Алдамчыдан сактан! 189 чал!

16
www.iom.int АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Upload: sergey

Post on 25-Dec-2014

79 views

Category:

Government & Nonprofit


5 download

DESCRIPTION

 

TRANSCRIPT

Page 1: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

ww

w.io

m.in

t

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 2: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Адам сатуу – бул глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет. Ал белгилүү

өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык

эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук жана түрдүү курмандыктарга

айлантуу менен бүтөт.

Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:

Жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды өткөрүп жиберүү жана өткөрүп алуу. Адам сатуучулар курмандыктарды бекем кармоо

үчүн түрдүү кыйноолорду колдонушат.

Адам сатуунун негизги максаты киреше табуу болуп эсептелет.

Адам сатуу – бул адам укугун бузуу.

Адам сатуу – бул дүйнөнүн ар бир өлкөлөрүндө орун алган, көп

миллиарддаган оборотторду жүгүртүүчү, уюмдашкан кылмышкерликти колдогон

криминалдык аракет.

Адам сатуу азыр деле бар.

Page 3: Алдамчыдан сактан! 189 чал!
Page 4: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

БУЛ КАНДАЙ УГУЛАТ?Чет өлкөдө иштөө үчүн чакырган сунуштар өтө кызыгарлык болсо, айрыкча сак болгула.

Алар: «Силерден эч нерсе талап кылынбайт, квалификациянын, акчанын деле кереги жок. Бардыгын өзүбүз уюштурабыз. Биз менен барып эле бергиле» – дешет.

Сизге жумуш абдан керекпи? Силердин өлкөдө жумуш табуу кыйынбы? Башка өлкөгө барууну пландаштырдыңыз беле? Эгер андай болсо, өзүңөрдүн укугуңар жөнүндө билгиле, сурагыла жана

К Ы Р А А К Ы Б О Л Г У Л А

Page 5: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Максат

Максат жергиликтүү газеталардан жарыяларды карап, иш издеп жүргөн. Ишке орноштуруу боюнча бир агенттик «Чет өлкөдө эң көп акы төлөнүүчү жумуш» сунуш кылган жарыяны окуп, көрсөтүлгөн номер боюнча телефон чалат.

«Ооба, бизде жакшы жумуштар көп» – деп жооп берет телефондон. Максат ал жакта иштөө үчүн эмне керек экендигин сураганда алар: «Эч нерсенин кереги жок. Сиздин каалооңуз гана жетиштүү, тынчсызданбай эле коюңуз, бардыгын өзүбүз төлөйбүз».

Бул сүйлөшүүгө Максат шектүү карап КР Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине аталган агенттик жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылды. Алар бул агенттиктин мыйзамсыз экендигин, алар эркектерди жалдап чет өлкөгө жеткирүү менен акысыз эң оор жумуштарды иштөөгө мажбурлай тургандыгын айтышты. Максат агенттиктин жөн жайын тактап билип алганына абдан ыраазы болду.

«Сактанганды кудай сактайт» – деген ушул эмеспи.

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 6: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

АЛАР КАНТИП ЖАЛДАШАТ?

СУРАГЫЛА

Жеңил эле жумуш үчүн абдан көп өлчөмдөгү акы төлөнөт – деп айтышат.

Жол киреңерди жана жашаганыңар үчүн акыны өздөрү төлөөгө убада кылышат.

«Бизге ал акчаны кийин бересиңер, жакшы жашоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла!» – деп азгырышат.

Page 7: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

ГУЛЯ жана ГУЗЕЛ

Гуля менен Гузел борборго окууга келишкен. Бир күнү кечинде дискотекага барышты. Бийден кийин алардын жанына жакшы кийинген эркек жана аял басып келишти да «Кыздар ишке орношот белеңер?» – деп сурашты. Жакшы бийлейт экенсиңер. Бара-бара мыкты бийчи болуп кетишиңер ыктымал. Бул үчүн биз жардам беребиз. Чет өлкөдө иштейсиңер. Көп акча табасыңар. Эгер кааласаңар бизге чалгыла» – деп телефон номерин калтырышат. Гуля буга көңүл бурган жок. Ал эми Гузел кызыгып калды. Бир нече жумадан кийин Гузел теңтушуна мактанды: «Көрдүңбү, мен самолётко билет алдым, чет өлкөгө иштөөгө жөнөйм».

Бир айдан кийин Гуляга СМС билдирүү келет. «Мага жардам бер. Алар менин документтеримди алып коюшту. Уруп-сабап иштетип, мага кул сыяктуу мамиле жасашууда».

Гуля Гузелдин ата-энесине бул тууралуу билдирди. Алар милицияга кайрылышты. Милициядан Гузел адам сатуунун курмандыгы экендигин, жардам берүү өтө оор боло тургандыгын айтышты.

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 8: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

«Алар менин досторум жана мага жамандык каалашпайт. Алар мага жардам бергилери келип жатат».

Кээде адамдар айласы кеткен учурда, карызга малынганда досчулук, тууганчылык байланыштарын пайдаланышат.

Көп учурларда аларды достору, тааныштары, туугандары, кошуналары, кээде мурдагы адам сатуунун курмандыктары жалдашат.

БУЛ ЖЕРДЕ ЭМНЕГЕДИР ... БҮДӨМҮК

ОЙЛОНГУЛА

Page 9: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Руслан

Руслан автослесарь болуп иштөөчү. Алган эмгек акысы чакан болсо да, эң кымбат джипти минүүгө кыялданчу. Качан гана анын аталаш тууган агасы ал жактырып жүргөн үлгүдөгү автомашина айдап келгенде: «Эх, ушундай машинам болсо» – дейт ал, суктанганын ичине батыра албай.

«Каалайсыңбы, сен ал, мен белек кылам» – дейт агасы. Руслан мындай берешендикке ишене албай турса да, машинаны алууга макул болот. Эми машинанын рулуна отурган сайын ал өзүн укмуштай сезет.

Бир канча убактардан кийин баягы агасы Русланга мындай өтүнүч менен кайрылды. «Сен менин досума барып, анын устаканасында иштеп жардам бере аласыңбы?» Руслан баягыдан кийин ал агасынын кандай сунушу болсо да кабыл алууга даяр эле. Ал жумушунан бошонуп, коңшу өлкөгө иштөөгө жөнөдү. Бараары менен эле анын документтерин алып коюшту. Күн сайын акысыз 14 сааттан иштейт. Иштөө шарты оор. Кыңк этсе уруп-токмоктоп иштетишет. Ден соолугу начарлай баштады. Ошондо: «Эх, баягы машинаны албай койгонумда...» – деп ойлоду.

Үч жылдан кийин ал кулдуктан кутулуп, эптеп качып үйүнө келди. Гаражын ачып караса, баягы кымбат баалуу джип машинасынын дайыны да жок.

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 10: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

КАРАҢЫЗДАРТак болуңуздар

Адам сатуунун курмандыктары эркектер, аялдар жана балдар да болушу мүмкүн. Аларды курулуштарда иштетүү үчүн, айыл чарба, үй-тиричилик жумуштарында жана секс кызматын аткартуу үчүн жалдашат. Адам сатуунун курмандыктарынын көпчүлүгү жаш келин-кыздар болушат. Соодагерлер алардын ишенчээктигинен, жумушунун жоктугунан, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздигинен пайдаланышат.

Адам сатуунун курмандыктары кожоюнга карыздарынан кутулуу үчүн көп убактарда башка аялдарды жалдашат.

Page 11: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Наташа

Наташа чет өлкөлүккө күйөөгө чыгууга кыялданчу. Ал чет элдик эркектер ырайымдуу, жагымдуу деп ойлой турган. Чет мамлекетке барууга акчасы жок болгондуктан нике агенттигине кайрылууну чечти. Алар Наташанын сүрөтүн интернет-сайтка жайгаштырууга жардам беришти. Көп өтпөй эле Наташанын дарегине тышкы кейпи татына эркек кишинин сүрөтү менен кат келди. Аты Ричард экен. Кат алышып турушту. Тез эле Ричард Наташа менен кезигишүүнү каалаганын билдирген. Нике агенттиги болсо, Наташанын Ричард менен никелешүүгө жакшы мүмкүндүгү түзүлгөндүгүн, жол жүрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардык милдетин өз моюндарына ала тургандыктарын айтышты.

Наташа виза алып, Ричардга барууга даяр болуп калган. Кокусунан эле газетаны барактап олтурса, бир статья көзүнө чалдыгат. Анда сексуалдык эзүү үчүн аялдарды жалдоочу жашырын агенттиктердин тизмеси жарыяланыптыр. Тизмеде Наташаны Ричард менен тааныштырган агенттик да жүрөт. Наташа көргөн көзүнө ишенбей, үрөйү учту.

Көрсө эч кандай Ричард деле жок экен.

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 12: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Эч ким кулдук эзүүгө дуушар болууга акысы жок, өмүр бою кыйналуу менен жашоо өткөрүүгө тийиш эмес. Башка бирөөлөрдүн азап чегүүсүнө көз жумбагыла.

Эсиңерде болсун: адамдарды сатуунун курмандыктары арабызда эле жүрүшү мүмкүн. Алар бизге жанаша айыл чарба жумуштарында акысыз, күн-түндөп иштеп жатышкандыр, балким коомдук жайларда аялдарга өтө одоно мамиле кылуунун күбөсү болгондурсуз, ошол аял адамдарды сатуунун курмандыгы болуп жүрбөсүн. Көптөгөн аялдар адамдарды сатуунун курмандыктары болушу ыктымал жана аларды сойкулукка мажбурлашат.

Зомбулукка көңүл бурбоо – бул макул болуу дегендик. Мындайларды коргоого алгыла! Кимдир бирөөлөргө кул сыяктуу мамиле кылып жатканын байкасаңар, жергиликтүү бийликке кабарлагыла.

ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН КОЛ СУНГУЛА

Page 13: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

АРАКЕТТЕНИҢИЗ

Азиз

Азиз жана аялы өз квартирасында көп жылдардан бери жашашчу. Ошондуктан аларга кошуна болуп жаңы келген эркек адам шектүү өңдөнүп, ага көңүл буруп калышты. Ошол күндөн баштап Азиз эшик алдынан ары-бери өткөндө чоочун адамдарды да көп кездештирип жүрөт. Күндөрдүн биринде түнкүсүн Азизге ыйлаган аялдын үнү угулат. Эшиктин жылчыгынан караса, жаңы кошуна адам бир кызды оозун жаап уруп жатканын көрөт. Азиз тиги кишинин кызга ырайымсыз мамиле кылганын көрүп туруп чыдай албайт, бирок чоочун адамдар менен чатакташуудан да коркот.

Эртеси Азиз түндөсү көргөндөрдү ойлонуп бушайман болуп чыгат. Тиги кыз ким болду экен? Ага жардам берүү колуман келеби? Азиз чынчыл, түз жүргөн адам. Анын да кызы бар. Түндөсү көргөнү тууралуу аялына айтып, экөө кеңешти да, бул иш боюнча жардамга келүүнү чечишти. Алар адам сатуу курмандыктары жөнүндө борбордук көчөлөрдүн биринде илинип турган жарыя тактасынан «Түз байланыш» кызматынын телефон номерин эстешти.

Азиз «Түз байланыш» номерине чалды да, көргөн билгендеринин баарын кабарлады. «Кабарлаганыңызга рахмат, жардамдашуунун жолдорун табабыз» – деди түз байланыш менен угуп жаткандар.Азиздин жашыруун билдирүүсү ошол түнү качууга аракет кылып жабыр тарткан кыздын гана эмес, ошол квартирада зомбулук менен кармалып турган дагы 6 кыздын өмүрүн сактап калды. Кыздардын бардыгы сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуунун курмандыгы болушкан. Азиз мындай ишке жардам бере алгандыгына ыраазы.

Page 14: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

1 Чет өлкөдө иштөө үчүн мага колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы керекпи?

Эгер сиз чет өлкөдө иштөөгө ниеттенсеңиз, колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сөзсүз керек. Бирок, колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сизге адам сатуу курмандыгы болбостугуңузга кепилдик боло албайт

2 «Менин эмгек келишимим даяр, адам сатуу курмандыгы болуу коркунучунан алысмын» деген – тобокелчилик.

Адам сатуунун ар кандай жолдору бар. Ошондуктан эгер сиз келишимге кол койсоңуз деле, ал сиздин адам сатуу курмандыгы болбостугуңуз үчүн кепилдик боло бербейт.

3Ар дайым сизге жумуш сунуштаган агенттиктин документтеринин, лицензиясынын, нактыгын текшергиле. Сизге жумуш сунуш кылган агенттиктин мыйзамдуулугун текшергиле.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ЖУМУШ ИЗДӨӨ УЧУРУНДА, ӨЗҮҢДҮ КООПСУЗДУКТАН КАНТИП САКТОО КЕРЕК?

АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!

Page 15: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

4 Cuз чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө салуучу мамлекеттик органдар менен байланыштыңызбы?

5 Ушул брошюранын аркы бетиндеги телефондорго көңүл буруңуз.

6Эгер Сизге кокусунан жардам же консультация керек болуп калса, Сиз барып иштөөнү пландаштырып жаткан өлкөдөгү биздин өлкөнүн Элчилигинин жана Өкүлчүлүгүнүн телефон номерлери бар.

7Сиздин келишимдин, паспорттун көчүрмөлөрүн, ошондой эле өзүңүздүн акыркы түшкөн сүрөттөрдү үй-бүлө мүчөлөрүнө калтырууну унутпаңыз.

8 Эгерде сиз бирөөнүн кулу катары эзүүгө туш болушунан шек санасаңыз, тиешелүү органдарга токтоосуз кайрылыңыз.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ МЫЙЗАМДУУ ТҮРДӨ ИШКЕ ОРНОШУУДА ЖОЛУҢУЗ БОЛСУН!

АРАКЕТТЕНИҢИЗ

Page 16: Алдамчыдан сактан! 189 чал!

Kөптү бил, телефон чал:

1890 800 0000 189