01292016 launching-ardi-project-standards for social services-kyr.docx для отправки

2

Click here to load reader

Category:

Services


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: 01292016 launching-ardi-project-standards for social services-kyr.docx для отправки

Page 1 of 2

Министерство труда

и социального

развития

Кыргызской

Республики

“Институт Детства”

Общественный фонд

Тез арада жайылтуу үчүн: Маалымат алуу үчүн: 2016-жылдын 29-январы Дыйканбаева Сейнеп

Программалар боюнча координатор жана Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы КБсынын юристи Тел. +996 312 51 76 34 моб.: +996 557793773 Эл. дарек: [email protected]

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы Кыргызстанда социалдык

кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзөт

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (МБАА) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн

минималдуу стандарттарына ылайык келүүсуно ар түрдүү социалдык мекемелерде мониторинг

жүргүзөт. Мониторинг мамлекеттик социалдык тейлөө стандарттарын жакшыртуу аркылуу

майыптуулугу бар балдарга көрсөтүлүүчү кепилденген социалдык колдоонун сапатын

арттыруу максатында жүргүзүлөт.

Долбоор республиканын жети облусунда жайгашкан 15 реабилитациялык борборду камтыйт.

Ассоциация мониторингдин жыйынтыктарына талдоо жүргүзөт, сунуштамаларды берет жана

учурдагы стандарттарга зарыл өзгөртүүлөрдү макулдашат.

“КР күндүзгү мекемелериндеги жана социалдык тейлөө мекемелериндеги учурдагы

стандарттар” долбоору USAID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу

программасынын гранттык колдоосунда “Жаңырык” улуттук тармагынын катышуусу менен КР

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Балалык институту менен өнөктөштүктө ишке

ашырылат.

Ушул изилдөөнүн зарылдыгы техникалык ченемдер боюнча да, ошондой эле көрсөтүлүүчү

кызматтардын сапаты боюнча да бекитилген стандарттардын көп учурда реалдуу кырдаалга

ылайык келбеши менен келип чыкты. Азыркы учурда стационардык жана жарым-жартылай

стационардык мекемелердин шартында майыптуулугу бар балдар жана чоң кишилер үчүн

социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча минималдуу стандарт менен жөнгө салынат, ал

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтому менен

бекитилген. Учурдагы стандарттар минималдуу деп аталат, бирок алар уюмдардын өздөрүнө

да, ошондой эле алар көрсөтүүчү кызматтарга да коюлган жогорку талаптардан улам көп

учурда ишке ашпайт.

Мониторинг ушул ылайык келбестиктерди аныктоого, социалдык борборлор стандарттарга

ылайык иштеши үчүн толуктоолорду жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, сапаттуу социалдык

кызматтарды көрсөтүүгө жана андан ары мамлекеттик аккредитациялоого даярдануусуна

мүмкүндүк берет.

Бул долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке

ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик

сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык

өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү

министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент

Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

###

Page 2: 01292016 launching-ardi-project-standards for social services-kyr.docx для отправки

Page 2 of 2

Министерство труда

и социального

развития

Кыргызской

Республики

“Институт Детства”

Общественный фонд