоосу көп учурда пландоо учурунда эске алынбай калат. А чынында жамааттын колдоосу кыйла эле чоң болот. Адатта жамаат ЖМБга жана радиостанцияга жер берет, курулушка жардам берет.

Жамааттын жардамын алуунун жакшы мисалы - Боливиядагы шахтерлор радиостанциясы. Отуз жылдан бери ар бир жумушчу ай сайын бир күндүк эмгек акысын радиостанциянын пайдасына берип турган. Бул эң кедей делген жамааттар коммуникациялык долбоорго көмөктөшүү үчүн эмнеге кудуреттүү экендигинин бир мисалы болуп бере алат.

КорутундуЖамааттын катышуусу жана колдоосу – ЖМБнын туруктуулугунун фундаменталдуу шарты. Сиз келечектен чочубай эле ЖМБ ача берсеңиз болот, анткени ал дайыма донордун эсебинен каржыланат. Бирок эки маанилүү компонент жок болсо, борбор сырткы каржылоо токтогондон кийин эле ишин токтотууга аргасыз болот.

Сиздин ЖМБнын туруктуулугу силердин колдонуучулардын катышы, мүмкүнчүлүктөрү менен, ошондой эле сиздин жамааттын жана башка катышуучулардын карылык колдоосу менен байланыштуу. Ошондой эле радио менен телеборбордун эффективдүү интеграциясы туруктуулукка өбөлгө боорун эске алуу абзел.

Эгерде ЖМБнын алкагында социалдык, уюштуруучулук жана карылык стабилдүүлүк эриш-аркак аралашып кетсе, өзү эл менен бир пикирде көп жылдар бою иштейт.

Альфонсо Гумичио-Дагрон,Байланыш каражаттарын өнүктүрүү боюнча адис,

Боливиялык кинопродюсер жана жазуучу, Африка, Азия, Латин Америкада жана Кариб деңизинин өлкөлөрүндө иштөө тажрыйбасы бар.

E-mail: [email protected]

Page 143: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

2-бөлүкКаржылык туруктуулукту пландаштырууЖМБны өнүгүүнү максат кылган бизнес ишканасы катары кароого болот. Бир жагынан жамааттын керектөөсүн канааттандыруу үчүн, экинчи жагынан чака же орто масштабдагы өзүн өзү актаган жана жакшы башкарылган ишкана болуш үчүн бизнес жана өнүгүү маселелери кылдат моделдештирилиш керек.

ЖМБда салттуу жана жаңы МКТ колдонулган медиа-кызмат көрсөтүү негизги бизнес болуп саналат. Башкаруунун кээ бир негизги аспаптары ушул кызматтарды көрсөтүүдө эле эмес, потенциалдуу өнөктөрдүн жана башкалардын ишенимине ээ болуу үчүн, ошондой эле сиздин борборго колдоо табуу үчүн колдонулушу керек. Бул бапта бизнес моделдердин ар кандай түрлөрү берилген, аларды сиз өзүңөрдүн шартка ылайыктап өзгөртүп, бизнес план түзүп, аны каржылоону камсыз кылып алсаңар болот..

ЖМБ үчүн бизнес-моделдерЖМБнын базасында иштеп кете турган кээ бир бизнес-моделдер төмөндө берилди.

Маклердик модельБул модель боюнча ЖМБ түз сатуулар же аукциондорду өткөрүү үчүн жергиликтүү брокерлерге же жергиликтүү ишкерлерге радио менен Интернеттин кызматын пайдаланууга берет.

ЖМБнын жардамы менен бүткөн ар бир иштен акы алса болот. Бул модель боюнча ЖМБ рынокто иштөөнүн жаңы ыкмасы катарында өзүнүн кызматын жергиликтүү брокерлерге активдүү сатууга умтулушу керек.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөр шаардык брокерлерге акча төлөбөй эле сатуучулар менен түз байланышып, пайда көрөт. Мындан ЖМБ дагы пайда көрөт. Жакшы уюштурулса бул модель бизнес-бизнес (B2B), бизнес-керектөөчү (B2C) жана керектөөчү-керектөөчү (C2C) боюнча иштерди жеңил бүткөрүүгө жардам берет.

Бул модель боюнча интерактивдүү же автономдуу колдонуудагы буюмдардын каталогун түзүүгө болот. Мында агент көрсөтүлгөн товарлардын бар экенин тактап, баасын аныктап, сатып алуучуга маалымат жеткирет.

Так ушул сыяктуу эле бул модель боюнча башка региондогу товарлардын баасын билгиси келгендерге да базар маалыматтары берилет. ЖМБнын радиосу жана Ин¬тернет жергиликтүү ишкерлерге жана соодагерлерге базар жаңылыктарын жеткирүү үчүн колдонулат.

Рекламалык модель

Page 144: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Радиодогу реклама көп ЖМБларга жашы белгилүү жана пайда табуунун негизги булактарынын бири болуп саналат.

Бирок тармактагы реклама дагы ошондой деп айтууга болбойт. Көп учурларда тармактагы реклама маалыматтык же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө болот, мисалы, электрондук почта, чаттар, форумдар, баннер түрүндөгү рекламалык маалыматтар.

Тармакта рекламага орун бергени үчүн акча алышат, ал эми радиодо ага жумшалган эфирдик убакытка акча төлөнөт.

Рекламалык сайтта оригиналдуу маалымат болушу мүмкүн же ал аны жайылтуунун милдетин аткарат. Тармактагы рекламалык модель трафиктин көлөмү чоң болгондо гана жакшы иштей алат. Демек, сайт башка порталдар жана чоң сайттар аркылуу жеткиликтүү болушу керек.

ЖМБнын түрүнө жараша реклама жамааттан сырткаркы колдонуучулар арасында ийгиликтүү пайдаланылып, башка жактагы сатып алуучуларды тартып бере алат.

Ортомчулук модельБул модель маалыматтык ортомчулук кылууну билдирет, ал рынок маалыматы концепциясына негизделген. Керектөөчүлөр жана өндүрүшчүлөр жөнүндөгү маалыматтар маркетинг кампаниялары аркылуу жыйналып талдоого алынат.

Бул моделди кабыл алыш үчүн ЖМБ маалыматтардын тармактык базасын түзүшү керек, анда жергиликтүү продукциялар жана өкмөттүк, саясий, бейөкмөт уюмдарды жана бизнести кызыктырган проблемалар жөнүндө маалыматтар болууга тийиш. Мисалы, кол өнөрчүлөр, ВИЧ/СПИДдин тенденциялары ж.б. Китепкананын колдонуучулары жөнүндөгү маалымат дагы абдан маанилүү, анын үстүнө электрондук китептер азыркы учурда көбөйүп көп таркап жатат. Бул маалыматты жыйнап туруп сатып пайда көрсөт болот.

Керектөөчүлөр, өндүрүшчүлөр, жамааттар жана алардын салт-санаасы жана ишмердиги жөнүндө жыйналган сапаттык жана сандык маалыматтар ар кандай демилгелер жана инвесторлор үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн.

Жамааттык модельБул модель ЖМБлар, радиостанциялар жана көп максаттуу телеборборлор үчүн абдан популярдуу болуп калды. Анын мааниси колдонуучулардын ак ниет мамилесине жана убактылуу колдонуучулардын салымына негизделген.

Кошумча товарлардан же кызмат көрсөтүүлөрдөн, же ыктыярдуу салымдардан киреше алууга болот. Ачык өнүгүү демилгелерин, коомдук берүүлөрдү, билим берүү тармактарын жана атайын адистешкен сайттарды колдоо үчүн бул модель кеңири пайдаланылууда.

Интернет жана электрондук почтанын жазылуу кызматы бара-бара абдан популярдуу болууда.

Page 145: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБ бул моделди колдонуп, жаштарды жана аялдарды окутса болот. ЖМБ ийгиликтүү иштеп кете ала турган дагы бир жол улуттук/регионалдык тармактарды өнүктүрүүдө турат.

Жазылуу моделиБул моделдин ийгиликтүү иштеп кетиши силердин ЖМБ жана анын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды. Мында колдонуучулардан күн сайын, ай сайын же жыл сайын тейлөө акысы алынат.

Бул моделдин Угандадагы мисалын алып көрөк, ал жакта активдүү колдонуучулардан мүчөлүк акы алышат экен. Бул взностор колдонуучуга китепканадагы китептерди, компакт-дискилерди алып пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кызмат көрсөтүүнү сапаттуу кылуу боюнча аракеттер көрүлүүдө, ошол эле учурда бир жолку колдонуучуларды жоготуп албаштын да жолу табылууда. Бул деген компакт-дискилердин прокаты бир жолку колдонуучуларга сатылышы мүмкүн, ал эми жазылгандар үчүн компакт-диск, китептер, видео кассеталарды прокатка алуу акысыз болот.

Жазылуу модели Интернеттеги колдонуучулардын эсебинен кеңейиши да мүмкүн. Жазылгандар үчүн Интернетте иштөө үчүн белгилүү бир убакыт белгиленип коюшу мүмкүн, мисалы күнүнө 30 мүнөт. Бул ишкерлер үчүн да жана бир жолку төлөмдөр өтө эле кымбат деп эсептегендер үчүн да пайдалуу.

Акысыз жана судсидияланган кызматтардын ЖМБ үчүн өнүгүү максатына шайкеш келүү, коомдук маанисин сактоо жана коомдун жарандык иштерге катышуусу үчүн мааниси чоң. Демек, ЖМБнын жетекчилиги кылган кызматы үчүн аша чаап акы алганга жетпеш үчүн бул модель менен этият иштеши керек.

Сервистик модельБул моделди көп ЖМБлар телефон, электрондук почта жана тармактык издөө кызматын көрсөтүүдө колдонуп жүрүшөт. Сервистик мо¬дель колдонууга акы төлөө методун же “эсептегич боюнча төлөө” ыкмасын пайдаланат. Тарифтик кызмат көрсөтүүлөр баалардын негизинде пайда алып келет. Бул модель адатта телефон, электр жана суу кызматын көрсөтүүдө колдонулат. Ошол эле учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бир катар Ин¬тернет-провайдерлер бул ыкманы колдонуучулардан пайда табуу үчүн пайдаланышууда.

Бул ЖМБ үчүн рынокту өнүктүрүүнүн көп сандаган ыкмалары бар тааныш, жөнөкөй жана

сындан өткөн модель болуп бере алат.

Кыска-орто узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуу

Page 146: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Ар бир ЖМБ башка ишканалардай эле ишти кыска-орто-узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгуудан башташы керек. Келгиле бизнес план иштеп чыгуудан мурун бир катар стратегияларды карап көрөлү.

Кыска мөөнөттүү стратегияКыска мөөнөттүү стратегиялар кыска убакытта белгилүү бир проблема боюнча натыйжа алууга эсептелген. проблемам. Бул категория стратегиясы төмөнкү орчундуу суроолорго жооп бериши керек:

• кандай кызматтар камсыз болушу керек?

• базар көлөмү кандай?

• атаандаштар ким?

• сатуунун стратегиясы кандай?

• бизнести баштоо үчүн канча каражат керек?

• каржылоо булактары кандай?

• ишти баштоо үчүн жана борбордогу күнүмдүк ишти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон адам ресурстары жана материалдык салымдар кандай?

• кандай талаптар жана кандай башкаруу көзөмөлү болууга тийиш?

• бизнес-планды оңдоп тууралоонун мөөнөттөрү кандай?

• менеджмент кеңештерди жана техникалык колдоону каяктан алып турат?

ЖМБ токтоосуз жана азыраак наркы менен сунуштай турган кызматтарын аныкташы керек. Көп ЖМБлар үчүн бул арзан жана жөнөкөй технологияны пайдаланууну билдирет. Сиз сунуштаган кызматтарга жамаатка арналган радио берүүлөр, компьютердик сабаттуулукка окутуу, телефония жана эгер Интернет жок болсо CD электрондук китептердин китепканасы кириши мүмкүн.

Кыска мөөнөттүү стратегиянын артынан жигердүү маркетинг жана коммерциялык стратегия сиздин ЖМБ жөнүндө жамаатка жарыялашы керек.

Негизги планды иштеп жатканда “кичинеден башта” ыкмасын колдонгула.

Орто мөнөттүү стратегияСиздин кыска мөөнөттүү стратегия иштелип чыгар замат ЖМБнын өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү перспективасын аныктоого киришүү керек. Мисалы, бизнесте артыкчылык алуу жана имиджин түзүүнү каалаган ЖМБ кардарлардын ишенимине кирүү үчүн төмөнкүдөй аракеттерди көрөт:

• Кошумча кызматтарды көрсөтүү, айталы чыныгы китепкана ачуу имиджди күчөтүүгө көмөк болмок.

• Бизнес-моделдерди аныктоо жана колдонуу же моделдердин комбинациясын колдонуу, мисалы эгер маклердик моделди колдонуу каралып жаткан болсо

Page 147: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБ иштеп аткан брокерлерди же ассоциациянын өкүлдөрүн таап, ушул моделдин алкагында окутуп алса болот.

Узак мөөнөттүү стратегияБул үчүн ЖМБ өзү жүргүзө турган социалдык өзгөрүүлөрдү карап көрүп, иштеп

аткан байланыштарын жана жамааттын структурасын болжоп көрүп толук масштабдуу иш баштаса болот.

Негизги өнүгүү багыттарында эске алынчу жагдайлар:

• Радиоберүүлөр менен алмашып туруу жана адам ресурстарын биргелешип өнүктүрүү, сатып алуу, тейлөө иштерин биргелешип жүргүзүү үчүн ЖМБнын улуттук же регионалдык тармактарын түзүү же бириктирүү;

• Кошумча кызматтарды көрсөтүү жана белгилүү болуш үчүн улуттук жана регионалдык мекемелер менен байланыш түзүү;

• тармактык билим берүүгө катышуу;• бардык диаспоралар үчүн талкуу сайттарын ачуу.

Бизнес-планды иштеп чыгууМурда айтылгандай эле бизнес-планды иштеп чыгуу бардык эле ЖМБны ачып иштетүүнүн биринчи кадамы болуп саналат. Бизнес-план – ЖМБнын инвестор менен бирге өз ишмердигин пландаштыра турган документи, ошондуктан анын мазмуну бардык ишти даана так көрсөтүп, талаптагыдай пландалышы керек, ошондо гана ал объекттин жашап кетишин жана башкарылышын кепилдей алат.

ЖМБнын түрүнө жараша ишке жумшалган капиталды кайтаруу тартиби жөнүндө маселени планга киргизип коюу пайдалуу.

Ар кандай кырдаалга пайдаланууга жарактуу болгон бизнес-пландар толтура. Кандай болгон күндө да сизге башында жана резюмелерде көрсөтүлгөн ар кандай категориялар боюнча маалымат жыйнап беришке туура келет. Ошондой эле төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

• ЖМБнын максаттары жана милдеттери;

• ЖМБнын тарыхы;

• ЖМБнын структурасы жана уюштурулушу;

• Сунушталган кызмат көрсөтүүлөр;

• ЖМБ кантип киреше алат;

• Табылган жана жумшалган каражаттын, кирешенин көлөмү.

Бизнес-план потенциалдуу катышуучуларга жана донорлорго ЖМБнын маанисин жана ийгиликтүү

Мини-кредит алган топтун мүчөлөрү“Фиа” радиосунун берүүлөрүнө катышууда, Сенегал.

Page 148: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

иштеп кетүү жолдорун туура баалаганга мүмкүндүк берет. Бул ЖМБнын жетекчилигине керектөөнү пландаштырып, проблемаларды ажырата билгенге жардам берет. Жакшы бизнес план кыска мөөнөттөгү чечимдерди чыгарып, келечектүү жолдору тапканга да пайдалуу. Каражат жыйноо аракеттери дагы бизнес-планда көрсөтүлүшү керек. Төмөнкү көнүгүүлөр сизге анын иштеп чыгуу мөөнөтүн тактаганга жардам берет.

Эми сизге бизнес-план түзгөнгө бардык элементтер бар. Документтин аягындагы тиркемелерди карап чыгармачылык менен иштегиле.

Каржылоо жана өнөктөштүк маселелерин бардык жагынан талдап чыгууЖМБ ар кандай булактардан каражат тартууну пландаштырганда төмөнкүлөрдү эске алышы керек:

• Жамаат-донордун өнүгүү приоритеттерине дайыма шайкеш келүү маанилүү. Донордун маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн тапкыла; билгиле, балким маалымат бюллетенин чыгарат, анын сайтын окугула.

• Донорлор барган сайын инфраструктураны эмес түшүнүктөрдү караган өнүгүү демилгелерин көбүрөөк каржылашууда, мисалы маалыматты өнүктүрүү, максаттуу окутуу, кампанияны өнүктүрүү. Алар өз кезегинде кызматтарды пайдаланууну талап кылышат.

• Өкмөт жана коомдук сектордун институттары эң биринчи улуттук жана жамааттык өнүгүү программаларына каражат бериши мүмкүн. Муну билгиле жана дайыма өз кызыкчылыгыңарга пайдалангыла.

• Жарандык коом уюмдары (мисалы, өкмөттүк эмес уюмдар) ЖМБнын кызматын талап кылган тематикалык демилгелерге каражат бериши мүмкүн, мисалы, ВИЧ/СПИД, аялдар теңчилиги и ж.б.

• Корпоративдүү жана жеке сектор ЖМБнын кызматын пайдаланып, товарын алышы ыктымал. Жергиликтүү базар жана өндүрүүчүлөр жөнүндөгү маалымат ЖМБнын товары болуп бериши мүмкүн. Ошентсе да бул сектордо кызыкчылыктар кагылышып калбасын үчүн этият иштегиле.

• Диаспора жамааттар- ЖМБнын ишиндеги потенциалдуу булак, бирок анын салымы каражат эмес, практикалык иштер да болот (ыктыярчылар, экспертиза жана техникалык колдоо).

Бизнес-планды кадамдап баалооБиринчи кадам. Сиздин бизнес-планга кире турган бардык негизги позицияларды санап чыккыла – кызматтар, маркетинг, план жана структура.

Экинчи кадам. Ал пункттарды төмөнкү позициялар боюнча текшергиле:

«Бюджетти» карап текшергиле, каржылык планда чыгыша жана киреше каралган болушу керек. Мисалы, эгер маркетинг планында футболкаларды таратуу каралган болсо, каржылык планда ага кетчү каражат каралган болуш керек.

Page 149: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

«Мааниси» - бизнес-пландын ар бир бөлүгү силердин милдеттердин жана аларды аткаруу кудуретиңердин маанисин жана эффективдүүлүгүн жогорулатып турушу абзел.

«Далилденген» - каралган пункттарды тажрыйбага же документке таянып негиздөө жөндөмүңүздү көрсөтөт.

«Макулдашылган» - бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде Кеңеш жана жамаат, баары планга макул экенин көрсөтөт.

Үчүнчү кадам. Эгерде сиз экинчи кадамды текшерип, бизнес-планды окулгандай форматта бергиле. Мисалы:

бюджетте мааниси далилденген макулдашылган

Чоң имаратка көчүү

ооба ооба ооба ооба

Жамааттын жардамын жана колдоосун алууМКТга окутуу, Интернет тейлөө, радио кулактандыруулар, радиоберүүлөрдү жазып уктуруу жана түз ободон берүү сыяктуу кызмат көрсөтүү менен катар силер жамаат жактын дагы жардамын жана колдоосун тарта аласыздар. Кимдир бирөө белгилүү бир маселе боюнча, мисалы китепкананын кеңейиши жөнүндөгү маселеге кызыгып калышы мүмкүн. Ал эми жамаат бүт баары мектеп пьесасын уктуруу же маанилүү жергиликтүү жаңылыктарга кызыгышы ыктымал.

Диаспоранын мүмкүнчүлүгүн пайдаланууБардык эле диаспоранын жамаатты өнүктүрүүгө орчундуу мааниси бар каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар. Диаспораны ачык эле каржылык жана практикалык жардамга, техникалык экспертиза жана колдоо көрсөткөнгө чакыргыла.

Жамааттын колдоосун тартуу ЖМБда орчундуу чыгармачылык тармак иштерин талап кылат. Диаспорага кызмат көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларында өнүгүү маселелери боюнча талкууга колдоо көрсөтүү, жергиликтүү жамааттардын өнүгүшү жөнүндө эл аралык коомчулукка маалымат жеткирүү, жамааттын өнүгүшүндө диаспоранын ролу жөнүндө сунуштарды жарыялоо сыяктуу маселелер диаспораны кызыктырышы мүмкүн.

Коммерциялык структуралар менен иш мамилелери

Page 150: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБ өлкөдөгү жана региондогу жаңы рынокторду өнүктүрүүнүн потенциалдуу каналдары болуп бере алат. Коммерциялык сектор өз кезегинде жаңы рынокторго жетүү жана кеңейүү маселелери менен кызыгат, бул эриш-аркак иштешүүнүн жаңы жолдорун табууну талап кылат. Силерге коммерциялык уюмдардын ЖМБны менчиктеп алуу аракеттерине каршы бекем туру керек болот.

Сиздин ЖМБ жеке сектордун социалдык программаларда негиздүү катышуусун талап кылышы мүмкүн, бул өнүгүү демилгелерине баа жеткис колдоо алып келиши мүмкүн.

Силер жамааттын деңгээлинде кайра бөлүштүрө турган кызматты же продуктуну аныктоо коммерциялык структуралар менен мамиле түзүүгө ыңгайлуу учур болуп бере алат.

Шилтемелер:Майкл Раппа, Интернеттеги бизнес-моделдер

http://digitalenterprise.org/models/models.html жума, 24-октябрь 2003-ж., 11:44:19 EDT.

Роберт Жичира жана Дуглас Диксон, Жеке бизнес: кантип баштоо жана башкаруу керек, Хейнеманн, Кения, Найроби,1991.

Дороти Маккормик жана Пул Оув Педерсен. Кичи ишканалар: Африканын шартындагы ийкемдүүлүк жана тармактык иштер, Лонгхорн, Кения, Найроби, 1996.

Изекииль Дламини,

ЮНЕСКОнун Батыш Африкадагы МКТ иштери боюнча кеңешчиси

E-mail: [email protected]

Ишкер тендерге Танзаниядагы Сенгерема телеборборунан жиберилген факсты карап жатат.

Page 151: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Изилдөөлөр жана баа берүү

Изилдөөлөргө этнографиялык мамиле

Джо Такки, Дон Слейтер

жана Грег Хорн

Page 152: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул бапта

Эмне жана эмне үчүн изилденет? Этнография жана практикалык

изилдөөлөр Чоң жана максаттуу изилдөөлөр Изилдөөлөрдү пландаштыруу

Page 153: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Изилдөөлөр жана баа берүүПрактикалык этнографиялык изилдөөлөр ЖМБ, анын колдонуучулары, жана андан чоң жамааттар жөнүндө маалыматты ийкемдүү жана адаптивдүү жыйноо ыкмасын камсыз кылган методология болуп саналат. Бул методология эки изилдөө ыкмасын: этнографиялык жана практикалык изилдөө ыкмаларын бириктирүүгө негизделген.

Этнография – ар башка маданияттарды түшүнүү үчүн салттуу түрдө колдонулуп келген изилдөө ыкмасы. Этнографиялык ыкма долбоордун жергиликтүү шарттарды жана керектөөлөрдү кеңири түшүнүүгө негизделгендигин кепилдейт.

Практикалык изилдөө - кырдаалды жаңыча баалоонун жаңы ыкмаларын жүргүзүү үчүн колдонулган изилдөө ыкмасы. Ал “пландагыла-жасагыла-байкагыла-баа бергиле” циклына негизделген жана этнографиялык ыкма колдонулган бай изилдөө маалыматтарын жыйноого мүмкүндүк берет.

Бул бапта биз практикалык этнографиялык изилдөөнүн схемасын беребиз. Муну толук түшүнүү үчүн биз “ЮНЕСКО колдонуучусуна колдонмо: практикалык этнографиялык изилдөө» (Такки и ж.б., 2003 ж.) сунуш кылабыз.

Изилдөөлөр эмне үчүн жүргүзүлөт?Практикалык этнографиялык ыкма ЖМБны ар дайым “маданиятты изилдеп” турууга үндөйт. Изилдөөнүн өзү ЖМБнын жергиликтүү шартта эфективдүү иштеп кетишине жардам берүү үчүн жүргүзүлөт.

Изилдөө процессинин негизинде ЖМБнын ишмердигин дайыма коштоп жүрө турган төрт негизги суроо жатат:

• Эмне жасап көргүбүз келип жатат?

• Биз аны кантип жасап көргүбүз келип жатат?

• Биз аны кандай жакшы жасайбыз?

• Биз аны башкача жакшыраак кандай жасай алабыз?

Эмне жасап көргүбүз келет?Биринчи суроого жооптор долбоордун максаты менен милдеттерин аныктайт.

Ар бир ЖМБ айрым бир багытты алып, андан бир натыйжага жеткиси келет. Мисалы максатты аныктоо менен ал эмне үчүн иштеп жатканын аныктайт, ал эми ЖМБнын милдеттерин аныктоо аны туура жолдон четтеп кетпеши үчүн керек. Бул милдеттер ЖМБнын ишинин ийгилигин баалоо үчүн колдонулат. Башкача айтканда, милдеттер ЖМБнын ишмердигинин натыйжасында аткарыла турган иштерди билдирип турат.

Биз аны кантип жасап көргүбүз келет?

Экинчи суроо милдеттерди белгилүү бир планга айландырат. Сиздин ЖМБ күнүмдүк ишмердигинде өзүнүн максатына жана милдеттерине кантип жеткен жатат? Бул үчүн төмөнкүлөрдү түшүнүү керек:

Page 154: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• ЖМБнын өзүнүн ишмердигин;

• Уюм катары максат-милдеттерге жетүүнүн жолдорун, бул процесске тартылган жамаат жана башка ресурстарды;

• ЖМБнын ички структурасын жана байланыштарын, ресурстарды колдонуу ыкмаларын.

Биз аны канчалык жакшы жасайбыз?Үчүнчү суроо ЖМБнын максатына жетүү боюнча иш-аракетин реалисттик жана илимий баалоону талап кылат.

Бул баалоо сиз жергиликтүү жамааттын, колдонуучулардын, кызматкерлердин, ыктыярчылардын, донорлордун жана башка катышуучулардын кызыкчылыгында канчалык жакшы иштеп жаткандыгыңызды көрсөтөт.

Биз муну башкача жакшыраак жасай алабызбы?Сиздин изилдөөнүн натыйжаларына таянган төртүнчү суроо сиздин максат-милдеттериңизди, ишмердигиңизди, анын эффективдүүлүгүн талдоону,

жетишкендиктерди жана кемчиликтерди кайра карап чыгууну талап кылат. Бул ЖМБнын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында изилдөөлөргө, анализге жана баалоого негизделген жаңы пландоону жана иш-аракеттерди талап кылат.

Бул төрт суроодон башка конкреттүү суроолор да болот, ал ЖМБнын өнүгүү процессинде чыга берет. Практикалык-этнографиялык изилдөө ЖМБнын табияты жана максат-милдеттерине тийиштүү болгон орчундуу жана конкреттүү маселелерди иштеп чыгууга жардам берет.

Сиз эмнени изилдешиңиз керек?Медиа-технологиялар жана алардын таасирин изилдөөнүн ордуна этнографиялык ыкма адам турмушундагы байланыш жана маалымат агымдарынын бардык структурасын кароону билдирет.

• Алар жактырган коммуникациялык жана маалыматтык ишмердиктин түрлөрүн;

• Бар болгон коммуникациялык ресурстарды жана аны пайдалануу ыкмаларын алар кантип түшүнөрүн;

• Аларды байланыштырып турган социалдык мамилелер жана институттар.

• Биз бул сүрөттү тартып аларыбыз менен, ошол чөйрөдөгү таасирлерди жана мүмкүнчүлүктөрдү, алар башка иш тармактарына кандай аралашып жатканын оңой түшүнүүгө болот. Бул медиа-технологиялардын ордуна жана аларды

Эмне үчүн?Эмне?

Кандай?

Page 155: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

кеңири пландагы “коммуникативдик экологияда” колдонуу маселесине да тийиштүү.

ЖМБ үчүн картинаны (коммуникативдик экология) жана социалдык маселелерди (маалымат агымдары) толук түшүнүү абдан маанилүү. Көп учурда биз жаңы али калыптана элек медиа-технологиялар менен иштейбиз. Биз аларды байланыштын жергиликтүү ыкмаларына ыңгайлаштырсак болот. Андан сырткары медиа менен иш жүргүзүүдө биз ар кайсы тарых жана мекемелер менен салыштырып карап, чыгармачылык менен ыңгайлаштырып, жергиликтүү масштабда иштегендей эффективдүү кылууга умтулушубуз керек.

Этнография

Этнография учкай маанисинде “маданиятты жазуу же көрсөтүү” дегенди билдирет. Этнография башынан бери жергиликтүү шарттарды (сиздин ЖМБ жана жамаат) узак мөөнөттө изилдөөгө негизделген. Негизги метод – түздөн түз байкоо салуу. Этнограф изилденип жаткан коомдо же маданиятта (адамдардын арасында жашайт) жашап жатканда ал аналитикалык жана байкоочу позициясын сактап, өзү иликтеген теманы талдап, сүрөттөп жана анын маанисин ачып түшүндүрөт. Этнограф үлгүлөрдү издейт, жергиликтүү байланыштарды, түшүнүктөрдү жана алардын маанисин сыпаттап жазат. Этнография изилдөөнүн объектисине жалпылашкан мамиле кылат, башкача айтканда этнографтын социалдык кырдаалга жана социалдык мамилелерге дүңүнөн караган көз карашы болуп эсептелет.

Биздин максатыбызда этнографиялык ыкма ЖМБ иштеп жаткан чөйрөдөгү социалдык мамилелер менен процесстердин бүтүндөй диапазонун түшүнүү үчүн керек. Бул жакка кирген объектилер:

• Кызматкерлердин жана активисттердин чөйрөсү – алар кантип уюшкан, кантип ишти алып барышат, ЖМБ алардын турмушунда кандай мааниге ээ;

• Колдонуучулар – алардын күндөлүк турмушу жана иштөө ыкмалары (коммуникациялык аспектиде эле эмес, жамаат арасында, достукта, социалдык мамилелерде, иште ж.б. );

• Долбоордун башка кеңири социалдык шарттары (мисалы, жамааттагы социалдык тайпалар, тил, жергиликтүү экономика, социалдык жана маданий ресурстар, бийлик менен жамааттык институттардын мамилеси);

• Жамааттан тышкары социалдык структуралар жана процестер (мисалы, инфраструктура, мамлекеттик саясат, экономикалык жаңылыктар).

Практикалык изилдөө

Практикалык изилдөө ЖМБнын керектөөлөрүн баалоо ыкмаларына жараша болот.

Этнография ачкычы- белгилүү бир жерди даана жана өзүнүн шартында түшүнүүгө орчундуу көңүл буруу.Этнография практикалык изилдөөгө жакшы шайкеш келет, анткени эки ыкма тең жамаат менен долбоордун өз ара аракеттенүүсүн изилдейт

Page 156: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Биринчи мисал

Будхикот – 750 үйдөн турган чоң кыштак, анын ичинде чакан кыштактар бар. Намма-Дхвани ЖМБнын кабелдик радиосу бар, радиоберүүлөрдү даярдайт, компьютерлери жана Интернети бар. Ал аялдардын 15 өз алдынча өркүндөө тайпалары (ӨӨТ) менен байланышы бар, ошондой эле негизги калктын ичинде өзүнүн колдонуучулары бар.

ЖМБ социалдык картаны иштеп чыгууда төмөнкү методдорду пайдаланды:

• ӨӨТ ЖМБнын ишинин маанилүү элементи катары биргелешкен сабактардын жүрүшүндө, айрым мүчөлөрү менен болгон интервью аркылуу жана жыйындардан жыйналган ой-пикирлер боюнча изилдөөгө алынган. Ушул эле методдор МКТ менен байланышпаган бир нече ӨӨТ изилдөөдө да колдонулган. Бул методдордун баарында жакырчылык проблемасы (адамдардын мамилеси жана алардын жакырчылыкты түшүнүүсү), медиа-технологияларды колдонуу жана жамааттын социалдык проблемалары каралып көрүлгөн.

• Колунда жок бир топ адамдар ӨӨТ бирикмелерине кирбейт. Ошол себептүү картографалаштыруу учурунда алар эки категорияга бөлүштүрүлгөн: аз камсыз болгон уюшкан топтор (ӨӨТ мүчөлөрү) жана аз камсыз болгон, бирок уюшулбаган топ. Булар үчүн коңшулар менен биргелешкен көнүгүүлөр, ӨӨТ мүчө болбогондору жана эркектери (ӨӨТ мүчө болгондордун күйөөлөрү жана башка үй-бүлөнүн эркектери) менен интервью уюштурулган).

• ЖМБ жамааттын адистери болуп саналган окутуучулар, дарыгерлер, социалдык камсыздоо

кызматкерлери, диний лидерлер, кабелдик тармактын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү менен интервью уюштурушкан.

• ЖМБнын кызматкерлери бүт бардык тарап камтылган деп ишенди, мисалы, ар кандай дин уюмдарынын, касталардын, жерликтердин үй чарбасы, алыскы айылдар жана Будхикоттун өзүндөгүлөр кошо айтылды. Долбоор үчүн бул тайпалар эле эмес жакыр жашаган катмарлардын долбоордун ишинде медиа-технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн билүү маанилүү болчу.

• Будхикоттеги жана коңшу айылдагы 130 үй чарбасында кеңири анкеталык сурамжылоо жүргүзүлүп, анда жамааттын каржылык дарамети, билим берүүсү, медиа-технологияларды колдонуусу ж.б. суроолор камтылган

• Кыштактагы жашоого кыйла кеңири байкоо жүргүзүшкөн: коомдук окуялар жана драмалар; жолугушуп жыйын курган жерлер (мисалы, кудуктар, кафе, электр жарыгы өчүп калганда көчөдө жыйналуу); жана ЖМБнын күнүмдүк иштери.

• ЖМБ буга бир катар берүүлөрдү арнады: берүүлөрдүн жүрүшүндө кызматкерлер менен ыктыярчылар көчөлөргө чыгышып, кайсыл программалар популярдуу экенин байкашып, медиа-технологияларды кантип колдонуп жатышканы жөнүндө көп адамдар менен сүйлөшүп баарлашкан.

• Ал түгүл Намма Дхвани жамаатын диаграмма түрүндө ким эмне иш кылып жатканын, ЖМБ жамаат мүчөлөрүн долбоорго кантип тартып жатканын картага түшүрүүгө да аракет болгон.

• Техникалык каталар чыгар замат аларды каттоого административдик системалар даяр болушу керек.

Максат ЖМБнын алкагында изилдөнүүчү маданиятты түзүү болуп эсептелет, ошондо изилдөө жана эсеп күнүмдүк ишмердиктин ажырагыс бөлүгү болуп калат.

Page 157: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Ар бир адам изилдөө процессинде өзүнүн салымын кошуп, белгилүү бир билим алат. Бул жыйындарда талкууланат; штаттагы кызматкерлер менен ыктыярчылар иш-аракеттерди пландаштырып жатканда муну эске алышат.

Практикалык этнографиялык изилдөө пландалган, структуралык жана так аныкталган методдор аркылуу билим алуу дегенди билдирет. ЖМБнын бардык катышуучулары өздөрүнүн көз караштарын жана байкоолорун бөлүшүп, изилдөөгө активдүү катышат. Алар ишти аткаруу процессинде орчундуу билим массивин жаратышат, аларды биз “тажрыйба” жана “инстинкт” деп атайбыз. Бирок бул билимди жыйноо жана акылга салуу дагы жаман изилдөө болбойт.

Изилдөө процессинде ЖМБнын катышуучуларынын эмне билерин жана кандай ой-пикирлери бар экенин аныктап алууга болот. Сиз ЖМБ катышуучуларын бир эле учурда алган маалыматтары жөнүндө ой жоруп көрүүгө да үндөңүз. Мунун баары практикалык изилдөөнүн мындай натыйжаларына алып келет: алар ЖМБнын иши жөнүндө ой толгоп көрүшөт, алган сабактарын изилдеп, аларды кантип пайдалануу жөнүндө ойлонушат.

Жалпы жана максаттуу изилдөөПрактикалык этнографиялык изилдөөнүн алкагында жалпы жана максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзсө болот.

• Жалпы изилдөө (социалдык картографалаштыруу жана жергиликтүү шарттын контексинде иликтөө)

Жалпы изилдөөнүн максаты ЖМБнын «полотносун» жана анын социалдык шарттарын аныктоо болуп саналат. Бул үчүн ЖМБнын ишмердигин жеткиликтүү түшүндүргөн бир катар методдор колдонулат.

Биринчи мисалдан көрүнүп тургандай, изилдөөнүн бул методу ар кандай милдеттерди аткарат жана кулачы кыйла эле кеңири. Бул сиз изилдей турган жамаатка жараша болот. Иш жүзүндө сиз өзүнчө бир социумду картографалаштыра аласыз, бирок процесс арылаган сайын жаңы маалыматтар түшүп, милдеттериңиз көбөйөт. Будхикоттогу изилдөөгө келсек, анда өзүн өзү өркүндөтүү топторунун башка топтор менен байланышы кандай экени жана кандай айырмаланары түшүнүктүү болду.

Жалпысынан соицалдык карторафалаштыруу төмөнкү максаттарды көздөйт:

• Жергиликтүү демографиялык жана статистикалык маалыматты жыйноо;

• Башка кызмат структураларынын өз ара байланышын түшүндүрүү;

• Жергиликтүү экологиялык коммуникацияны түшүнүү;

• Маалымат жана байланышка карата жергиликтүү керектөөнү аныктоо;

• Кызыкдар тараптарды аныктоо;

• Мамилелерди картографалаштыруу;

• ЖМБ, анын структураларына жана процесстерге аналитикалык баа берүү.

Page 158: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Өзүңөрдүн шартка карап башка максаттарды бул жакка кошумчалаңар болот.

• Максаттуу изилдөө

Максаттуу изилдөө жалпы изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталган белгилүү бир проблемаларга, сиздин ЖМбнын өзгөчө бир тайпасына же өзүнчө бир иш аспектисине орчундуу көңүл буруу үчүн жүргүзүлөт. болгон Целенаправленное исследование может использоваться. Жалпы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖМБнын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон нгизги маселелерди аныктап, аларды тереңирек изилдөө маанилүү болуп калышы мүмкүн. Ошондой маселелерге орчундуу көңүл буруп, күчтүн баарын ошол изилдөөгө жумшоо туура болот.

La Primerisima радиосунун кабарчылары иш ташттого чыккан шахтерлордон интервью алууда. Никарагуа.

Мисалга алсак силердин жамааттын кээ бир топтору эмн үчүн ЖМБнын ишине катышып жата же катышпай жатат деген маселени иликтөө маанилүү болушу мүмкүн. Ошондой эле алар ЖМБдан эмне алгысы келишет жана анын келечегин кандай көрүшөт деген суроолорду тактап алсаңыздар болот. Сиздин долбоордун жүрүшүндө максаттуу изилдөө бир нече проблемалар боюнча жасалышы мүмкүн. Бир эле проблема бир нече жолу изилдөөгө алынышы да ыктымал, анткени ЖМБ жана жамаат өнүгүү жолунда баратат.

Максаттуу изилдөө мисалы мындай суроолорго жооп бериши керек: «эмне үчүн биз сунуштаган кызматтан кыздар пайдаланышпайт?» же «биздин кызматтан пайдаланган кыздар биз жөнүндө эмне деп ойлошот жана кандай пайда алышат»?.

Мына ушундай жол менен алынган маалыматты сиздин борбордун ишинде пайдаланып, өзүңөрдүн кызматтын сапатын жогорулата аласыздар.

Экинчи мисалда көрүнүп тургандай, белгилүү бир темалар, адамдардын тобу, саясий процесстер жана алардын катышуучулары, аялдар менен эркектердин белгилүү бир тобу максаттуу изилдөөгө алынышы мүмкүн. Маселенин мындай конкреттелиши долбоорду өнүктүрүү жана борбордун ордун жана маанисин жергиликтүү шартта андан ары аныктоо үчүн керек.

Page 159: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Экинчи мисал

Будхикоттогу изилдөөчүлөр бара-бара үч башкы темага негизги көңүлдү бурушту. Бул социалдык талдоонун жана ЖМБнын өнүктүрүүнүн натыйжасы болуп калды.

1. Билим берүү – мектептер менен кантип иштөө керек.

Картографалаштыруунун натыйжасында ата-энелер балдардын билим берүүсүнө орчундуу көңүл бурары, бирок анын сапатынын төмөндүгүнө кабатыр экендиктери белгилүү болду. Ошол эле учурда Намма Дхванидеги мектепте окуу программасына расмий эмес окуу усулдарын киргизүүгө кызыгуу бар экени байкалды.

Ошондо окуучулар менен мугалимдер даярдаган радиоберүүлөрдү мектеп программасына киргизүү жана аны Намма Дхваниге уктурууну жолго койгон долбоор иштеп баштаган. Бул «эксперимент» кылдат изилдөөгө алынган, маалымат жыйналган, мугалимдер, окуучулар, алардын ата-энелери сурамжылоого алынган. Мектептеги программалар жана активдүүлүк сыяктуу маселелер дагы четте калган эмес.

2. Башкаруу жана жергиликтүү саясат

Социалдык картографалаштыруу Өзүн өзү башкаруу топторундагы адамдар жергиликтүү проблемаларды жакшы билбей турганын, бирок Панчаят (жергиликтүү кеңеш) сыяктуу саясий органдар менен мамилеси чаташып жакшы эмес экенин көрсөттү. Намма Дхванинин негизги максаты – бийлик менен карым-катышты чыңдоо: Өздөрүнүн укуктарын билүү жана ошонун негизинде иш алып баруу.

Мына ошондуктан жергиликтүү процесстерди изилдөөгө орчундуу көңүл буруу жөнүндө чечим кабыл алынып, Панчаяттын документтери (анын эсептери жана маалымат системаларын), Панчаят менен жамааттын ортосунда байланышты чыңдоо, элдин көйгөй маселелери изилдене баштады.

3. Элдин уюшкан жана уюшпаган жакыр катмарлары

Бул тема социалдык картаны түзүп баштаганда эле белгилүү болгон, анткени изилдөөчүлөр өзүн өзү өркүндөтүү топтору менен тыгыз иштөө зарыл экенин байкашкан. Элдин ар кандай топторун иликтөөдөн сырткары аларды жакыр катмарлардын уюшкан жана уюшпаган топторунун ортосундагы айырмачылык кызыктырган. Эмне үчүн Бухикоттогу 35 өзүн өзү өркүндөтүү тайпасына болгону эки мусулман аял кирген. Алардын башка мусулман аялдардан эмне айырмасы бар? Эркектер ӨӨТ пайдасын түшүнүшөт, бирок биригип иштегендин көзүн таппай жатышат. Эмне үчүн? Изилдөө буларга кандай жол таап бере алабы?

Мусулман аялдарды жана кыштактагы эркектерди да алсак, максаттуу изилдөөдө тыкыр сурамжылоо жүргүзүү жана байкоо салуу каралган болчу. Бул алардын жамааттагы ордун, өз ара мамилесин жана кыштактагы башка топтор менене карым-катышын билүү үчүн керек эле.

Page 160: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Изилдөө процесси

Сиздин изилдөөнүн ар бир этабы ушул процесске туура келиши керек, бир эле учурда бир нече этап жүргүзүлүшү мүмкүн.

Маалыматтык керектөөгө шайкеш изилдөө методдору жөнүндө сунуштарСилер өзүңөрдүн изилдөө долбооруңарга жана ЖМБга өтө ылайык келген методдор менен технологияларды тандап алышыңар керек.

Бир гана методдун натыйжасында чечим кабыл алуудан алыс болгулаЭреже боюнча изилдөө учурунда бир эле методго байланып калбаш керек. Кээ бир методдор кээ бир маалымат түрлөрүнө жана социалдык чөйрөгө өтө ылайыктуу болот. Бир эле методдун, мисалы анкеталык сурамжылоонун негизинде жыйынтык чыгаруу алынган маалыматтын маанисин жана ага кайчы келген маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Жабдууларды колдонуудагы маалыматтар, мисалы, интервью жолу менен алынган маалыматтарга караганда жакшы анализденет. Бирок адамдар эмне үчүн ушул жабдууну колдонуп жатышканы жана кандай ой-пикирде экендиктери сурамжылоонун жүрүшүндө гана аныкталат.

Методду жетиштүү адам ресурстарына шайкеш кылып алгылаИлимий изилдө иштеринде убакыт жана ресурстардын жетиштүүлүүгү, өзгөчө даярдыктан өткөн изилдөөчүлөр жана сыртта иштөөчү кызматкерлер маанилүү фактор болуп саналат. Маалыматтарды изилдөө, эсептөө жана талдоо тармагында белгилүү бир даярдыгы бар изилдөөчүлөр гана бу метод менен ээфективдүү иштей алышат.

Байкоо салуу, аткарылган иштин отчету жана өзүн өзү баалоо сыяктуу башка методдор көбүнчө прикладдык түрдө колдонулат. Бул учурда техникалык топко квалификациясы жогору жардамчы керек. Анкеталык сурамжылоо көп учурда адамдар ойлогонго караганда татаал болот, бирок даярдыгы чектелүү талаа жардамчылары эгер колунда так инструментарийлер жана маалыматты ээфективдүү бере турган сурамжылоо топтору бар болсо, алар деле жакшы жүргүзө алышат.

Методиканы кызыкдар катышуучуларга зарыл маалыматтарга шайкеш кылгылаАр кандай кызыкдар тараптарга зарыл болгон маалыматтын түрлөрүн аныктагыла. Жергиликтүү деңгээлдеги статистикалык маалымат терең жана сапаттуу анализге караганда анча пайдалуу болбош мүмкүн. Бирок потенциалдуу инвесторлор жана эл аралык донорлор айылдын же мамлекеттин деңгээлиндеги маалыматтарды сурап калышы ыктымал, ошондуктан маалыматты так ылгап алуу зарыл. Бул статистикалык каржылык маалымат болушу мүмкүн. Аны кызыкдар тараптар менен макулдашуу, алардын маалыматтык керектөөсүнө шайкеш келтирүү изилдөөнүн түрүнө, стратегиясына жана методуна таасир бербей койбойт.

Лорент Элдердин материалынан үзүндүлөр: Баалоо боюнча изилдөөчүлөргө сунуштар

Телеборборлордун аудиториялары, Оттава: IDRC, 2000..

Page 161: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул процесс жалпы жана максаттуу изилдөө жүргүзүүдө колдонулат.

Изилдөөнү пландаштырууИзилдөөнүн ар бир түрүндө фундаменталдык маселелер кездешет. Бул өзгөчө партиципативдүү ыкмалар үчүн актуалдуу болот, мисалы практикалык-этнографиялык изилдөөлөрдө. Катышуучулар изилдөө процессинин максатын жана маанисин жакшы түшүнсө убакыт жана адам ресурстары жетиштүү болот.

Маалыматты жыйноо жана эсептөөЖалпы жана максаттуу изилдөө жүргүзүүдө

пландаштырып иш кылыш керек. Методду жана катышуучуларды тандоо дагы пландаштыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Ошондо сиз тандалган методдору колдонуп жана аны жакшыртуу менен изилдөө жүргүзгөн болосуз.

Маалыматты топтоодо сиз альтернативдүү изилдөө методун колдонсоңуз болот. Алынган натыйжалар адекваттуу болсун үчүн бир нече изилдөө методдорун колдонгула.

Маалыматтардын баарын эсепке алуу абдан зарыл. Сиз бир нече жакшы интервью алып, аларды жазып койбосоңуз жоголуп кетиши мүмкүн. Көп нерсе унутулуп калышы мүмкүн, ал эми эсиңизде калганы эчтекеге жарабай калат. Сиз эсиңизде калган маалыматты эч ким менен бөлүшө албайсыз, ошол себептүү талаптагыдай талдоого кудуретсиз болосуз.

Ишти уюштуруу, код салуу жана маалыматты талдоо Маалымат жыйноонун уюштуруу жана аны башкаруу ишинде сиз тартиптүү болушуңу болушуңуз керек. Өтө кооз кылып көрсөтүүнүн кажети жок, бул машакаттуу иш. Анын ордуна документтер менен тексттерди тыкан кармап, ашыкча убакыт коротпогондой болуу керек.

Негизги маалыматтарды, убактысын, күнүн, ордун, катышуучуларды – баарын утур-утур каттоого алып, баары жазылганын текшерип туруңуз.

Талдоо – изилдөөнүн ажырагыс бөлүгү, ал маалымат жыйноонун натыйжасында чыккан нерсе эмес. Сиз маалыматты топтоп бүтөр замат эле аны талдоо жөнүндө ойлонушуңуз керек. Этнографияда материалды карап ойлонуп көрүүгө айрым бир убакыт берилет.

• Жаңы кызыктуу жана орчундуу жактарын алып чыгуу;

Өзүңөргө суроо бергиле:• Изилдөө эмне үчүн

жүргүзүлүш керек?• Анын натыйжасында

эмне аныкталыш керек?

• Изилдөөнүн натыйжалары кантип пайдаланылат?

Буга жоопторду изилдөөнүн бардык катышуучулары менен талкуулагыла

Page 162: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Изилдөөдө керек болуп кала турган идеялар жана жана интерпретациялар;

• Топтолгон маалыматка карата өзүнүн идеяларын сындан өткөрүү.

Сиздин изилдөөнүн натыйжасында пайда болгон жалпы темалар, идеялар, проблемалар жана маселелер максат болуп калат. Бул маалыматты жазып коюунун зарыл экендигинин бир себеби: эгерде маалымат жазылган эмес болсо же башка формада катталган болбосо аны талаптагыдай талдоо мүмкүн болбойт.

Код салуу. Бул мисалда берилген формалдуу билим берүүнүн зарылдыгы сиздин ЖМБ үчүн дагы маанилүү болушу мүмкүн. Интервью алып баштаганда “формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү” деп жазып алып, сиз “код салуу” процессине киришкен болосуз. Башкача айтканда кызыктуу бөлүмдөрдү тийиштүү белгилер менен белгилеп аласыз.

Код салуу менен анализдөөнүн негизинде сиз изилдөө процессин жеткире иштеп, аны ЖМБ менен бириктирип карай аласыз. Мисалы:

• Жергиликтүү же жеке менчик мектептердеги окутуучулар менен интервью жүргүзө аласыз;

• Борбордун катышуучуларынан талкуу топторун уюштургула;

• Официалдуу эмес билим берүү жөнүндө суроону кайтарым байланышка же анкеталык сурамжылоого кошкула.

• Бул проблеманы долбоордун катышуучусу менен талкуулагыла же кызматкерлердин кезектеги жыйынында көтөрүп чыккыла.

• Курстарды уюштурууда сиздин көңүлдөн четте калган проблемаларды эске алгыдай ыкмаларды сунуштагыла.

Белгилерди колдонуу менен сиз жамаатта кандай маанилүү проблемалар бар экенин аныктап аласыз. Бул мисалда сиз “код салууну” аяктар замат интервьюга жазып алгандарыңызды карап, “формалдуу жана формалдуу эмес билим берүүгө” болгон ар кандай мамилелерди билиш үчүн стенограмманы чечмелеп жазып чыгышыңыз керек. Сиз ошондой эле сыртта жазгандарыңызды, анкеталык сурамжылоону жана күндөлүк сыяктуу башка материалдарды да карап чыгышыңыз керек. Мындан сырткары силердин долбоордо пайдаланылган

Мисалы, интервьюлардын биринде сиз билим берүүнүн маселелерин талкуулайсыз. Интервью берип жаткан аял борбордогу компьютердик курста окуп жаткан эле. Ал официалдуу эмес окутууга катышпаса дагы анын ата-энеси “бул мектеп эмес”, ошондуктан ага убакыт короткон болбойт деп кабатыр болуп жатышат. Анын үстүнө силер башка компьютердик мектептердей болуп диплом же күбөлүк бербейсиңер, ошондуктан ата-энелер бул курска акча төлөш керекпи же жокпу деп ойлонушууда.

Page 163: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

сайттарды, схемаларды карап, окуунун ар кандай стилдери жөнүндө эмне ой-пикирлер айтылганын көргүлө. “Формалдуу жана официалдуу эмес билим берүү” жөнүндө башка ресурстардагы маалымат сизге эмнени билдирет?

Андан кийин ар кандай коддордо жыйналган маалыматтарды изилдөөнү уюштурууга киришкиле. Бул сизге бардык материалды белгилүү бир темалардын же идеялардын призмасы аркылуу караганга мүмкүндүк берет. Практикалык этнографикалык изилдөөдө талдоонун көп жумуштары маалыматка код салуунун, тартиптештирүү жана баалоонун негизинде жасалат. Изилдөө кеңейген сайын мындай белгилер көбөйөт, ошого жараша сизге ЖМБ жана аны курчаган чөйрө даанараак көрүнө билине берет. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча ЖМБ өзүнүн ишин пландаштырат, а сиз анын ишке жөндөмү кандай болуп жатканына байкоо салып тура аласыз. Ар бир изилдөө цикли аяктаганда сиз өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрдү жана максатка жетүү жолдорун жакшы түшүнүп каласыз.

Пландаштыруу жана ишке ашырууЭми сиздин колуңузда ар кандай методдорду пайдалануу аркылуу топтолгон маалыматтар бар, алар коддор жана темалар менен белгилеген. Эмки маселе – буларды эмне кылуу керек?

Сиз өзүңүздүн ЖМБ жөнүндө бир катар натыйжаларды жана сунуштарды алгандан кийин изилдөөнү андан ары кайсыл тармактарда жүргүзүү керектигин аныктайсыз. Сиз аныктоочу маселелер:

• Сиз эмне билдиңиз жана аны ЖМБны өнүктүрүү үчүн кандай пайдаланыш керек;

• Сиз изилдеген проблемалар боюнча түшүнүктү дагы кандай тереңдетсе болот, дагы кандай проблемаларды изилдөө зарыл.

Сиз талдоонун жыйынтыгын жазып алып таркатсаңыз болот. Бул сиздин долбоорго берилген баа, эмнеге жетиштиңиз, эмне маанилүү болуп чыкты, күчтүү жана кемчилик жактары кандай. Сиздин изилдөө ыкмаңыз сизге ЖМБнын ишмердигин алда канча кеңири социалдык шартта баалап алууга мүмкүндүк берет, ошондо сиз анын түздөн түз же кыйыр түрдө берген пайдасын тактап жазып аласыз. Сиздин ЖМБнын атын чыгаруу жана анын ишин өркүндөтүү үчүн изилдөө баалуу болуп саналат.

Практикалык-этнографиялык изилдөө жөнүндө кошумча маалымат

Page 164: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Д. Такки, Д. Слейтер жана Г. Хорн. 2003. Практикалык этнографиялык изилдөө:

Колдонуучу үчүн колдонмо. Нью-Дели. ЮНЕСКО, http://cirac.qut.edu.au/ictpr/downloads/handbook.pdf

Д. Такки, Д. Слейтер жана Р.Льюис. 2003.“Практикалык этнографиялык изилдөөнүн ыкмалары. III конференциядагы доклад. OURMedia, Баранкилья, Колумбия. 19-21- май, 2003. http://cirac.qut.edu.au/ictpr/downloads/TacchiOM3.pdf

ДжоТакки,Квинсленд технологиялык университетинин индустрия жана колдонмо борбор

факультетинин улук илимий кызматкери, Австралия жана Оксфорддун Интернет институнун ардактуу кызматкери,

Оксфорд университети, Улуу БританияE-mail: [email protected] или jo . tacchi @ oii . ox . ac . uk

Дон Слейтер, Окутуучу

Грег Хорн, Квинсленд технологиялык университетинин индустрия факультетинин

профессору, АвстралияE-mail: [email protected]

Page 165: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

1-Тиркеме

Бизнес-планды кантип даярдоо керек?

I. Титулдук барак• ЖМБнын аталышы.

• Документтин аталышы («Бизнес-план ... »).

• Документтин жарыяланган датасы.

• Компаниянын же борбордун аталышы, адрес жана телефон номуру.

• Толуктоо: окурманга пландын жашыруун экенин эскерткиле.

II. Баптарга бөлүүIII. Аткаруучулук резюмеИнвестордун суроолору• Ким? Эмне? Эмне үчүн? Кантип?

• Чынында бул мен капитал сала турган компаниянын түрү?

• Салган каражаттарымды мен кайра аламбы?

Төмөнкү маалыматты кошкула:• Көрсөткүлө: Ким каражат издеп жүрөт, бул жамаат компаниясынын

структурасыбы же өзүнчө ээси барбы?.

• Өсүүнүн өлчөмү жана каралган нормасы.

• Каржылык каражаттарга жалпы керектөө. Бар фонддорду пайдалануунун негизги пункттарын көрсөткүлө. (компьютерди сатып алуу жана программалык камсыздоону инсталлизация кылуу).

• Каржылоо булактары( жамаат салымы, субсидиялар ж.б..).

• Бардык инвестициялар боюнча орточо күтүлгөн киреше.

• Эскертүү: Бул резюме пландын калган бөлүгү бүткөндөн кийин жазылыш керек. Көп учурда окурман пландын калган бөлүгү менен таанышкысы келет, анткени аткаруучулук резюме аны кызыктырат.

IV. ЖМБ компаниясыКаржылык колдоочунун же инвестордун суроосу • Эмне үчүн мен акчамды ЖМБга жумшашым керек?

Сыпаттоо• Ишмердик түрү: байланыш, соода, кызматтык тейлөө ж.б.

• Компания түрү: жамааттын компаниясы, жеке менчик компания

Page 166: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Кырдаал түзүү, кеңейтүү ж.б..

• Өлчөмү: коммерциялык көлөм, кызматкерлер саны, инсталляциянын саны жана өлчөмү.

Башкаруу• Директорлор Кеңеши жана башкаруучу топ: Көрсөткүлө, алар кимдер, алар

компанияга кандай артыкчылык берет.

• (МКТ тармагындагы тажрыйба, адистешкен ык-жөндөм кыла албайм атайын көндүмдө ж.б.).

• Алардын ар бири ээлеген кызматты көрсөткүлө.

• Көрсөткүлө, анын башка ээлеген кызматтары да барбы?

V. Мүмкүнчүлүктөр• Эмне үчүн адамдар ЖМБнын кызматынан пайдаланышат?

• Колдонуучулар жетиштүү санда камсыз кылынабы?

• Эртеңки келечек кандай көрүнөт?

Продуктулар жана кызматтар• Алардын атын атагыла жана эмне үчүн керектелерин көрсөткүлө.

• ЖМБнын жаңы жана инновациялык өзгөчөлүктөрүн жазып көрсөткүлө.

• Көрсөткүлө, модификациясы жана кийинки жаңылануусу каралганбы?

Базар• Негизги кардарлар ким экенин көрсөткүлө (корпорация ж.б.).

• Силердин продукт алардын талабына канчалык жооп берерин көрсөткүлө.

• Базардын көлөмүн көрсөткүлө. Аны жамаат жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен бекемдегиле, ж.б.

• Базардын өнүгүү деңгээлин көрсөткүлө. Аны фактылар менен бекемдегиле. Атаандаштардын жергиликтүү базарларын эске алгыла.

• Силердин базардын үлүшүн жана анын бир жылдын ичинде өздөштүрө ала турган сегментин көрсөткүлө.

• Тарифтерди белгилегиле. Атаандаштык шартында кантип киреше ала турганыңарды аныктагыла.

• Дайте коммерческий прогноз на следующие пять лет (чем хуже прогноз, тем лучше результаты и ожидания).

Атаандаштык• Негизги атаандаштар: аттары жана базар үлүштөрү.

Page 167: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Атаандаштын үлүшү азайып же көбөйүп жатканын көрсөткүлө же ал эмне үчүн бекем турганын түшүндүргүлө.

• Күчтүү жана начар пункттары: силердин компания менен атаандаштын ортосунда салыштыруу жасагыла (размери, репутация, абалы ж.б).

• Күчтүү жана начар пункттары: силердин продукту менен атаандашыңардын ортосунда салыштырмалуу талдоо жүргүзгүлө (сапаты, баалары ж.б).

Сатуулар жана илгерилөөлөр• Силердин товарлар менен кызматтар кантип сатыларын көрсөткүлө.

• Товарлардын сатылышын жакшыртуу үчүн кандай жарнамалар пайдаланыларын аныктагыла (радио, ачык эшиктер ж.б).

VI. ПродукцияОрду• Сиз жайгашкан орундун кандай артыкчылыктары бар экенин көрсөткүлө

(базарларга, борборго жакындыгы ж.б).

Инсталляция• Имараттын ээси экениңизди же ижарага алып жатканыңызды көрсөтүңүз.

Шарттарын аныктагыла.

• Имаратты кыскача сүрөттөп жазгыла. Эскиздерин тиркеп койсоңор болот.

• Реконструкциянын зарылдыгы болсо көрсөткүлө. Наркын аныктагыла..

Штат• Кызматкерлерге кандай керектөө бар экенин, жамаат мүчөлөрүнүн арасында

квалификациялуу кызматкерлер бар экенин же аларды шаардан жалдоо зарылдыгы бар болсо, анын баарын көрсөткүлө.

• Зарыл болгон сапат жөндөмдөрдү, окуу наркын көрсөткүлө.

• Ар бир позиция менен байланышкан жеңилдик же артыкчылыктардын тизмесин түзгүлө. Маянаны, эмгек акыны, кошумча төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди кошуп жазгыла.

Уюштуруу• Керек боло турган белгилүү муниципиалдык жана өкмөттүк уруксаттарды жана

аларды алуу убактысын көрсөткүлө.

• Имарат жана ага жабдууларды алуу үчүн, кызматкерлерди алуу жана орноштуруу үчүн зарыл болгон убакытты көрсөткүлө.

VII. Каржылык көрсөткүчтөрКеректүү инвестициялар• Жалпы керектүү каражатты жана анын ичинде жамааттын салымын

көрсөткүлө.

Page 168: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Каржылоо булактарын көрсөткүлө.

• ЖМБ өзүн өзү каржылоого өтөөрүн инвесторлор качан күтөрүн көрсөткүлө.

Баалоо• Ачык баалоо.

Натыйжаларды жарыялоо• Биринчи жылы ай сайын.

Акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө отчет• Биринчи жылы ай сайын.

Page 169: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

2-тиркеме

Жобону иштеп чыгуу

Жобо ЖМБнын укуктук абалын, анын максаттарын жана башкаруу ыкмаларын көрсөтөт. Төмөндө жободо учурай турган позициялар көрсөтүлгөн. Эгер сизде жобо же башка документ бар болсо дагы текшерип кое турган бир маанилүү жагдай, ар бир позицияда ЖМБнын аты көрсөтүлүшү керек.

Борбордун укуктук абалы жана индивидиалдуулугуЖобонун бул бөлүмүндө борбордун ишмердигинин укуктук тескелиши түшүндүрүлөт.

Мисалы, анын ишмердигин кооператив башкарабы же ассоциациябы? Силердикине окшогон уюмдардын ишин жана тартибин кандай мыйзам актылары аныктайт?

Ассоциациянын максаттарыБул силердин борбор аткарууну тилек кылган иштердин тизмеси..

Башкаруу кеңешиБорбордун ишин ким көзөмөлдөйт? Бул менеджер эмес, бирок аткарылган иштин отчетун алып турган атайын бир топ болот. Борборду жалпы башкарууну да ушул топ жүргүзөт.

Бул бөлүмдө кеңештин ар бир мүчөсүнүн иш милдеттери жазылып коюлат. Бул жерде аларды шайлоо тартиби да кошо көрсөтүлүшү керек.

ВакансияларМында кеңештин курамынан чыгаруунун шарттары түшүндүрүлөт.

Башкаруу кеңешинин укуктары жана милдеттериМында кеңештин милдеттери тууралуу так маалымат берилет. Алар мыйзамга ылайык аныкталышы керек. Кеңеш борбордун ишин колдоого кудуреттүү болушу керектигин эске алгыла.

Башкаруу функцияларыАдатта мында борбордун милдеттери түшүндүрүлөт. Ошондой эле борбордун же ассоциациянын каржылык башкаруусу жөнүндө бөлүм болушу да мүмкүн.

Каржылык маселелерБул бөлүмдүн материалдары акча каражаттарын сактоого тийиштүү. Анда каржылык отчетту берүү жана бекитүү механизмдери көрсөтүлөт.

Борбордун активдери

Page 170: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Бул кыймылсыз жана башка мүлктүн тизмеси. Ал мезгил-мезгили менен жаңыланып турат.

МүчөлүкЭгер уюм же ассоциация станциянын ишин башкарса, ассоциацияга ким кирерин түшүндүрүү зарыл. Ошондой эле ага кирүү жана мүчөлүктөн чыгаруу шарттары жазылып коюлат.

Мындан сырткары жалпы жыйындарды өткөрүү тартибин аныктаган өзүнчө бөлүм керек болот. Мындай жыйындарда карала турган маселелердин болжолдуу тизмесин (күн тартиби) келтиргиле.

Таркатуу Бул бөлүмдө уюмдун же борбордун ишин токтотуу процедурасы жазылат. Мисалы, уюмду жабуу чечимин ким чыгарат жана анын мүлкү эмне болот?

ОңдоолорБул бөлүмдө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби түшүндүрүлөт. Анда өзгөртүү киргизүү чечимин ким чыгарары жана аны аткаруу процедурасы аныкталат.

Жобонун мазмуну максат-ниет жөнүндө жарыяланган билдирүүдөгү максаттарга кызмат кылышы керектигин унутпагыла.

Ян Прингл

Page 171: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

3-тиркеме

Ува ЖМБнын МК-клубу жөнүндө жобо Шри-Ланка

Максаты• Ува жамаатынын билим коомунун мүчөлөрүнүн жана радио угармандарынын

кызыкчылыгында МКТ каражаттарын колдоо.

• Заманбап МКТ колдонуу менен коомчулукка маалымат берип туруу.

• Коомчулукту МКТ заманбап каражаттарын колдонууга үйрөтүү.

• Интернет үчүн программаларды долборлоо, уюштуруу жана түзүү, Интернетте пайдалануу.

• МКТ борборлорун түзүү жана колдоого алуу.

• Коомчулуктун мультимедиа борборлорун колдоо үчүн фонддорду түзүү.

• Борборлорду өнүктүрүү жана тейлөө фонддорун түзүүгө программаларды иштеп чыгуу.

• Мүчөлөр үчүн кайрымдуулук иш чараларын уюштуруу

• Билим коомун чыңдоо.

Жетектөөчү органдар• Борбордун бардык жумуштары менеджердин жана Ува жамааттык радиосунун

макулдугу менен жүргүзүлөт.

• Борборлорду туруктуу өнүктүрүү фонддорун ачуу жана иштетүү.

• Борбордун ишмердиги үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу, ижарага алуу, сатуу.

• Жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордон гранттарды жана каражаттарды алуу.

• МКТга окутууну акы төлөп уюштуруу же акысыз уюштуруу.

• Иш орундарын түзүү боюнча долбоорлорду уюштуруу.

• Борборго мүчөлүккө сунуштоо, жоюу жана баш тартуу.

• Ассоциативдүү мүчөлөрдү тартуу боюнча программа түзүү

• Банкта эсеп ачып аны иштетүү.

• Бул иш чаралардын баардыгы Ува радио жамаатынын башкаруучусунун макулдугу менен жүргүзүлөт.

Мүчөлүк

Page 172: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Ува радиосунун жамаатынын билим коомунун бардык мүчөлөрү ИК колдонуучулар клубуна мүчө боло алышат, ал үчүн мүчөлүк билетти толтуруу зарыл.

• Мүчөлөр ИК колдонуучулар клубунун максаты менен жобосун карманып, аткарышы зарыл.

• Ува радиосунун менеджерлери добуш берүү укугусуз ассоциативдүү мүчө болууга укугу бар.

Уюштуруу иштери• Жалпы Кеңеш жогорку орган болуп саналат, ага башкаруу комитетинин орто

жердеги чечимдерин кабыл алуу укугу берилет.

• Башкаруу комитети клубдарды биринчи он эки айда башкарат.

• Бул убакыттын аягында жалпы жыйын чакырылып, анда башкаруу кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланат.

Комитеттин структурасы• Ува жамааттык радиосунун менеджери же өкүлү.

• ИК колдонуучулар клубунун президенти.

• Катчы.

• Вице-президент.

• Катчынын жардамчысы.

• Казначей.

• Билим берүү иштери боюнча катчынын жардамчылары:

- Кайрымдуулук иш чараларын өткөрүү боюнча;- Реклама иштери боюнча;- Өнүгүү иштери боюнча;- Жамааттык кызматтар боюнча.

• МК мини-борбордон бир өкүл.

Эрежеден сырткары: Жирадурукотте клубу – Жирадурукотте жамаатынын радиосунун борборунун менеджери же кандидаты комитет курамына киргизилет.

Башкаруу комитетинин милдеттери• ИК колдонуучулар клубунун катчысы комитеттин катчысы болуп саналат.

• ИК колдонуучулар клубунун президенти комитеттин президенти болуп саналат.

• Стратегиялык план түзүп иштеп чыккыла, макулдашкыла. Аны комитет менен менеджер ишке ашырат. Бул документте борбордун он эки айлык ишмердигинин максаты көрсөтүлөт.

Page 173: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

• Борбор ушул максаттарга ылайык каржылык милдеттерин, өнүктүрүү программасын жана жарыяланган кызмат көрсөтүүлөрүн аткарып жатабы, бул ай сайын бааланып турат,

• Борбордун саясатын жана эрежесин иштеп чыгуу.

• Ишке ашырылып жаткан программаларды жана кызматтарды керектөөчүлөрдү издөө.

• Борборлордун каржылык кудуретин чыңдоо.

• Борбордун ишмердигинин жана иш чараларынын маркетинги. Бул ишти башкаруучу аткарат, бирок борбордун ишинин бүткөн натыйжаларына комитет жооп берет.

• Комитет клубдун күндөлүк ишин жүргүзүүгө Генералдык ассамблея тарабынан ыйгарым укуктарга ээ болот.

Page 174: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

4-тиркеме

Жамааттык радионун үч күндүк курсунун мазмуну.Окуу программасы

Окуунун максатыУзактыгы 5-10 мүнөт турган студиядан берилүүчү үч же төрт программаны даярдоо.

Даярдоо процессинде катышуучулар ар кандай маселелерди чечүү усулдары менен таанышат. Программаларды биротоло иштеп чыгуу үчүн редакторлук иш жүргүзүү керек болуп калышы мүмкүн. Эгерде биринчи эле иштери эфирге чыкса стажерлер сыймыктанып жана активдүү боло башташат.

1-күн10.00–Катышуучуларды тааныштыруу, программаны жана инструкторду жарыялоо.10.30 – Радио журналистикага киришүү11.00 – Радиоэфирдин демократизациясы12.00 – Жамааттык радио, структурасы, жамааттын катышуусу ж.б.01.00 – Түшкү тамакка тыныгуу02.00 – Программанын форматын түзүү, форматты иштеп чыгуу жана аракеттер планы.03.00 – Топторго бөлүнүп иштөө: Программанын форматын жана планын иштеп чыгуу (топто 3-4 адам)04.00 – Радио берүүлөрдин текстин даярдоо05.00 – Тексти даярдоо жана окуу боюнча көнүгүүлөр.2-күн1-топ (максимум 6 адам) 2-топ10.00 – Студиядагы иш Диктофон менен иштөө11.30 – Микрофон менен иштөө Студиядагы иш01.00– Түшкү тамакка тыныгуу02.00– Интервьюну кантип алат?04.00 – Программа үчүн интервью алууга даярдык жана жүргүзүү05.00 - Музыка, Үн эффектилери, микрофон, программалар үчүн папкалар3-күн04.00 – Программа үчүн интервью алууга даярдык жана жүргүзүү05.00 - Музыка, Үн эффектилери, микрофон, программалар үчүн папкалар10.00 – Минис-дискет редактирлөө, жазууга даярдык 11.00 – Студиядагы жазып алуу (Ар бир топко - 60-90 мин)01.00 – Түшкү тамакка тыныгуу02.00 – Студиядагы жазуу, эң акыркы редактирлөө. 03.30 -Программаны угуп көрүү жана баалоо05.30 – Окуунун жыйынтыгын чыгаруу

Даярдаган Бьянкой Мильоретто

Page 175: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

5-тиркеме

Жамаат радиосунда бардык тараптуу окуу

Үч жуманын ичиндеги күн сайын окуу таңкы 10.00 дөн кечки 18:00 гө чейин.Бул окуу радиостанцияда жардамчы жана ыктыярчы болуп иштеп жүргөн жамаат мүчөлөрүнө эсептелген. Окуунун максаты анын катышуучулары тарабынан жергиликтүү проблемалар боюнча жергиликтүү өнөктөр менен интервью формасында узактыгы 10-15 минут келген берүүлөрдү даярдоо. Окуунун экинчи бөлүгү 10-15 минуттук окуу радиодрамасына арналган. Иш топтордо жүргүзүлөт.

Окуу аяктагандан кийин стажерлор өздөрүнүн ыкмаларын өркүндөтүп, жамааттык радионун берүүлөрүн даярдаганга даяр болушу керек.

Курстун мазмуну катышуучулардын керектөөсүнө жараша өзгөрүп турушу мүмкүн. Көбүрөөк убакыт жамаат радиостанциясынын структурасы менен иштөө принцибин окуп үйрөнүүгө жумшалса болот. Азыраак убакыт программаларды даярдоо процессине бөлүнүшү мүмкүн; Же тескерисинче.

Сунушталган жадыбал

1-Апта: Жамаат радиосу жана радиоформат деген эмнеДүйшөмбү Радио – эң жеткиликтүү маалымат жана байланыш

технологиясыТаңкы Катышуучулар, инструкторлор жана программалар менен

таанышууРадио массалык маалымат каражаты катары: артыкчылыктары жана кемчиликтериРадио – ар түрдүүлүк жана жамаат радиосунун концепциясы

Күндүз Программаны форматы, радионун ар кандай сегменттери Программанын форматын жана планын тайпаларда даярдоо

Шейшемби Журналисттик этикаТаңкы Журналистикада бийлик органдары менен мамиле

Гендердик тематика боюнча радиопрограммаларКүндүз Радиостудиядагы иш, берүүнүн өзгөчөлүгүШаршемби Изилдөө иштериТаңкы Радио үчүн изилдөө иштериКүндүз Программа даярдоонун өзгөчөлүктөрүн изилдөөБейшемби Интервью алууТаңкы Кантип интервью алуу керекКүндүз Өнөктөштөр менен интервью

Угуу жана интервьюнун анализиЖума Микрофон папкасын даярдооТаңкы Микрофон папкасынын үстүнөн иштөөКүндүз Берүүлөрдү жазуу жана иштөө

Page 176: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

2-Апта: Алдын ала даярдануу жана оперативдүү берүүДүйшөмбү РедактирлөөТаңкы Мини-дискетте, кассетада жана компьютере редактирлөө,

кассетада же компьютерде редактирлөө.Күндүз Берүүнүн үстүндө иштөө, интервью, музыка жана үн

эффектилерин тандоо.Сценарийлерди даярдоо, студиядагы жазуу

Шейшемби Программа даярдооТаңкы Студиядагы жана компьютердеги ишКүндүз Топторго бөлүнүп угуу жана керектүү оңдоолорду киргизүүШаршемби Жыйынтыгын чыгаруутаңкы Программаларды угуу жана талкуулооКүндүз Жергиликтүү коммерциялык же мамлекеттик радиостанцияны

барып көрүп келүүБейшемби Алып баруучунун милдеттерин ачык талкууга алуу жана

оперативдүү аткарууТаңкы Коомдук талкуу жана оперативдүү программа жүргүзүүКүндүз Коомду талкуу программасын жазуу

Программаны угуу жана аны талдооЖума Партиципативдик радиоТаңкы Партиципативдик радио, жамаат менен иштөө.Күндүз Болочоктогу партиципативдүү берүүлөрдү пландоо

3-апта Радиодрама жана ыктыярчыларды окутууДүйшөмбү РадиодрамаТаңкы Драмалык берүүлөрдү даярдоо боюнча киришүү курсуКүндүз Радиодраманын концепциясын топтордо иштеп чыгуу

Шейшемби ДаярдооТаңкы Топторго бөлүнүп радиодрамаларды даярдооДень Радиодрамаларды редактирлөө

Шаршемби Жыйынтыгын чыгарууТаңкы Радиодраманы даярдоону аяктооКүндүз Радиодрамаларды угуу, аны жакшыртуу жолдорун талкуулоо

Бейшемби Жамааттын базасында окутууТаңкы Жамаат радиосунун базасында кантип окутуу керекКүндүз Жамаат радиосунун базасында окутуунун

концептуализациясы

Жума Иш жыйынтыгын чыгарууТаңкы Концепцияларды сунуштоо жана талкуулооКүндүз Окутуунун жыйынтыгын чыгаруу

Күбөлүктөрдү тапшыруу жана майрамдоо

Даярдаган Бьянкой Мильоретто

Page 177: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

6-тиркеме

МК ыкмаларын баалоо формасы

Теле борбордо окуу курстарына катышкандарга бериле турган ыкмаларды баалоо формаларын тандоо. (Бул адресте табылат: http: //www.school.za/edict/appl.htm)

МКТ-ыкмалар

Ээ эмесмин

Өздөштүрүп жатам Дагы эле практика керек

Жакшы билем

Файлдарды башкаруу

       

Файлды ачуу

Муну жасай албайм

Мен файлды мурда ача алчумун, бирок азыр мага жардам керек

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде гана ача алам.

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде гана ача алам.

Файлды жабуу

Муну жасай албайм

Мен файлды мурда ача алчумун, бирок азыр жардам керек.

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде жаба алам

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде жаба алам

Файлды сактоо

Муну жасай албайм

Мен файлды мурда сактай алчумун, бирок азыр жардам керек

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде сактай алам

Мен файлдарды текст редакторунда же веб-браузерде сактай алам

Файлды кантип сактоо керек

Муну жасай албайм

Файлдарды мурда ар кандай директорияда жана ар башка ат менен сактай алчумун, бирок мага мында жардам керек

Мен файлдарды ар кандай директорияда ар кандай ат менен сактай текст редактордо же веб-браузерде гана сактай алам

Мен файлдарды ар кандай директорияда ар кандай ат менен сактай текст редактордо же веб-браузерде гана сактай алам

Файлга ат берүү

Муну жасай албайм

Мен мурда ат кое алчумун, азыр жардам керек

Мен файлга текст редактордо же веб-браузерде гана ат кое алам

Мен файлга текст редактордо же веб-браузерде гана ат кое алам

Файлдын атын өзгөртүү

Муну жасай албайм

Мен файлдын атын мурда өзгөртө алчумун, бирок азыр жардам керек

Мен файлдардын атын текст редактордо же веб-браузерде гана алмаштыра алам

Мен файлдардын атын текст редактордо же веб-браузерде алмаштыра алам

Документти басып чыгаруу

Муну жасай албайм

Мен документти мурда басып чыгарчумун, бирок азыр жардам керек

Мен документти текст редактордо же веб-браузерде гана басып чыгара алам

Мен документти текст редактордо же веб-браузерде басып чыгара алам

Папка ачуу Кыла албайм

Мен мурда папка ача алчумун, бирок азыр жардам керек

Мен папка ачып, ага ат бергенди Windows-да гана жасай алам

Мен папка ачып, ага ат бергенди Windows да жана веб-браузерде жасай алам

Папканын атын өзгөртүү

Кыла албайм

Мен мурда папканын атын өзгөртө алчумун, бирок азыр жардам керек

Мен папканын атын өзгөрткөндү Windows да гана жасай алам

Мен папканын атын өзгөрткөндү Windows да жана веб-браузерде жасай алам

Page 178: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

E-mailПочта жиберүү

Кыла албайм

Мен керектөөчүгө негизги почтаны жибере алам

Мен керектөөчүгө негизги почтаны, көчүрмөсүн башкага жибере алам. Мен почтаны тарката алам

Мен керектөөчүгө негизги почтаны, көчүрмөсүн башкага жибере алам. Мен почтаны тарката алам, форумга жибере алам.

Почта окуу Кыла албайм

Мен почтаны окуй алам

Жооп жазуу Кыла албайм

Мен катка жооп бере алам

Мен почтадагы катка жооп жаза алам жана жоопко оригиналды кошо алам.

Катка жооп жазып, аны кимге жөнөтүштү, оригиналдык кайсы бөлүгүн жоопко кошууну айта алам.

Тиркөө Кыла албайм

Мен тиркемелерди жибере алам, бирок аларды ала албайм же тескерисинче. Кээде проблема болот.

Мен негизги тиркемелерди жиберип кайра алам алам

Мен файлдык тиркемелердин баарын башкара алам. Мен тиркемелерди жиберип кайра ала алам.

Папкалар Кыла албайм

Мен почтаны папкаларда сактай алам, бирок кээде проблема болот.

Мен почтаны папкаларда сактай алам

Мен почтаны папкаларда жана лоткаларда сактай алам

Модем байланышы

Кыла албайм

Мен Интернетке көп кирбейм, муну кыла албайм

Мен модем байланышын иштете алам

Мен Интернетке модемдин жардамы менен кире алам, кээде эмне үчүн байланыш болбой калганынын себебин билем.

Даярдаган Этьен Алуоч

Page 179: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

7-тиркеме

Намма Дхвани Радиосунун күндөлүк программасыТаңкы 6.30-

6.456.46-6.55 6.55-7.05 7.05-7.15 7.15-7.25 7.25-7.30

ЖК Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Балдар ырлары

Аба ырайы Кинофильмдеги музыка

Коммуналдык кызматтардын жарыялары (ККЖ). Теле-фондор жана байланыш маалыматы

ДШ Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Элдик ырлар

Жергиликтүү медицина

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

ШШ Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Элдик ырлар

Айыл чарбасы

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

ШР Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Диний ырлар

Ден-соолук Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

БШ Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Аялдар ырлары

Жаңылыктар sangha

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

ЖМ Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Балдар ырлары

Билим берүү Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

ИШ Диний ырлар

Автобустардын жүрүү графиги жана базар баалары

Ырлар Жергиликтүү кабарлар

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

Кечки 6.00 - 6.05 6.05-6.15 6.15-6.25 6.25-6.40 6.40-6.55 6.55-7.00

ЖК Телефондор жана байланыш маалыматы

Үй-бүлө нарктары

Ырлар Жаштар форуму

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

Page 180: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

Кечки 6.00 - 6.05 6.05-6.15 6.15-6.25 6.25-6.40 6.40-6.55 6.55-7.00

ДШ Телефондор жана байланыш маалыматы

Дарыгер жооп берет

Балдар берүүлөрү

Талкуулар Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

ШШ Телефондор жана байланыш маалыматы

Кантип киреше табуу ж-дө программа

Аялдар ырлары

Тарых Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш

ШР Телефондор жана байланыш маалыматы

Ресурстар борборунун программасы

Айыл ырлары

Ийгилик сырлары

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш маалыматы

БШ Телефондор жана байланыш маалыматы

Юристтерге суроолор

Диний ырлар

Дыйкандар талкуусу

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш

ЖМ Телефондор жана байланыш маалыматы

Ресурстар борборунун программасы

Аялдар ырлары

Жаңылыктар Panchayat

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш

ИШ Телефондор жана байланыш маалыматы

Балдар жана аялдар

Балдар берүүлөрү

Жергиликтүү жаңылык

Кинофильмдеги музыка

ККЖ. Телефондор жана байланыш

Радиоберүүлөрдүн тили: каннада, телегу, хинди.

Page 181: old.unesco.kzold.unesco.kz/ci/2013/CR-books/CMC-kyr-final-peer-revied... · Web viewБул ЖМБнын ишине жамаат жоопкер, ошондуктан ага менчик

ЖМБга арналган Интернет-ресурсарwww.amarc.org

www.apc.org.

www.comminit.org

www.idrc.ca/pan/telelib.html

www.interworldradio.org

www.indymedia.org

www.itrainonline.org

www.iwayafrica.com

www.geolink.com

www.google.com

www.oneworld.net

www.portal.unesco.org

www.school.za/edict/edict/appl.htm

www.sown.org.uk

www.swan-informatique.com

www.unescocaribbean.org/mcc

www.unesco.org/webworld/portalfreesoft

www.unicef.org www.vita.org/leo

www.wlan.org.uk

www.wlug.org.nz

www.worldspace.com